12.03.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өнөр өргөсүнөн

"Кыргыз болгондон кийин арыдан бери болсок"

Жакында орто муундагы бир катар ырчылар КР эмгек сиңирген артисти наамын алышканы баарыбызга маалым. Арасында көп жылдан бери талбай эмгектенип келаткан ырчы Асел ТУРДАЛИЕВА да бар. Тааныштары "сакадай бою сары алтын" деп сыпаттаган Асел айымды маек төрүбүзгө чакырдык.


- Асел айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Учурда институттагы ишимде, чыгармачылыкта тыным жок. Жаңы ырларым жазылып жатат. Жеке концертимди улам артка жылдырып отуруп апрель айына токтолдум. Азыр фонограмма менен ырдаш өтө эле уят. Андыктан эки күндүк концертим жандуу болот.
- Ырчылык менен мугалимдикти эриш-аркак алып жүрүү оор болсо керек?
- Башында кыйналгам, азыр көнүп кеттим. Институттун күндүзгү бөлүмүндө студенттерге сахнадагы кыймыл аракет, туура сүйлөө, эстрадалык ырдоо боюнча сабак берем. Сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын. Ушунчалык убактым тар. Бирок, чыгармачылыгымды токтоткон жокмун. Ишим менен чыгармачылыгым бири-бирин толуктап турат.
- Фонограмма менен ырдоо уят дедиңиз. Азыркы жылдыздар уялбай эле ырдап жатышпайбы?
- Азыр ушундай бир көрүнүш пайда болду. Кимден сураба, артист, ырчы болгусу келет. Алар теледен чыкса эле голливуд жылдызы болуп кетүүчүдөй сезишет. Азыр бардыгы компьютерлештирилип, жаштар жеңил-желпиликке алдырып коюп жатышат. Интернеттен түз эле чет өлкөлүк музыкаларды көчүрүп алышып, бир аз өзгөртүп ырдап калышты. Мисалы, интернеттен минусовканы 100 сомго көчүрүп алып, эптеп ага текст жазып ырдагандарды көрүп жүрөм. Бул искусство эмес, бул өзүн өзү шылдыңдоо, чыгармачылыкты кордоо. Мындай ырчы эртең эле түгөнүп калат. Мунусу аз келгенсип, азыр Россиянын "Виа Грасын" туурап, жарым жылаңач болуп бийлеген "Импульс" деген топ чыгыптыр. Бул менимче чектен чыккандык. Кыргыз болгон соң кандайдыр бир деңгээлде ырчылар, артисттер кыргызчылык мыйзамын сактообуз керек эле. Менимче, "Импульс" эч качан "Виа Гра" боло албайт. Түркия, Араб өлкөлөрүндө искусство, эстрада бизден кыйла өнүккөн. Бирок алардын артисттери өз салт-санааларын сактап келатышат. Ошолордон неге үлгү албайбыз?
- Жасалма ырчылар бат түгөнөт дедиңиз. Өзүңүз түгөнүп калуудан коркпойсузбу?
- Мен эч качан түгөнбөйм. Башкаларга салыштырмалуу мен базардан эле келип ырдай калган жокмун. Мен чыныгы ырчы, артист болуш үчүн музыкалык окуу жайды, театралдык институтту бүтүргөм. Ырчы актерлук жактан таланттуу, музыкалык жактан сабаттуу болуп, интеллектуалдык деңгээли да жогору болушу керек. Кыргыз ырчысы кыргыз музыкасынын тарыхын жакшы билиши керек. Ошондо гана ал түгөнбөс кенч болуп, жакшы ырларды жаратат.
- Кыргызча ырлардын клиптери кандай болсо деп ойлойсуз?
- Кыргыз болгондон кийин арыдан бери болсок. Азыр ваннага, төшөккө жата калган клиптер тартылып жатат. Муну чоң ата, апалар, ата-энелер, кайната, келиндер чогуу көрөт. Башкасын айтпасак дагы улууларды сыйласак. Ар бир клиптин тарбиялык мааниси болуш керек. Бизсиз деле Батыштын жарым жылаңач клиптери башка каналдарда жетиштүү.
