12.03.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Мэр митинг өткөртпөй турган болду
Белгилүү болгондой, аз күн мурда Конституциялык сот укук коргоочулардын өтүнүчүнө оң жооп кайтарган. Ал жоопто пикет, митинг өткөрүү жаатында айрым бир укуктук чектөөлөр алынып салынды дегендей айтылган. Жылуу кабарга эреркеген оппозициялык жээк толкуп кетип, борбор шаардын кан жолдорунда 17-мартка туштап автожүрүш жасап, "Электрошок" наамында концерт уюштурмак. Бирок шаар мэри Нариман Түлеев Ала-Тоо аянтын айтпаганда Байтик баатыр, Чүй, Манас, Киев, Фрунзе, Жибек Жолу көчөлөрү боюнча "уюшма" каадалары мыйзамдан тыш деп бүтүмдөдү. Мамлекеттик маанидеги бул көчөлөргө 30 метр калганда топтолгон эл токтошу зарыл экен.

"Ак шумкар" учуп чыкты
"Ак шумкарчы" Темир Сариев жаз келгенде "чээнден" чыкты. Ушул жумада аталган партиянын саясый кеңеши жыйын куруп, "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком" сыяктуу стратегиялык ишканалардын сатылышы, отун-сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү мыйзамсыз, коммуналдык төлөмдөр кайрадан мурдагы калыбына келтирилсин, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү кайтарылып алынсын деген талаптар менен 23-мартта каршылык митингдерин баштамай болду.

Оппозиция сынды көтөрөр бекен?
Кечээ Талас шаарындагы "Ата мекен" партиясынын кеңсесине чогулган таластыктар айрым оппозициячыл лидерлерге, Өмүрбек Текебаев сыяктуу республикага төбөсү көрүнгөн башчыларына нааразылыгын билдирип, буктарын чыгарып алышты. Ар кимиңер эле өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарды карайсыңар, анан кантип элди ээрчитесиңер? Биз бир оппозициясына, бир бийлигине басылабыз. Оппозициясы да, бийлиги да элди эзип бүтүштү маанисинде күпүлдөдү таластыктар алардан бир нерсе үмүт кылып Бишкектен барган "Ата мекен" партиясынын өкүлдөрүнө.

17-мартта эмне болот?
Кечээ Бишкек шаардык мэриясынын Роза Отунбаевага жана оппозиция курултайын уюштуруучуларга жазган доо арызы Биринчи май райондук соту тарабынан канааттандырылды. Сот Алмаз Калыбаев 17-мартта Ала-Тоо аянтында өткөрүлө турган акцияга тыюу салуу чечимин чыгарды. КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина элдик курултайды өткөрүүгө тыюу салуу конституциялык нормаларды бузат деген пикирде. "Башында уюштуруу комитети мэрияга улуттук филармонияда же спорт сарайда акция өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мэрия буга жооп кылмак тургай курултайды өткөрүүгө таптакыр тыюу салган" дейт депутат айым. Мэриянын өкүлү Замирбек Төрөгелдиев буга жооп катары шаарда мындай иш-чараларды өткөрүүгө атайын жай бөлүнгөнүн белгилеген.





Крим-аалы
Гашиш "устукандалбай" калды
Аялдар майрамынын эртеси эле Ош шаарында олчойгон баңгизат кармалды. Табылган кутуда афган азаматтары даярдаган төрт чарчы гашиш чыкты. Мындан сырткары, үйдө аны ээлерине "устукандап" берүүгө даяр баштык-үштүктөр да табылган. Таразага тарта келгенде "табылганын" таза салмагы 24 килограмм 434 грамм экен.

Ачкычты берип колуна, камалды өзү торуна
Өткөн жума аягында улуттук коопсуздук кызматынын эки эргулу 10, 11 жылга эркинен ажыратылды. Көрсө, тергөө абагынын улук прапорщиктери А.Жумабаев менен С.Кыдыров 2009-жылы 17-ноябрь түнү абак ачкычын кылмышкерлерге кармата беришиптир. Ислам жихад тобунун мүчөлөрүн бошоткон билермандарга КР аскердик соту ушунакай чечим чыгарды. Эми "жихад күйөрмандары" күчөтүлгөн режимдеги колонияда турмуш кечиришет.

8 миң алам деп, 8 жыл алды
Орусиянын Пермь крайында 18 грамм героини менен Косой аталган "азамат" кармалган. Суракта кокуй Косой баңгизат Сашадан алынганын айтып жиберген. Аты Саша болгону менен заты кыргыз Исраил Ашуров Пермде 2007-жылдан бери бекерчилик менен оокат кылчу тура. Ошентип олжосун 8 миң рублга пулдамакчы болгон Исраил 8 жылга эркинен ажыратылып, темир тор артына кете берди.

Өз үйүнөн өлүгү табылып…
Жума башында Ош шаарынын Петров көчөсүндөгү үйдө 1938-жылы туулган кожоюндун өлүгү табылган. Шаардык ИИБнин изкубарлары буга шектүү делген шаар тургунун кармашты. Кылмыш ортодогу чыр-чатактардан улам чыккан экен.

Аттиң, абайлабай...
Талас - Суусамыр жолунун 173-чакырымында шейшемби күнү күндүзгү саат үчтөр чамасында жол кырсыгы болду. Е 47-78 S мамлекеттик номурлуу "Honda Stepwagon" автомашинасынын айдоочусу М.Жаабаев рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада эки адам каза болуп, үч адам жаракат алган.

