presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ибараттуу инсан

"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
Жумакем жети кырдуу, бир сырдуу Адам. Бир сырдуу дегеним - турмуштун ашуу-кечүүсүндө айткан сөзүнө тура билген, шертинен кайтпаган, эки сүйлөбөгөн мүнөзүнөн жанбай келет. Ал мүнөзүн задисине тарткан заманга да, саясый бороон-чапкынга да ылайыкташтырган жок. Анткенге бүтүндөй жашоосунун тирөөчү болгон тунук акылы, аны коштогон терең билими жол бербей келди. Мындай жашоо сейрек жаралган инсандардын гана тагдырына буйруган жана ал бүтпөгөн күрөштөн турат экен.
Мен Жумакем менен таңды бирге атырып, күндү бирге батырып чогуу жүргөн жокмун. Анда-санда эле көрүшүп калабыз. Бирок ар бир жолукканда көкүрөгүм толуп кайтам. Ири инсандардын эл алдында сүйлөгөн сөздөрү, басма сөздөгү маектери, жазган китептери эле жылдап баарлашканга тете эмеспи. Ошондой учурлардан алган асерлеримен а кишинин жети кырын чыгарсам дейм (мүмкүн жетимиш кыры бардыр, болсо жакындан билгендер ачаар).
Биринчи кыры - азаматтыгы. "Жылкыда да жылкы бар, казанаты бир бөлөк, жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк" деген калк накылы бүгүн Жумакеме айтылгансып туру. Азаматтык - адамкерчиликтин бийик чеги. Аны ар ким эле уучтап туралбайт. Бирде болбосо бирде жаза басса азамат аброюна так түшөт. Анын кетмеги азап. Жумаке азаматтык бийигинен төмөн түшпөй келет. Ал ар нерсеге бүркүттөй шаңшып көккө көтөрүлүп, тээ бийиктен көз салганга жетишти.
Экинчи кыры - улутуна деген адалдыгы. Чын берилгендиги. Улут туусуна жел тийсе каруусу менен жөлөй билгендиги. Тоталитардык замандын амбразурасы татырата атып турганда, өлкөнү орусташтыруу саясаты унчуккан эле кишиден улутчулду көрүп, тамырын танка менен жулуп турган кезде партиянын борбордук комитетинде иштеп туруп (!) "Кыргыз тили мамлекеттик тил болуш керек!" деп башын баталгага койгон эр жигит болгонбу? Болгон! Ал Жумагул Сааданбеков болчу. Антип алысты көрө билген, өз элинин тагдыры үчүн оттон-суудан кайра тартпаган азамат гана айталмак. Айтып эле тим болбой, ал ишке ашканга чейин тикесинен тик турду. Карьерасын тобокелге салды. Партия ал үчүн башынан сылаган жок. Ал ошондой өткүрлүгү менен артында келаткан муундардын улуттук аң-сезимин ойготту.
Үчүнчү кыры - Азиянын уулу болгондугу. Чыңгыз Айтматовдун романында поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттаганы тууралуу рефрен бар. Ал эми поезд дегениңиз бир кезде цивилизациянын символу катары кабыл алынган. Демек, цивилизация чыгыштан батышка, батыштан чыгышка ооп турган. Муну тарых деле далилдейт. Деген менен Чыгыш дөөлөттөрү Батыштын акыркы кылымдарда дүркүрөп өскөн илимий-техникалык прогрессинин көлөкөсүндө калып, жашоонун бардык тармактарына Батыш модели таңууланып, Батыштын илимий теориялары, философиялык трактаттары кол тийгис аксиомага айланып бараткан мезгил болбодубу. Ошол "бийиктигине" ишенип алган Батыштын философтору "Чыгыштын эли дүйнөнү мифтик жол менен кабылдайт, а Батыштын эли болсо конкреттүү кабылдайт" деген түшүнүктүү илимге жаңы агым катары киргизип ийишкен. Ошондой кезде алыскы Кыргызстандан Самат Кадыров Эйнштейндин теориясын жокко чыгарат же Жумагул Сааданбеков Батыш философтору, политологдору менен полемикага чыгып, алардын адашкан көз караштарын көзгө сайып көрсөтөт деген эч кимисинин түшүнө кирген эмес.
Авторитаризмге арналган фундаменталдуу чоң эмгегинде Жумакебиз бүтүндөй Азия элдеринин атынан дүйнөлүк трибунада тура аларын далилдеди.
