12.03.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Секет кетейин сегиз шар

"Бул жерде фанаттар гана иштешет"

Акыркы мезгилде Кыргызстан эларалык спорт аренасында орус бильярды боюнча жакшы ийгиликтерди жаратып келатат. Республикалык бильярд федерациясынын маалыматы боюнча 2002-жылдан 2009-жылга чейин биздин 16 оюнчу 25 турнирге катышкан. Алар 18 өлкөнүн 281 өкүлү менен беттешип, 151 жеңишке жетишишиптир. Учурда өкмөттүк каржылоонун жоктугуна карабай бильярд спортун өнүктүрүп жаткан бильярд федерациясынын вице-президенти Шейшенбек БАЙЗАКОВ менен пикир алыштык.

- Шейшенбек ага, кыргыз бильярды кантип жанданды?
- Кыргызстандын бильярд федерациясы 1992-жылы уюшулуп, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бирок, федерация 1997-жылга чейин кагаз жүзүндө гана жашап келди. 1997-жылдан тарта гана Кыргызстанда бильярд жанданып, Мурзаходжаев Самар деген эски оюнчунун элесине арналган алгачкы турнир болду. Ошол жылдан тарта бильярд боюнча ар жылы Бишкек чемпионаты, эркин пирамида, аралаш пирамида, динамикалык пирамида боюнча турнирлер өтүп турду. Мындан сырткары пул-8, пул-9 жана снукер боюнча мелдештерди өткөрдүк. 1998-жылы федерация жанданып, Кыргызстанда алгачкы бильярд чебери Каныбек Дүйшөбаев чыкты. Ага чейин бизде спорттун бул түрү боюнча чебер жок эле. Андан бери кудайга шүгүр 12 спорттун чеберин, 13 спорт чеберчилигине кандидаттарды даярдадык. Алардын бири аял. Бизде азыр жалгыз эмгек сиңирген машыктыруучу Геннадий Нетесов. Анын кыргыз бильярдына кошкон салымы зор. Кезинде ал бильярд боюнча Фрунзе шаарынын, СССРдин бир канча жолку чемпиону болгон. Учурда андан тарбияланган 5 мастерибиз бар. Ал өз демилгеси менен 5 жолу республикалык чемпионат өткөрдү. 12-мартта Геннадий ага 75 жашка толот. Буюрса бильярд федерациясы ал кишинин урматына оюн уюштурабыз.
- Бильярд боюнча мектеп ачылды деп уктук эле…
- 2002-жылы Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов болуп турганда федерациянын жетекчилигинин, машыктыруучулар кеңешинин, калыстар коллегиясынын өтүнүчү менен бильярд жана бокс мектеби ачылган. Бирок бильярд агезде олимпиадалык спорттун түрүнө кирбегендиктен мектеп жабылып калган. Жакында англиялыктар снукерди олимпиадалык оюндардын катарына киргизишти. Ошол себептен декабрь айында Бишкекте бильярд жана снукер боюнча мектеп ачтык. Азыр мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы, методист жана 14 тажрыйбалуу машыктыруучу келечектеги бильярд чеберлерин окутуп жатышат. Жакында ошол жаңы мектептин снукер боюнча алгачкы турнирин өткөрдүк. Турнирге окуучулар катышып, абдан кызыктуу өттү. Буюрса, Токмок, Кара-Балта, Нарын, Ошто бильярд мектептерин ачалы деген ой бар. Бул боюнча шаар башчылары, Нарын губернатору менен сүйлөштүк. Мектепке алынгандар жогорку спорт чебери, спорт чебери, өркүндөтүүчүлөр, жаңы келгендер болуп төрткө бөлүнөт. Мектепке 21 жашка чейинкилер гана кабыл алынат. Андан жашы жогорулар федерацияга кайрылып, акы төлөп машыгышса болот.
- Шейшенбек ага, өзүңүз укук коргоо кызматында жүрүп бильярдга кандайча аралашып калдыңыз?