- Чыныгы ыр кандай жаралып, кандай болуш керек?
- Ыр акындын, обон обончунун, ырчынын жүрөгүнөн чыккан нерсе болуп, обончу акын менен ырчынын эмне каалап турганын туюш керек. Үчөөнүн өз ара талкуусу болгондо гана жакшы ыр жаралат. Уурдалган музыкага текст жазып бере кал деп бирөөгө баруу - сенек чыгармачылык. Андай ыр робот сыңары. Робот эч качан адам болбогондой эле, жасалма ыр да эч качан чыныгы ыр болбойт. Ырчы, акын, аранжировщик ырдын жандүйнөдөн, айланган кандан сыгылып чыгып жатканын сезиши керек.
- Бизде азыр үмүт арта турган жаш ырчылар барбы?
- Жаш ырчылардан Мирбек Атабековдун, Султан Садыралиевдин ырдаганына баа берем. Мирбек ушул боюнча кетсе, узакка барат. Султан жакшы чыкты эле, кайра жоголуп кетти. Ачыгын айтыш керек, Султан казак обондору менен элге алынды. Мындан сырткары, мага Каныкей деген ырчы кыз жакшы таасир калтырды. Анын ырларында кыргыз кайрыгы, мен кыргыз кызымын дегени байкалып турат. Анда ыйман бар. Бек Борбиевдин да ырларынын тексттери маанилүү, обондору жеңил, угумдуу. Анын ырын мага жакпайт деп айта албайсың. Обону да, сөзү да гармониялуу болуп турат.
- Жазма акындардан кимдердин ырларын чыныгы поэзия десек болот?
- Жыпара Исабаева, Бактыгүл Чотурова, Кыялбек Урманбетовдун ырлары жагат. Ар бир эле акын булардай ыр жаза албайт.
- Канча жашка барганда ырдоону токтотосуз?
- Үнүм барында жандүйнөм карымайынча ырдай берем. Ар бир адам төрөлгөндө эле өзүнүн обону менен жаралат экен. Ошондуктан ырда чектөө болбойт. Мен кандай дем алсам, ыр да ошондой эле чыга берет. Орустарда "я пою, пока я дышу" деген сөз бар. Ошондуктан демим токтомоюнча ырдай берем.
- Үйдө кандай кожойкесиз?
- Жумуштан кеч келгендиктен кожойкелик кылганга деле убакыт жок. Кечинде кызым экөөлөп тамак жасайбыз. Тамактан лагмандан башкасынын баарын даамдуу жасайм. Үйдү күндүз жыйнап коебуз, чачкан деле киши жок.
- "Бут эле кирет, куттан дайын жок" деп ырдап жүрөсүз. Үйүңүзгө киши көп келеби?
- Көп деле киши келбейт. Бирок, конок тосконду жакшы көрөм. А ырдын сөзү, обону Кубик Калыковдуку. Ырды алгач экөөбүз ырдап чыкканбыз. Кийин Камчы Сарыбаев экөөбүз ырдап калдык. Азыр Россиядагы кыргыздар ушул ырды абдан жактырышат экен.
- Бойдокчулуктан, жалгыз жашоодон тажаган жоксузбу?
- Он жылдан бери кызым экөөбүз жашап келатабыз. Жалгыздыкты сезген деле жокмун. Өзүмдү азыр деле жаш сезем. Турмушка чыгууну да унуткан жокмун.
- Колуңузду сурагандар көп эле болсо керек?
- Албетте бар. Тийгим келсе, тандап туруп тийип коем (күлүп). Бирок жаш жигиттердин тийишкени жакпайт. Өзүмдөн бир-эки жаш кичүү жигиттерге турмушка чыксам болот. Бирок үч-төрт жаш кичүү адам мен үчүн эмес.
- Демек, эки-үч жыл аралыгында турмушка чыгып калышыңыз ыктымал турбайбы?
- Кудай буюрса.
- Дайыма өзүңүздүн дөөтүңүздө жүрөсүз. Техникага кандайсыз?
- Чынын айтсам, май куйганды эле билем.
- Өзүңүздү кандай жылдызмын деп ойлойсуз?
- Мен жылдыз эмесмин. Жөн гана ырчымын. Мага жөнөкөйлүк жагат. Канчалык жөнөкөй болсоң, ошончолук элге жакын болосуң. А элсиз - биз ырчы эмеспиз.

