19.03.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ат жалында маек

Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
17-мартта оппозиция уюштурган элдик курултай болду. Туура төрт күндөн кийин президенттин демилгеси астында ынтымак курултайы өтөт. Ал ортодо парламенттеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Максат Кунакунов өкмөттүн ишмердүүлүгүн катуу сынга алып, кесиптештерин министрлер кабинетинин отчетун "канааттандырарлык эмес" деп баалоого чакырды. Бирок, эл өкүлдөрү "парталашынын" мындай сунушун колдогон жок. Жогоруда келтирилген жана башка маселелердин тегерегинде түрдүү тармактын өкүлдөрүнө собол таштадык.

Жаныш КУЛМАНБЕТОВ, драматург,
ынтымак курултайынын делегаты:
"Министрлик кылууну көтөрөбүз"
- Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун шарапаты менен Маданият жана маалымат министрлиги агенттикке айланганы белгилүү. Буга көпчүлүк нааразы. Аталган агенттикке кайрадан министрлик статусун ыйгаруу демилгесин көтөргөндөр арбын. Искусство адамдары курултайда ушул маселени козгойбу?
- Кеп агенттик же министрликтин атында эмес, затында. Негизи маданият тармагы жаңыланууга муктаж. Ынтымак курултайында ушул маселеге өзгөчө басым жасалат. Атүгүл маданият тармагын реформалоо боюнча улуттук программа иштеп чыксакпы деп сүйлөшүп жатабыз. Ошондой эле курултайда агенттиктин структурасын өзгөртүп, кайрадан министрлик кылып түзүү демилгеси каралат. Биздин сунуштан кандай жыйынтык чыгарына кези келгенде күбө болобуз.


Бекташ КЫЛЫЧБЕКОВ, көзкарандысыз эксперт:
"Хамелеондор да бар"
- Айрым экономисттердин эсептешинче, ынтымак курултайына оңбогондой каражат жумшалат экен. Мындан улам "миллиондогон каражат коротуп курултайды өткөрүүнүн кажети бар беле?" дегендер да жок эмес. Сиздин пикир?
- Ачыгын айтсам, курултайга канча каражат сарпталарын билбейт экенмин. Бул туурасында расмий маалымат да жарыялана элек.
Ынтымак курултайы кимди же кайсы топту жараштырары бүдөмүк. Мен ушуга таптакыр түшүнбөйм. Мындан сырткары, делегаттардын арасында бийликке жагалданган адамдар, туруктуу позициясы жок "хамелеондор" жүрөт. Алардын сөзүн ким угары белгисиз.

Нурпазыл АТАМБАЕВ, ЖК депутаты:
"Сындан оңой нерсе жок"
- Ынтымак курултайы өз максатына жетерине ишенесизби?
- Президенттин мындай демилгесин колдойм. Ынтымак курултайы - эл менен бийликтин ортосундагы мамилени мындан дагы жакшыртарына көзүм жетет. Себеби, жыйында карапайым калктын атынан шайланып келген делегаттар элдин көйгөйүн көтөрүп чыгып, аны чечүүнүн жолун талкуулашат. Анан орто жолдо "курултай кайсы кыйраткан маселени чечмек эле" таризинде нааразылангандарга таптакыр түшүнбөйм. Четте туруп алып сындагандан өткөн оңой нерсе жок. А бирок, иш жүзүнө келгенде көпчүлүгү унчукпай калат. Минтип айыл-айыл, оппозиция-позиция болуп бөлүнбөй, мамлекеттин эртеңи үчүн биргеликте эмгектенсек дейт элем.


Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору:
"Бийлик динге кайдыгер болбосо"
- Ынтымак курултайында дин жаатындагы көйгөйлөрдүн кайсынысына өзгөчө көңүл бурулушу керек?
- Республикалык масштабдагы иш-чарага алгачкы ирет дин өкүлдөрү катышуу астында турат. Квота боюнча конфессионалдык жамаатка 20 орун бөлүнгөн. Анын ичинен ону исламчылар, төртөө протестанттык багыттагы христиандар, үчөө орус православ чиркөөсү, бирден орун католик, буддист жана иудаисттерге ыйгарылды. Биздин делегаттар негизинен бир диндин ичиндеги жана диндердин ортосундагы ынтымактык сактоо, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени жакшыртуу, диндин негизги баалуулуктары өлкө саясаты менен элдин стабилдүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүшү керектиги сындуу беш маселени талкууга коюуну пландашууда. Буга бийлик кайдыгер карабай, тийиштүү чараларды көрөт деп күтөбүз.


Сейит ЖААНБАЕВ, Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Мунасага келген жөн"
- БЭКтин лидерлери ынтымак курултайына катышуудан баш тартты. Эки жээктин тиреши токтобой улана берсе, ал кандай аякташы ыктымал? Бийлик менен оппозиция канткенде ымалага келет?
- Оппозиция элдин эртеңин, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн ойлосо ынтымак курултайына катышса жакшы болмок. Анда өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтууга зор өбөлгө түзүлмөк. Тилекке каршы БЭК өзүнчө, бийлик өзүнчө курултай уюштуруп, карапайым калкты жаат-жаатка бөлүп коюшту. Натыйжада карапайым калк гана зыян тартты.
Эл оппозицияга эмне үчүн ишенбейт? Анткени 2006-2007-жылдардагы митингдерде катардагы атуулдарды укук коргоо органдарынын чеңгелине салып, өздөрү четке чыга беришти. Былтыркы президенттик шайлоонун айынан Балыкчыда бейкүнөө адамдар соттолуп кетти. Оппозиция лидерлери алардын тагдырына кызыгып да коюшкан жок.
Бийлик дагы, оппозиция дагы элдин, өлкөнүн келечегин ойлошу керек. Анүчүн тараптар мунасага келиши талапка ылайык. Муну жүзөгө ашыруу үчүн коалициялык өкмөт түзүлүп, анын курамына оппозиция лидерлери кириши зарыл. Мындай кырдаалда идеялардын күрөшү жүрүп, чыныгы оппозиция жаралмак.


