19.03.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Капчыгыңда канча бар?

Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
Аалам алкагында "олигарх" деген түшүнүк кеңири тараган. Аны кыргызчага оодарсаң байманасы башынан ашкан адамдын образы көз алдыңа тартылат. Жер шарындагы, анын ичинен Кыргызстандагы айрым олигархтардын таржымалы, алардын өмүр жолундагы кызыктуу окуяларды изилдегенге аракет жасадык.


Абройлуу "Forbes" журналы жыл сайын дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесин жарыялоону салтка айландырган. Басылманын маалыматы боюнча, быйыл чириген байлардын саны 1011ди чапчыптыр. Бул көрсөткүч 2007-жылга салыштырмалуу 272ге көп.
"Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс он жылдан берки лидерлигин мексикалык магнат Карлос Слимге тарттырып жиберди. "Forbesтин" эсептешинче, телекоммуникация тармагынан күрөктөп акча тапкан Карлос мырзанын учурдагы бюджети 53,5 млрд. доллар. Ал эми үчүнчү сапка Американын Уорен Баффет аттуу жараны илинген.
Миллиардерлердин саны жагынан Америка көч башында (таблицаны караңыз).
Ушул жерден баса белгилей кетчү маселе бар. Азия чөлкөмүндө былтыркыга караганда быйыл миллиардерлердин саны эки эсеге өскөн. Ошондой эле орус олигархтары өткөн жылга салыштырмалуу 35ке көбөйгөн. Россиянын жалаң эркек миллиардерлеринин арасынан жалгыз аялзаты - Елена Батуринаны (Москва мэри Юрий Лужковдун жубайы) кездештирүүгө болот. "Forbes" Елена айымдын мүлкү 2,7 млрд. "жашылбай" экендигин билдирет.

8 жашында миллиардер атыгып…
Мындан 16 жыл мурда "Forbes" журналы ааламдагы эң жаш олигарх туурасында кабарлаган. Ал 8 жаштагы немец князы Альберта фон Турн унд Таксис эле. Эне сүтү оозунан кете элек жеткинчектин миллиардерге айланышына атасынан калган мурас түрткү болгон. Бул эми өткөн чак дейли.
Жолборс жылындагы статистикага ылайык, дүйнөдөгү эң жаш миллиардер катары 1,5 млрд. өлчөмүндөгү мүлкү менен Марк Цукерберг катталган. Ал өмүрүнүн 23-жылын жашап атканына карабастан, мындай деңгээлге таман акы, маңдай терин төгүп жеткен. Тактап айтканда, Марк интернет мейкиндигинде Facebook сайтын түптөгөн. Бул саамалык төрт жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй өнүгүп, Цукербергдин ысымын ааламга тааныткандагы кербези.

Асманга учсаң сонун да!
Акчасын кайда жумшарын билбеген олигархтар космос мейкиндигинде саякат жасоо идеясын ойлоп табышкан. Анын аркасында космос туризмине жол ачылды. Алгач 2001-жылы америкалык ишкер Деннис Тито жер огунан сырткары чыккан. Деннистин космостогу "мейманчылоосу" бир жумага созулган. Андан кийинки космонавт-олигарх катары Түштүк Африканын атуулу Марк Шаттрвортту айтсак жарашат. Жер огунда болуп кайткан миллиардерлердин акыркысы - Ричард Гарриот.
Галактикада сайрандоо наркы оголе кымбат. Маселен, адегенде билет баасы 23 млн. доллар болсо, кийинчерээк ал 40 миллиондун башын "жуткан".

