presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тасмабашат

Кыргызстан Голливудга айланабы?

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Наргиза Маматкулованын "Сөйкө" жана Алижан Насировдун "Кыштоо" тасмалары көрсөтүлүп, окуу жайдын жетекчилиги, ЖК депутаттары, кино ишмерлери жаш кинорежиссерлордун эмгегине күбө болушту. Пикир айтуучулар аталган окуу жайы келечекте кыргыз киносуна салым кошчулардын мектебин жаратканын белгилешти. Мисалы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин студенттери көптөгөн эл аралык конкурс жана кинофестивалдарга катышып, аталган университетти жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу таанытууда.


Наргиза МАМАТКУЛОВА,
жаш кинорежиссер:
"Мүмкүн сөйкө салуу туурадыр..."
Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Наргиза Маматкулованын "Топташ" кыска метраждуу жана майып баланын жашоосун баяндаган "Жашагым келет" көркөм тасмалары Ташкентте, Бакуда, Стамбулда, Парижде, Римде, Берлинде, Казанда өткөн эл аралык кинофестивалдарда бир катар диплом жана сыйлыктарга ээ болгон. Жаш кыздын жандүйнөсүнүн калыптануусун баяндаган "Топташ" кинотасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Наргиза сценарий жазып, режиссер катары кино тартып, оператор катары да эмгектенип жүрөт. Киносерепчилердин айтуусу боюнча Маматкулова бул эмгектеринде өзүн автор жана элдин турмушун мыкты билген режиссер катары көрсөтө алган. Жаш режиссерду сөзгө тартып чыгармалары тууралуу сурадык.
- Наргиза, "Сөйкө" көркөм тасмаңда эмнени айтайын дедиң эле?
- Тасмада кыргыз аялынын коомдогу орду жана жандүйнөсү сүрөттөлөт. Өзүңүздөр көргөндөй, фильмдин сюжетинде эки эне мурдатан тааныш болгондуктан өздөрүнүн уул-кызынын бири-бирин жакындан көрүүсүнө шарт түзүшөт. Баланын апасы кызды келин кылып алууну тилек кылып, анча-мынча кара жумушка жардам берсин деген шылтоо менен уулун кыздын үйүнө таштайт. Жигит кетеринде апасы берген сөйкөнү кыздын өзүнө бергенден тартынып, аны сиңдиси ойногон куурчактын кулагына илип кетет. Кинонун аягында кыздын сиңдиси эжесинин эски сөйкөсүн тагынып жүргөн кадр көрсөтүлөт. Башкача айтканда, кыз жигиттин сунушун кабыл алды. Мында ар бир көрүүчү өз алдынча жыйынтык чыгарып алыш керек. Мүмкүн эки жашты үйлөнтүүдө эзелтен ата-бабабыз колдонуп келген сөйкө салуу салтын колдонгон туурадыр, же бул кыздын укугун кордоодур.

Алижан НАСИРОВ, жаш кинорежиссер:
"Тоолуктардын мүнөзү, жандүйнөсү чагылдырылды"
Алижан Насировдун 2009-жылы тартылган бийик тоолуу аймакта жашаган чабандын турмушун баяндаган "Кыштоо" даректүү тасмасы Бакуда өткөн кинофестивалда "Эң мыкты даректүү фильм" сыйлыгына жетишкен. Биз авторго суроо менен кайрылдык.
- Алижан, "Кыштоону" тартуу кыйын болгон жокпу?
- Тасма Алайда тартылган. Биз барган учурда март айы болсо да ал жердеги суук 40 градус экен. Көпчүлүк эпизоддор тоонун башынан, аскалардын арасынан кадрга түшүрүлгөн. Ошол учурда ал аймакта көчкү жүрүү коркунучу бар эле. Бул жагынан алып караганда, аталган фильм биртоп кыйынчылыктар менен жаралды. Бирок мени тоо арасында жашаган чабандын турмушу эч кандай жасалмасыз тартылганы кубандырды.
- Актерлор тааныш эмес го...
- Фильмге катардагы эле айылдык тургундар, өзүмдүн алайлык жердештерим тартылган. Алардын менин айтканым менен болуп, көңүлүмдөгү эпизоддорду тартууга жардам бергенине ыраазымын.
- Фильмдин негизги максаты кандай?
-Албетте, биринчиден, тоолуктардын мүнөзүн, жандүйнөсүн чагылдыруу. Ошол эле учурда топоздун кирешелүү мал экенин айтуу. Байкасаңыз, кийинчерек бул жандыктын тукуму азайып баратат.

Шайыр КАСЫМАЛИЕВА, актриса:
"Азырынча сын айтууга эрте"
- Шайыр эже, эки фильмде тең ролдорду аткаргандар профессионал актерлор эмес экен. Бул эмгектерди кандай баалайт элеңиз?
- Мени эң негизгиси жаштардын кино тартууга белсенип, аракеттенип жатышканы кубандырды. Алар болгондо да студенттер экен. Тасма жаратуу чоң материалдык каражат талап кылып, көптөгөн түйшүк жаратарын билебиз. Ушул кыйынчылыктарды жеңип, бир нерсе кылуунун өзү чоң эрдик. Бирок азырынча бул көркөм фильмдердин маани-маңызы тууралуу сын айтууга эртелик кылат.

Бегалы НАРГОЗУЕВ, ЖК депутаты:
"Буюрса, кыргыз кино өнөрү жанданчудай"
- Бегалы мырза, көркөм тасмалар купулуңузга толдубу?
- Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин студенттери азыртан ушундай көркөм тасмаларды жаратып, алды "Кыргызфильмге" барып иштей баштаптыр. Мага алар жараткан көркөм тасмалар жакшы таасир калтырды. Мен бул сөзүмдү атайын чакырылып калган үчүн гана айтып жаткан жокмун. Бир кезде "Кыргызфильмде" иштеп кеткен адис катары баа бердим. Эки фильмге күбө болуп, бул мектептен чыккан жаштар кыргыз киносунун келечегин жаратаарына ишендим.
Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??