Мирлан КАБЫЛАНОВ, ЖК кызматкери:
"Жаштар бийликке көбүрөөк келсе"
- Бийлик уюштурган курултайда жаштардын кандай орчундуу маселеси каралышын каалайт элең?
- Ата-бабаларыбыз байыртадан элдик курултайга чогулуп, көкөй кескен көйгөйлөрдү талкуулашканы айтпасак да түшүнүктүү. Мындай маанилүү жыйында жашына, ээлеген кызматына карабай, баары бирдей укукка ээ болушкан. Эгемендүүлүккө жеткенден бери "жаштар - биздин келечегибиз!" деп ураан чакырганыбыз чакырган. Тилекке каршы, айрым жаш саясатчылар эми гана бийлик бутактарына келе башташты. Муну жакшы саамалык катары баалайм. Бирок, бул чек болбошу керек. 23-мартта өтчү элдик жыйында жаш кадрларды жооптуу кызматтарга тартуу, аларды тажрыйбасын арттыруу үчүн өнүккөн өлкөлөргө жиберүү жагына көңүл бурушса деген тилектемин.


Бейшенбек АБДЫРАСАКОВ, ЖК депутаты:
"Жоготууларды азайтышса"
- Эл өкүлү Максат Кунакунов "Ак жол" фракциясынын жыйынында Үсөнов өкмөтүнүн жылдык отчетун "канааттандырарлык эмес" деп баалоо чакырыгын таштады. "Ак жолчулар" неге Кунакуновдун демилгесин колдогон жок?
- Бу жерде көп маселе бар... Азыркы министрлер кабинетинин иштегенине бир жыл толо элек. Мурдагы Чудинов өкмөтү деле аз убакыт иштеди. Негизи жыл сайын өкмөттү алмаштыра берген туура эмес. Мына ушундай критерийлерди эске алып, министрлер кабинетинин жылдык отчетун канааттандырарлык деп бааладык.
- Жеке сиз өкмөттүн акыркы кадамдарын кандай баалайсыз?
- Ачыгын айтканда, бааларды жогорулатуудан мурда энергетика тармагында жоготууларды азайтыш керек эле. Маселен, бир жылда электр энергиясынын 40%ынын дайыны чыкпай калат экен. Ал 6 млрд. долларды түзөт. Керектөөчүлөр жаңы тарифтин негизинде төлөсүн дейли. Кашайып, анын 40%ы жоголуу коркунучуна кептелгени атпайбы! Мындан эл деле, өкмөт деле пайда таппайт…


Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Илгеркилер чоң казатка аттанчу"
- БЭК лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү режимге каршы күрөштүн башталышынын алдында атайын уюм түзүүгө элден бата сурады. Буга улай оппозиция жеңишке жетерин баса белгиледи. Бекназаровдун айткандары канчалык деңгээлде жүзөгө ашуусу ыктымал?
- Азимбек мырза кандай күрөшкө чыгып, эмнеге жетишем дегенин ачык айткан жок. Илгери эр жигиттер Бекназаровчосунан элден бата сурап, чоң казатка аттанчу. Демек, оппозиция тыңчыкмасынын "бардыгыңар менин артымдан ээрчигиле" маанисинде чакырык таштап, элден бата сураганы демократиялык принципке сыйбайт. Андыктан, Азимбек Анаркулович бийлик менен күрөшүүнүн атамзамандагы методун эмес, демократиялык принциптерге туура келе турган жолун тандаганы оң.
Бекназаровдун сөзүнө караганда, оппозиция-бийлик эрегиши муну менен токтоп калбайт. Ал дагы күчөйт. Ушул факт Кыргызстан Молдовадагыдай кырдаалга жакындап бараткандыгын айгинелейт.

Алманбет ШЫКМАМАТОВ,
"Ата мекен" партиясынын аппарат жетекчиси:
"6 миң адам аз эмес"
- Элдик курултайга 1,5-2 миңдин тегерегинде адам катышты. Ушул көрүнүш карапайым калктын оппозициядан көңүлү калганын айгинелебейби? Жамы журттун ишениминен кеткен оппозиция эми бийлик менен кантип күрөшөт?
- Силердин маалымат жалган. Курултайга бери дегенде 5,5-6 миңге жакын жаран келди. Экинчиден, Бириккен элдик кыймыл (БЭК) саясый иш-чарага генералдык даярдык көргөн эмес. "17-мартта элдик курултай өткөрөбүз" деп гана ураан чакырган. Ошого карабастан 6 миңге чукул адам катышып отурат. Андыктан карапайым калк оппозицияны колдобой калды дегендер чоң жаңылышат.