presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сүт эмүүчүлөр классы
Барда отурган бирөө барменден сурайт:
- Коктейлдин курамында эмне бар?
- Шекер, сүт, ром.
- Даамы кандай.
- Эң сонун!
- Пайдасычы?
- Пайдасы зор: шекер деген - бул күч-кубат, сүт болсо дем берет.
- А ром эмне берет?
- Ром болсо күч-кубат менен демиңди кайда жумшашты айтып турчу акыл.
Көпөскө жардам жок!
Шерлок Холмска кардар жардам сурап келет. Кийгени эски күрмө, баш кийими бырышкан, көйнөгүнүн жакасы кир. Шерлок Холмс жардам бералбайм деп кесе айтат. Кардар капа болуп чыгып кетет. Доктор Ватсон ачуулуу:
- Кедейлерге жардамыңызды аячу эмес элеңиз, сизге эмне болду?
- Ал кедей эмес да! Капчыгында 154 фунт 25 пенс акчасы бар экен.
- Аны кайдан билдиңиз?
- Ишенбесең, экөөлөп санап чыгалы…
Биринчи орун үчүн!
Эфирде спорт жаңылыктары:
"Эстафета боюнча жарышуу. 4 кишиге 100дөн түрү боюнча биздикилер эң артында келатышат.
4 кишиге 200дөн түрү боюнча биздикилер орто ченинде келатышат. Ал эми эстафетанын 4 кишиге жарым литрден түрү боюнча биздикилерге тең келген жан жок…
Иттей кыйтыр экөө
Кафеге ит ээрчиткен киши кирип, отургандарга кайрылат:
- Менин итим азыр адамча сүйлөйт, мелдешесиңерби?
- Мелдешебиз!
Бирок ити үн катпайт. Иттин ээси утулуп калат. Акчасынан айрылган киши:
- Эмнеге сүйлөбөй койдуң, сенин айыңдан 1000 сомдон айрылдым!
- Сенде акыл жок, - дейт ити, - эртең ушул кафеден он эсе көп акча утаарыбызды элестетсең боло!..
Тилде пауза жок
Эски кыргыздар сүйлөшүп турушат:
- Катыным менен бир жылдан бери сүйлөшө элекмин!
- Кантип чыдап жүрөсүң, эркиң күчтүү "ит" экенсиң, ээ?!
- Атасынын башына эрким күчтүү болобу, просто, сөзүн бөлгүм келбейт да!..

Жан тынбаган иш
Аялы күйөөсүнө:
- Күнү-түнү жумуш деп жүрүп каржалдың го, байкушум, эс алсаң боло.
- Эмне болду?
- Уктап атып да секретаршаңды кайта-кайта чакырасың.
Алтынчы класс жана аялдар
Мектеп. Класс ичи тыптынч. Мугалим ойлуу үн катат:
- Адабият, искусствону бешинчи класска чейин окуп-үйрөнүш керек… Чоң класстарда бул окуулар баланын оюнчугундай болуп калат. Алардын ордун глобалдык түшүнүктөр ээлейт…
Класстагылар жандана түшөт:
- Ал кандай түшүнүк, агай?
- Пиво менен кыздар!..
Каманчылыкты аманчылык жеңсин
Мергенчи кошооз мылтыгын көтөрүп аңчылыкка чыгат. Жапайы каманды көрүп калып, эки жолу басып-басып алат. Түтүндөн эчтеке көрүнбөйт. "Тийдимби же тийген жокмунбу?" деп ойлойт. Түтүн тараганда караса, маңдайында каман турат.
- Тийдиң, тийдиң… жинге жама-ан тийдиң сен! - дейт каман кабагын түйүп…
Үнү дарылдады!
- Доктор, аялымдын үнү бүтүп чыкпай атат. Эмне кылыш керек?
- Бүгүн түнү саат 3тө үйүңө кел, анан көрөбүз чыкпаганын…
Май кармаган МАИ
- Биз акчанын артынан кубалаган жан эмеспиз, биз аны жолдун буйткасында гана күтүп жатабыз, - дейт имиш карт гаишник.
Түшкүлүгүнө жорго мин
- Эй, мастер! Сөздү укчу, кечээ кол саатымды оңдоп берип атып: "Сен өлгөнчө бузулбайт бул саат" дедиң эле, бир күн өтпөй токтоп калды…
- Кечээ келгениңде өңүң өтө жаман болуп турганынан, ойлободум беле… мал болбойт го деп…
Берсе келгис жерлер бар
- Адам деген кызык да өзү, берген сайын алсам деп гана турат экен, чиркин.
- Сиз ушинтип ойлойсузбу? А сизге качандыр-бир кезде түрмөгө үч жыл берип көрүштү беле?


