presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Актанмай менен мактанмай

Өлүмтүгүн элге артып өмгөктөгөн өкмөт

Кээ бир саясатчылар тариф саясаты менен Үсөнов киритке чабылмай болду деген пикир айтып жүрүшөт эле. Бирок Данияр мырза буга жүйө таап койгондой. "Электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү Үсөновдун өкмөтүнүн чечими эмес. Мындай чечим 2007-жылы эле кабыл алынган. Анда тариф ар бир жарым жылда 12 пайызга өсүшү каралган. Эмне үчүн бул чечим аткарылган эмес? Ага объективдүү жана субъективдүү себептер бар. А жөнөкөй тил менен айтканда, мындай ишке эч ким баргысы келбеген. Менимче, кээ бир саясый аспектилер экономикадан жогору турган. Эгер тариф көтөрүлбөсө, биз 2-3 жыл аралыгына энергетиканы жоготобуз" деди өкмөт башчы Данияр Үсөнов жума башында өкмөт үйүндө басма сөз жыйынын өткөрүп жатып. Бул анын суудан кургак чыгууга жасаган аракетиби же "мен гана тарифти көтөрүүгө жарадым" деп көкүрөк какканыбы, белгисиз.
Маалымат жыйынында премьер-министр тарифтерди көтөрүү себептери, бийликке биртоп талаптарды койгон нарындыктардын демилгелүү тобу менен жолугушуу, ири ишканалардын сатылышы жана Гуревич жаңжалы боюнча үч саат кенен кеп салып берди. Сөз арасында премьер-министр айрыкча тарифтер, элге берилген жеңилдиктер боюнча калк ичинде түшүнбөөчүлүк арбындыгын айтып, ага кээ бир ММКлардын туура эмес маалымат берип жатканы себепчи экенин айтты.
Эл азыр бул теманы ийне-жибине чейин болбосо да жалпы жонунан түшүнүп калды. Тарифтер кандай максат менен көтөрүлгөнүн, эми андан түшкөн каражат мамлекеттик казынаны эмес, бөлүштүрүүчү компанияларды сатып алган ошол кардардын капчыгын кампайтарын мектеп окуучусу да билет. Ал эми Данияр мырза дайым эле тарифти көтөрүүдөгү негизги себеп катары электр жабдыктарынын эскирип бүткөнүн айтып келет. Бул жолу деле ошол эски жомок кайталанып, "мурун электр энергиясына болгон талап аз эле. Ар бир кишиге күнүнө 2,5 кВт эсептелген. СССР кийинчерээк ар бир үй-бүлөдө кийим-кече жана идиш-аяк жууган машине ж.б. техникалар пайда болорун эсепке алган эмес. Учурда ар бир адам күнүнө 10-20 кВт электр энергиясын керектейт. Ушундан улам таратуучу жабдыктар жаңыртууга муктаж. Бул үчүн миңдеген чакырым линиялар керек" деди. Айткан сөзүндө калет жок. Бирок Үсөнов мырза өкмөт ушундай кыйынчылыктан качып, кимдир бирөөлөргө элдин жонунан кайыш тилүү аркылуу мындай абалдан чыккыла деп тапшырып койгонун ачык айтса дурус болор эле. Мейли, келишимде баары көрсөтүлгөн дейли. Бирок эми жаңы кожоюн тарифтердин кымбатташынан түшкөн каражатты чындап эле электр жабдыктарын оңдоого жумшайбы же буга чейин болуп келген 30 пайыздын тегерегиндеги жоготуу андан ары күчөп кетти деп алакан жайып отуруп береби?

Данияр мырзанын өкмөтүнө "даңк" дегиле
Өкмөт башчынын айтымында, "Түндүкэлектрону" сатуу боюнча алты жылда ондон ашуун тендер өткөрүлүп, бирок ушул убакытка чейин аны алууну каалаган инвестор табылган эмес. Кыргызстандын өкмөтү чыгашалуу "Түндүкэлектро" компаниясынын оорчулугун мойнунан алып салып туура иш кылды дейт премьер-министр. Башкача айтканда, биз Данияр Үсөновдун өкмөтү бир доллар турган "Түндүкэлектрону" 3 млн. долларга сатып чоң ийгилик жасады деп макташыбыз керек экен. Ал эми "Кыргызтелекомду" сатуу боюнча сүйлөгөн сөзүндө Үсөнов 2003-жылы аталган компанияда 460 миң абонент болгондугун, 2004-жылы мурдагы бийлик "Кыргызтелекомду" 16,7 млн. долларга сатып жибергенин белгилеп, "революциядан кийин биз аны менен келишимди буздук жана "Телекомго" инвестор издедик, бирок тапкан жокпуз. Анткени рынок бардыгын кескин өзгөртүп жиберди" дейт. Албетте чөнтөк телефондор чыгып, анын абоненттери өскөнү буга кедергисин тийгизген. "Биз тендер өткөрүп "Кыргызтелекомду" 45 млн. долларга саттык" деди премьер-министр сөзүн жыйынтыктап. Азыр өкмөт шымаланып "Ошэлектрону", "Жалалабадэлектрону" "Чыгышэлектрону" сатууга тендер жарыялаган. "Эгер кыргыз бизнесмендеринен кимдир бирөө өкмөттүн шартына даяр экендигин айтса, мен 1 долларга сатууга даярмын. Келгиле, бул бөлүштүрүү компанияларын "Ата Мекен", КСДП саясый партияларына сунуш кылып көрөлү, алышсын, иштетишсин" дейт Данияр мырза.

