presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Окусаңар ашыктык кылбас

Эки түркүктү бекемдесек
Мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу, маданий мурастарыбызды сактоо жана өнүктүрүү, табиятты коргоо, элдин билим деңгээлин көтөрүү, мамлекеттик тилдин келечеги жана улуттун ден соолугу үчүн кам көрүү сыяктуу маселелерди чечиш үчүн ынтымак курултайы чакырылып жатканы барыбызга белгилүү.


Аталган маселелердин бардыгы тең кыргыз элинин азыркы таптагы өнүгүүсүнүн эң зарыл жана орчундуу маселелеринен. Ушул маселелердин бардыгы тең алдыдагы курултайда чечилиши керек жана жакынкы арада баары ишке ашырылышы зарыл.
Антпесек улут катары алсыздыгыбызды, чабалдыгыбызды моюнга алып, мындан аркы өнүгүү жолубуздан адашып, эртеңки келечегибизден күмөн санап, улут болбой калышыбыз мүмкүн. Андай абалга Кудай жеткизбесин.
Анткени алты миң жылдан бери бизди эл катары сактап келе жаткан ата- бабаларыбыздын арбактары андай нааданчылыкка жол бербес деп ойлойм.
Ошондуктан жогоруда аталган көйгөйлүү маселелердин ичинен биринчи иретте аткарыла турган эки гана маселеге коомчулуктун көңүлүн бургум келет.
Биринчиден, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу.
Белгилүү кыргыз-өзбек чегара азабы, кыргыз-тажик чегара маселеси мамлекеттик чиновниктердин айтуусунда "закон ченемдүү түрдө өнүгүп жана чечилип жатат".
Ал эми иш жүзүндө болсо чегара меселеси күндөн күнгө чиеленишип бара жатат.
Менин түшүнүгүм боюнча эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн тартып ээрге кыйшык отуруп алган окшобойбузбу. Анткени коңшу мамлекеттин жетекчилери биринчи күндөн тартып эле өз республикаларынын аймагында жайгашкан мурдагы союздук ишкана-мекемелердин жерин, оокатын мамлекеттин менчигине айлантып, бирөөндө калган карыздарын доолап алып, жерин, малын, оокат-мүлкүн, байлыгын кеңейтип жаткан убакта биз, кыргызстандыктар, "демократиялык мамлекет болобуз" деп дүйнөгө жар салып, жерди, малды, колхоз-совхоз, завод-фабрикаларды менчикке таратып берип, "рынок экономикасынын закону ушундай экен, силер мындан ары мамлекеттен жардам сурабай өзүңөрчө оокатыңарды кылгыла" деп түртүп коюп, ар ким алы жетишинче өз кызыкчылыктары менен алек болуп келишти.
Мындай талоонго түшкөн мамлекеттин байлыгына кимдер гана көз артпайт? Албетте жер, оокат эмне экенин билген, түшүнгөн чарбачыл коңшу мамлекеттердин жарандары бул башаламандыктан пайдаланып калышты.
Эми гана эгемендүүлүктүн 18-19-жылдарында өзбек чегарачылары кыргыздын жигиттерин атып алып үйүнө сүйрөп кетип жатканда эсибизге келип, "ай, эмнеге биздин балдарды сүйрөп кетип, кайра бизге доомат коюп жатасыңар?" деп сураганга кудуретибиз жетип отурат.
Атаганат, түштүктө Курманбек баатырдын тукумдары бүтүн кырылып, жалаң эле суу жүрөк, көр оокаттан башы чыгалбаган кайдыгер жигиттерибиз калганбы?..
Аларды көргөн байкуш чегарачылар эмне кылат? Көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болуп, иши кылып эле күн өтсө болду деп дембелди күтүп жатышса керек.
Айланайындар, айткылачы, силерде улуттук намыс деген түшүнүк барбы?
