19.03.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргыз кыйырынан
Бишкек:
Жалпыңар жашылдандырууга
19-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында көчөлөрдү жашылдандыруу акциясы жүргүзүлөт. Эртең мененки саат ондо Бишкектин "Южная ворота" паркындагы эстеликти айланта, Жибек-Жолу менен Жаш Гвардия бульварынын көчөлөрүнө жаңы көчөттөр отургузулат. Кыргызстандын жети облусунун борборлоруна жана Бишкекке отургузула турган көчөттөрдүн жалпы саны - 4560.
Жалал-Абад: "Хизб-ут Тахрир" "килейип" баратат
Жалал-Абад облусунда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик партиясы өзгөчө кооптонууну пайда кылууда. Акыркы учурда облустун аймагында көмүскө иш жүргүзүп, курамы сан жагынан өсүүдө. Көпчүлүгү 20дан 35 жашка чейинки улан-кыздар. Негизинен булар Сузак районунун Бек-Абад, Күмүш-Азиз, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Чек, Ноокен районунун Достук, Аксы районунун Кызыл-Жар айылдарынын жана Жалал-Абад шаарынын тургундарынан турат.
Жаңгакта атасынын өчтөрү барбы?
Облуста дарактардын өзгөчө баалуу түрлөрүн кыркууга, кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө киргизилген мораторий толук сакталбай жатат. Өткөн жылы жаңгак уюлун мыйзамсыз даярдоодон мамлекетке келтирилген зыян 1,6 млн. сомду түзгөн. Орток, Арстанбап, Каба токой чарбаларынан 25 түп жаңгак уюлун жалмап жиберишиптир.
Которду… колго түштү
Таш-Көмүр мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Атамбеков 50 төмөнкү айлык акы эсебинде айыпка жыгылды. Ал шаардык үй-бүлө дарыгерлер борборунун капиталдык ремонтуна бөлүнгөн каржы министрлигинин 200 миң сом грантынын 100 миңин жол ремонттоо мекемесине мыйзамсыз которуп жиберип, балээге калып олтурат.
Башталат баары майдадан
17-мартта Аксы районунун борбору Кербен шаарчасынан жыйырмадай киши митингге чыкты. Ушул эле күнү Боспиекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди.
Арыздангандар акыйган бойдон калды
18-мартта Сузак районунун Барпы айыл округунун жашоочулары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына келип, турак-жай куруу боюнча жер бөлүп берүү талабын коюшту. Анткени Барпы айылдык кеңешинин депутаттары 82 адамга турак-жай үчүн жер бөлүп берүү чечимин чыгарышкан. Бирок жер бөлүнүп берилген эмес. Арыздангандарды губернатор кабыл алып, айылдык кеңештин чечими мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын, ошондуктан ал кишилерге кылмыш иши козголгонун түшүндүргөн. Ошентип дагы эле арыздангандар жерге ээ болгон жок.
Ысык-Көл: Карагай, балык калабы?
2009-жылы ысык-көлдүк туугандар токой чарбасына 361 114 миң сомдук зыян келтиришкен. Бул боюнча алты кылмыш иши козголгон. Жакында караколдук бир тууган Сергей менен Юрий Пушниндер Боз-Учук токой чарбасынан мыйзамсыз кыйылган карагайларды алып бараткан жеринен кармалышты. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 31 миң сом. Учурда прокуратура кызматкерлери күзөтүү иштерин күчөтүп, ишти колго алышты. Баса белгилей кетчү нерсе, буга чейин да бир катар мыйзамсыз карагай кыюулар ачыкка чыккан. Бирок кандайдыр бир себептер менен иликтөө иштери жым-жым болуп, аягына чыкпай келет. Жергиликтүү калктын арасында карагай, балык бизнесинде криминалдык чөйрөнүн кийлигишүүсү бар деген кептер айтылууда… Балык демекчи, браконьерлер 2010-жылдын январь-февраль айларында эле 32 миң сомдук балыкты сомдоп жиберишиптир. Бул расмий катталып, капысынан гана кылтакка илингени.
Чүй:
Жарашкан жаштар паркы
Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылына жаштар паркы салынууда. Жергиликтүү жетекчилердин айтымында, паркта Улуу жеңишке катышкан ардагерлердин аллеясы жана маданий иш-чара өтчү аянтча, үй-бүлөлүү адамдар эс ала турган жана кичинекей балдар ойногонго ылайыктуу аттракциондор салынды. Айлана- тегерегине 91 арча, кайың жана башка көчөттөр тигилди. Паркты 5-майга чейин бүтүрүү планы бар.
Картөшкөнүн үрөнү каат
Токмок шаарында ачылган картөшкөнү кайра иштетип чыгаруучу ишкана менен Ысык-Ата району келишим түзүүгө бел байлашты. Жылдагыдан көбүрөөк картөшкө айдап, аны аталган ишканага өткөрүү пландары бар. Тилектери жакшы, бирок, учурда үрөн табылбай "үңкүйүп" турушат.
Айлыгын актап алышпайбы?
Чүй облустук театры үч жылдан бери имараттын жоктугун шылтоолоп иш алпарбай, артисттери айлык алуу менен гана чектелип келатышат. Акыркы спектакль мындан үч жыл мурун коюлган экен. Чүйлүктөрдү ар кандай маданий оюн-зоок менен камсыз кылган бул театр эртерээк ишке киришип, эл көңүлүн алышса жакшы болор эле.
Нарын:
Талап катуулады
17-мартта Нарын шаарында өткөн митингге 3 миңге чукул адам катышты.
Бишкектен атайын келген, калкан, таяк менен куралданган "СОБР" күчтөрү митингдин жүрүшүнө алыстан көз салып турду. Алар менен кагылышуу болгон жок. Губернатор узак сөз сүйлөдү. Митингдин катышуучулары мурунку 10 талапка УТРК, ЭлТР бул окуяларды бурмалабай көрсөтсүн, "Азаттык" радиосу уктурулсун, мындан тышкары Он-Арча айлынын тургуну Төлөгөн Касымалиевди "митингге катыштың" деген шылтоо менен куугунтуктоону токтотуу талаптарын коюшту. Электр энергия тарифи мурунку боюнча калсын дешти. Эгер бул талаптар 24-мартта өтө турган ынтымак курултайына чейин аткарылбаса, 28-мартта кайра митингге чыгаарын билдиришти.
Баткен:
… Американын акчасына
Баткен облусуна аскердик машыгуучу борбор ачылышы мүмкүн. Долбоордун наркы 5,5 млн. доллар. Анда жоокерлер үчүн казарма, ашкана, окуу класстары, машыгуучу аянттар курулат. Азырынча Баткендин кайсы аймагына курулары так эмес. Эгер борбор ачылса анда бир эле коргоо министрлигинин жоокерлери эмес, башка күч органдары да машыга алат. Бул маалыматка өзбек тарап пикир билдире элек. Долбоорду Америка каржылайт.
Талас:
Кудай сактады
Талас районундагы Огомбаев айылын сел каптап, бир нече турак-жайлар кыйраган. Тилекке жараша, тилсиз жоодон жергиликтүү тургундар жабыр тарткан жок. Калктын коопсуздугун сактоо максатында өзөндөн түшкөн суу "Кайырма" каналына бурулду. Учурда ЧКМ селден сактоочу "Эски кайырма" каналында тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
"Агым-пресс"