presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Деги кыштан аман чыктыңарбы?

Айттырбай келген жоо
12-мартта таңкы саат жети-сегиздер чамасында Ош-Бишкек жолундагы Чычкан капчыгайына чоң көлөмдөгү кар көчкү түшкөн. Жергиликтүү адистердин айтымында, мындай кар көчкү мындан отуз жыл мурда түшкөн экен. Узундугу 400-500 метр, бийиктиги 50-60 метрге жеткен көчкү түшөрү менен Чукул кырдаалдар министрлиги менен Транспорт министрлигинин техникалары аны тазалоого киришкен. Эскерте кетсек, 5-9-мартта Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү түшөт деген кооптуу жердеги карды он үч жардыруучу курал менен атайын атып түшүрүшкөн эле. Табигаттын мындай кырсыгы жүргүнчүлөргө биртоп ыңгайсыздык алып келди. Көчкү түшөрү менен Сосновка жана Чычкан посттору жабылып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Бирок, жолго чыгып алган жүргүнчүлөр арасында нааразылык күч алып, жогору жактагылар алардын жолун тороп өткөрбөй атканын айтышты.
- Мына, көчкү түшкөнүнө эки сутка болуптур. Жергиликтүү бийликтен бирөө басып келип биздин абалыбызды сураган жок. Эч ким кыймылдабай жатат. Биз мамлекетке өзүбүз жеген токочтун эсебинен салык төлөп атабыз. Эмне үчүн өкмөт биздин акыбалыбызды сурап койбойт? Жатакана барбы, кантип жашап атасыңар деп сураган бир жан жок. Ушул жерде эки суткадан бери турган элге бекер нан таратпаса да сатып алганга азык-түлүк алып келишпейби. Кичинекей балдар, улгайган кемпир-чалдар, аялдар турушат. Жол боюндагы ашканадагы кечээки элүү сомдук тамак бүгүн эки жүз сомго чыкты. Эптеп жакын жердеги дүкөн, кафе, ашканаларга түнөп атабыз, эшиктин суугу бул.
Биринин сөзүн экинчиси укпаган жүргүнчүлөр Чычкан постунда турган укук коргоо кызматкерлерине нааразычылыктарын билдирип, кээси урушуп да атышты. Журналисттер тобу кар көчкү түшкөн жерге барганда алты техника тынымсыз иштеп аткан экен.

Чукул кырдаалдар министрлигинин оперативдүү иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Акылбек МАМАТОВ бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.
- Чукул кырдаалдар министрлигине 12-мартта эртең менен Чычкан капчыгайында чоң көлөмдөгү кар көчкү түшкөнү тууралуу маалымат жетти. Маалымат түшкөндө эле ЧКМ менен Транспорт министрлигинин атайын техникалары бөлүнүп, бул жердеги карды тазалоого жарым саатта эле келишти. Албетте, Бишкек-Ош автожолуна өтө албай күтүп турган машинелер көп. Кар көчкүнү айланып жеңил автоунаалар өтө тургандай убактылуу жол жасап, четинен өткөрүп атабыз. Чоң унааларды өткөрүүгө болбойт. Көчкү түшкөндөн кийин дароо эле постторду жаап, ары-бери өтө турган машинелерди токтотконбуз. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Шашып келаткан автоунаалар жолдогу тыгынды жана үйүлгөн көчкүнү көрсө да, бизди кое бергиле деп жулунуп атышат. Биз алардын гана коопсуздугу үчүн эртерээк тазалайлы деп күнү-түнү, атүгүл тамактанууга убакыт жок иштеп атабыз. Былтыр да жаз айларында ушундай көчкү жүргөн, бирок көлөмү боюнча мындан биртоп кичирээк эле.

Көчкүнү тазалоону көзөмөлдөгөн мамлекеттик "Кыргызавтожолдор" ишканасынын башкы директору Ызатбек ТОКТОМАМБЕТОВ да журналисттердин суроолоруна жооп берди.
- Жолдо калган жүргүнчүлөргө эмне үчүн шарт түзүлгөн эмес?
- Аларга шарт түзүү боюнча биздин чыгымдан каражат каралган эмес. Кошумча жатакана, убактылуу тамак-аш уюштуруу үч суткадан ашып кетсе гана ЧКМ тарабынан берилиши керек. Төө-Ашууда жана Ош-Бишкек жолунун 255-чакырымында күндүз кичирээк көлөмдө көчкү түшкөн. Ошол көчкүлөрдү тазалай баштаганда эле жолдор жабылган. ММКлар аркылуу Ош-Бишкек жолунда көчкү түшүү коркунучу бар деп маалымат берилген.
- Жолдун мындан башка жеринде да көчкү жүрүшү мүмкүнбү?
- Суу кар жаап, аба ырайы өтө тез жылып кеткендиктен көчкү түшүшү мүмкүн. Биздики тоолуу аймак болгондуктан март айынан апрелдин ортосуна чейин көчкү коркунучу күч алат.
- Табигат кырсыктарынын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан канча каражат каралган?
- Аны так айтыш кыйын. Болжол менен он миллиондон жыйырма миллионго чейин Транспорт министрлиги тарабынан каражат сарпталат. Бул көчкү табигый жол менен түштү. Негизи, коркунучтуу делген көчкүлөр атайын атып түшүрүлгөн.
Ош-Бишкек жолунда жыл сайын көчкү жүрөт. Мындай кырдаалга кабылган жүргүнчүлөрдүн коопсуздугунан башка да тамактануучу жана убактылуу баш калкалоочу жайлардын жоктугу өкмөт тарабынан эске алынса болмок деген ойдо калдык.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Бишкек-Токтогул-Бишкек