Төртүнчү кыры - мекенчилдиги жана намыскөйлүгү. Партиялык кызматта болобу, парламентте болобу, коомдук иштерде же жыйындарда болобу, Жумакебиз Ата журтка, улутка доо кетирген маселелерден жаны түтпөй, чиновниктердин жүздөн токсон тогузуна өтө мүнөздүү "кара башым аман болсун, балээсине калбайын" деп жүрөгү зирилдеп, эки кулагы дирилдеп турган бечара позицияны четке кагып, көздү умачтай ачкан аргументтери менен арстандай күркүрөп чыга калып жүрбөдүбү.
"Кылычты ар ким байланар, чабарына келгенде кандай жигит шайланар" дегендей, маселе көтөргөндөр көп, бирок анын түпкү маңызын, чечилиш жолдорун Жумакедей даана көргөндөр сейрек экен да. Балким мекенибиз Жумагул Сааданбеков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу эр азаматтары болгон үчүн саясаттын тар кечүүлөрүнөн өтүп келгендир.
Бешинчи кыры - улуттук өнөр менен маданият өкүлдөрүнө жаначырлык мамилеси. Жумаке ар дайым материалдык байлыктан руханий байлыкты жогору коюп келатат. Көлдө губернатор болуп турганда Майра Керим кызын чоң аренага алып чыгып, жакындан каралашканын, башка өнөр адамдарына жасаган жакшылыктарын санап отурбай эле бир мисалды айтайын. Бир күнү атактуу Советбек Жумадылов келип, "Алтымышка чыгыбатам, айылга барайын десем көп жылдан бери каттабаптырмын. Эми тойду кантип өткөрөрүмдү билбей турам. Губернаторго бир ооз айтып көрөсүңбү?" деп калды. Чынымды айтайын, ал кезде маданият кызматкерлерине жардам сурап облжетекчилерге көп эле кайрылгам. Бирок көпчүлүк учурда ар кандай шылтоолорду укчумун. Бу жолу да алда кандай жооп болот деп заарканып жатып телефон чалдым. Совекем карап отурат. Жумакем маселени шар чечкен киши экен, "келсин, өткөрөбүз!" деди. Эң сонун өткөрүп, алдына машина мингизип, шаардагы тоюңузду да өткөрөбүз деп жөнөткөн экен, Совеке шаарга канаты жайылып, кападан арылып кирип келди. Шаардагы тоюн да көтөрүп, Жумаке башында турду. Мындай мисал көп.
Алтынчы кыры - билгилиги. "Из 100 научных работников только трое делают науку, остальные - дармоеды" деген Карел Чапектин сөзү бар. Жумаке ошол үч кишинин бири. Жаштайынан көп окуган, жөн эле окуй бербей көкүрөгүнө сиңирип окуган, алган маалыматын билим көрөңгөсүнө куя билген, ал көрөңгөнү тынбай толтуруп, чайпалтпай, чайпалса төгүлтпөй, төгүлсө бөксөртпөй, бөксөрсө түгөнбөс кылып кайрадан толтуруп келет.
"Илими болгон менен билими жок турбайбы" деген кеп бар. Түп мааниси кызык. Билим деген жалаң эле бүтүргөн окуу жайлардын тизмесинен турбайт тура. Илгери билбегени калбаган кишини билги дешкен.
Жетинчи кыры - ойчулдугу. Жумакемдин китептерин же басма сөзгө чыккан маектерин окуганда, болбосо эл алдында, түрлүү жыйындарда сүйлөгөнүн укканда мурда укпаган чулу-чулу, салмактуу ойлоруна таң берип, сыймыктанып келатам. Жумакенин логикасы табиятынан эле чың соолукта жаралса керек дейм. Саясатчылардын көбү сүйлөп баштап анан барып ойлонуп кишинин ыйлагысын келтирип жатпайбы. Ал эми Жумаке кандай кырдаалда болбосун ойлордун жеңил артиллериясы каерден чыгып, оор артиллериясы каяктан кирерин даана, так билген киши. Анда күчтүү аналитикалык ой жүгүртүү бар. Ал биздин замандын саналуу ойчулдарынын бири.
Үшүнтүп тоодой кишинин кырларын ачам деп тамтаңдап алдым. Туура эмес айтсам катамды оңдочулар табылар. Акырында айтарым, Жумакем керек болгондо өз элинин кашынан табылып, илим-билимине артында келаткандар табынып, бал кымыздай жан сергиткен сөздөрүн нарк билгендер сагынып, торколуу тою болгондо тозбогон тон жамынып турсун! Өз бактысын өзү жасаган, өз элине ибарат бергендин мыкты үлгүсүн көрсөткөн агабыз маңдайыбызга сыйып турсун.
Түгөлбай КАЗАКОВ




  Жаман үйдү коногу бийлейби?

