presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ооруктагы оор күндөр

"Көлдөлөңдөрдү кыркып кол кап, байпак түйчүбүз"

Улуу Ата мекендик согушта аталар майданда эрдик көрсөтүшсө, ооруктагы апалар алардан кем эмес кайраттуулук кылышкан. Ооруктагылардын жардамы, жөлөгү менен жеңишке жетишкенибиз да анык. Муну кан кечип, фронттон аман кайткан аталарыбыз да моюндашат. Ошондой апалардын бири, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жашоочусу, 14 баланы жарык дүйнөгө
апкелип, 90 жашка чыккан
Бурулуш ДӨӨЛӨТБАКОВА ооруктагы азаптарды айтып берди.
- Мен төрт доорду көрдүм. Өзүм 1920-жылы туулгам. Колхоз уюшулганга чейинки мезгил, колхоз уюшулуп согуш болгон доор, согуштан кийинки жакшы убак жана азыркы доор. Үркүндө эл менен кошо ата-энем да качып Кызыл-Тоонун бооруна барганда, тигил тараптан кытайлар аткылап кайра артка кайтышыптыр. Кыштын күнү Ат-Башынын Өзгөрүш деген жеринде карагайдын түбүнөн жертөлө казышып, жанына жаман боз үй тигип жашап калышканын энем көп айтчу. Мени энем кычыраган суукта, боз үйдө төрөптүр. Мен эс тартып калганда атам карагайдан арчындап эки бөлмөлүү үй салды. Азыркыдай айнек жок. Анын ордуна эчкинин терисинин жүнүн устара менен кырып, керип кагып койгон. Жалпак темирдин ортосуна тоң майды коюп, төрт жагына кебезден эшилген билик коюп үйдү жарык кылабыз. Кербендер ары-бери өтөт. Аларга мал берип ата-энем мата, сыр кашык, табактарды алып калышчу. Ошентип мал-жаныбыз көбөйүп, байый түштүк. Жакшы жашап жатканда эле колхоздоштуруу башталып, байлардын малын тартып алышып, өздөрүн кулакка тарта башташты. Атам жупуну жүргөн үчүн кулакка тартылбай калды.
8-класста окуп жатканымда согуш башталыптыр деп калышты. Ошо жылы атам мени мурун кудалап койгон жерине күйөөгө берди. Анан кудай бетин салбасын, айылда жалаң эле абышка-кемпир, жаш келиндер, аялдар калдык. 19 жашка толгон эркектердин баарын согушка алып кетишти. Айылда калган келиндерге да ошондо мылтыкты кантип атышты, жараатты кантип таңышты үйрөткөн. Күнүгө фронттон душмандар Ленинградды басты, Сталинградды алды деп кабар келет. Мен почтодо иштечүмүн. Уккан эле кабарды кагазга түшүрөбүз. Ошондо калем болсо кана. Кагазга эптеп көө, коргошун менен жазмай. Апаат учурунда талап ошондой болдубу, айтор, айылдык кеңеш башчылары элге катуу мамиле кылышчу. Бирок, согуш маалы болгон үчүн бирөө да аларга кың дечү эмес.