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Тынчтыктын санаасы тынч эмес

Редакцияга Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Тынчтык Абылкасымов келиптир, 27 жашта экен. Сөзүнө караганда апасы ичет экен, өзү жумушсуз. Кандай жумуш болсо да иштейт элем деп кайыл болуп турганы байкалат. Айыл өкмөтүнөн республикалык деңгээлге чейин жаштар менен иштешүү, жумуш менен камсыздоо маселеси курч бойдон калууда. Анда эмесе кеп кезеги Тынчтыкта:

- Айылда апам экөөбүз жашайбыз. Апамдын алган пенсиясы 1100 сом. Атам мындан беш жыл мурун каза болгон. Өзүм алты бир тууганмын. Эң улуу эжем Үмүттү атамдын эжеси кичине кезинде эле багып алыптыр. Азыр Үмүт эжем кайда экени белгисиз, аны издеген деле киши жок. Кээси аны Россияга кеткен дешсе, кээси Бишкектен эле хиджаб кийип жүргөнүн көргөнбүз дейт. Эки агам борбордо турат, алар деле жетпеген жашоо менен күн кечирет.
Ата-энем биз кичине кезибизде арак ичип көп урушушчу. Бирде ажырашып, кайра жарашып, айтор, жашообуз чыр менен өттү. Менин үч класстык гана билимим бар. Менчиктештирүү башталганда өкмөттөн өз үлүшүбүзгө жер, мал алган элек. Атам ал жерди, малды сатып, короодо чычкак улак да калган эмес. Айылдыктар өкмөттөн алган малды улап, жерин айдатып, жакшы эле оокат кылып атышат. 1995-жылдары шаардагы эжем "айылда жумуш жок, бияка келип иштебейсиңерби" деп чакырган эле. Ата-энем сүйүнүп үйдү сатып, беш баласын алып шаарга эжемдин үйүнө барганбыз. Бирок, бир айдан кийин эжем бизден тажай баштадыбы, айтор, ата-энем менен урушуп, кеткиле дей баштады. Айылга кетели десек үйүбүз жок, шаарда эки жылдай батирде жашап жүрдүк. Ошентип эптеген жашоону кечирип, акыры айылга көчүп барууга аргасыз болдук. Өзүбүздүн мурунку үйдүн жанындагы урай турган эки бөлмө эски там сатып алдык. Бул үй эптеп эле баш корголой турган жай эле. Бир туугандарым чоңоюп үй-бүлө куруп кетишти. Азыр апам экөөбүз ошол кепе тамда күн кечиребиз.
Айылда иштегенге жумуш жок, кышкысын бирөөлөрдүн эшигинин алдындагы, короосундагы карды күрөп анча-мынча акча табам. Жайкысын айылдыктардын талаа жумуштарында иштейм. Кышкысын көмүр жок, үй муздак деп апам шаардагы байкемдин үйүнө кетип калган. Өзүм жалгыз токойдон отун алып келип оокат кылдым. Мен курдуу жолдошторумдун баары үйлөнүп, бала-чакалуу болушту. Үйлөнөйүн десем каражат жок. Анүстүнө кепедей болгон үйгө кантип аял алып келем. Аны оңдогонго мүмкүнчүлүк жок. Эмне кылышты билбей, президенттен жумуш издеп келгем. Телевизордон анын биз сыяктуу кедей-кембагалдарга материалдык жардам берип атканын көрүп, мүмкүн биздин абалыбызды да түшүнөөр деп ойлодум. Бирок, президентке кирүү кыйын экен, сенден да кыйындар айлап кезекке туруп кире албай атышат дейт ошол жерде кайтарып турган милийсалар. Айылга гуманитардык жардам келип калганын угабыз, бирок бизге бербейт, апамдын алган пенсиясын айтып. Ал пенсия деле беш-алты күн жашаганга араң жетет. Анткени электр жарыгын да кымбаттатып жиберишти, бир айга эле миң сомго чукул акча чыгыптыр.
Жолдошторуман, алардын аялдарынан жашаган үйүм үчүн уялам. Биздин итке минген кедей болуп калганыбызга апам да күнөөлүү деп ойлойм. Себеби, атам арак ичип мас болуп келгенде, апам да ага атаандашып ичип келчү. Ошентип жүрүп акырындык менен кантип аракка берилип кеткенин билбей калды.
Үйдө апамдын азабын жалгыз мен тартам. Кээде айлам кеткенде шаардагы байкелериме апамдын ичип атканын айтсам, "эмне кылалы, колубуздан эч нерсе келбейт" деп алакан жайышат. Доктурга көргөзүп дарылатсам деп коем, бирок ага каражат жок.
Айылда мен сыяктуу эч нерсеси жок адамдар көп. Учурунда айыл өкмөткө да жардам сурап кайрылганбыз. Алардан жардам болбогондо айласыздан президентке кат жолдодук. Президенттик администрациядан айыл өкмөтүнө жардам бергиле деп кат келиптир. Мурда жардам бербеген айыл өкмөт башчылары эми жардам бермек беле…
Айлам кетти. Иштеп, жок дегенде курсагыбыз тое турган жашоодо качан жашайбыз. Же ушинтип жүрүп өтүп кетебизби?!
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??