Дүнүйө бир тыйындан куралат
"Байлык топтош үчүн сарамжалдуу болуш керек" деген принципке ынабаска аргаң жок. Сөзүбүз куру болбосун үчүн төмөндө айрым сараң олигархтардын окуясын келтирели.
XX кылымдын гениалдуу финансисттеринин бири Генриетта Хоуленд Грин өмүр бою квартирада жашаптыр. Агезде Генриетта айымдын байлыгы 100 млн. долларды түзгөн. Күндөрдүн биринде Хоуленддин уулу сыркоолоп калат. Гриндин зыкымдыгын ушундан бил: үч күн бою бекер оорукана издеп жүрө берген. Анын сараңдыгынан баласынын бутун ириң чаап, аны аргасыздан кестирген. Андан да кызыгы, миллионер айым үй кызматкери бир бөтөлкө сүткө эки жолу акча төлөгөнүн угуп, эстен танган. Андан көп өтпөй өзү о дүйнөгө аттанган.
Мындан 30 жыл мурда нефти королу Жон Пол Гетти миллиардерлердин көч башында турган. Ошол эле маалда акчага бекемдиги жагынан алдына ат салдырган эмес. Маселен, барымтада калган небереси үчүн 17 млн. доллар төлөөдөн "аткез" кылган. Жини кайнаган кылмышкерлер жеткинчектин кулагын кесип, чоң атасына "белекке" жөнөтүшкөн. Бирок, Гетти "2,7 миллиондон ашык төлөбөйм" деген шарт койгон. Айласы кеткен кылмышкерлер Жондун мындай сунушуна макул болушуптур.
Британ олигархы Николас фон Хоогстратенге компаньонун өлтүргөн деген кине коюлуп, ал 10 жылга эркинен ажыраган. Кийинчерээк Хоогстратен шеригин атайын өлтүрбөгөндүгү тастыкталып, темир тор кучагынан бошонгон жайы бар. Көрсө, Николас мырза каражатын үнөмдөө максатында кадимки эле чайды улам-улам кайнатып, аны кайра кургатчу экен. Натыйжада, маркум көп кайнаган чайдан ууланып каза тапкан тура.
"IKEA" компаниясынын кожоюну Ингвар Кампрад мектеп партасынан эле бизнес чөйрөсүнө аралашкан. Кампрад дүңүнөн сатып алган карандаш, дептерлерин классташтарына эки-үч эсе жогору баада пулдаган. Учурда анын байлыгы 28 млрд. долларга жетти. Ошого карабастан жөнөкөй ашканада тамактанып, катардагы адамдардай автобуска түшөт. Атүгүл 32 жылдан берки креслосун алмаштырбаптыр. Албетте, акчасын аяп…

Ит адамдын досу эмес, өмүрлүк жарыбы?!
Америкалык Уэнди Доркас аттуу абройлуу актрисанын жосунсуз жоругу аргасыздан ушинтип алакан жайдырат. Ал эчкидей жашы калган миллионер-кинорежиссер Роджер Доркаска баш кошкон. Жөн эмес, абышкасынын 64 млн. долларын ээлеп калуу максатында.
Арадан бир жыл өткөн соң Роджер аксакал чын дүйнөгө сапар тарткан. Бирок, Уэнди айымдын изги тилеги таш капты. Доркас өлөрүнүн алдында болгон-толгон мүлкүн көрөр көзүнө эмес, өзүнүн ити Максимилианга калтырыптыр. Сот ишти тыкыр изилдеп, Максимилианды мураскер деп тааныган чечимин кабыл алат.
"Аялдан амал качып кутулбайт" деген чын белем. Актриса бу жерден да жол таап кетет. Тагырагы, Уэнди Максимилианга турмушка чыккан. Буга мыйзам да жол берген. Себеби, Роджер жанындай көргөн итин Американын жараны катары каттатыптыр. "Эмгегинин" үзүрү кайткан актриса айым 64 миллиондун убайын көрүп аткан чагы.

Баурдастарды эле эмес, дүйнөнү да багындырып
Кыргыз улутунан азырынча миллиардер жарала элек. Ошентсе да өткөн жумада "Forbes" журналы кулак кубанткан кабар таратты. Анда тизмеге илинген казакстандык эки миллиардердин бири Алижан Ибрагимовдун түбү Кыргызстандан экендиги баяндалат. Жердешибиздин балалыгы негизинен Токмок шаарында өткөн. Эмгек жолун 1969-жылы Чүйдөгү даярдоочу конторада баштаган. 1989-жылдан тартып Казакстанда ишкерлик менен шугулданып жүрөт. Бүгүнкү күндө ал Казакстанда №1 олигарх катары саналат. Баса, бейрасмий маалыматтарга ишенсек, Алижан Рахмановичке Бельгия полициясы издөө салыптыр. Неге экени белгисиз…

