presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оюндан "от" чыгып бут сынды

"Ак жолчу" депутат Алтынбек Сулайманов "Манас" аэропорту жактан оң бутун сындырып кайтты. Ажерден эл өкүлү адатынча көк бөрү ойноп, азартка батып жатканда… капилеттен азоо айгыры мөңкүп, Сулайманов үстүнөн ыргып кетпеспи! Дагы бактысы тоодой экен, жерди төбөсү менен челбептир. Болбосо… Учурда Алтынбек мырзанын абалы жакшы. Бутун гипстетип коюп, төшөктөн турбай жатат.

Малаховду ким "майрамдатты"?

Орус шоу-дүйнөсүнүн "жылдызы" Андрей Малахов жакында Кыргызстанга келип кетти. Ал Ак үйдөгү үлкөн фигуралардын биринин аялынын туулган күнүндө тамадалык кылган. Жакшылык ээсинин өмүрү кыргызча сүйлөбөгөн уулу эне тилинде кубулжута обон созуп, меймандардын оозун Ошту каратты дешет. Малахов анын өнөрүнө таңгалып, ОРТ телеканалынын кайсы бир көрсөтүүсүнө катыш деп чакырып кеткен имиш.

Күлүгү турса күндө озуп…

Президенттин иниси Жаныш Бакиев шейшемби күнү 52 жашка толду. А киши туулган күнүнө жакын санаалаш, тууган-туушкандарын чакырган. Жаныш Салиевичке кимдер кандай белек кылганы боюнча так маалымат жок. Ошентсе да, таасирдүү саясатчылардын бири ак кашка күлүк тартуулаганын эшиттик. Не демекпиз, ак кашканын арымы кең болсун!

"Чрезвычайный" кырдаал

Бакыт Төрөбаев Чукул кырдаалдар министрлигине барганы өтө эле көөп кетти дешет. Экс-кесиптештери телефон чалса жооп бербей, айрымдарын кагып-силкип, кайдыгер мамиле жасай баштаптыр. Мунусу го бул, өзүн депутаттыкка алып келген команданы "кидать" этип, башка "группировкага" кошулуп, беркилердин жинин шакардай кайнатып атат имиш. Тигил топтун "атаманы" "жаш баланын шиши толуптур. Тарбиялап койбосок болбойт…" деп ызырынган экен. "Дос сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат" демекчи, Бакыт Эргешович, эки жагыңызды байкай жүрсөңүз. "Карт бөрүлөр" үчүн сизге окшогон "балапан" саясатчынын эбин таап коюш иттен оңой…

Өзүнө өзү каршыбы?

Уруучулдукту ийне-жибине чейин козгоп уруулардын курултайына катышып, анын өзгөчөлүгүн баса белгилеген Дастан Сарыгулов кимде-ким кыргызды түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлсө, кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек деп чыкты. Азырынча биз билгенден кыргызды уруу-урууга бөлүп жиликтеген бир эле Дастан Сарыгулов. Көрсө, кайсы бир жыйында уруучулдукка бөлүү боюнча берилген суроого УКК "мындайларды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек" деген тура. Сыягы, Дастан аксакал жоопко тартылып кетпегей элем деп алдын алып атабы?

Тапишмак, тапишмак, Шадиевге жапишмак

"Ак жол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев экс-министр Камчыбек Ташиевдин финансылык каталыктарын өткөн жылдын июль айында билсе да, Эсеп палатасынын документтерин сары майдай сактап, эч кимге ооз ачкан эмес. Сыягы, Аскарбек мырза бул жөнүндө Ташиевге кабарлап, эми канттик маанисинде суроо салгандыр. Бирок анын кыңыр иши ашкереленип элге дайын болсо да каржы жана бюджет комитетинин төрагасынан жарым ооз сөз чыккан жок. Бул эмине болучу?..