Экинчи зарыл маселе - мамлекеттик тилдин келечеги үчүн кам көрүү.
Кыргыз тили Кыргызстанда мамлекеттик тил болуп калыптанышына кыргыздын мыкты уулдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов башын сайып коюшуп, канын, жанын аябай элине эмгек кылышты.
Эсиңиздерде болсо керек, 1961-жылы КПССтин идеология боюнча өкүлдөрү маркум Исхак Раззаковду улутчул деген кине менен ишинен алып, "мындан ары кыргыз тилин орус мектептеринде, бала бакчада жана ЖОЖдордо окутуу окуучулардын өз ыктыяры менен болот" деп тынышты.
Натыйжасында, кыргыз маңкурттарынын "атагы" бүткүл дүйнөгө маалым болгондо гана, 1987-жылы 4-5-декабрда ошол кездеги Фрунзе шаарында "Маданият тармагында улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу" темасында республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ошондо Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн бүткүл дүйнөлүк кадыр-баркын, бийик авторитетин сайып коюп кыргыз тилинин кайгылуу тагдыры жөнүндөгү чыркыраган чындыкты айтып чыкпадыбы. Ошол жерде Айтматов Айтматов болбогондо күйүп кетмек.
Кийинки жылы "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили" жөнүндө закондун долбоору эл арасында кеңири талкууланып, бир жылдан кийин закон кабыл алынды.
Андан бери 20 жылдан ашык убакыт өтсө дагы кыргыз тили толук кандуу мамлекеттик тил катары колдонулбай келет. Себеби эмнеде?
Менимче, биринчиден, мамлекеттик тил эгемендүүлүктүн бирден бир негизги түркүгү болгондон кийин ал бирөөнө жагабы же жакпайбы, дагы бирөө каалайбы же каалабайбы, кыргыз мамлекетинин жараны болгондон кийин ал кабыл алынган законго баш ийип, анын бардык жоболорун аткарышы абзел.
Ошондуктан Кыргызстандын ар бир инсаны бала кезинен мамлекеттик тилде сүйлөп үйрөнүшү закон ченемдүү шарт. Ошол эле убакта 767 миң өзбек улутундагы, 440 миң орус улутундагы жана 450 миң уйгур, дунган, корей, татар ж.б. улутундагы жарандарыбыздын уул-кыздары бала бакчадан баштап кыргыз тилин үйрөнүшсө, андан ары мектепте, орто жана жогорку билим берүү курстарында кыргыз тилинен кыйналбай-кысталбай өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул бир эле чети. Экинчи чети, алар өзүлөрүн биздин арабызда кадимкидей ыңгайлуу сезип, бардык коомдук же өздүк иштерде болбосун өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Андай адамдар турмушта түшүнбөстүктөн алыс болушат.
Азыркы убакта Бишкекте 200гө жакын бала бакча иштейт. Анын беш-алтысы гана кыргыз тилинде тарбияланышат. Калгандары орус тилдүү. Анын ичинде үч-төртөөндө гана жумасына бир-эки жолу кыргыз тилин үйрөнүшөт.
Ушундай көрүнүш 1 млн.го жакын калкы бар кыргыз мамлекетинин борбор шаары үчүн жетиштүүбү? Албетте, жетишсиз.
Менимче, мамлекеттик тилди өздөштүрүү жана өнүктүрүү мамлекеттик идеологиянын башатында турушу керек деп ойлойм. Анткени, бүгүндөн баштап Бишкек менен Оштун бала бакчаларынын жарымы кыргызча тарбияланышып, жарымы күнүнө бир-эки сааттан кыргыз тилин үйрөнүп турушса, беш-он жылдан кийин тил үйрөнүү жаатындагы бүгүнкү проблемаларыбыздын изи да калбай калышы ыктымал.
Карыбай Турусбеков, Бишкек




