presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күнжарык

Бала бакчалар "баса" баштадыбы?

Кыргызстандын бардык аймактарында бала бакча жетишсиз. Көпчүлүк имараттар менчиктештирилип кеткен. Бул өксүктү толтуруу үчүн алыскы аймактардагы кенже балдарды өнүктүрүү долбоору ишке киргизилген. Долбоордун негизинде республика боюнча биртоп бала бакча оңдолуп, кээси жаңы ачылып, мектепке чейинки бөбөктөр тарбия алышууда. Тоолуу Токтогул районунда аталган долбоордун алкагында бир нече бала бакча, ФАПтар бүткөрүлүп иштеп жатат.


Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Балачычкан айылында ушул долбоордун негизинде бүткөрүлгөн "Нурпейилим" бала бакчасы ишке киришти. Ата-энелердин айтуусунда, айылдык бөбөктөр окуганды, санаганды, ыр жаттаганды, бийлегенди үйрөнүп калышыптыр. Биз барганда балдар али тамга тааный элек жатып, өлкө гимнин толугу менен ырдап беришип, баарыбызды таңгалдырды.

Жыпар САТАРОВА, Жалал-Абад облустук долбоорду координациялоо бөлүмүнүн координатору:
- Долбоордун негизги талабы боюнча ачыла турган бакча айыл өкмөтүнүн балансында турган имарат болушу керек эле. Балачычкан айылында бош имарат жоктугуна байланыштуу "Нурпейилим" бала бакчасы өкмөттүк эмес уюмдун жетекчисинин колдонулбаган үйүндө ачылды. Үй толук ремонттон өткөрүлүп, оюн аянтчасы салынып, тегерек-чети тосулду, керектүү эмеректер алынды. Айылда 3877 адам жашайт. Андагы кырк бала ушул бакчада тарбияланып, эки тарбиячы эмгектенет. Балдар төрт саат ушул жерде окуп, тамга үйрөнүп, бир маал тамактанып үйлөрүнө кайтышат. Тарбиячылар атайын билими бар адистер.
Жалал-Абад облусу боюнча Токтогул, Чаткал жана Тогуз-Торо райондору ушул долбоор менен иштеп атат. Долбоор бул жердеги мамлекеттик эмес уюмдардын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, райондук социалдык маселелерди тейлөө бөлүмдөрүнүн көзөмөлү алдында ишке ашты.

Венера АЙТМЫРЗАЕВА, "Нурпейилим" балдар бакчасынын жетекчиси:
- Биздин айылда мектеп жашына чейинки 800 бала бар экен. Ал эми мектепке бара турган 66 бала бар. Ошолордун ичинен кырк бала "Нурпейилим" балдар бакчасынан тарбия алып жатышат. Балдарыбызды окутат элек деген ата-энелер көп. Көпчүлүк учурда кароосуз көчөдө ойноп жүргөндөн көрө, балдар билим алып, жамаатка аралашып, көп жакшы нерселерди үйрөнүшөт. Бир маал булочка же печенье менен ысык чай ичишет. Бакча 2009-жылдын март айынан баштап ишке киришкен. "Нурпейилим" балдар бакчасында "Алиппеге кадам", "Бал бөбөк", "Мектепке даярданабыз", "Наристе", "Мен жана айлана-чөйрө" ж.б. бөбөктөргө ылайыкташтырылган китептер менен сабак өтүлөт. Бала бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы мектепке барганда байкалып калат экен.

Анара КУЛЖАБАЕВА, Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу:
- Бул демилгени бакчанын башчысы Венера Айтмырзаева өзү баштап, долбоорго жетекчи болгон. Айыл округу катары бул бакчаны муниципалдык менчикке айландырабызбы, аны келечек көрсөтөт. Бирок, буларга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп жатат. Андан тышкары, чарба, тамак-аш, башка дагы муктаждыктарына жардам берсекпи дейбиз. Өз күчүбүз менен мындай бала бакча куруу мүмкүн эмес эле. Кийинки бала бакчалар Кара-Суу, Кара-Тектир, Кызыл-Туу айылында ачылат. Бакчада балдар сөзсүз бир маал укташ керек. Азыр ошол жагын ойлонуштуруп, дагы долбоор жазсакпы деген ойдобуз. Учурда ысык тамак берилбейт. Эгер айыл өкмөтүнүн бюджетине кирип калса, мектептеги 1-4-класстагы балдарга берилчү бир маал ысык тамакка буларды да кошсокпу деген ой бар.

Айнура КӨЧКӨНБАЕВА, даярдоо тайпасынын тарбиячысы:
- Азыр бала бакчанын таасири абдан чоң. Айылыбыз райондун борборунан алыс болгондуктан кызматта иштеген адамдар аз. Ата-энелер жайкысын көбүнчө талаа жумуштары менен алектенишет. Кышкысын баары үйдө болгондуктан бошпуз, балдарды өзүбүз карайлы, жайында иштеп бергиле деп айтышкан. Кышында бизге үч ай каникул болот. Анан марттан декабрга чейин иштейбиз. Жайында мектептеги балдар каникулга чыкканда бакча иштейт, себеби, ошол убакта айылда иш кычап турган кез болот.