Гуревич Кыргызстандан канча алып кетти?
Евгений Гуревич жаңжалына байланыштуу суроого Данияр Үсөнов "мен өкмөт башчы катары өкмөттө кабыл алынган чечимдерге жеке жооп берем. Ошондуктан айтарым, Гуревич менен да, "MGN Group" менен да өкмөттүн эч кандай байланышы жок. Ал эми Гуревич директорлор кеңешине кирген акционердик коомдордун иши ал ишканалардын акционерлеринин апрель-майдагы жыйынында каралат деп кыргыз өкмөтүнө Гуревичти жармаштырбагыла. Ал деген АКШ жараны. Өлкөбүздө иштеп жүргөн андай чет элдиктер он миңдеп саналат" маанисинде жооп берди. Ошондой эле "MGN Group" менчик компания экенин, ал эми менчик компанияларды өкмөт текшерүүгө албасын айтып чыкты.
Кызык, "MGN Group" өткөн жылдан тарта расмий бийлик менен иштешип, "Бишкекмашинакуруу" заводу, "Түндүкэлектро", "Манас" аба майданы, "Чыгышэлектро", "Кыргызтелеком", "Ошэлектро", "Кыргызгаздын" директорлор кеңешине кирип, мамлекеттин бүт каржылык активдерин башкарууга алганы айтылып келбеди беле. Анан кантип аны менен өкмөттүн байланышы болбойт? Эмне үчүн "MGN Group" өкмөт тарабынан текшерилбейт? Эмнегедир бул суроолорго өкмөт башчы тарабынан ачык жооп болбоду. Ал эми журналисттердин "Гуревич Кыргызстандан өзү менен канча каржылык актив алып кетти?" деген суроосуна премьер-министр "MGN Group" ээлик кылган активдер толугу менен Кыргызстанда калганын айтты.


Теңир тоолуктардын телегейи тегиз эмес
Журналисттер менен болгон жыйында премьер-министр Данияр Үсөнов Нарын облусундагы митинг уюштуруучулар тобу менен жолугуп, алардын талаптарын укканын билдирди. Жолугушуу электр энергиясына карата тарифти мурдагы 71 тыйын өлчөмүндө калтыруу талабынан башталган. Үсөнов буга карата өкмөт жаңы тарифтерди ошо боюнча калтырат деп түз жооп бергенин айтты. Нарындыктардын экинчи талабы - тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабын жүргүзбөө эле. Премьер-министрдин айтымында, экинчи этап болор же болбосу энергетикалык компаниялардын аудит жыйынтыгынан соң белгилүү болот. Ошондой эле теңиртоолуктар жергиликтүү базарда тартип орнотуу жана патенттердин наркын төмөндөтүү зарылдыгын айтышкан. "Бул боюнча буйрук берилди, патенттин наркын 200 сомго дейре кыскартуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Патенттерден сарпталган каражатты алар электр энергиясын төлөөгө жумшай алышат. Балким анын наркы 300 сомго дейре төмөндөтүлөт" дейт премьер-министр. Мындан сырткары, митингчилер Нарын шаарынын жолдорун асфальттоо маселесин айтышкан. Буга карата премьер-министр ал маселе Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорун реабилитациялоо долбооруна киргизилгенин билдирген. Ал эми кредиттердин мөөнөтүн узартуу боюнча "биз бул маселени марттын аягына чейин Нарын облусу үчүн гана эмес, башка бардык бийик тоолуу райондор үчүн да чечебиз деп ойлойм" дейт ал. Ошондой эле Данияр мырза Социалдык камсыз кылуу агенттиги жеңилдиктерди карабаган калк катмарына жардам көрсөтүү маселесин карап чыгарына сөз берди. "Айылдарды үймө-үй кыдырып, жардамга муктаждардын тизмесин түзөбүз. Мен билдиргендей, январь-февраль-март айларында өлкө боюнча электр энергиясына өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып пул салынбайт" деди өкмөт башчы.
Бирок теңиртоолуктардын талабынын теңинен көбү аткарылбай калгандай. Эми окуянын мындан ары өнүгүшүнө көз салып туралы.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