Сөзирмемдер
Акчаңды айланта албасаң, элдин башын айлант.
Иштин башы - "ичемби?"
Машак көп болсо машакат көп.
Африкада кышка кырк үйдөн тыюу!
"Силер кимдин башын оорутуп атасыңар, ыя?!" - дептир бир бөтөлкө арак беш кружка пивого.
Африкада көмүр текейден арзан дешет!
Чабал алкеш эрте "учат".
Экономика артка кетсе, алдында из калат.
Өчөөр өкмөт свет менен ойнойт!
Кытайга темир тоону берсең, Теңир тоону кошо алат.
Кытайга кырк райондон тыйуу!
Кытай менен "дос" болсоң, "кызыл китебиңди" ала жүр.
Гумжардамга келген Гурев-ич-жегичтин көчүгү Итаалыдан "кызарып" чыкты.
"Аферис-к - благородное дело" деди Бирштейндин "биртуугандары".
Эбин тапкан эки жейт деп өзүңөр айтпадыңар беле, - дейт Эпгений Г.


Бөлөк планетте эмне кеп?
Марсиандыктын күндөлүгүнөн:
"Биринчи күн. Америкалыктар учуп келишти. Өздөрүнүн супертехнологиясы менен биздин бункерди 4 саатта ачып киришти. Баарыбызга гамбургер берди. Даамдуу экен, бирок көбүнө жетпей калды - америкалыктарды кууруп жеп койдук.
Экинчи күн. Жапондор учуп келишти. Өздөрүнүн нанотехнологиясынын жардамы менен биздин бункерди 2 саатта ачып киришти. Баарыбызга суши таратып берди. Даамдуу экен, бирок көбүнө жеткен жок - жапондорду бышырып жеп койдук.
Үчүнчү күн. Гастербайтер кыргыздар кайдан-жайдан пайда болду. Чукулдук жана эйнеңискейдин баласынын жардамы менен биздин бункерди 2 мүнөттө ачып, ооздору бурулдап кирип келишти. Түндүк-түштүк деп бизди экиге бөлүп футбол ойнотту. Ичип алып баарыбызга тумшуктан ары беришти. Анча даамду эмес экен - бирок баарыбызга жетти!"


Ыразмери туура келбейт го
Бир элдин каардуу падышасы катуу ооруп калат. Табыптар, дарыгерлер баары келип айыктыра албай убара болушат. Айла кеткенде атактуу көзү ачыкты чакырышат.
Ал айтат:
- Падышага бактылуу кишинин көйнөгүн кийгизсе, куландан соо айыгат.
Жан-жөкөрлөрү падышалыктан бир киши калтырбай кыдырып чыгат. Бактылуу кишини табышпайт. Акыры бир дыйканга туш келишет. Дыйкан өзүнчө сүйлөнүп аткан экен:
- Мына, эми менден өткөн бактылуу киши жок!
Жан-жөкөрлөр жанталашып тигинин көйнөгүн сурашат.
- Менде көйнөк жок, - дейт дыйкан жалаң төшүн кагып.
- Көйнөгүң жок туруп, мен бактылуумун дейсиң да!
- Жаңыле талааны айдатып, сээп бүттүм - анан мен бактылуу эмей ким бактылуу!
Падышанын жан-жөкөрлөрү дыйканга тезинен көйнөк сатып беришкен экен…




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??