presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Эрик Холдер
Американын башпрокурору Эрик Холдер Конгресстеги соңку сөзүндө Усама бен Ладен жөнүндө төмөнкүчө төгүлдү: "Аль-Каида" аталыгы бен Ладен эч качан америкалык сотко тирүү келбейт. Аны же биз өлтүрөбүз, же өз кишилери түбүнө жетет. Колдон келе турганы - биз сот өкүмүн анын сөөгүнө окуйбуз, башка ылаажы жок".

Рой Эшберн
Калифорниялык сенатор Рой Эшберн гомосексуалист экенин мойнуна алды. Рой 55 жашта, төрт баласы бар. Ал Faces деген түнкү клубдан анча алыс жерде кызмат машинасын ичип алып айдап баратканда полиция тарабынан токтотулган. Түрмөгө жеткизилип, 1400 доллар айып төлөп бошоп чыккан.
Коомчулукта консерватор-сенатордун түнкү клуб жакта эмне "жоготкону" чоң кызыгууну жараткан. Мунун өзү Рой Эшбернди чындыкты айтууга аргасыз кылса керек.

Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шериктеш өлкөлөрдүн телеканалдары жакын арада орус өлкөсүндө көрсөтүлө баштай турганын билдирди. Россиялыктар үчүн, албетте Украина телеканалы артыкчылык кылат, - дейт министр, - себеби украиналыктар саны жагынан бөлөк улуттарга караганда басымдуулук кылат.
Шериктеш өлкөлөрдүн телеканалдары үчүн пайдубал катары "НТВ-Плюс" телекомпаниясы тандалып алынганы белгилүү болду.

Сильвио Берлускони
Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони мамлекеттик телеканалга цензура киргизүүгө далалат жасады деп айыпталып жатат. Премьер-министр бийликти сындаган бир нече саясый ток-шоуларды жабууга жасаган аракеттери үчүн сотко жооп берип жүргөн кези. Кредиттик карталар боюнча чатак иштерди аныктоо үчүн Берлускони мырзанын телефондорун жашыруун тыңшоо жүргүзүлүп атканда, тигинтип, Сильвионун дагы бир былыгы булайып чыга келген экен.

Майк Тайсон
Бокс спортунда супер салмак боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Майк Тайсон бала кезден азыркыга чейин көгүчкөн багат. Бир курдай үйүнүн жанын кептеркана куруп алганы үчүн кошуналары менен соттошуп, утулуп да калган.
Эми М.Тайсон көгүчкөн жаатына чындап киришип, жарышка кушун таптап турган кези. Буга чейин ал мындай олуттуу мелдештерге катышып көрбөгөндүктөн тажрыйбалуу мүнүшкөрлөрдөн жардам сурады. Көгүчкөндөр белгиленген жерди кантип жана канча убакытта таап келет - байгелүү орундар ошого жараша бөлүштүрүлмөкчү.
Бул шоу Нью-Йорк шаарынын чатырларынын үстүндө өтө турганы маалым болду.




  ДҮЙНӨКҮН


Дүрбөлөңдүйнө. Грузиянын мамлекеттик "Имеди" телеканалы элди "жинди" кылган берүүнү көгүлтүр экрандан кое берди. Берүүнүн маңызында Түштүк Осетия президенти Эдуард Кокойтага кол салуу уюштурулуп, ошонун негизинде Грузияга орус аскерлери оор техникалары менен кирип келген болот. Жаңылыктар блогу аркылуу кеткен мындай кабарды көргөн эл чын ойлоп алып, катуу дүрбөгөн. Жаңылыктардын баш жагында жана соңунда бул телеберүү божомол, сценарий иретинде кетип жатканын эскерткендери менен эл бул "тамашага" түшүнбөй калган.
Телеканалдын кожоюндары коомчулуктан расмий кечирим суроого аргасыз болду. Капа болуп, катуу сөгүнгөндөрдүн ичинде Франция менен Улуу Британиянын Грузиядагы элчилери да бар.

Тордүйнө. Орусиянын Орел калаасынын эски шаар башы Александр Касьянов 2009-жылы 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Негизги себеби, "сары майга" салык төлөбөй жүргөнү билинип калып, камера камагына тушуккан.
Ошол экс-мэр мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн отуруп болуп, боштондукка чыкты. Төлөбөй койгон 136 миллион рублдин каргышы мына ушинтип бүтүмдөлдү.

Мафиядүйнө. Испаниянын полициясы Грециядагы коллегаларын катуу айыптады. Гректер "грузин мафиясынын" башчысы Лаша Шушанашвили деген мыйзам-ченемдүү ууруну колдон өткөрүп жиберген. Шушанашвилини кармоо үчүн Евросоюздун бир нече өлкөсү биргелешип уюштурган операция мына ушинтип маскара болду. Грек полициясы өз ара байланыштарынын чийкилигинен ууру Лашаны лактыра албай, жер сыйпалап калган.
Азыр Шушанашвилинин дайын-дареги таңкы туман баскандай белгисиз.

Кандүйнө. 16-март күнү Таиландда акция уюштургандар өкмөт үйүнүн кире бериши эшигинин астына мурдатан даярдап, чогултулган канды кыпкызыл кылып жайната төккөн. Акциянын мүчөлөрү 2006-жылы кулатылган премьер Таксин Чинаваттын колдоочулары экени жашыруун эмес.
Мындай жорук аркылуу акциячылар өздөрүн АКШ үчүн ырымдап курмандыкка чалганын каңкуулашкан. Бир нече жүз литр өлчөмүндө кан төгүүнү улуттук телеканалдан түз алып көрсөтүлгөн. Полиция болсо бейтарап абалды кармап, "дың" деген жок.

Аферистдүйнө. Польшанын Вроцлав шаарында белгисиз бирөө беш миллион злотых акчасын (эки миллион доллар) жымырып кеткен. Бул акчалар жергиликтүү банктардын бирине борбордон жеткирилмек. 16-март күнү эртең менен келген адам өзүн инкассатор (акча кайтаргыч) деп тааныштырып, 5 миллион злотыхты кабыл алган да, банкка жеткизүү үчүн жөнөп кеткен. Ошо бойдон акчадан да, аферисттен да дайын жок.

Уурудүйнө. Канаданын Ричмонд шаарынан орусиялык жана украиналык команданын спорттук кийимдери уурдалган. Уурдалган кийимдердин жалпы суммасы 40 миң доллар болгон. Уурдагандар экөө болуп, алардын бири акжуумал, экинчиси карасур адамдар экени тастыкталды. Кийимдер Bosco Sport компаниясынын кампасынан жоголгон.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??