12.03.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Молдомуса Ташболотович, барсызбы?

Сойкулар сазынан ким арылтат?

Коомдук турмуштун кай тармагын алба, социалдык көйгөйлөр өтө тереңдеп, андан такыр арылбачудай таасир калтырат. Он чакты жыл мурда борбордун Совет - Москва кесилишинде туруп денесин сатып жан баккандар азыр жугуштуу вирус сымал шаардын чок ортосундагы үйлөргө сиңип кетишкен. Ошондой үйдүн жашоочулары редакцияга келип, арманын айтып кетишти.

- Бишкектеги Үсөнбаев көчөсүндөгү №3 үйдүн салынганына жыйырма жылдай болду. Биз жаңы салынгандан бери жашап келатабыз. Орустар Россияга көчүп кете баштагандан тарта бул үйдө башаламандык күч алды. Кээ бири квартираларын сатса, кээси ижарага берип кетишкен. Биринчи кабаттагы 109-квартира сатылгандан бери бул үйдө тынчтык жок. Башка кожоюн сатып алгандан кийин бул үй сойкулардын жайына айланды. Кожоюну ким экенин да билбейбиз, пенсионер кемпирге каттатып коюптур деп уктук. Тынчтык болбогондо үй комитетине барып, ээсин таап чара колдонбойлубу десек, алар билбейбиз дешти. Акыркы 6-7 жылдан бери биздин үй сойкулардын борборуна айланды. Булар үйдөгү 7-8 квартираны ээлешет. Сойкулар күнү-түнү тынымсыз иштешет. Өзгөчө жайында күчөйт. Биз жогору жакка далай жолу кат менен кайрылганбыз. Бирок, эч кандай чара көрүлбөдү. Жогору жакка кайрылганыбызды билишип, сойкулар кичине сак-сактап калышкан. Атүгүл үйгө бир айга чукул милицияларды күзөткө да коюп коюшкан. Бирок, милицияларды көзгө илбей күнү-түнү мурдакыдай эле тынымсыз иштеп атышты. Түнү менен лифттин жаны тынбайт. Бул жерге дайыма келген кыздардын өң-келбетинен бери таанып калдык. Алар өзгөчө боенуп, өтө ачык кийинишет.
Бир жолу түн ортосунда сойкулар кыңшылап, уйку бербей айлабызды кетиргенде, түнкү саат үчтө эшигин ачтырып, кирип бардык. Үч-төрт бөлмөдө кыз-жигиттер жатышкан экен. Ал үйдө төрт бойдок түрк жигит ижарада жашайт. Ошол түрк жигиттер менен кыргыздын жапжаш кыздары келип жатышат. Милиция чакырсак, жарым сааттан кийин келип биздин арызды укту да, эч кандай чара көргөн жок. Биз милицияга буларды чыгаргыла же чара көргүлө, бул жерге жашаганга мүмкүн болбой калды дедик. Ал милиция ошол түрктөргө келген кыздардан акча өндүрдүбү, айтор, кыздар мурдагыдай эле келип-кетип жүрүшөт. Уяттуу конок келип калса ыңгайсыз абалда калабыз. Чоңоюп калган балдарыбыздан уялып, бирок ашмалтай болуп бүттүк.
Жыпар эже:
"Өмүр бою коркуп жашайбызбы?"
- Бир жолу жолдошум жумуштан үйгө келсе, лифттин жанында сойкуларга келген жигиттер турушуптур. Буга чейин деле алар лифтке өткөрбөй, жолду тороп турганын далай көрчүбүз. Жолдошум балдарга тамекини сыртка чыгып тарткыла десе, "сен бизге тамекини эшикке тарткыла деп айтасың" деп сабап кетишти. Бети-башы канап, сыйрылып үйгө калчылдап келип эле милиция чакырды. Бирок, милиция келгенче балдар качып кетишиптир. Ошол боюнча алар кармалбай калышты. Жолдошум инфаркт болуп ооруканага жатып чыккан, көзүн операция жасатканына да аз эле убакыт болгон. Милицияга кайрылсак, эгер арыз жазсаңар соттук-медициналык справка алышыңар керек дегенинен доктурга барып анысын да алдык. Бирок, ал иш каралбай калды.
Чоңоюп калган кыздарыбыз бар. Аларды кечкисин жумуштан, окуудан тосуп алабыз. Кыздарыбызды сабап кеткен учурлар да болду. Биздин үйдө жашаган дагы бир кызды сойкуларга келген жигиттер сабап, мурдун талкалашты. Кыз ооруканага жатып чыкты. Ата-энеси милицияга кайрылышса, арыз жазбай эле койгула, өзүбүз таап жазалап коебуз деп алдап кетирип ийишиптир.
Былтыр жайында короодо ойноп аткан алты жаштагы кичинекей кызга сойкуларды ээрчитип келген адам жылаңачтанып жыныс мүчөсүн көргөзүптүр. Кыз коркуп ыйлап, качып жөнөгөн экен. Ал артынан ээрчип, эл жок болсо наристени зордуктап коймок беле, ким билсин? Кыздын ата-энеси аны психологго чейин алпарып жүрүштү. Бул окуяны деле милицияга кабарлаганбыз, ошол боюнча көз жумду болуп калды. Биз эми өмүр бою коркуп, уялып жүрүп өтөбүзбү?
Биздин квартиралардын терезелерине колдонулган презервативдер түшүп калат. Жашагандардын баары эле сойкуканалар көбөйүп кеткенин билишет. Бирок, бири ишинен коркот, кээси арыздангандан эч нерсе чыкпайт, булардын жогору жакта адамы бар дешет. Сойкулар үй комитетинде иштеген адамды да колго алып коюшуптур. Пенсионерлерге акча берип, арызданбагыла деп жаактарын жап кылып коюшту. Үйдүн подъездин, короону тазалап, оңдойлу десек, сойкуканаларды жоготмоюнча баары пайдасыз экени белгилүү. Короодо отура турган эч нерсе калбай калды, подъезддин лампочкалары жок. Ал эми үйдүн экинчи кабатын сойкуларга келгендер дааратканага айлантып салышкан. Канча жолу подъезддин эшигин алмаштырып код койдурдук, бирок пайдасыз.
Түн ортосунда сойкуларды издеп келгендер квартиранын номурун алмаштырып, биздин үйдү такылдатып, далай тынчыбызды алышты. Улам бир сойкулук кылган квартираны жойсок, экинчиси ачылып, айтор, айлабызды кетирди.