100 доллар жана 5 тонна пияз
Кыргыздын Аскарбек Салымбеков, Чыныбай Турсунбеков, Табылды Эгембердиев сындуу жигиттери кантип капитал топтогону боюнча маалымат каражаттары жаза берип чарчады. Андыктан алар туурасында кеп кылуунун кажети жок. Бу саам парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Дамира Ниязалиева, "ак жолчу" Нургазы Айдаров ишкерлик чөйрөсүнө кантип аралашканы, кандай кыйынчылыктарга тушукканы жөнүндө кеп кылабыз.
Эл өкүлү Дамира Ниязалиеванын бизнес менен шугулданганына быйыл 22 жыл толот. Биринчи жолу досунан 100 доллар карызга алып, ага Кытайдан товар ташып келген. 2001-жылы жеке компаниясын ачкан. Дамира айым үчүн 2003-жыл өмүрүндөгү эң оор мезгил болду. Анткени ошол жылы Ниязалиеванын фирмасын айрым көралбастар басып алууга аракет жасаган. Узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Дамира Абаскановна байлыгынын жарымынан айрылып, ишин кайрадан уланткан дешет.
Мыйзамчы Асылбек Жээнбеков 1992-жылы бизнес дүйнөсүнө баш баккан. Кадимки Баяман Эркинбаев экөө Оштогу борбордук көчөлөрдүн бирине үч дүкөнчө ачышкан. Агезде кыргыз-өзбек ортосундагы алака кырды бычак абалда эмес беле. Дегенибиз, Жээнбековдун "точкасына" ала допучан тууган өлө "кызыгып", аз жерден кырылышып кете жаздашыптыр… Муну менен эле тим калбастан 5 тонна пияз жүктөп, Россияны көздөй сапар тарткан. Ток этерин айтканда, Асылбек мырза 5 тонна пияз, 3 "комоктун" аркасында бүгүнкүдөй байлык топтоду.
"Ак жолчу" депутат Нургазы Айдаров алгач казак ишкерлери менен кызматташкан. Тагырагы, коңшулардан Кыргызстанга ун ташыган. Абдырай аксакалдын уулу 2000-жылы банкротко учураган. Казак өнөктөштөрү ири суммадагы каражат алган бойдон кайрылып келген эмес.

Турсунбаев-Салахудинов "тандеми"
Бизнесте өнөктөштүк өзгөчө ролду ойнору калетсиз. Көпчүлүк адамдар башта жакшы иштеп, аягында өнөктөшүн "кидать" эткенин угуп эле жүрөбүз. Бу жагынан алганда, вице-спикер Азизбек Турсунбаев менен эл өкүлү Жалаллидин Салахудинов сөзгө бекем турган жигиттер экенин тар чөйрөдөгүлөр жакшы билет. Экөө 2001-жылы бизнести чогуу башташкан. "Чү" дегенде эле Өзбекстандан жер семирткич ташып келишиптир. Андан бери 9 жыл өттү. Учурда Ош шаарында "ак жолчу" эки депутатка тиешелүү 5 фабрика бар.




Майда, бирок маанилүү
Жалпы жонунан дүйнөдөгү миллиардерлердин байлыгы 3,6 триллион долларды түзөт.
Ашынган 1011 олигарх 55 мамлекеттин атуулу. Алардын ичинен Финляндия менен Пакистандан миллиардерлердин катарында буга чейин бир да адам болгон эмес.
1917-жылы АКШнын федералдык бюджети 715 млн. долларды чапчыса, ошол эле маалда Жон Рокфеллердин байлыгы 900 миллиондон 1 млрд. долларга чейин бааланган. Олигархтын көмөгү астында Чикаго менен Рокфеллер университети, Спелман коллежи, монастырь жана Рокфеллер фонду, Рокфеллер атындагы медициналык илимий изилдөө институтунун имараты курулган.
Россиянын "Энергия" кемеси, америкалык "Space Ship One" жана израилдик "Gallactic dream lines" фирмасы космос бизнесинин ичегисине кан куят. Аталган эки компания Ай менен Марска сапар уюштурууну кыялданууда.
Бизде да акчасын кайда короторун билбеген миллионерлер арбын. Алсак, ЖоКедеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Сергей Ибрагимов кыргыз байларынын ичинен алгачкылардан болуп 1,5 млн. долларлык яхта сатып алып, кереметтүү Ысык-Көлгө кое берген. Яхта беш жылдыздуу мейманканадан ашса ашат, асти кем калбайт.

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19