19.03.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Милийсанын таягы кандуу

Сот адилеттиги ушубу?

Таланттуу кесиптешибиз Алмаз Ташиев 2009-жылы 12-июлда трагедиялуу өлүмгө кабылганы маалым. Аны биз ишенген милиция кызматкерлери сабап өлтүргөн. Ноокат райондук соту ушул жылдын 25-февралында журналисттин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар эки милиция кызматкерин болгону эки жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Биз бул тууралуу Алмаздын иниси Мелис ТАШИЕВдин пикирин уктук.

- Окуянын кандай болгонун айта кетсең?
- Мен 4-июль күнү жумуштан кечирээк, саат жетиге жакын келгем. Аңгыча кошуна кыздардын бири "агаң Алмаз менен классташы Русланды ПОМдун жанында жолдун ортосунда милиция кызматкерлери сабап жатат" деди. Апама айтпай эле эжем экөөбүз айылдын борбору Жаңы-Базарга милициянын бөлүмүнө жөнөдүк. Барсак бөлүмдө нөөмөттө турган милиция кызматкеринен башка эч ким жок экен. Коридор кан болуп, ал жерде Алмаздын талкаланган көз айнеги жатыптыр. Нөөмөттө турган милиция кызматкеринен аталган милиция бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Осмоновдун телефонун алып, андан Алмаздын кайда экенин сурадым. Ал агам Ноокат РИИБисине камалганын айтты. Барсам, ал жерде да жок экен. Кайра бөлүмгө келдик. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча агам Алмаз Ташиев менен анын классташы Руслан Кулушевди ошол 4-июлда Жаңы-Базар айылындагы милициянын бөлүмү жакын турган дүкөндө спирт ичимдигин ичип отурган 14 милиция кызматкери сабаган. Алардын көпчүлүгү четке чыга берип, алгач беш милиция кызматкери, андан кийин экөө гана - Шүкүр Нурматов менен Баатырбек уулу Нургазы бул кылмыш ишине жоопкер болуп калган. Укканыбызга караганда, Алмаз ошол 4-июль күнү түндө Ноокат РИИБине да жеткирилген эмес. Ал 5-июлда эртең менен Ноокат аймактык ооруканасына түшкөн. Аны мага таңкы саат жетиде ошол жакта жашаган бир эжебиз кабарлады. Барсам Алмаз ооруканада кадимкидей эле басып жүргөн экен. Бирок мени көрүп тааныбай, "Бакыт аке, кечирип коюң, Бакыт аке, кечирип коюң" деп коркуп, качып жөнөдү. Көрсө, басып жүргөнү менен акыл-эси ордунда эмес экен. Тилекке каршы, кийинки күн медицина кызматкерлеринин майрамына туш келип, Алмаз ооруканада эки күн кароосуз калды. Бул жерде райондук оорукананын врачтарынын да күнөөсү бар. Томографияга түшүрсөк, мээсине кан уюп калганы белгилүү болду. Кийин эч нерсени билбей жатканда аны сабаган милиция кызматкери Шүкүр Нурматов "журналисттин дары-дармегине кеткен чыгымды төлөп берем, аны мас абалында уруп койгонумду мойнуна алам" деп тил кат жазып берген.
- Соттун жыйынтыгы кандай болду?
- Башында бул иш боюнча беш милиция кызматкери күнөөлөнүп жаткан. Ушул жылдын 17-февралында чечим чыгып, ал боюнча Шүкүр Нурматов менен Баатырбек уулу Нургазыны 16 жыл эркинен ажыратуу суралган. Бирок күнөөкөрлөрдүн жактоочулары бул чечимге көнбөй, 25-февралда угузулган өкүмдө агамды өлтүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар жогорудагы мурдагы милиция кызматкерлери болгону эки жылга гана шарттуу кесилиптир.
- Буга чейин беш жигит күнөөлөнүп жатпады беле...
- Кожонов Замир, Турдукулов Айбек, Абылкасымов Камчы сот залынан бул кылмышка тиешеси жок деп бошотулуп, алар учурда МАИге орношуп алышты.
- Алардын күнөөсү далилденди беле?
- Ооба, күбөлөр беттештирүүдө Алмазды сабап жаткан учурда алардын кимиси кандай аракет жасаганын айтып беришкен.
- Мындай жеңил өкүм чыгып калышына эмне себеп деп ойлойсуң?
- Иш тергөө учурунда ары-бери калчанып жаткан. Көрсө "карга карганын көзүн чукубайт" принциби иштей баштаган экен.
- Бул кылмыш иши кимдердин колунан өткөн?
- Кылмыш ишинин изилденишине Ноокат райсотунун төрагасы Сатыбалды Ташбаев, прокурор Сүйүн Сатыбалдиев, Ноокат райсотунун судьясы Марс Исманов жоопкер.
- Сөөктү текшерүүдө судмедэкспертизанын жыйынтыгы кандай болду эле?
- Өзүм киришип, агамдын союлуп, ичеги-карыны ары-бери оодарылып жатканын карап турган учурдагы экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын мушташ убагында оор соккудан башына жарака кетип, сынган сөөк мээге сайылып калгандан улам өлгөнү аныкталган. Кийин документтерди оңдошуп, жабырлануучу менингиттен улам өлдү деп коюшуптур.
- Эмки кадамыңар кандай болот?
- Албетте, өкүмгө нааразыбыз. Бул маселе боюнча мени райондук сот кабыл албай койду. Азыр биздин жактоочулар бул боюнча иштеп жатышат. Эмки үмүт Жогорку сотто.
- Жакында сага Ноокат РИИБиси кылмыш ишин козгогон экен...
- Базарда эт саткан соодагер мага начар эт берип коюптур. Жыттанып кеткен экен. Өңү капкара. Аны караңгыда көрбөпмүн. Эртеси эт саткан кишиге алпарып бердим. Ал жерден экөөбүз айтыша түштүк. Ошол учурда күзөт бөлүмүндө иштеген бир милиция кызматкери келип биздин ишибизге киришип, эч нерсени түшүнбөй эле мени сабап ийди. Кийин Ноокат РИИБисине чакырылдым. Көрсө, базарда отурган сатуучудан арыз жаздырып алышыптыр. РИИБиге үч жолу бардым, бири да көңүл буруп коюшпайт. Бул эптеп эле мени басынтыштын аракети. Албетте, мен бул өч алуу ким тарабынан уюштурулуп жатканын жакшы билем. Алмаздан кийин Ноокат РИИБисинин башчылары алмашып, мурдагысы аэропортко башчы болуп, ал жакта иштегени бул районго баш милиция болуп келген. Аты-жөнү Наватов Эркинбек. Азыр туугандарым "акыйкаттык жок, милицияга асылганыңды кой" деп тыйып жатышат. Мейли, 100 пайыз акыйкаттык болбосо болбой эле койсун, жок дегенде 30-40 пайыз акыйкаттык бардыр акыры. Менимче, Жаңы-Базар айылындагы ПОМдун милициялары бул окуядан таптакыр сабак алган жок. Мына кечээ эле 17-мартта аталган ПОМдун кызматкерлери биздин Исманов айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кудайбергеновду сабап салып, азыр ал ооруканада жатат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Укса жакшы го