...өткөндөн айтам бир сабак 24-март
24-март революциябы, төңкөрүшпү же мародерлор күнүбү, буга акыры тарых жооп берет. Бирок 24-март бийликке да, оппозицияга да сабак болууга тийиш эле.
2005-жылы парламенттик шайлоодон кийин өлкөнүн бүт аймагында нааразылык күчөп, оппозициялык күчтөр Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) астына бириккен. Бул жерде биздеги окуяга чейин ишке ашкан Грузия менен Украинадагы түстүү революциялар оппозициялык күчтөргө кыйла дем бергенин да унутпаш керек. Агезде кыргыз оппозициясынын жападан жалгыз максаты Аскар Акаевди бийликтен кетирүү болгон. Ал эми ААА кетсе өлкө кандай тагдырга туш болорун эч ким ойлонгон эмес. Бул жерде кыргыз элинин сабырдуулугун, акыл эстүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.
Эгер 24-марттагы Кыргызстанда болгон окуя коңшу өлкөлөрдө болсо кандай алаамат болуп кетерин бир Кудай өзү билет. Себеби, бар байлыгын талатып, жакырчылыктын чеңгелинде жашаган элден баарын күтсө болот эле. Президент качып, премьер-министр ошол замат отставкага кетип, калган аткаминерлер башпаанек издеп, элдин сүрүнөн коркуп үйүндө жашырынып жаткан мезгилде эл өзүн өзү башкарып сабыр кылганы, биздин улуу эл экенибизди ырастайт. Эгер ошондо түндүк-түштүк, уруу-урук, кокту-колот маселеси козголуп, буга тукуруп турган кишилер болгондо граждандык согуш чыгып, тажиктердей кырылышып кетмекпиз. Мындан чочуган Кытай, Казакстан, Өзбекстан ошол күндөрү чегараларын тегин жерден бекитпеген чыгар. Азыр Дастан Сарыгулов баш болуп уруу маселесин козгоп жатышпайбы. Кокус өлкөдө 24-марттагыдай кырдаал түзүлүп кетсе, булардын "кокуюн" тартып калышыбыз ыктымал.
Ошондо КЭКтин максаты бир эле Акаевди кетирүү болгондуктан, ал кеткенден кийин эмне кылар айласын таппай калышты. Жарым күн спикер болгон Ишенбай Кадырбеков мандатсыз калган депутаттарга жети квартираны менчиктөө үчүн кол коюп берүүгө үлгүрдү. Бирөөнүн менчигин бирөө тартып алып, базарлар талашка түштү. Өздөрүн революционермин деп атагандар айыл өкмөттөрү менен акимдерди айдап, ордуна өздөрү олтурду. Мыйзамсыз жер басып алгандар менен дүкөндөрдү талап-тоногондорду эч ким тыялбай калды. Көрсө, Акаев кетип, бийлик бизге тийсе өлкөнү кантип башкарабыз деген суроону эч ким ойлонбоптур. Эгер өткөн кылымдын башында Ленин революциядан кийин кедей-кембагалдар теңчиликте жашайт, ар бир кишиге жер берилет, акырындык менен коммунизмди курабыз деген убада берип даяр жолго түшсө, биздин революционерлер эмне кылар айласын таппай, революциялык же мыйзам жолуна түшөрүн билишпей баштары маң болду. Анан дагы президент качып кетсе эмне болору Конституцияда көрсөтүлгөн эмес экен. Ошон үчүн Текебаев баш болгон чабармандар Москвага барып Акаевден арыз алууга мажбур болушту.
Бүгүн деле Бакиевди кетсин деген оппозициянын мындан башка максаты жок. Демократиясы бийик деп оппозиция тамшанган Батышта бийликке келчү кишилер президентин, премьер-министрин, экономикалык программасын даярдап, эгер учурдагы бийлик кетсе биз ушул жол менен кетебиз деп эмнени арзандатып, эмнени кымбаттата турганын элге алдын ала айтышат экен. Тилекке каршы, оппозициянын 2005-жылдагыдай куру сөздөн башка эч нерсеси жок. Азыркы бийлик ошонун айынан тамтуң басып жүрүп, үч жылдан кийин гана басар жолун тапкандай болду. Ал эми идеологиялык жагынан али деле эч нерсе жок. Геосаясат, кадрдык саясат, сот системасы ж.б. ойдогудай эмес. Конституция дагы эле жамаачыланып келатат. Демек, биз 24-марттагыдай жол менен эч кандай ийгиликке жетише албайбыз. Бийликке келгендер тез арада ичип-жеп өздөрүн тыңдап алышы мүмкүн, бирок карапайым калк мындан эч нерсе утпайт.
24-март майрам күн катары белгиленген менен беш жылдан бери шатыра-шатман майрамдалбай келет. Анткени бул күнү көптөгөн ишкерлер жабыркаган. Акаевдерге козголгон ондогон кылмыш иштеринин бирөө да акырына чыкпады. Эски бийликтин тушунда иштеген кадрлар дагы эле иштеп жатат. Өлкөнү талап-тоногондордун эч кимиси жоопко тартылган жок.
Келдибек НАЗИРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??