1941-жылы күзгө жуук элдин турмушу өтө оор болуп кетти. Фронттон кара кагаз келген сайын боздогон энелер "перед дебатып балдарыбызды кырды" деп Сталинди каргашат. Үйлөнгөнүнө эки-үч күн болгон кер мурут балдары келбей калса, кантип боздобойт. Кыскасы, 9-класстан өйдөкүлөрдөн калтырышкан жок. Ача-Кайыңды айылынын биз турган көчөсүнөн 13 бала кетти эле, алардан Абдразак, Бейшебай дегендер эле кайтты.
Согуш убагында далай азап-тозоктор болду. Айылда калгандардын далайы ачкадан, кара тумоодон өлдү. Ошол маалда мен колхозго бухгалтер болуп иштеп калдым. Ача-Кайыңды колхозунда согуш маалында 13 эле саан уй калган. Сүтүн саап чогултуп тартып сары май кылабыз. Сары майды топтоп фронтко жөнөтмөй. Көк сүттү элге бир литрден, жарым литрден кылып үйлөргө таратабыз. Тартылган сүт көк шишик болуп турган чал-кемпирге, балдарга эмне болот дейсиң. Уйлардын торпоктору торолгондо аларды эки келин, эки абышка жөө-жалаңдап Балыкчыга фронт үчүн айдап кетишет. Башка колхоздор да ошо кезде ушинтип фронтко колунан келгенин жөнөтүп турушту.
Жазга жуук баягы саан уйларды төрттөн коштоп соко айдайбыз. Төрт аял төрт жагынан уйларды шартылдатып сабайт, бир абышка жетелейт. Дагы бир абышка соко кармайт. Ошентип отуруп бир күндө туурасы эки метр жер араң айдалат. Бир айда бир гектирге жетер-жетпес жер бүтөт. Агезде буудай жок. Кийинки жылы ачка калбоону, фронтко да бир нерсе жөнөтүүнү ойлоп, элден аз-аздан чогултулган арпаны айдалган жерге себебиз.
Койлор аз, жүн жок болгондуктан аялдар көлдөлөңдөрдү кыркып жүнүнөн байпак, кол кап түйүп алып келишчү. Ошону байлаганга жип жок, кагаз жип менен эптеп ороп Нарынга жөнөтүп турдук. Кийим, самын жок болгондуктан баарыбыз биттедик. Тамак жок. Кайсы үйдө кара жарма болуп калса сурап ичмей. Кээлери бир казан чаңгыт жарма жасайт. Ошондон бир чыныдан ичип, эт жегендей болуп калчубуз. Ошо кезде элдин пейили кең болчу.
Адам деген бат өзгөрүлөт экен. Согуштан кийинки совет доорунда жашоо оңолуп, жыргап эле калдык. Бир кезде бир чыны талканга жетпегендер унду биринчи сорт, жогорку сорт деп тандап калышпадыбы. Бир мүшөк ун 13 рубль болчу. Колго унду уучтап, ага түкүрүп ийлеп көрүп кара ун экен деп чанбадыкпы. Чынын айтсам ошол доордо дөөгүрсүдүк, балам. Эми мына азыркы мезгилибиз өзүнчө доор болду. Азыр пейил начар, бири-бирибизди көрө албайбыз. Бир кезде он беш союз бир кишидей болсок, азыр бир Кыргызстан бириге албай чабышып жатат. Неберемдин соткесинен "коломтодо күлүңдү сат, колтугуңда жүнүңдү сат" деген ырды уктум. Азыр ошондой эле заман болуп калды. Менин айткандарымды салыштырып, жаштар, силер ойлонуп оокат кылгыла.
Мелис СОВЕТ уулу




