presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Моюнду абайлагыла, моюнду!

Биз качан электр кадырына жеттик эле?
"Курсагы ток байдын дөбөтү үрбөйт" деген кеп бар. А кандай ит короого сак болот? Килтийип семирип алган ит тилин салаңдатып көлөкөдөн чыкпайт, үргүсү да келбейт. Ач ит болсо дайыма эки жагын саксактап үрөт. Анын сыңарындай, жону жука эл качан канкакшайт? Өкмөт жонтерисин сыйрып баштаганда ач-жылаңач каларын сезип. Электр тарифи менен катар ысык суу, жылуулук наркы кескин көтөрүлөр замат адегенде шаар тургундары тынчсызданса, акыры мындан да курч саясый окуяларга сабырдуу карап, "кыңк" этпей келген нарындыктардын жаалын кайнатты.


"Бала ыйлабаса эмчек кайда" демекчи, эл ыйлап турбаса да болбостугун аткаминерлердин жүрүшүнөн туюп атабыз. Алар караламан калктын кайнаган турмушуна аралашпаган үчүн ушуга жеткирип жатышат. Тарифтер кымбаттаарын жарыялардан мурда эмнеге элге ачык түшүндүрүшпөйт? Качан гана элдин нааразычылыгы бийликтегилерди жарга такагандан кийин оптималдуу варианттарды караштырууга мүмкүнчүлүк издеп калышты. Демек, бийликтин балтыр этинен тиштеп, былк эткис кылып турган элдин күчү болмоюн өкмөттө отургандар баштарын оорутпайт экен да. Бирок элди буга жеткирбей, адегенде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кымбатчылыкка этабы менен барсак эл деле кайда бармак, акырындап көнөт эле. Эң жөнөкөй логика, кыш өзү чыгашалуу мезгил. Карандай суугун айтпайлы, түнү канчалык узун. Демек, электр энергиясы жаз, жай, күзгө караганда кышта көбүрөөк керектелери белгилүү. Андыктан кычыраган кышында кычаштык менен мынчалык кымбатчылыкты жарыялабай кое турса, бүгүнкүдөй массалык нааразычылык пайда болбойт эле. Кышкысын электрге болгон наркты мурдагыдай 71 тыйындан калтыра туруп, жаздан баштап көтөрсө деле болмок.
Мейли, жылуулукка болгон тарифтин баасы кышка карай аргасыздыктан көтөрүлсө да, эч болбосо электр тарифин кымбаттатар чечимди кыш чилденин тумшугу сынгандан кийин угузушпайбы. Ансыз да электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп келаткандыгы үчүн ачуусу мурдунун учунда турган элдин нервине ойногон Данияр Үсөновдун алешемдиги азыркы бийликтин арка-мойну астында калышына жеткиргени турат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Курманбек Бакиев жыл жаңыргандан бери электр тарифине болгон бааны кайра караштыруу зарылчылыгын өкмөт башына бир эмес бир нече жолу эскертсе, Данияр мырза "анын жоопкерчилигин өз мойнума алам, камтама болбоңуз" таризинде жооткотуптур. Биз болсо анын элге айткан жообун угуп атабыз, артка жол жок экен. Жол жок болсо, нарындыктар эле эмес, жалпы Кыргызстан эли өкмөт башынын отставкасын талап кылышы керек. Жолдон чыгуунун аргасын издеген башка өкмөт башчысы шайлансын. Мисалы, Нариман Түлеев Данияр Токтогуловичтин шаар мэрлик ордун алмаштыргандан кийин чарба ишине кимдин тың экенин көрүп атабыз. Д.Үсөнов жүргөн жерде чөп чыкпаса, анын ордуна келген Нариман мырза кыска аралыкта борбор шаарды кандай өзгөрттү. Шаар бюджетин толтуруш үчүн шаардыктардын жонтерисинен эч нерсе сыйрып албай эле жасачу ишин жасап атканын баарыбыз көрүп турабыз. Эч кандай "бактылуу лотерея" деген фантазиясын таңуулаган да жок. Тескерисинче, жумушсуздардын санын жалгыз Н.Түлеев кыскартып атканын үрүл таңдан күүгүм болгонго чейин көрүүгө болот. Таңкы саат 6дан тартып сарала кийимчен жумушчулардын колунан шайман түшпөй, алажаздан бери шаардын көчөлөрүнө чөнөк казылып, көчөттөр отургузулууда. Кетмен, күрөк, шыпыргы колунан түшпөгөн жумушчулардын санын өстүргөнүн көчөмө көчө кезиктирүүгө болот. Шаар ирээтке келип, тазалыгы көзгө урунуп, күнүнө бир жагы өзгөрүп, көркү да шөкөттөлө баштады. Ал эмес шаардын түштүк бөлүгүндө заңгыраган магистралдык жол куруу буга чейин шаар башы болуп келгендердин кимисинин колунан келди? Эң башкысы, шаарды шаардай кылып автобустарды жүргүзүп койду. Болбосо, бир да автобус каттабаган Бишкек райондук, облустук борборлорду элестетип калган. Анан калса багар-көрөрү жок селсаясактар Бишкекке толуп кеткенин көзжаздымда калтырбай, борбор шаардын Фучик көчөсүнө атайы жай бөлүп, бир маал ысык тамак бердиртип, керебет-матрацынан өйдө саттырып берди.
