presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Эки аксакал катуу кетишти
Президенттер Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов кечээ Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдө жаңы курулуп жаткан ГЭСтерди экспертизадан өткөрүүгө чакырык таштады. Казак президенти Назарбаевдин сөзүнө караганда, Тажикстандын Рогун, Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтеринде эл аралык экспертиза өткөрүлүп, анда экологиялык, техногендик коопсуздук маселелери жана суу агымынын жөнгө салынышы эске алыныш керек. Казак президенти экспертизанын жыйынтыгында, курулуп жаткан ГЭСтер залалсыз болсо эки өлкө Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтердин курулушуна катышууга даяр экенин кошумчалады. Буга чейин ГЭСтерди эл аралык экспертизадан өткөрүүнү Өзбекстан гана айтып келген эле.

От менен ойной аласыңарбы?
Президенттин басма сөз катчысы А.Турдумаматовдун айтканына караганда, ынтымак курултайында Аксы окуясы тууралуу маселе каралат. Курултайдын катышуучулары мындан 8 жыл мурун бийлик тарабынан элге каршы ок чыгарган учурга баа берет. Ошондуктан 17-мартта бийлик тарабынан Аксы окуясынын сегиз жылдыгына карата эч кандай иш-чара уюштурулган эмес. Азырынча бул тек гана актангандан айтылган сөзбү же башкабы, белгисиз. Эгер чын болсо ынтымак курултайы Аксы окуясына канчалык деңгээлде баа бергени менен аброй тапчудай.

Өзүңөрдү өзүңөр текшербесеңер эле болду
Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси Игорь Чудинов кечээ парламентте өнүктүрүү фондунун өткөн жылдагы ишин аудит жасоо боюнча тендерди "Эрнст янг Кыргызстан" жеңип алганын билдирди. Бул эсептегичтер аудитти 24 миң долларга жасап берүүгө макул болгон. ЖК ойлонбой туруп токтому менен аудиторду бекитип берди. Мунусу го жакшы, бирок "Эрнст янг Кыргызстан" кайсы короонун текшерүүчүсү болду экен?

Ынтымак курултайына келгендерди Темир Сариев тосуп алат
"Ак шумкарчылар" 23-март күнү улуттук филармониянын алдында ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну максат кылат. Партия лидери Темир Сариевдин айтымында, мыйзам боюнча бийлик жолугушууга тыюу сала албайт. Бул жолугушууда "Ак шумкар" ынтымакчыларга курултайдын күн тартибине киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуу берет. Анда менчикке сатылып кеткен "Түндүкэлектро" менен "Кыргызтелекомду" кайтарып алуу, электр энергияга көтөрүлгөн тарифти жана коммуналдык төлөмдөрдү калыбына келтирүү, И.Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча кармалган оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотуу сыяктуу маселелер бар.

208 кишиге 280 млн. сомдук үй салынат
Өмүр бою камакта отургандар үчүн Чүй облусунун Жаңы-Жер жергесинде салынып жаткан түрмө дагы деле бүтө элек. Курулушту аяктоо үчүн 280 млн. сом талап кылынат. 2007-жылдан бери ага 32 млн. сом, быйыл 28 млн. сом бөлүндү. Эгер тийиштүү каражат толук бөлүнсө, курулуш келерки жылы аяктайт. Кыргызстанда өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандардын саны 208 киши.




  Крим-аалы

Түрмөчү түрмөгө отурмай болду
Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынын ачендиги 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Көрсө, ал ошол колонияда жаза мөөнөтүн өтөп аткан адамды башка колонияга которуу үчүн жашылбайды талап кылган экен. Эми кылмышкерлерди башкарган жетекчи КР КЖКнин 313-беренесинин биринчи бөлүмү менен сот жообуна тартылмай болду.

Гиппократка берген антың кана?
Бишкектеги Мамакеев атындагы улуттук хирургиянын дарыгери бейтаптан пара алып, укук коргоочулардын кылтагына түштү. Көрсө, дарыгер бейтаптан хирургиялык операция жасаганы үчүн 11500 сом алган экен. Ал эми операциядан тигилген жипти алуу үчүн дагы 3500 сом талап кылыптыр. Обору чоң хирургдун үстүнөн кылмыш иши козголду.

Бычак курчуткан аял
Токмок шаарынын Слободск көчөсүндө жашаган 30 жаштагы Л.А. аттуу жигитти өз үйүнөн кимдир-бирөө өлтүрүп кеткен. Окуя болгон жерге келген изкубарлар кылмышкердин изин суутпай тез эле кылтакка түшүрүштү. Ал ошол эле шаарда жашаган аял болуп чыкты. Мыкаачы аял тигини уруштан улам бычактап өлтүргөндүгүн айтып берди.

Өрт өмүрдү алды
Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан 29-үйдөн 16-март күнү өрт чыкты. Үйдүн он эки чарчы метри оокат-кечелер менен кошо күлгө айланган. Тилсиз жоону өчүргөндөн кийин элүү тогуз жаштагы К.Омоевдин өлүгү табылган.