Касым ӨСКӨНБАЕВ, Токтогул районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Биздеги эң чоң көйгөй - мектепке чейинки балдарды бакча менен камсыз кылуу, даярдоо класстарында билим берүү эле. Өткөн жылы мектепке чейинки балдарды тарбиялоо боюнча мыйзам чыккан. Ошонун негизинде жамааттык балдар бакчасы ачылды. Ушул сыяктуу долбоор 45 жерде иштеп, анын ичинен мектептин алдындагы 20 жамааттык бакчада мектепке даярдоо класстары уюштурулган. Ушул долбоор башталгандан бери Токтогул району сегиз миллион сомдон ашык иш аткарышты. Долбоордун негизинде район боюнча мектепке чейинки 1418 баланы даярдадык. Бизде бала бакча жетишпейт, ошентсе да мектепке чейинки балдардын 20 пайызын камсыз кылууга үлгүрдүк.

Чынара КҮБӨБАЕВА, Токтогул райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору:
- Токтогул районунда 16 ФАП болсо 12си ушул долбоордун негизинде толук капиталдык ремонттон өттү. Андан сырткары, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ремонт иштерин бүтүрүп алышты. Медициналык жабдыктар, аппаратуралар жаңыланды. Он эки ФАПка 876390 сомдук медициналык жабдык алдык. Союз учурунан бери оңдолбой калган ФАПтарга абдан жакшы болду.
Жамиля ТОПЧУБАЕВА, Балачычкан айылындагы ФАП башчысы:
- Бул жерде иштегениме 32 жыл болду. Кенже балдарды тарбиялоо долбоору өтө жакшы жыйынтык берди. Айылдагы ФАП ичи-тышынан бери оңдолуп-түздөлдү. ФАПта бир фельдшер, төрт медсестра, бир дары сатуучу иштейт. Керектүү дары-дармектерди дарыканадан алышат. Бул жерде бардык дарылар сатылат. ОМСтин бекер таратуучу дарылары да бар.
Балачычкан айылындагы ФАПка барганыбызда дубалдарда илинип турган ар кандай оорунун себептерин чагылдырган орус, өзбек тилиндеги плакаттар көзгө чалдыкты. Мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз дегенибиз менен орус же өзбек улутундагы бир да адам жашабаган айылда өзбекче, орусча плакаттардын илинип турганы таңгалдырды.

Манаркан КАЛЫБАЕВА, Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылындагы №4 Нургазы Биримкулов атындагы гимназия мектебинин директору:
- Ушул долбоордун жардамы менен класстан тышкаркы иштерди аткаруучу, кол өнөрчүлүк жасай турган бөлмөлөрдү жасап алдык. Ал жерге керектүү эмеректер алынып, мектептин ичине жамааттык бала бакчаны ачууга жетиштик. Жалпы долбоор алты айдын ичинде ишке ашты. Бизде кенже курактагы жана мектепке чейинки балдардын эки тайпасы бар. Балдарга төрт гана саат сабак өтүлөт. Аларга дайыма эле сабак өтө бербей, кол эмгек, сүрөт тартуу, таанып-билүү, аң-сезимин өстүрүүчү программаларды, мультфильмдерди көрсөтөбүз. Биздеги негизги максат - балдарды мектепке даярдоо. Биринчи жылы жамааттык бакчадан келген 32 баланы тарбиялап, мектепке киргизгенбиз. Кийинки жылы 42 бала болду, быйыл 51 бала бар. Бул жердеги даярдоо тобундагы мугалимдердин, тарбиячылардын эмгек акысы бюджет тарабынан чечилген. Мектептеги мугалимдердин балдары үчүн атайын тайпа ачтык. Бул бакчага биздин мугалимдер балдарын алып келишет.

Мисалкан КАБЫЛБЕКОВА, №2 "Арча-бешик" балдар бакчасынын башчысы:
- Бакчада балдар үчүн спорттук зал ачылды. Буга чейин биз сыяктуу мекемелер унутулуп калганбыз. Биздин бакчанын чатырынан суу агып, кыйын акыбалда турганда ушул долбоор тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы эмеректер, телевизор, ДВД алынды. Андан сырткары, ата-энелер жамаат менен бирдикте өзүбүзчө фонд ачып, каражат чогулттук. Балдар ойноочу аянтча ачылды. Биздин бакча 140 балага ылайыкташтырылса, учурда 208 бала келет.

Үч-Теректин 11111 жашоочусу
Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтү айылдагы маданият үйүнөн эки чоң залды бөлүп берип, ушул долбоордун алкагында жамааттык бала бакча ачылган. Айыл өкмөтү электр энергиясы менен камсыздап, ал жерде иштеген жети адамга жергиликтүү бюджеттен айлык каралган. Андан сырткары, бакчадагы балдардын ысык тамагына жардам берилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Үч-Терек айылынын жашоочуларынын саны 11111 болгон. Бир деген сандан бешөө удаа келгенин айылдыктар жакшылыкка жорушууда.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, nazik@vb.kg 38-67-13,




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??