  Суранам, сунушумду кабыл алчы

Тарифти 50 пайызга төмөндөткүлө
Мен курултайга делегат эмесмин. Ошондой болсо дагы республикадагы эң маанилүү жыйын өткөрүлө тургандыгына кайдыгер калбай, төмөндөгүдөй сунуштарымды айтууну туура деп
таптым.
1. Өкмөт, Жогорку Кеңеш, калктын менчик мүлктөрүнө атайын жана ыктыярдуу камсыздандыруунун алгачкы уюштуруу каражатын мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүп берип, камсыздандыруу агенттиктерин тезинен түзүп, калктан каражат топтоосу керек. Бул ишке ашырылса, МЧС тарабынан колдоо көрсөтүлгөн ири өлчөмдөгү табигый кырсыктардан сырткары, өлкөдөгү майда өлчөмдөгү кырсыктардын көйгөйүн агенттиктин жардамы менен эл өздөрү эле чечип алышмак.
2. Республикадагы тоолуу, климаты катаал, сегиз ай кыш болгон айылдардын калкына колдоо көрсөтүү союздун учурунан бери бар. Демек, сегиз айда жылуулук энергиясы башка аймактарга караганда эки-үч эсе көп сарпталат. Кийинки мезгилде бул аймактарга кошулган коэффициенттерди кыскартуу жөнүндө айрым чиновниктер Жогорку Кеңешке сунуш даярдап жатат деп угуп жатабыз. Чынында ал коэффициенттерди кыскартса адилетсиздик болуп калат. Ансыз деле борборго агылып жаткан адамдардын саны көбөйүп кетүүсүнө шарт түзүлөт.
3. Коргоо министрлиги тарабынан киргизилген альтернативдик жол менен кызмат өтөө реформасындагы 12 миң сом төлөөнү алып салуу керек. Бул ансыз деле жумушу жок, эптеп күн көрүп жаткан калкты карызга батырып, муунтуп жатпайбы. Өздөрү үй-жай күтүп, үй-бүлө куралбай жаткан жаштардын абалы кандай болоорун ойлоп көрүү керек.
4. Республиканын аймагында, алыскы чег араларда жашап жаткан калк жашоо шарттары канааттандырарлык эместигинен көпчүлүк турак-жайларын сатып көчүп кетип жаткандыгы кейиштүү чындык. Бул иштерди жөнгө салууда чегара аймагындагы айыл-кыштактарга, чегара пункттарына, атайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, турак-жай, мектеп, спорт залдарды, аймактын өзгөчөлүгүнө жараша жеңил өнөр жайларын жайгаштырып, аларды туруктуу кармап калыш үчүн адистерди жиберүү менен айлыктарын эки-үч эсе жогорулатып, жергиликтүү калкка социалдык жардамды жалпы калкка караганда эки эсеге көбөйтүү керек. Жергиликтүү фермерлерге үстөгү жок, же үстөгү төмөнүрөөк кредиттерди берип, техникалар менен камсыз кылуу зарылчылыгы чечилиши керек.
Жогорудагыдай иш-чаралар көрүлсө, калк өз ордунда калып, туруктуу жашап калуусуна шарт түзүлмөк. Мындай шартты камсыз кылууда бюджеттик кирешенин 1%ы эле чегерилсе, бир жылда 600 млн. сом каржыланып, беш жылда 3 млрд. сомду түзүп, жогоруда сунушталган шарттар аткарылмак.
5. Эл агартуу тармагында реформа жасап, мектептердеги окуу мөөнөтүн 11 жыл кылып, 8-класстан баштап окуучуларды көбүрөөк тартып, мектептин өндүрүштүк базасын чыңдоо менен 11-классты бүткөнгө чейин окуучу бир же экиден кем эмес кесиптик адистигин алып чыгуусун камсыз кылсак деген пикирди сунуштайм.
6. Республика боюнча электр энергиясынын тарифин 1 сом 50 тыйынга кымбаттатуу, кышы сегиз ай болгон тоолуу аймактарга айына 1200 кВтдан электр энергиясын сарптаган шартта 1800 сомдон төлөнсө, сегиз айда 14400 сом акча төлөнөт. Ал эми 3 ай кыш болгон аймактарда 5400 сом төлөшөт. Экөөнүн айырмасы 9000 сомду түзөт. Ушуга байланыштуу, кышы катаал тоолуу аймактарга электр энергиясынын тарифтерин 50 пайызга төмөндөтүп берүү жагын сурайбыз.

Токтобек
КЕРИМБАЕВ,
Нарын шаарынын пенсионер тургуну




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??