Кызыгы, жаңы бийлик келгени Д.Үсөнов менен Н.Түлеевдин репутациясы кандай эле? Эл Д.Үсөновду журт башы болор эр-азамат ойлосо, Н.Түлеевдин ак шапкечендерди даярдаганы жөнүндө айтылып келген. Эми кандай болуп чыкты?.. Түлеев анык патриот экен. Патриот үчүн шаарыбыз шаар кейпине келе түштү. Шаар көркүнө өз чөнтөгүнөн акча жумшаппы же шаар бюджетин ошондой үнөмдөп атабы, айтор, иштегенин көрсөтүүдө. Болбосо, Үсөновдун капчыгы Түлеевдикинен кем эместир. Ашынган байлык экөөндө тең бар, бирок кимиси чарбага тың экенин ушул бир эле мисалдан көрүнүп турбайбы.
Сөздү бир аз экөөнүн бейнесине бурган себебим, ким иштин көзүн билсе, башкалар ошондон үлгү алсын же орун бошотсун… Кеп мааниси башкада. 17-марттагы "СК" гезитинин шеф-редактору Азамат Тынаев Армения, Молдова тарыйкасын келтириптир. Биз да ошого токтоло кеткенибиз ийги.
Энергосекторун реформалай коебуз деген бул эки өлкө да убагында бизден жаман көргүлүктү көргөнүн эсибизден чыгарбайлы. Бирок алар бизден жаман абалдан кантип чыккан? Бүгүнкүдөй Кыргызстан кабылган туюкка кабылбаш үчүн кескин чараларды колдонгондон чочулаган Армения бийлиги да (1995-96-ж.ж.) акыры электр тарифин аргасыздан кымбаттатууга мажбур болуп, бирок алардын аракети камырдан кыл суургандай чеберчилик менен жүргүзүлгөн экен. Акыры Армения үч жылдан кийин өлкөнү 98% электр энергиясы менен толук камсыздай алган. Арийне алар адегенде тарифтерди кескин кымбаттатуу жолун тандабай, жарыкты эки саат, ашып кетсе төрт саат жандырган кыйынчылыкка тушугат. Башка арга табууга да мүмкүн болбоптур. Ага караганда биз түнкүсүн гана электр жарыгын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келдик го. Албетте, маал-маалсыз жарык берилбей калган райондорду көзөмөлдөөгө шаасы жетпеген тиешелүү тармактагылардын айрым шалаакылыктарына карабаганда.
Башында калктын жакырчылыкта жашаган катмарына жарык энергиясы орточо эсеп менен 20%га кыскартылган, бирок ага карабастан төлөм баасын 13%га көтөрүшкөн. Реформанын тарифтерге карай баштапкы этабында армениялык жөнөкөй тургундар менен ишкана-мекемелердин электрге болгон төлөм баасын салыштырганда, ишкана-мекемелерден да карапайым эл электр энергиясына көп төлөгөн учурлары болуптур. Жөнөкөй эл күндүзү 1 кВт саатына 7,74 цент төлөсө, түнкү тарифтин баасы 5,15 центке бааланган. Аларга салыштырмалуу Д.Үсөновдун чечими менен тариф кымбаттагандан кийинки биздеги 1 кВт электр баасынын көлөмү 3,35 центке айланат экен.
Экинчи тажрыйба, Молдованы алалы. Аларды электр кризиси 1997-жылы эле кокодон алган. 1999-жылы аргасыздан тариф баасын дароо 84%га көтөрүүгө аргасыз болуп, аны менен эле токтоп калбастан, этап сайын улам бааны көтөрүп отуруп кыйынчылыктан чыгып кетишкени маалым. Анткен менен Молдова өкмөтү 2000-жылы элге кайра компенсация төлөп берүү үчүн атайы программа иштеп чыккан. О.э. мамлекеттик беш электр тармагы болсо, анын үчөөсүн приватташтырып тынганы үчүн биздегидей эле аларда да жер сабагандар чыккан. Бирок Молдова бийлиги эң туура чечимди тандаганы кыска убакыттагы иш жыйынтыгынан көрүнгөн. Андыктан, бизге да мүмкүн бираз сабырдуулук жетпей аткандыр. Тек, кеп бу жерде өкмөт башчы чечимди кескин түрдө кабыл алардан мурда, калкка түшүндүрүү иштерин алдынала ойлонбогонунда. Болбосо эмнеге кымбатчылык деген балээ Д.Үсөновду дайыма ээрчип жүрөт? Вице-премьер кезинде "Кыргызстанда жашоо бейишке айланат. Каждый человек захочет жить в этой стране" дегени кана? Данияр мырза андан бери элди күйүндүргөндөн башка сүйүндүрдүбү? Качан болсо минтиш керек, тигинтиш керек деген эле оозу толо цифра. Бишкек мэри болору менен да шаардык транспорттордун жол киресин 5 сомдон 8-10 сомго көтөргөн ушу киши. Өкмөт башчылыгына келгенден бери да оозунан жакшы кабар угалекпиз. Коомчулукту улам "шок" кылып, электр менен катар жылуулук тарифин угузуп, оозун жыяры менен аны туурагансып уюлдук телефондордун байланышы кымбаттап кетти.
Деги биз сарамжалдуулукка башынан үйрөндүк беле? Жок. Башында сөз кылгандай, "курсагы ток байдын дөбөтү үрбөйт" болуп, совет мезгили бизди ыксыз ысырапкорлукка жедеп үйрөтүп койгон эл экенбиз, сарамжалдуулукту коомчулук алигиче аң-сезимдүү кабыл алалек. Туалет же эшик-эликке кирип-чыкканда электр жарыгын өчүрүп коюу дегенди билбейбиз. А электр жарыгын уурдаганга келгенде эки үйдүн бири сөзсүз ууру экенин жашырууга болбойт. Өкмөттөгүлөрдү ушундай чарага барууга аргасыз кылган да ириде өзүбүз экенибизди моюнга алышыбыз керек. Себеби, биз качан эле электр жарыгынын кадырына жеттик эле. Мүмкүн эми жетербиз…

Олжобай ШАКИР




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??