Келкели келген даткайым
2011-жылы айтылуу Алай ханышасы Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өтөөрү маалым. Бул боюнча кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу "Курманжан датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева айтып берди. Жаңы тартыла турган даректүү жана көркөм тасмалар, ошондой эле жыл ичинде Алай ханышасынын кыргыз элине өтөгөн эмгегине, тарыхтагы ордуна баа берген илимий конференциялар өткөрүлөт.
Тагдырдын татаал кезеңинде кыргыздын бир дубанын тынчтыкта кармап турган даңктуу датканын өмүр жолу, жасаган иштери жөнүндө жыл аягына чейин массалык-маалымат каражаттары да чагылдырмакчы. Алар үчүн аталган фонд атайын сыйлыктарды уюштуруп, жарыяланган материалдар боюнча жыйынтыкты 15-декабрда чыгарат.
"Курманжан датка" кайрымдуулук фонду буга чейин бир топ оорулуу балдарга жардам берип келгени белгилүү. Эми ал журналисттердин да социалдык маселелерин, өзгөчө турак-жай куруу боюнча аракет кыла баштады. Фонддун төрайымы бул боюнча өлкө башчысы К.Бакиевге төмөнкүчө кайрылган: "Урматтуу Курманбек Салиевич!
Өзүңүзгө белгилүү болгондой массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик деп эсептелет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, ошол төртүнчү бийликте иштеген журналисттердин 90 пайызынын турак-жайы жок, жаш балдары менен батирлеп, оор шарттарда жашашат. Ошого карабастан журналисттердин талыкпаган эмгеги аркылуу президенттин, парламенттин, өкмөттүн, ошондой эле бизге окшогон өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка мекемелердин жасаган эмгектери өз убагында коомчулукка жетип жатат.
2007-жылдагы саясый кырдаалга карабастан, сиздин чоң аракетиңиз менен өлкөнүн намысы болгон, дүйнө жүзүндө аброю бийик ШОС уюмунун иш-чаралары жогорку деңгээлде өткөнү тууралуу маалыматтар журтчулукка жана дүйнө жүзүнө бир гана журналисттер аркылуу жеткендиги талашсыз чындык.
Референдум, Жогорку Кеңешке шайлоолор жана президенттик шайлоо ийгиликтүү өттү, бирок эгемендүүлүккө 19 жылдын жүзү болсо дагы, элге нандай керек болгон маалыматтарды өз убагында жеткирип турган ары абройлуу, ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү, ошону менен бирге өтө кооптуу "журналист" деген кесиптин ээлеринин жашоо-шартына мамлекет тарабынан алгылыктуу көңүл бурулбай келе жатат.
Биздин фонд журналисттер менен тыгыз иштеп, алардын жашоо-шарттарын жакындан билгендиктен, сизге төмөнкүдөй кайрылууну туура таптык. Себеби бул өтүнүчкө сиз кайдыгер мамиле жасабай турганыңызга ишенебиз.
Кийинки учурда сиз өзүңүз демилге көтөрүп, Бишкек шаарында кайрадан турак-жай куруу маселесин жөнгө салып коюу менен тим болбостон, укук коргоо кызматкерлерине, маданият ишмерлерине, майыптар үчүн үйлөрдү курууга көптөгөн көмөк көрсөттүңүз. Ушундай жардамга медициналык кызматкерлер, мугалимдер жана журналисттер дагы муктаж.
Ошондуктан урматтуу Курманбек Салиевич, мамлекеттик жана эркин массалык маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттердин эмгегин эске алып, алар кайсыл массалык маалымат тармактарында иштебесин, борбор калаабыздан атайын журналисттерге арналган көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берүүңүздү суранаар элек. Эгер бул маселе чечиле турган болсо, журналисттер өздөрү да квартиранын негизги суммасынын 20 пайызын табууга аракет жасашмак.
Ал эми үйлөр курулуп, республикадагы бүт ММК өкүлдөрүнө акыйкат берилсе өмүр бою ыраазы болушмак, ошондой эле эл үчүн жана мамлекетибиздин өсүшүнө мындан ары зор салымдарын кошо беришмекчи".
Жогоруда айтылгандар ишке ашса, ыраазы болуудан башка не демекпиз.
Нурканбек
КЕРИМБАЕВ