Эр жигиттердин "эрдигинен"

Өткөн ишемби күнү БЭКтин жыйынында элдик курултайдын кандайча өтүшүн оппозиция башчылары талкуулап жатып, Бекназаров менен Атамбаев жакалашууга чейин барып, бири-бирин аябай эле шыбап, өткөн-кеткендерди козгоп ийишкен. Чыр Ак үйдү алуу маселеси козголгондо чыккан дешет. Бекназаров алдуу эмеспи, Атамбаевге үстөмдүк кылып атканда "Форум" гезитинин баш редактору Рыскелди Момбеков Атамбаевге болушуп Бекназаровду түртүп жиберет. Бул окуя оппозициянын башка анабашыларына жетип, экөөнү курултайга чейин араң эпке келтириптир.
Мунун чын-бышыгын тактоо үчүн биз Рыскелди Момбековго чалсак, ал суроону уккан соң телефонун койгуча шашты.
"Агым-пресс"




Ат жалында алтооз сөз
Кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жана акыркы кадамдарын кандай баалайсыз?
Ишенбай АБДУРАЗАКОВ, коомдук ишмер:
- Үсөнов бардык аракетин жумшап, карапайым калк ишенимин актаганга аракет жасаса болмок. Тилекке каршы, өкмөт эл күткөндөй иштебей атат.

Жангороз КАНИМЕТОВ, ЖК депутаты:
- "Ак жол" фракциясынын жыйынында өкмөттүн өткөн жылга карата отчету канааттандырарлык деп бааланды. Мен негизинен буга кошулам. Ошентсе да электр энергиясынын наркы дароо көтөрүлгөнү элге оорчулук жаратканын танбайм. Министрлер кабинети келечекте ушундай катачылыкка жол бербей, чоң стратегиялык иштер менен алпурушса жакшы болот эле.

Алмазбек КАРИМОВ, ЖК депутаты:
- Былтыр президент мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону жарыялаган. Жаңылануу саясаты азырынча аяктай элек. Ал эми өкмөт ошонун негизинде иш алып барууда. Жеке мени министрлер кабинетинин иши канааттандырат. Албетте, нааразычылыктар бар. Бирок, мунун бардыгы убактылуу. Эң башкысы, биз капиталисттик доордо жашап атканыбызды түшүнүшүбүз керек.

Кыргызбай ДОБАЕВ, педагогика илиминин доктору, профессор:
- Министрлик, мекеме жетекчилеринин арасында профессионалдар жокко эсе. Кыргыз өкмөтү көбүнчө саясат менен алпурушуп, реалдуу экономика тууралуу ойлонбой калгандай. Мындан башка айтар кебим жок.

Эмилбек КАПТАГАЕВ, "Улуу Биримдик" партиясынын лидери:
- Кыргыз өкмөтүнүн кандай ишмердүүлүгү боюнча сөз болушу мүмкүн? Бизде азыр эч кандай өкмөт жок, анын формалдуу эле сөлөкөтү бар. Үсөнов башында турган министрлер кабинети Максим Бакиев жетектеген агенттиктин иштерин кандайдыр бир деңгээлде эле мыйзамдаштыра турган орган. Ал өз алдынча эч нерсе чече албайт.

Рыскелди МОМБЕКОВ, "Форум" гезитинин башредактору:
- "Ак жол" фракциясы Үсөнов өкмөтүнүн өткөн жылга карата отчетун укту. Жыйында бийликчил депутат Максат Кунакунов "тарифтердин көтөрүлүшү туура эмес кадам. Ал элди жакырчылыктын сазына батырат" деп ачык айтты. Мен эл өкүлүнүн мындай пикирине толук кошулам. Министрлер кабинетинин баа саясаты карапайым калкты итке мингизет десем аша чапкандык болбос.

Жалил САПАРОВ, журналист:
- Биртоп маселелерде өкмөттүн позициясын колдойм. Алсак, чиновниктердин чет өлкөгө командировкалашына кеткен чыгымын 400 млн. сомго кыскартты. Ошондой эле катачылык кетирген ири жана майда аткаминерлерди жазалай баштады. Бул колдоого аларлык саамалык эмеспи?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??