Меникиби же сеникиби?
Кечээ Казакстандын "Калжат" бажы постунда Кытайдан келаткан 54 машине эл керектөөчү товарлары менен кармалды. Алматы облустук бажы көзөмөлдөө департаментинин начальниги Курманбек Артыкбаевдин айтымында, жүк ташуучулардын документтери жасалма болуп чыккан. Айдоочулардын бири жүк казактарга тиешелүү экендигин айтса, экинчиси кыргыздарга жеткирилерин айткандыктан, казак бажычылары эмне кыларын билбей баштары маң. "Эгер товар казактардыкы болуп калса, аны мыйзамдаштырууга даярбыз" дейт казак бажы башчысы. А кыргыздарга тиешелүү болуп калса, албетте кеп башка.




  И-тагдаалы

Ок! Бойкот дейби?!
Турак-жайдын кызмат акысы көбөйгөнү студенттер арасында окууну таштап (убактылуу болсо керек), коңшу өлкөлөргө жумуш издеп кетүү өнөкөтү күч алды.
"Аракет 220" деген башталыштын мүчөсү Улан Орозбаев ушул айдын 17синде студенттер энерго-баанын өсүшүнө такаат кылуу мүнөзүндө окууга чыкпай тургандыктарын баарынын атынан билдирди. Үсөнуп өкмөтүнүн кыраркасы кычырай турган күндөр март санап келатыры.
Таштандыга таарынбай тур
Борбор калаанын таштанды төгүлгөн аймагына үйү менен кошо кирип кеткен шаар тургундарын мэрия бөлөк орунга көчүрмөй болуп турат. Вице-мэр Замир Бекбоевдин айтуусу боюнча негизги кыйынчылык - эл отурукташканга үлгүргөн таштанды аймагы жана мал-жан калдыктары көмүлгөн жерлер шаар чегинде жатпагандыгы экен. Болбосо эчак эле элди "сентирге" алып келип, тамдын тоюн бермек көрүнөт.
КОКтун калтасы калың, эй
"Кумтөр Оперейтинг Компани" быйылкы жылы кен казуу иштерине 196,4 миллион доллар сарптайт. Бөлүнгөн каражаттын 44,3 миллиону кен казуучу оор техникага, фабрика жабдыктарына, уулуу заттар корумдалган дамбага, жаңы түшө турган жолдорго жана электр линияларына жумшалат.
152,1 миллион валюта техникалык базаны чыңдоого жана шахтаны ирээттөө жумуштарына жумшалат экен.
2009-жылы шахтанын тереңдиги 680 метрлик "бийиктикти" багындырыптыр. Кенди андан ары чалгындоо үчүн дагы 12,6$ сарпталат.
Экөөнүн бирөө "опасный"
Борбор калаада жашаган ар бир үчүнчү киши баанын өсүшүнө нааразы. Коомчулуктун арыз-муңун электен өткөргөн борбордун изилдөөсү ушундай тыянакка алып келиптир. Изилдөө учурунда шаардын миң тургуну сурамжылоодон өтүп, алардын 32 пайызы нааразылык акцияларына чыгууга көңүлдөрү жок экенин кошумчалашкан. 31,9 пайызы баанын жогорулашын түшүнүү менен кабыл алган. 12,6 проценти суроого түк түшүнгөн эмес. Ушул эчтекени түшүнбөгөндөр революцияны 45 мүнөттө жасап ийиши толук мүмкүн.
Бөлкөгө жетээр акча бөлүндү
2010-жылга бекитилген бюджетте медицина жана агартуу кызматкерлерине өтөлгөн жылдары үчүн 670 миллион сом бөлүнгөнүн каржы министри Марат Султанов баптап айтты. Жылдын биринчи кварталында жалпы акчанын 338 миллион сому айтылган максаттар үчүн керектелет. Жайкы эс алуу айларына чейин экинчи жарымы кириштелет. Айлык акы врачтар менен мугалимдерге ушу жылы көтөрүлөбү деген суроого министр терс жооп узатты.
Өрт өзү эле чыкпайт
Молдосалы Ибраимов аттуу укук коргоочу соттун кабинетин тыптыйпыл өрттөйм деп кезенди. Жаныш Калмаматов деген күнөөкөрдүн коргоочусу катары Ибраимов сот иштери атайын созулуп атканына нааразылыгын ушундай түр менен билдирип, опуза жанрына өткөн. Ж.Калмаматов машинеси менен бирөөнү койдуруп алып, окуя жапа чеккен жарандын өлүмү менен аяктаган. Сот иштери 9 айга созулуп, "ак" же "көк" деген тыянак чыкпай, айыпкер дале Сузак райондук убактылуу кармалуучу жайда саргайып жатат.





  Жума каарманы

Кыргызстанды дагы алдап кетиштиби?

АКШ жараны Евгений Гуревичтин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтоткону коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Биринчиден, Кыргызстандын расмий бийлиги менен кызматташкан адамды алдамчылык жасаган деп айыптап, аны камакка алууга Италия соту өкүм чыгарып отурат. Гуревич журналисттерге жазган катында Кыргызстандагы ишмердүүлүгүмө байланыштуу коюлган дооматтардын бири да чындыкка жатпайт деп билдирди. Бирок Кыргызстандын расмий бийлиги эл аралык деңгээлде аброюна шек кеткен киши менен алгачкы жолу кызматташып жаткан жери жок. Буга чейинки Бирштейн менен Мельниковдун мисалын келтирсек жетиштүү болот. Гуревич башкарган Кыргызстандагы MGN Grop компаниясы инвестициялык ишмердүүлүк, активдерди башкаруу, брокердик жана дилердик иштер менен шугулданып келген.
(Толугу менен 6-бетте)