"Кош жылдыз" кооптонтуп турат
Апасы Шахра Талиповадан кем калышпай, тунук, шаңдуу ырдаган ырчы Гүлзат Батырканова жаңы жылдан бери чыгармачылыкка чындап кирише элек. "Жаз келди, эми жанданабыз да" дейт жакында "Кош жылдыз" теледолбоорунунун финалына чыга турган айым. Эске салсак, аталган конкурстун экинчи айлампасында Гүлзат айым белгилүү коомдук ишмер Жамин Акималиев менен ырдап, үчүнчү орунга чыккан. Эми "кош жылдыздар" финалга азыр кайсы ырды кандай ырдап чыксак деп ыр тандап жаткан кези.
Аялдар майрамында көпчүлүк эркектер жубайларына гүл, идиш-аяк, ар түрдүү буюмдарды тартуулашса, ырчынын полковник жолдошу акчалай белек берген. "Өзүмдүн өтүнүчүм менен жолдошум 200 доллар берди, үстүнө акча кошуп кийим сатып алдым. Ырчы гардеробун жаңыртып турбаса болбойт экен" дейт Гүлзат айым.


"Келинчегим иштебейт, тиштейт"
Мусулманчылык менен ырчылык, обончулукту бирге алып келаткан Майрамбек Осмонов үч-төрт ырын угармандарга даяр кылып койгон чагы. Ал алп акын Шайлообек Дүйшеевдин "Атага арноо", "Кусалык", "Кош дайра", хирург Бейшенбек Чынжыровдун "Кудалар" деген ырларына обон жазып коюптур. "Ырлар "Кыргызстан обондоруна" берилди. Кудай буюрса жакында уктурулат" дейт ажы ырчы. Өзү айткандай, кышта үшүп, жайда ысыган ырчы тамаша, тамадалыкка чукул болсо да, мусулманчылыктан тайбасын билдирди. "Келинчегим иштебейт, тиштейт, соткаман башка номурларды издейт, анан сыйламыш болуп сиз дейт, жашап келатабыз, Кудай Таалам деле ырыскысын үзбөйт" дейт Майрамбек мырза.


Гүлзинат Америкага аттанат
Жаңы жылдан бери дайыны чыкпай калган ырчы Гүлзинат Суранчиева жакында Америкага аттанат. Ырчы айым ал жактагы боордоштордун чакыруусу менен үлкөн өлкөнүн Нью-Йорк, Филадельфия, Вашингтон, Чикаго штаттарын кыдырып, кыргыздын нукура ырларын ырдап келмекчи. Ар башка тилде обон созгон Гүлзинат "Бишкек шаарым" аттуу ырын бышырып коюптур. Мындан сырткары, ал Кыргызстан, Казакстанда иштеп жүргөн Кеймо, Шухрат аттуу жигиттер менен орусча трио ырдап чыгат. "Буюрса, Америкадан келген соң клибин да тарттырабыз. Фонограмма жоюлуп, жандуу үн менен ырдаганды колдойм. Биз муну менен биринчиден, угарман-күйөрмандарды сыйларыбызды билдиребиз. Экинчиден, ырдай албагандардын көбү өздөрү эле жок болмок" дейт чачын кырктырып, бир аз имиджин өзгөрткөн ырчы.

Бетти даярдаган Мелис СОВЕТ уулу