Өз жерибизге өзүбүз ээлик кылсак

"Туулган жердин топурагы алтын" дейт элибиз. Киндик кан тамган жеринин бир ууч топурагын алтынга алмаштырбай, ата-бабаларыбыз душмандардан коргоп келген. Ошондуктан ата конуш тууган жерибиз кымбат, аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек дейбиз. Бирок, жаратылышыбыздан кенебеген, анан да колу ачык берешен калк эмеспизби. Ошол кенендигибизден канчалаган гектар жерлерибизди коңшулаш өлкөлөргө берип коюп алалбай жатабыз. Мына ушундай талаш маселе биздин Ала-Бука районунда да бар.
Райондогу Өрүктү айылдык округунун Орто-Токой айылына чектеш Касан-Сай (Орто-Токой) суу сактагычын Өзбекстан убактылуу пайдаланып жатат. Аталган суу сактагычтын курулушу 1939-жылы башталган. Ошол мезгилде ал жерде Кыргыз Республикасына караштуу Ленин атындагы колхоз болуп, ал аймакта 120 кожолук эл жашаган.
Кыргыз Эл Комиссарлар Советинин аткаруу комитетинин 1941-жылдын 22-августтагы №804 токтомунун негизинде 660 га, андан кийин 1957-жылы дагы 190 га, бардыгы болуп 850 га айдоо жер, азыркы күндө Өзбекстан пайдаланып келе жаткан Касан-Сай (Орто-Токой) суу сактагычын куруу үчүн берилген. Ал эми ошол мезгилде Орто-Токой айылында жашаган калк Ак-Там айылдык округунун (мурдагы Чанач айылдык кеңеши) аймагына көчүрүлгөн.
1957-жылы бул жерлер үчүн Өзбекстан тарабынан 1-Май айылдык округунун балансына 190 га жер өткөрүлүп берилген. Ал эми 660 га жер аянты Өзбекстан тарабынан ажыратылып берилген эмес.
СССР жоюлуп, ар бир республика эгемендүүлүккө жетишкен күндөн тартып, союз мезгилиндеги объекттер кайсыл мамлекетте жайгашкан болсо, ошол мамлекетке таандык боло тургандыгы белгиленген. Ошол себептүү бүгүнкү күндө жогорудагы аталган Касан-Сай (Орто-Токой) суу сактагычы Кыргыз Республикасына таандык болуш керек эле. Себеби суу сактагыч Кыргыз Республикасынын ичинде турат. Талаш маселе туудургудай Өзбекстан менен чектешпейт. Мындан сырткары берилген жер үчүн социалдык төлөм каражаттары, жер салыгы Өзбекстан тарабынан төлөнбөй келе жатат.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн 660 га жер аянты бизге кайтарылса жана суу алдында калган жер аянты үчүн социалдык төлөмдөр жана жер салыгы өндүрүлсө, районубуздун жана айылдык округдун социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүлүп, турак-жай куруу, чек ара маселелери чечилмек. Анткени азыркы күндө айылдык округда турак-жай куруу үчүн жер аянты жок.
Ошол эле мезгилде суу сактагычтын жээгиндеги 23,5 гектар суулуу жерди айрымдары Өзбекстандын, кээ бирлери Кыргыз Республикасынын каттоосунда турган бир нече үй-бүлө ээлеп алышкан. Кызыгы, бир эле үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жарымы Өзбекстандын, жарымы Кыргызстандын атуулдары. Анан калса алар эки өлкөгө тең жер участоктору үчүн салык төлөшпөйт. Тагыраагы, ар бири гектарлаган жерди акысыз пайдаланып жатышат.
Алар антип гектарлаган жерди ээн-эркин пайдаланып жатышканда, айылдык округдун 500 атуулу там арка жер үчүн кезекте турушат. Союз мезгилиндеги мыйзамга таянсак, Өзбекстан суу баскан жерге гана ээлик кылуусу мүмкүн эле. Ошондуктан жогоруда айтылган маселелердин негизинде суу сактагыч, андагы тиешелүү объекттер толугу менен мамлекетибиздин карамагына өткөрүлүп алынса, келечек муундар үчүн, жалпы эле өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңи үчүн чоң жумуш аткарылган болор эле.
Албетте бул маселени мамлекет башчылары көзөмөлгө алат деген ишеничтебиз.
Эң башкысы, өз жерибизге өзүбүз ээлик кылалычы, жаман үйдү коногу бийлейт болбой..
Өрүктү айылдык округунун тургундары.
Бардыгы 94 адам кол койгон.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??