presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Демдүү турасыңарбы?

Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар

Учурда ооруканаларда акчасы жок кары адамдарды жылуу-жумшак эч ким тосуп албасы айтпаса да белгилүү. Бул боюнча редакцияга арыз-муңун айткандар жок эмес. Бирок, 1986-жылы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн курулган улуттук госпиталда маанай башка. Мында кардиология, терапия, неврология, урология бөлүмдөрү бар. Тазалык, мээрмандык дароо байкалат. Аталган бөлүмдөрдүн башчыларын жана дарыланып жаткандарды кепке тарттык.


Гүлай СЫДЫГАЛИЕВА, кардиология бөлүмүнүн башчысы:
- Бөлүм 30 адамга эсептелген. Бизде негизинен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, оорук ардагерлери, Ооган согушуна, Чернобыль кырсыгына катышкандар, майыптар, карылар дарыланышат. 2007-жылдан тарта атайын токтом менен баатыр энелер да дарылана башташты. Ар жылы дарылангандар боюнча жыйынтык чыгарганда ардагерлер 20-30 адамга азайганы байкалат. Оорулууларды дарылоо, медициналык текшерүүлөр өкмөттүк каржылоонун, гуманитардык жардамдардын эсебинен бекер жүргүзүлөт. Кээде оорулууларга бизде жок дарылар керек болуп калат. Мындай учурда аларды өздөрү сатып алууга туура келет.
Дарылануучулар алгач Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын бейтапканасынан медициналык кароодон өтүп, ал жактын жолдомосу менен госпиталга келишет. Ал эми айылдык врачтын жолдомосу менен келгендер түз эле бизге келе алышат. Госпиталда үч маал тамак берилет. Түшкүсү биринчи, экинчиси менен. Диетада отургандарды, баласы барларды жана жүрөгү оорулууларды өз-өзүнчө бөлүп тамактандырабыз.

Орозбек ИСАЕВ, Аламүдүн районунун жашоочусу, оорук ардагери:
- Мен жыл сайын келип дарыланам. Бөлүм жетекчиси, кызматкер кыздар абдан жакшы карашат. Дарылангандардын бардыгы эле ыраазы. Биерге келгенде дарыгерлерге ишенип, өзүмдү жакшы сезип калам. Кан басымым көтөрүлүп, жакшы дем ала албай келдим эле, азыр түзүк болуп калдым. Госпитал экинчи үйүмдөй эле болуп калды. Тамагы, шарты абдан жакшы. Өкмөт мурун электр энергиясына, жолдо жүрүү, отун жагынан жардам кылчу. Азыр анын баарын жоюп, ай сайын 2000 сом берет. Жашым 81де. Жети балам, үч чөбөрөм бар, неберелерди санаган эмесмин. Пенсиям 3500 сом. Кыскасы, жашоом эл катары.

Болот ТУРУСБЕКОВ, терапия бөлүмүнүн башчысы, КР эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы терапевт:
- Улуттук госпиталдын бардык бөлүмдөрүндө абдан керектүү делген дарылардын тизмеси түзүлгөн. Кандай кыйынчылык болбосун, бул дарылар бизде дайыма болот. Оорусуна жараша келгендер 10-15 күн дарыланышат. Согушка катышкандар, кары адамдарда бир эле мезгилде төрт-беш оору болот. Рак ооруларын көп табабыз. Андыктан алар бизге бир-эки ай өтпөй кайра келүүгө аргасыз. Госпиталда бардыгы эле бар. Болгону компьютердик, магниторезонанстык томография жок. Томографиянын жоктугунан оорулууларды ары-бери ташып кыйналабыз. Айрым учурда бала-чакасы жокторду өз каражатыбыз менен томографиядан өткөрүүгө алып барабыз. Жалпысынан бизде жылына 1200-1300 адам дарыланат.

Вера МАРТЫНОВА, оорук ардагери:
- Мен бул жердин кызматкерлерине ыраазымын. Оорукананын жакшы жери анализдин баары ушул жерде тапшырылып, толук медициналык кароодон өтөбүз. Бардык лаборатория бир жерде. Палаталар таза, дарыгерлердин бизге кылган мамилеси жакшы.

Райкан САГЫНБАЕВА, пенсионер:
- Мен борбордук почтампта 36 жыл иштеп, ошол жерден пенсияга чыктым. Азыр 75темин. Сегиз жылдан бери ушул госпиталга келип, бир тыйын төлөбөй дарыланып жүрөм. Дарыгерлердин бизге окшоп чөбөрө көрүшүн каалайм.

Гүлсүн ИСМАИЛОВА, неврология бөлүмүнүн башчысы:
- Бул бөлүмдө 15 жылдан бери иштеп келатам. Бөлүмдөгү оорулуулардын 70-80 пайызы жеңилдик алгандар. Бөлүмдө инсульттан, мээ кан айлануусунун өнөкөт ооруларынан жабыр тарткандар, остеохондроздун түрлөрү менен ооругандар дарыланышат. Башкача айтканда, бизде өтө оор категориядагы оорулуулар жатышат. Жылына орто эсеп менен 80-82 адам медициналык жардам алат. Келгендердин 70 пайызы алыскы район, облустардан, шаардыктар аз. Өкүнүчтүүсү, госпиталда мен иштегенден бери бир да жолу капиталдык ремонт боло элек. Өзүбүздүн, демөөрчүлөрдүн жардамы менен оорукананы бир аз оңдомуш этип койгонбуз. Ушул жагы эске алынса дурус болор эле.

