presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бокс

Чемпион жаңыланды
Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) жердиги казакстандык, азыр Германия жараны Виталий Тайберт деген мушкерди жеңил салмак чен (59 кг) боюнча толук кандуу чемпион деп атады. Буга чейин Тайберт убактылуу чемпиондук кемеркур үчүн ноябрь айында Умберто Гутьеррести жеңген эле. Кемеркурдун анык ээси Умберто Сото WBCтин кийинки салмак чени (61,2 кг) боюнча Дэвид Диасты алып түшүп, чемпиондук наамга татыктуу болуп, эски орду бошогон.

Дыргаяк
Өткөн апта этегинде дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Мэнни Пакьяо менен IBF боюнча экс-чемпион Жошуа Клотти беттешти. 12 раундук таймаш Пакьяонун пайдасына чечилди.
Ал эми Жошуа жеңилген себебин бокс сүйүүчүлөргө жарыялады. Көрсө, Клотти мушташ болор астында адаттагы таразага түшүү милдетинен бошогондон кийин улуттук ашканасынын сый тамагын заказ кылып, лыкыйа тойгон экен. Бирок, көп узабай Клотти ичи ооруп, улам-улам дааратканага чуркай баштаптыр. Өзүнүн эсебинде кечке маал төрт жолу, эртең менен үч жолу, дагы үч жолу мушташтын астында ажаткананы эч кимге бербей буюгуп отурган экен. Ошо менен ал-күчү азайып, рингде жеңилүүгө дуушар болуптур. Кошумчалай кетсек, бул экөөнүн мушташын көргөнү 51 миң адам келген. Бул деген 1993-жылдан берки эң көп эл чогулган беттешүү болуп эсептелет.
Мэнни Пакьяонун кийинки атаандашы мексикалык Антонио Маргарито болушу мүмкүн, бирок анын АКШда беттешүү өткөрүүгө лицензиясы жок болгондуктан, анын ордуна жеңил салмактагы WBC чемпиону Эдвин Валеронун (Венесуэла) талапкерлиги да каралууда.

Америка Амирди күтөт
Жарым орто салмак боюнча WBA чемпиону Амир Хан (Британия) 15-май күнү Пол Малиньягги менен Нью-Йоркто серпишет. Амир Хан азыр 23 жашта, жакында эле америкалык Golden Boy Promotions промоутердик компаниясы менен келишим түздү. Демек, астыда боло турган мушташ боксер үчүн океандын ары жагындагы алгачкы беттешүү болмокчу.
WBAнын орто жарым салмактагы чемпиону Шейн Мозли өзүнүн атаандаштарынын бири Мэнни Пакьяону маалымат булагы аркылуу жаңы жеңиши менен куттуктады. Жөн эле куттуктабай, Мэнни менен Клоттинин мушташын көргөнү келгендер үргүлөп отуруп тарашты, - дейт Мозли, - ал эми 1-майда Мейвезер экөөнүн ортосунда өтө турган салгылашууда элдин көзү умачтай ачылат. Албетте, Мейвезердин болсо соккудан көзү ачылбайт. Мен аны нокаутка түшүрүп, андан ары биротоло пенсияга жөнөтөм деп опулдаптыр Шейн Мозли.

Мартинес мактанды көрүнөт
17-апрелде 35 жаштагы дүйнө чемпиону (орто салмак чен) аргентиналык Серхио Мартинес менен WBC жана WBO боюнча чемпион Келли Павлик менен намыс талашат. Сегизинчи, тогузунчу раунддарга чейин Павликтин тамырын тартып көрүп, нокаутка тоголотом деп убада кылып да жиберди Серхио.
Ушул мушташтын алдында орусиялык Матвей Коробов да өз күчүн сынайт. Азырынча атаандашы аныктала элек. Айта кетчү нерсе, Матвей Коробов азырынча профрингде эч кимге жеңилип көрөлек.

Агасын көрүп иниси…
Дүйнөнүн экс-чемпиону Рикки Хаттондун иниси Мэттью Хаттон 26-мартта италиялык Жанлуки Бранко менен кездешет. Мушташ жайдак болбойт - Европанын чемпиондугу деген титул башбайгеси экен. Талапкерлердин салмагы орто жарым салмак ченге (66,7 кг) туура келет.
Мушташ Хаттон үчүн ийгиликтүү аяктаса, 1-май күнү мексикалык Сауль Альварестин жүнүн тетири "тарайт".

Сөзү күчтүү болчу…
Мэнни Пакьяонун соңку жеңишинен кийин экс-чемпион Флойд Мейвезердин көзкарашы прессада жарык көргөн. Мэнни Пакьяонун эбегейсиз популярдуулугу, атак-даңкы анын улуттук азчылыктан келип чыккандыгында. Эгер ал Африкадан чыккан мушкер болгондо, ага көчөдөгү жолбун ит да көңүл бөлмөк эмес дейт өз сөзүндө Флойд.
Кийинки чыккан маалыматтарда Мейвезер, - мен мындай сөздөрдү айткан эмесмин, мунун баары бирөөлөрдүн тараткан жалган маалыматы, - деп мурдакы кабарды төгүндөгөн.

Алтын аз жерде акча көп
Россиянын олимпиадачылары үчүн деп белгиленген акчалай сыйлыктар 5 миллион 300 миң евро өлчөмүндө экен. План боюнча россиялыктар 11 алтын, 8 күмүш, 12 коло медаль алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп эсептеп, натыйжасында 3 алтын, 5 күмүш, 7 коло менен кайтышкан.
Олимпиада "алтыны" 100 миң евро, "күмүшү" 60 миң евро жана коло медаль үчүн 40 миң евро ыйгаруу пландаштырылган.

Футбол
Европада чемпиондор лигасы уланып жатат. Шейшемби, шаршемби күндөрү клубдар бири-биринен төөматек алышты. Багы жоктору борттон алыс кетти. Арасында Абрамовичтин "Челси" аристократтар клубу да бар.

Арсенал 5-0 Порту
Фиорентина 3-2 Бавария
Ман.Юнайтед 4-0 Милан
Челси 0-1 Интер
Бордо 2-1 Олимпиакос
Барселона 4-0 Штутгарт
Реал 1-1 Лион
Севилья 1-2 Цска

Кол-күрөш
Ташбилектер такшалуу жолунда
Бишкекте армрестлинг боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты аяктады. Катышкан чоюнбилектердин саны 70ке жетти. Коңшу Казакстан менен Түркмөнстандан да атлеттер келишти. 65 кг салмак боюнча жердешибиз Константин Клейнер 15 балбандын колун жер жыттатты да, чемпион болуп чыга келди. Азия чемпиону Алексей Лукьянов да өз салмагында чемпиондук чекке жетти. Калган аттуу-баштуу балбандардын көрсөткүчү саал ылдыйраак болуп калды. Балким, Индияда өтө турган Азия жана АКШда белгиленип аткан дүйнө биринчилигине күчтөрүн сактап атышы да мүмкүн.
80 кг салмакта Казакстандан келген конок Валерий Баранов биринчи секиге көтөрүлдү.
Жайында Ысык-Көл оюндарына эмитен даярдык күчтүү, - дейт армрестлинг федерациясынын президенти Мукамбет Жээнбеков, - аны биз бейрасмий дүйнө чемпионатынын деңгээлинде өткөрүүгө камынып атабыз. Эмитен эле дүйнөнүн туш-тарабынан 100дөн ашык колкүрөшчүлөр келүүгө макулдук берди.
Даярдаган Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??