Ажалы алыстан экен
Махачкаланын МАИ кызматкерлери шектүү адамды текшерүүгө алганда ал каршылык көрсөтүп, постко граната ыргытып, милиционерлерге ок аткан. Кылмышкерге ошол жерден жооп иретинде ок атылган. Окуя болгон жерден кылмышкер менен бир милиция көз жумган, дагы бир укук коргоо кызматкери жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Кылмышкер өлгөндөн кийин алардын документин текшергенде Кыргызстандын Бексултан Карыбеков аттуу жараны экени белгилүү болду. Бексултан Карыбековдун ок атуучу куралы менен былтыр ноябрь айында поп Даниил Сысоев өлтүрүлгөнүн соттук экспертиза аныктап чыкты.

Мастык го мастык, баш кана?
Баткен шаарынын Садыков көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан башынан оор жаракат алып көз жумган 24 жаштагы К.И.-нин өлүгү табылган. Укук коргоо кызматкерлери кылмышкерди алыска узатпай кармап келишти. Ал ошол эле шаардын жашоочусу болуп чыкты. Мастыктан чыккан чырдан улам маркумдун башын жарып салганын айтып өкүндү.




  И-тагдаалы

Көчө талашпай
Март айынын мааниси артып баратат. Алдыда Нооруз, революция күнү, ынтымак курултайы… Айтор, саясат, майрам аралашып эле жатып калды. Бул күндөрү 7 миңден ашык милиция коомдук тартипти сактамакчы. Мынча милициядан көчө талашып сыртка чыгасыңбы же үйүңдө үңкүйүп жата бересиңби өзүң чеч, бурадар.

Ар бир мектепте бирден Акун
Мындан ары Кыргызстандын ар бир орто окуу жайларында мектеп жашындагы окуучулардын укугун коргой турган акыйкатчылар иштей баштайт. Кыскасы, жаш акундардын саны жаандан кийинки козу карындай өскөнү калды окшойт. Муну Турсунбек Акун деле туура көрүп жатат.

…Итиң о-ой, куйрук деп ушуну айт
Укук коргоочу Нурбек Акунов электр энергиясы жана жылуулук тариф акыларын жогорулатып жибергени үчүн кыргыз өкмөтүн сотко берген. Бирок, өкмөттөн бир киши басып келбей, сот иши созулуп кетчүдөй болуп турат. Териштирсек, вице премьер-министр Аалы Карашев сотко "өкмөттүн атынан жооп бер" деп энергетика министри И.Давыдовду жумшаптыр. Ал минэнергонун департамент башчысы К.Турдубаевди жумшаптыр. Анысы кашайганда командировкага аттанып кетип, өкмөттүн кызыкчылыгын коргогонго киши чыкпай кор болуп турган чагы.

Кредит жыттанат да!
ЕврАзЭСтин антикризистик фонду Кыргызстанга 160 миллион доллар кредит бөлүү маселесин кароого киришти. Эгер бөлүнүп калса, бул каражат бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө жумшалат.
Аталган фонд 2009-жылы Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Армения тарабынан түптөлгөн. Үлүштөрү төмөндөгүдөй: Россия - 7,5 млрд, Казакстан 1 млрд, Беларусь - 10 млн, Армения, Кыргызстан, Тажикстан 1 миллион доллардан. Кредит 20 жылга жана мөөнөтүн 5 жылга узартуу менен берилет. Үстөгү 1-2 пайыз.

Соорусу чайпалган сомдор
Фермерлерди көтөрмөлөө үчүн каржы министрлиги 46 миллион сом бөлдү. Бул акчалар дыйкандардын жазгы жумуштарына сарпталат. Байчечекей бул кабарды өкмөттүн отурумунда өкмөт башы Данияр Үсөнов айтты. Ошондой эле микрокредит жаатындагы компанияларды фермерлерге берчү жардамыңарды эрте жазда камдагыла деп көрсөтмө берди.




  Жума каарманы

Иш жок, жел сөз көп

Бул жумада премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөт үйүндө журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, электр энергиясына болгон тарифтин, коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдүн кымбатташы тууралуу болгон күчүн жумшап актанды. Антип эле жөн калбай УТРК менен 5-каналда да күйүп-бышып жатты. Көрсө биз түшүнбөй жатыппыз. Айрыкча электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшүн саясый эмес экономикалык маселе катары карашыбыз керек экен. Анын айтуусуна караганда Кыргызстанда чуу чыгара турган эч кандай маселе жок. "Түндүкэлектро" менен "Кыргызтелеком" Даниярдын Данияр болгону үчүн кымбат сатылган. Болбосо, бул мамлекеттик ишканалардын баасы болгону 1 долларга эле сатылмак тура. Андай болсо оппозиция курулай эле кыйкырып, элдик курултай уюштурган турбайбы. Мындай "жетишкендиктерге" өтө эле эргип кеткен Данияр мырза ММКда Нарында митинг уюштургандарды чагымчы атап, алар болсо ушул жумада премьер-министрди сотко беребиз деп чыкты.
(толугу менен 4-беттен окуңуздар)




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??