Абылгазы МОЛДАЛИЕВ, Талас шаарынын тургуну, согуш ардагери:
- Мен 1942-жылы июлда согушка аттанып, Берлинге чейин жеттим. 1947-жылы кайттым. Апаатта далай азап-тозокторду көрүп, бутуман, колуман жарадар болдум. Белоруссиянын, Польшанын шаарларында, Варшавада жүрдүм… Бул жакка экинчи жолу келишим. Бутумдун эски жарасы козголуп, баспай келгем. Азыр кудайга шүгүр, басып калдым. Доктурларга, айрыкча Бакыт Ибрагимов деген балага ыракмат.
Азыр 86дамын. Үч балам, сегиз неберем бар. Ардагердин ооруканасы деп буерде жакшы карашат экен. Президент согуш ардагерлерине бирден машине деди эле, жакында 15 миң сомдон берилет деген токтом чыгарып койду. Бул акчага бир кунаажын да келбейт. Апрелден баштап 3 миң сомдон президенттик стипендия дебатат. Ошону күтүп жатабыз. Жакында военкомат Москвага парадга жиберебиз деп жазып кетти. Насип буюрса барып келебиз го.

Садыр МАМБЕТКОЖОЕВ, Токтогул районунун согуш ардагери:
- 1943-жылы Ата мекендик согушка, кийин япон согушуна катыштым. 1950-жылы туулган жериме келдим. Советтик кызматтарда иштеп жүрүп, 1964-жылы ооруп калдым. Ошондон бери доктурлардын жардамы менен жашап, бүгүн минтип 85 жашка чыгып отурам. Беш-алты жылдан бери ден соолугума байланыштуу Бишкекте жашайм. Бул жерге ай сайын жатам. Мобуреки госпиталды 1986-жылы Усубалиевге, Кулатовго, ошо кездеги саламаттык сактоо министрине арыз жазып жатып биз салдыртканбыз. Ал кезде госпиталдын ичи жаркырап турчу. Бөлмөлөрдө сигнализация бар эле. Доктур керек болсо турбай эле точканы басып койсоң өзү чуркап келчү. Эми кудайга шүгүр, азыр деле жаман эмес. Башка ооруканаларга салыштырмалуу кыйла жакшы. Акыбалым дурус.

Шабдан КОЧКОРБАЕВ, Манас районунун Май айылынын тургуну, оорук ардагери:
- Согушка катышпаганыбыз менен оорукта жакшы эле эмгек кылдык. Черепашка деген буудайды отоп, машак терчүбүз. Тапкан-ташыганыбызды фронтко жөнөтүп турдук. Колунда жоктор тоок болсо да куурдак кылып майданга салып жиберишчү. Кийин №5 мектепти аяктап, 1949-жылдан тарта 50 жыл мугалим болуп иштедим. Партиянын "Саясий өз алдынча билим алуу" журналына алдыңкы мугалим катары чыккам. Алгачкы окуучуларым генерал Анарбек Шамкеев, депутат Алымбай Султанов. Буерге бир жылда эки жолу келем. Дарыгерлерге таарынычым жок. Врачтар бизди жакшы карашат. Өкмөттүн ушинтип карыларга каралашып жатканына ыракмат. Силер да ушинтип бизди сурап койсоңор, элге керегибиз бар экен деп кубанып калат экенбиз.

Азизбек АБДРАСУЛОВ, урология бөлүмүнүн башчысы:
- Азыр бир айда жыйырмадай согуш ардагери дарыланат. Бизге негизинен операция болчулар жатышат. Бөйрөккө, табарсыкка, заара каналдарына операция жасайбыз. Операция болордо ата-апаларды толугу менен медициналык текшерүүдөн өткөрүп, эки-үч күн даярдайбыз. Ардагерлер улгайган адамдар болгондуктан аденома оорусу көп кездешет. Беш киши жатса, анын төртөө сөзсүз операция болот. Урологиялык операциялар оор болуп, кан көп кетет. Кээде кан, плазма куюуга туура келет. Айрымдары өнөкөт бөйрөк, табарсык оорулары менен жарым жылда бир келип дарыланып турушат. Госпиталдагылар токко кактоо (физиолечение) курсунан өтүшөт. Баса албагандарды атайын лифт менен түшүрүп-чыгарып турабыз.

Усуке ЭРИБАЕВ, Аламүдүн районунун Арашан айылынын жашоочусу:
- 1922-жыл туулгам. 41-жылы сентябрда согушка кеткем. 1945-жылы 18-мартта эки жеримен жарадар болуп айылыма келдим. Төртүнчү Украин фронтунда душмандын огу сол жак жаагыман кирип, оң жагыман чыгып кеткен. Бакуда он бир ай жаттым. Үчүнчү Украин фронтунда ок ичимди тешип кетти.
Ушу убакка чейин ушинтип согуштун майыбы болуп жашап келатам. Азыр 89 жаштамын. Мурун бул жердин терапия бөлүмүндө дарыланып жүрчүмүн. Эми минтип урология бөлүмүндө табарсыктан операция болдум. Үч күн болду, жакшы болуп калдым. Жашым токсонго барып калса да, минтип сүйлөтүп аткан балдарга ыракматымды айтам. 27 небере, 18 чөбөрөм бар. 1945-жылы пенсияма 478 рубль алчумун, азыр 2700 сом. Ай сайын майрамдарга чакырып, сыйлап турушат. Аз калдыңар, силерди ушинтип туралы деп жатышат го (күлдү).
Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу, тел:386713, e-mail:melis@vb.ru







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??