 ...тегеренет көздөн жаш

Финн аялдары далай жоокерди кырган…

Улуу Ата мекендик согушта канчалаган эр-азаматтар өмүрү менен кош айтышса, кээси жарым жан жарадар болуп, алардын бардыгынын жаштыгы согушта калган. Алыскы Токтогул районунан кандуу согушка аттанып, жарадар болуп кайткан Бабан КӨБӨЙБАЕВ ата менен баарлаштык.
- Бабан ата, согушка чейин эмне кылчу элеңиз, кан майданга качан аттандыңыз?
- Токтогул районундагы Чоң-Арык айылында 1924-жылы туулгам. 8-классты аяктагандан кийин мугалим болуп иштеп, 1942-жылы фронтко кеттим. Ленинградда аскердик кызмат өтөп, финндер менен беш-алты ай согуштук. Финн жоокерлеринин көбү аялдар экен, ошолор менен согушууга туура келди. Жакшы куралданган аялдар армиясы биздин жоокерлердин биртобун кырып коюшту. Бирок биз аларды Норвегияга чейин сүрүп чыктык. Кайра кайрылып келип, Ленинград фронтунда болдум. Биздин айылдан жети бала согушка жөнөгөн элек. Үчөөбүз аман кайтып келдик, төртөө курман болушту. Фронттон жарадар болуп, экинчи топтогу майыптыкты алдым. Согуш бүткөндөн кийин улуу, үй-бүлөлүү кишилерди кое берип, жаштарды дагы кызмат өтөйсүңөр деп алып калышкан. Ошентип, 1949-жылы гана туулуп-өскөн жериме келдим.
- Ленинградды блокададан бошотууга катышып калдыңызбы?
- Блокада жаңы башталганда бизди Прибалтикага которушту. Ленинград курчоодо калганда аны бошотууга катыштым. Мени менен ротада токтогулдук Качкын деген жоокер бар эле. Кыргыздардан экөөбүз болчубуз. Кийин согуш бүткөндө экөөбүз тең аман-эсен мекенибизге кайтып келдик. Согушуп Берлинге чейин бардым. Немистердин территориясына өткөндө алар аябай коргонушуп, болгон күчүн жумшашты. Бирок, биздин армия баары бир күчтүүлүк кылды. Мен көбүнчө Ленинград, Эстония, Латвия, Литва жактагы фронттордо болдум. Бирок, 9-майды Лениградда тостум.
- Согуш учурунда тамак-аш жагы кандай болгон?
- Тамакка жетпей калган учур бир жолу болгон. Бизге келчү жолду немистер "кесип" салышып, үч күн тамак ичпей ачка калдык. Күз мезгили болчу. Ошондо аңызда жүгүрүп баратып, талаада жыйналгандан калган капустанын кабыктары, дүмүрлөрү жолугуп калса ала калып, окопко барып жеген учурлар болду.
- Сиз согушка баратканда Кыргызстанда турмуш кандай эле?
- Биз согушка аттанганда эл ток эле болчу. Фронтто жүргөндө гана бул жакта ачарчылык күч алды деп угуп калдык. Бияктагы туугандарым менен кат алышып турдум. Согуштан келсем апамдын көзү өтүп кетиптир, атам бар экен. Мага апамдын көзү өткөнү тууралуу кабарды айтышкан эмес. Апам алтымыштарга чыгып калган. Мени күтүп жүрүп көрбөй кетти.
- Согуштан келгенден кийин мугалимдик кесибиңизди эле аркаладыңызбы?
- Фронттон келгенден кийин мугалим болуп азыраак эле иштедим. Мени көп өтпөй райкомго инструктор кылып алышты, андан кийин бөлүм башчы болдум. Партмектепте окуп, сегиз жыл райкомдо иштедим. Кийин Токтогул колхозуна төрага кылып жиберишти, андан кийин профсоюзда эмгектендим. Ошол кезде жогору жакка чуркап жүрүп, Токтогул деген алыскы район, жакын жерде шаар жок, жаштардын баары мектепти бүтүп кесип алалышпайт деп, биринчи жолу биздин аймакка кесиптик-техникалык окуу жайын ачтырдым. Андан орто билимдүү көптөгөн адистер даярдалды. Азыр ошол окуу жай ишин улантып жатат.
- Согушту эстегенде кайсы мезгили көз алдыңызга тартылат?
- Согушту эстегенде немистердин бомба таштаган самолеттору көз алдыма тартылат. Ошондо качаарга жер таппай кайсалап калчу элек… Телевизордон согуш тууралуу фильмдерди көргөндө кандуу күндөр кадимкидей элестеп, көзүмө жаш тегеренет. Канчалаган жаш өмүрлөр кыйылды…
- Согуштан келгенден кийин үйлөндүңүз да...
- Ата-энем мени 16 жашымда эле үйлөнтүп коюшкан. Мен төрөлө электе апам боюнда бар курбусу экөө "эгер бирибиз эркек экинчибиз кыз төрөсөк балдарыбызды үйлөнтөбүз" деп бел куда болушкан. Апам мени, курбусу кыз төрөптүр. Ошондуктан экөөбүздү чоңойгондо эле үйлөнтүштү. Согушка баратканда бир кызым төрөлгөн. Фронттон келсем, кызым да, апам да өтүп кетиптир. Аялым башкага кетип калыптыр. Мен келгенче аялым коңшу Ленин деген колхоздон бир чалга турмушка чыккан экен, аны менен ажырашып, дагы башка турмуш куруптур. Согуштан аман-эсен келгенимди угуп, анын жеңелери коштоп алып, "эч кимге тийген эмес, сени күтүп эле жүргөн" деп келишиптир. Анын жайын атам менен бир тууган эжем билишет экен, урушуп алдырбай коюшту. Атам болсо башка аял алган экен. Андан кийин мен да үйлөндүм. Азыр кудайга шүгүр, он баланын ата-энесибиз, небере-чөбөрөлөр бар. Балдарым үйлүү-жайлуу болуп кетишкен. Үйдө байбичем экөөбүз элебиз. Алган пенсиям 2000 сом. Жакында президент ардагерлердин пенсиясына акча кошот экен дегенди угуп калдым, ал жардамды ала элекмин… Эми элибизде тынчтык болсун, биз көргөн күндү азыркылар көрбөсүн. Эң негизгиси, ынтымак бекем болсун.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??