19.03.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Улустун улуу күнүндө

Тазаруунун майрамы

Нооруз деген сөз фарс тилинен которгондо - жаңы күн ("нав" - жаңы, "руз" - күн) дегенди түшүндүрөт. Баарыбызга белгилүү бул күнү күн менен түндүн теңелүүсү, башкача айтканда күндүн узактыгы 12 саат болсо түндүкү да 12 саат болот. Нооруз майрамын ар кайсы өлкөдө ар кандай аташат. Казактарда - "Наурыз", тажиктерде - "Гульгардон", татарларда - "Нардуган" делсе, ал эми байыркы гректерде "Патрих" деп аташчу экен.

Босогодо турган Ноорузга карата бардык жерде үйдүн айлана-тегереги тазаланып иретке келтирилет. Эски таарынычтар болсо бири-бирин кечиришет. Жыл түшүмдүү болушу үчүн идишти айранга, данга толтурушуп, чөйчөктөргө булактын суусун, сүт толтура куюшат. Бул күнү боз үй тигилип, улуттук оюндар ойнолуп, ошондой эле бул майрамдын символу болгон сүмөлөк кайнатылат. Сүмөлөктү өндүрүлгөн буудайдан жасашат.
ТАЖИКСТАНДА Нооруз майрамын 21нен 24-мартка чейин майрамдашат. Бул күндөр эс алуу күндөрүнө кирет. Негизги көңүл майрамдык дасторконго бөлүнөт. Майрамдык столго жалаң эле тамак коюу шарт эмес. Дасторконго "с" жана "ш" тамгаларынан башталган тамактын түрү коюлат. Эки майрамдык стол: "хафтсин" жана "хафтшин" даярдалат. "Син" жана "шин" бул персид алфавити боюнча "с" жана "ш" тамгаларынын аталышы, ал эми "хафт" жети дегенди билдирет. Исламда 7 деген сан ыйык делинип эсептелет. Майрамдык дасторконго сүттөн башка эттен даярдалган тамак-аштын түрүн койбогонго аракет кылышат, айрыкча мал этинен.
Нооруз майрамынын символу болуп сүмөлөк эсептелет. Майрамга бир жумадай калганда буудай даны сууга чыланып коюлат. Майрамга туш буудай даны өнүп калат, өнгөн буудайдын сабагы канчалык узун болсо жыл түшүмдүү болот деп боолголошот. Өнгөн буудай данын талкалап казанга салып, суу куюлат, ун салып тынымсыз аралаштыруу менен 10-12 саат кайнатылат. Кант салынбайт, өзүнүн даамы таттуу болот. Сүмөлөк - бул ыйык тамак деп эсептелет. Ошондуктан жоопкерчиликти алып бышырып жаткан адам курандагы "ихлас" сүрөөсүн окуйт. Сүмөлөк баарына - жакын адамдарына, кошуналарга таркатылып берилет.
ӨЗБЕКСТАНДА Ноорузга карата алдын-ала даярдык көрүлө баштайт. Бардык жерде мааланын адамдары ынтымакташып тегерек-четти иретке келтирүү менен арыктар тазаланып, бак-дарактар акталып, бакчалар казылат. Ар бир мааланын өзүндө чайканасы болгондуктан, ошол жерде чогулушуп Нооруз майрамын тосушат. Бул чоң майрам катары саналып, үй-бүлөдө да өзгөчө белгиленет. Майрамда гана жасалчу тамактын бир нече түрү, сүмөлөк жана өзгөчө туурама аш (палоо) жасалат.
Ал эми сүмөлөк бышырып жатканда жылмакай ташты, грек жаңгагын салып коюшат. Бул түбүнө күйүп кеткенден сактайт жана жегенде кимге туш келсе ал адамды бул жылы ийгилик коштойт деп ырымдашат.
ТҮРКМӨНСТАНДА март айынын бул күндөрү айыл чарбасынын жаңы башталыш жылы деп эсептелип, майрамдык дасторконго буудай азыгынан даярдалган улуттук тамактар коюлат: халва, ун азыгынан даярдалган таттуу тамактар, эң негизгиси - өндүрүлгөн буудайдан жасалган тамак.
Ноорузда түркмөндөр бири-бириникине конокко барышат, ал эми жаштар кечкисин майрамдашат.
АЗЕРБАЙЖАН элинде Нооруз майрамына карата кичинесинен чоңуна дейре тыкыр даярданышат. Шарт боюнча баары жаңы кийим кийишет. Дасторконго "с" тамгасы менен башталган жети тамактын түрү коюлат. Сумах, скэд - сүт, сирке - уксус, сямяни - буудайдан даярдалган ботко, сабзи - чөптөр, ж.б. ушул сыяктуу тамактар. Тамак-аштан сырткары столго күзгү, шам жана боелгон жумуртка коюшат. Булардын өзгөчө символикалык белгиси бар. Шам - бул жарык, от, адамдарды каардуу духтардан сактайт делинет, күзгү - ачыктыктын же жаңы жылдын кирген мезгили дешет.
Майрам күндөрү эшиктерин бекитпей ачык калтырышат, бул үйгө келчү конокторду кубануу менен кабыл алуунун белгиси. Ал эми кичинекей балдар тааныштарыныкына, туугандарыныкына барганда майрамдык белек үчүн баш кийимдерин, баштыктарын атайын босогого калтырып кетишет. Жаңы жылдын алгачкы күнү ар бир үйдө жарык түнү бою күйүп турат. Бул жыл бою ар тараптан ийгиликтин коштолуп туруусунун белгиси.

Эркайым Камчыбекова