presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров

Дайыр ИсмадиЯров "Кара көз" деген ырына Кой-Таш айлында клип тартты. Клипке тартылам деп тоонун суук шамалында майкечен жүрө берип, белине суук тийгизип, сыркоолоп калган. Бирок ага карабай, Дайыр 23-24-мартта Нарында, 12-13-апрелде Ошто, 15-апрелде Жалал-Абадда, андан ары Баткен, Кара-Кулжада өтө турган концертине даярдык көрүүдө.


Аттестациядан ким өтпөй калды?

Жакында маданият агенттигине баш ийген Бишкек шаарындагы театрлардын жетекчилери аттестациядан өтүштү. Жетекчилер өзүлөрүнүн иш алпаруу жөндөмүн, дүйнө таанымын, интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алышты. Тилекке каршы, Бишкектеги аттуу-баштуу эки театрдын жетекчиси аттестациядан өталышпай, алты айдан кийин дагы бир жолу келери айкын болду.


"Алымканды" неге эркек ырдабайт?

Кыргыздын ырчы кыздарынын ичинен эң сексуалдуу, өтө ачык сүйлөп, ичине кир сактабаган Айжан ГАЗИЕВА 19-мартта Ош шаарында боло турган өзбек ырчысы Шахзоданын концертине чакыруу алды. Шахзоданын концертин уюштуруучулар кыргыз ырчыларынын ичинен Айжан айымды, Айдин Шерди жана "Агама" бийчилер тобун кошо чакырышкан экен. Айжан мындан тышкары жыл сайын жаз айында өтүүчү джаз фестивалына чоң даярдык көрүп, "Алымканды" жана чет тилде да ыр созмокчу. Учурда "Аура" джаз тобу менен биргеликте фестивалга даярданып аткан кези.


Биринчи дайыма билим

Жаш ырчы Бегимай Эсенгулова окуусуна байланыштуу чыгармачылык тыным алып жаткан кези. Ошентсе да продюсери экөө Мукан Рыскулбековдун "Чын эле мен сени таптымбы?" деген ырын жаңыча аранжировкалап, ырдап чыгууга даярдап жатышыптыр. Туризм академиясынын биринчи курсунда окуп жаткан Бегимайдын продюсери Динара Эсенгулова "ал азырынча биринчи билим, анан чыгармачылык деген принципте жүрөт" дейт.


Кутман Жолдошев кургак ырдабайт

Дайыма салмактуу ырларды ырдаган ырчы Кутман ЖолдошЕв өзүнүн аткаруусундагы ырлар жыйнагын чыгаруу аракетинде. Ырчынын айтымында, жыйнак жай айларынын башында чыгат. "Жакында обончу, аткаруучу Арзыбек Бедияровдун эки ырын угармандарга тартуулайм. Негизинен акыркы убакта элдик ырларга басым жасап жатам. Ал ырлардын өзөгүн калтырып, бир аз боек кошуп жаңыртып ырдасам деген ниетим бар. Чынын айтканда, азыр жүрөккө жете турган ыр, обондор жаралбай жатат. Элдин табити эски обончулардын обонун, элдик ырларды каалап турат" дейт ырчы.



Тамадалар парады

16-мартта Кыргызстандагы таанымал тамадалар борбордогу "Арзуу" ресторанына чогулушту. Белгилүү тамада Эшенкул Парпиев уюштурган кечеге Асылбек Өзүбеков, Борончу Кудайбергенов, Темирлан Сманбеков, кыздардан тилинен чаң чыккан Элмара Турсуналиева сыяктуу бир нече тамадалар келишкен. Жалал-Абаддан жол арытып Нуркан Калназарова аттуу айым да келген. Кечеге келген тамадалар "16-март үлпөт башкаруучулардын күнү" болсун деп белгилешти. Андан сырткары, үлпөт башкаруучулардын коому түзүлүп, Э.Парпиев төрагалыкка шайланса, басма сөз катчысы Бакай Шүкүров болду. Эми той-топур уюштурган адам эң мыкты тамада керек десе Э.Парпиев чекесинен чертип туруп тандап берет.


Театр эмнеден башталчу эле?

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын ички абалы жана жетекчиси Н.Асанбековдун иши боюнча маданият агенттигинен атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынды. Ремонт бүтпөгөн театрда 2008-жылы бир да оюн коюлбаса, 2009-жылы "Манап бий" деген спектакль гана сахнага чыккан. Мындан сырткары, биртоп финансылык тартип бузуулар болгону да билинди. Комиссия өз жыйынтыгын маданият агенттигинин директору Ибрагим Жунусовго тапшырып, чара көрүүнү өтүндү.



Асемадан аз-маз кеп

Айтылуу Асема сулуу бүгүнкү күндө вокалга окуп жатат. "Атайын даярдыктан өтүп турбаса үн деле өз формасын жоготот" дейт ырчы. Мындан сырткары, ага белгилүү бир кинорежиссердон толук метраждуу фильмге тартылуу боюнча сунуш түшкөн. Бирок бул маселе азырынча толук чечиле элек. "Эгер эки тарап бир пикирге келсек, бул тууралуу кенен маалымат берем" дейт ал. Азыр жолдун камын көрүүдө. Себеби Асема Нооруздан кийин өз иштери боюнча Түркияга аттанат.


Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??