Өз үйүбүзгө кирүүдөн жийиркенип калдык
Ар кандай эркектер менен жаткан аялдардан бизге же короодо ойногон кичинекей балдарга оору жукпайт деп ким кепилдик бералат? Өз үйүбүзгө кирүүдөн жийиркенип калдык.
Өткөндө биздин үйгө жакын мектептин окуучулары ошол сойкуларга киргенби, айтор, мас болуп жыгылып калышыптыр. Ыркыйган арык, кичинекей эле балдарды урушсак, жанындагылар "ему просто плохо" деп коюшат. Биздин үйдүн жанында турган таксисттердин көпчүлүгү сойкуканага келгендер. Сойкулардын сутенерлору кардарларды эшиктен тосуп алып киргизип турушат. Көпчүлүк учурда телефон менен иштешет. Милициялар келгенде колуңардан эмне келет дегенсип, коркпой-үркпөй эле көчөдө сүйлөшүп турганын көрөбүз. Айлабыз кеткенде ушуларга жаза барбы деп атайын Кылмыш кодексин карап чыктык. Аларды 261-262-182-статьялардын негизинде деле жазаласа болчудай экен.

Сутенер менен милиция чогуу иштешет
Бизди жергиликтүү бийлик же депутаттар менен жолугушууга эч ким чакырбайт. Бая күнү капысынан №53 мектепте депутаттар менен жолугушуу болот дегенди угуп, Ирина Летова деген Жогорку Кеңештин депутаты менен жолугуштук. Биз сойкулар маселесин айтсак, ал чечип беребиз деди. Биздин ушинтип чырылдап чуркап жүргөнүбүздү сутенерлор деле билишет. Алар эртеңки күнү бизге кол салуудан кайра тартышпайт.
Участкалык милиция эмне үчүн жарыгы жок ызы-чуулуу подъезддерди карашпайт, тынчыбызды алып атат дегенде текшеришпейт. Аны текшергендин ордуна сойкулардын ана башчылары менен жетелешип сүйлөшкөнүн көрүп калабыз. Участкалык милиционер Абдыжамит Эргешовдун сойкулардан акча алып атканын деле көрдүк. Ага арызданып атып тажаттык окшойт, бизди көрсө эле дагы бир нерсе деп жибереби дегендей жаа бою качат . Биздин арызыбыз менен кээде текшерүү келимиш болот. Бул учурда милиция сойкуканага алдын-ала кабарлап коебу, айтор, ошол күндөрү алар тынчып, абайлап калышат. Текшерүүчүлөр болсо бизден эч нерсе сурабайт, кагаз жазымыш этип ошол боюнча жоголушат. Сутенерлер алардан качышпайт, тоготуп да коюшпайт. Бул тууралуу чоңдорго арыздансак, алар сойкуларды тыюуга мыйзам, далил жок дейт. Үйдөгү сутенерлорду, кимдер иштеп атканын көргөзгөнүбүз далил эмеспи? Бир жолу Свердлов РИИБине кат жазсак, ошонун негизинде атайын ушундай иштерди аткарган ИИМдин эки кызматкери келди. Ошол жерден участкалык милиция аларга аткарган иштерин жалган көргөзүп, атүгүл биз жазып берген кат да толук эмес болуп чыкты. Участкалык милиционерди эмне үчүн алмаштырбайсыңар, булар уюшуп жасап атышат десек, ИИМден келгендер мунун деле үй-бүлөсү бар, аларды багыш керек да дейт. Сойкуларды тейлөөчү мейманканалар күчөгөндөн бери ушул милиционер иштеп атат.
"Алы жетпеген акыретчил" дегендей, азыр да "Агым" аркылуу ИИМ министри М.Конгантиевге, Свердлов РИИБнүн башчысына дагы кайрылабыз. Бул үйдө акыры тартип болобу же жокпу? Же сөзсүз эле плакат көтөрүп, Ак үйдүн алдына чыгалыбы?
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА