12.03.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кимдин чамасы кандай?

"Айтышта "агасына" тиш салган жаш төкмөлөр бар"

Кыргыз радиосу өткөн жылдан бери жаш акындар арасында айтыш уюштуруп келет. Бул жөнүндө радионун башкы редактору Зинакан Кайыпова айтып берди.

- Зинакан Бекмуратовна, кыргыз радиосунун айтыш долбоору тууралуу кеп салып берсеңиз?
- Бул республикалык "Айтыш" коомдук фонду менен кыргыз радиосунун биргелешкен долбоору. Ал 2009-жылдын 20-ноябрынан башталган. Демилге биздин радионун музыкалык редактору Чынара Итигулова тарабынан көтөрүлгөн эле. Өзүбүздүн жетекчилик менен чогуу кеңешип, акылдашып көрсөк, чындап эле бул идея ишке ашса көп жагынан мыкты натыйжа берчүдөй экен. Кыргыз ыр жандуу эл эмеспи, андыктан айтыштын угармандары көп. Ал эми биздин фонддогу буга чейинки айтыштар кайра-кайра кайталана берет. Анүстүнө улам мезгил өзгөрүп, жаңы темалар, аны ырдай турган жаш акындар пайда болот дегендей. Айтор, бул демилгени жетекчилик жана кыргыз радиосунун жалпы жамааты колдоп кошумчаланып жүрүп отурду. Бул маселени республикалык "Айтыш" коомдук фонду да колдоду. Алар бизге чейин эле машыгуу иретинде ич ара ар айдын жыйырмасында айтыш өткөрүп келишкен экен. Албетте, ал башка формада болгон. Азыр эки тарап келишим түзүп, эми ошол ар айда өтүүчү айтышты УТРКнын концерттик залында көрүүчүлөрдүн, угармандардын назарына коюуга макулдашып, буюрса учурда бул иш жолго коюлуп калды.
- Айтыш өтөт десе эле баш байге алуучуга автомашина берилгенин элестете беребиз. Сиздер өткөргөн айтыштын жеңүүчүлөрү кандай сыйлык алууда?
- Башынан айта кетейин, ар айдын жыйырмасында өтүүчү айтыш - төкмөлүктүн мектеби. Андыктан биздеги айтышка өлкөбүздүн булуң-бурчунан төкмө болууну көксөгөн жаш таланттар келип, төкмөлүктүн жол-жобосун Амантай, Аалы, Азамат сыяктуу агаларынан үйрөнүп, алар менен ээрчишип сахнага чыгып, айтышып такшалат. Ырас, стимул болуш үчүн сыйлык алып турган да жакшы. Биз деле жеңүүчүлөрдү ырымдап коебуз. Бирок ал жар сала турган сумма эмес. Бул маселени "Айтыш" коомдук фонду менен кыргыз радиосу биргеликте чечет.
- Таймаша тургандар кантип аныкталат?
- "Күч атасын тааныбайт" дейт кыргыз. Биз деле ушул өңүттөн карап иш алып барабыз. Башкача айтканда, катышкан акындар белгилүүлүгүнө же белгисиздигине карап тандалбайт. Чүчү кулак боюнча кимге ким туш болсо айтыша берет. Бул өзүнчө кызык, кээде такшалып калган акынга жаңы сахнага чыккан боз улан туш болуп калат. Жаштар курч болот эмеспи, алардын агаларына тиш салып, эркелегенине күбө болуп көрүүчүлөр менен бирдикте тамашага батабыз.
- Төкмө акындарыбыз саналуу эле. Алардын катышуусу кандай болуп жатат?
- Биринчи айтышыбызга беш-алты эле акын, анча-мынча көрүүчү катышкан. Күн өткөн сайын айтышка катышкан акындардын жана ага кызыккан көрүүчүлөрдүн саны арбып баратат. Мисалы, акыркы үч айтышыбызга Элмирбек, Жеңишбектен башка 18-19 төкмө акын катышып, залга эл батпай калды.
- Баса, кирүү акысы канча?
- Бекер. Атургай айтышка келдим деген аксакалдарды кыргыз радиосунун ар бир кызматкери ээрчитип барып залга киргизип, отургузуп коет. Кышкысын зал суук болсо да беш-алты саатка созулуп кеткен айтышта көрүүчүлөрдүн бирөөсү да чыгып кетпей, акындарды коштоп, колдоп турганын көрүп ыраазы болобуз. Канткен менен өнөр сыйлоо кыргыздын канында бар эмеспи.
- Өткөрүлүп жаткан айтыштар кандай темаларды камтыйт?
- 2009-жылдын акырындагы айтыш Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 80 жылдык мааракесине арналды эле. Жыл башында бекиткен медиа планыбызда алдыдагы айтышыбызды залкар төкмөлөрүбүзгө арноону чечкенбиз. Мисалы, 20-январда Кыргыз Республикасынын эл артисти Ашыраалы Айталиевди, 20-февралда СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын калк акыны, төкмө Эстебес Турсуналиевди эскерген чоң айтыш өткөрдүк. Буюрса, 20-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиевди, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө Токтосун Тыныбековду эскерген айтыш өтөт. Ал эми 20-майда төкмө Майра Керим кызын эскерген эл аралык айтыш өтөт. Учурда жетекчилик бул маселе боюнча тийиштүү жерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.
- Айтыштарды радиого жаздыруу кандай жүрүп жатат?
- Азыр техника жетиштүү, мурдагыдай пленка жетпей жатат дебейбиз. Өткөрүлүп жаткан айтыштардын ар бири санариптик ыкмада жаздырылып, монтаждалган жана баштапкы вариантында компьютерде жана дискте сакталып коюлууда. Айтыш өнөрү кийинки учурда кайра жаралуу дооруна туш келди деп жүрүшпөйбү. Биздеги сакталган кийинки айтыштар атайын изилдөөчүлөр үчүн табылгыс материал, улутубуз үчүн көөнөргүс маданий мурас болуп калмакчы.
- Бул айтыштарды кыргыз радиосунан кайсы учурларда угууга болот?
- Күн сайын.




  Эл эмгектен эскерет


"Кайдасың аппак гүлкайыр..."

Белгилүү музыка изилдөөчү, композитор, педагог, дирижер, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Ишембай РЫСПАЕВдин бул дүйнөдөн өткөнүнө эки жылга аяк басып баратат. Негизи эле кыргызда нукура таланттардын баркы көзү өткөндөн кийин билинип, алп акын Алыкул айткандай жыл өткөн сайын чокусу бийиктеп, мааниси тереңдеп кете берет окшойт... Замандаштары, өзү тарбиялап өстүргөн кийинки муундун өкүлдөрү Ишембай Рыспаевди адамдык сапаты менен барган жерине жылуулук берип турган табият берген таланты артык инсан эле деп эскеришет. Ал Улуу Ата мекендик согуштан кийинки элүүнчү жылдардан баштап, 2008-жылга чейин профессионалдык кыргыз музыка искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошкон.
Анын классикалык үлгүдөгү биртоп чыгармалары бүгүн деле салтанаттуу кечелерди, театралдык оюн-зоокторду жасалгалоодо колдонулуп, телерадионун кээ бир көрсөтүү, уктурууларын коштоп келет. Жыйырмадан ашык лирикалык ырлары ырдалып жүрөт. Музыка таануучулар анын "Бешик ыры", "Фестиваль", "Жаз ыры", "Балдар ыры", "Кечир мени", "Эгемен бакыт күн келип", "Кайдасың аппак гүлкайыр", "Манас-1000" мааракесине карата жаралган ж. б. чыгармаларын баалашат. Ишембай Рыспаев балдар үчүн жазылган биртоп ырлардын, музыкалык мектептер үчүн пайдалануучу окуу китептердин автору. Өмүрүнүн акырында симфониялык оркестр үчүн төрт бөлүктөн турган чыгармасын жазган. Анын ыргактарында кыргыздын элдик оюн-зооктору, табияты, автордун эл-жерди, жашоону сүйүүсү камтылган. Биз маркумдун жубайы Масуда АБДУВАХАПОВАны сөзгө тартып, эскерүүсүн уктук.


- Ишембай экөөбүз 43 жыл чогуу өмүр сүрдүк. Аны менен1965-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде таанышкам. Бой турпаты келишкен сулуу, көздөрү жанган, өзүнө өзү ишенген өткүр жигит экен. Өзү ошол жакта Тепке деген айылда төрөлүптүр. Биз кесиптештер менен Чолпон-Атага эс алганы барганбыз. Жаңыдан элине музыкант катары таанылып келаткан Ишембай ал убакта ошол аймактагы өкмөттүк пансионаттардын биринде эс алып жүргөн экен. Экөөбүз биринчи таанышканда эле жаныбыздагылардын бири "мына эми той болот" дегени эсимде. Чындап эле ошол жылдын күзүндө үйлөндүк. Бирок, аны менен бирге жашаган алгачкы жылдар мен үчүн бир аз кыйын болду. Жашырганда не, сүлкүлдөгөн сулуу, таланттуу жигитти күйөө кылып алыш оңойго турган жок. Ага ашык болгон кыз-келиндер аябай көп эле. Мага чейин да үйлөнгөн экен. Менимче, биринчи кызыбыздын чарчап калышы Ишембайга катуу таасир этти окшойт. Ал ушундан кийин таптакыр өзгөрүп, жакшы жубай болуп чыкты. Көрсө, өзү нукурасында эң мыкты адам экен. Кырк жылга жакын аны менен жомоктогудай жашадым. Аны сөз менен айтып жеткире албайм.
- Канча балаңар бар?
- Жалгыз эле уулу бар. Андан Аскар, Данияр деген эки неберелүү болдук. Кичинекейинде врачтардын шалаакылыгынан уулубуздун угуу жөндөмдүүлүгү начар болуп калды. Көз тийбесин, буюрса анын балдары жакшы чоңоюп келатышат. Ишембай неберелерин музыкалык мектепке берем деп аракеттенди. Бирок балалык кылышты окшойт, Аскар менен Данияр музыкага кызыккан жок.
- Агайдын чыгармачылыгы тууралуу эмне дейсиз?
- Ишембай кыргыз музыка искусствосун профессионалдык деңгээлге жеткирүү үчүн жандилин берип иштеди. Үйгө келип чыгармасын жазып, Шубин атындагы балдардын музыкалык мектебинде директор болуп, улуттук филармониядагы студияда ырчыларга сабак берип, айтор, адис катары да, адам катары да дайыма коомго өз пайдасын тийгизип келди. Ал таланттуу музыкант, таасирлүү мугалим эле. Элинин өткөнү, келечеги, жандүйнөсү ширелген, өзүнүн мекенине, элине болгон сүйүүсү менен шөкөттөлгөн ыргактарды жаратты. Мисалы, УТРКда кыргыз жерлеринин сулуулугун даңазалаган рекламалык көрсөтүүлөрдүн айрымдарын Ишембай Рыспаевдин "Кайдасың аппак гүлкайыры", симфониялык оркестр үчүн жазылган "Сюитасы" коштойт. Баса, УТРК "Кайдасың аппак гүлкайырды" өзүнүн көзү барында автордун уруксаты менен өз эфирине пайдаланган. Ал эми кийинки чыгармасы алардын колуна кантип тийип калганы белгисиз.
Ошондой эле Ишембай балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо үчүн биртоп чыгармаларды жараткан. 2-класстын музыка сабагы боюнча китебин Н.Давлесов, А.Аманбаев, 3-класстын окуу китебин О.Абдылдаев менен авторлошуп жазып, 3-4-класстын методологиялык хрестоматиясын иштеп чыккан.
- Сиз кайсы кызматта иштедиңиз?
- Мен кесибим боюнча тарыхчымын. Союз учурунда райком болуп партиялык кызматтарда иштедим. Азыр 75 жаштамын.
- Азыр сизди эмне түйшөлтөт?
- Ишембайдын чыгармалары иретке салынбай, ар ким атын атап койбой каалагандай пайдаланып жүргөнүнө кейийм. Асанкан Жумакматов көзү тирүүсүндө анын көлөмдүү чыгармасын симфониялык оркестрдин коштоосунда жаздырып, алтын фондуга өткөрмөк болуп турганда каза болуп калды. Азыр андан дайын жок. Радиого жаздырган чыгармалары эмне болгонун билбейм. Аларды терип-тепчигенге акыбалым келбей, минтип эки күндүн биринде ооруп үйдө отурам.
Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