- Мен 1997-жылы бильярдга кызыгып, федерацияга келип-кетип жүрдүм. 1998-жылы 44 жашымда биринчи жолу кийди колго алып, декабрда турнирде утуп чыктым. Ошондон тарта федерацияга жардам бере баштадым. Агезде ИИМдин уюшулган кылмыштуулук жана бандиттикке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болчумун. 2000-жылы мени федерацияга вице-президент кылып шайлашты. 2001-жылы биринчи вице-президент болуп калдым. 2008-жылы апрелде федерациянын жыйыны болуп, башкы катчынын милдетин да жүктөштү. Башкы катчы аткаруучу орган катары бардык уюштуруу иштерин жүргүзүшү керек. Башкача айтканда, календардык план боюнча турнирлерди уюштуруп, пирамида боюнча эл аралык комитеттер менен кызматташып, машыктырууларды өткөрүп турушу зарыл. Ушундай ишеним, жоопкерчилик жүктөлгөн соң болушунча аракет кылып келатам.
- Эл аралык чемпионаттарга оюнчулар кайсы жерден, кандайча тандалып жиберилет?
- Былтыр бул жайды федерация үчүн кыргыз агрардык университетинен 5 жылга ижарага алдык. Бильярд боюнча азиялык, европалык, дүйнөлүк турнирлер болордо ушул жерде курама команда тандалат. Федерацияда рейтингдик турнир болуп, алдыңкы орундарды алган оюнчулар гана эларалык турнирлерге жөнөтүлөт. Бул турнирге ишенимдүү баруубузга түрткү берет. Мына жакында Алматыда аралаш пирамида боюнча турнир болуп, биздин оюнчубуз Каныбек Сагынбаев экинчи орунду жеңип алды. Кубанычбек Сагындыков бешинчи орунду утуп алса, үч оюнчубуз күчтүү 16 оюнчунун катарына киришти. Жалпы баллдык жыйынтык боюнча биздин команда экинчи орунда турду. Менимче, бул жакшы жетишкендик.
- Кыз-келиндерден бильярдга кызыккандар барбы?
- Бизде азырынча аялдардан Наталья Иванова аттуу жалгыз спорт чеберибиз бар. 2005-жылы биздин команда Россиянын Калининград шаарында болгон турнирге катышып, Натальянын ийгилигинин аркасында үчүнчү орунга жетишкен. Азыр мыкты ойногон беш-алты кызыбыз бар. Бирок, баары бир аз. Ошондуктан азыр жогоруда аталган бильярд мектебине кыздарды алып жатабыз. Федерациянын өзүндө болсо машыгууну каалаган кыз-келиндерге эшик ачык. Буга кошумча аялдар арасындагы республикалык турнирлер да болуп турат.
- Башка облустарда федерациянын филиалдары барбы?
- Өткөн жылы биз Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына барып, ал жерлерде облустук бильярд федерацияларын түздүк. Таласта, Бишкекте федерациялар мурун эле бар болчу. Эми март айынын аягына чейин Чүй облустук федерациясын түзөбүз. Анан Нарын, Ысык-Көлдө да түзүлөт. Жакында Ошто республикалык бильярд чемпионатын өткөрөлү деп турабыз. Жалал-Абад облустук бильярд федерациясы Улуу Ата мекендик согуштун 65 жылдыгына карата Жалал-Абад губернаторунун кубогуна турнир өткөрүүгө даярданып жатышат. Буга чейин облуста Жалал-Абад шаар мэринин кубогуна турнир өткөрүлгөн.
- Жылыга орто эсеп менен канча турнир өткөрүлөт? Же ал каражатка байланыштуубу?
- Албетте, каражатка да байланыштуу. Ошого карабай бир жылда көп эле турнирлер өткөрүлөт. Алсак, төрт жылдан бери жылыга "Дипломат кубогу" турнири өткөрүлүп келатат. Буга Кыргызстандын ар кайсы өлкөлөрүндөгү элчиликтери, башка өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери, депутаттар, министрлер, аскер кызматкерлери катышат. Оюнга катышкандар ортого акча чыгарып, ал "Дипломаттардын аялдары" клубуна тапшырылат. Клуб акчанын чыпчыргасын коротпой муктаж болгон балдар үйүнө беришет. Кыскасы, бул турнирлерди кайрымдуулулук турнири деп койсок да болот. Мындан сырткары өлкөдөгү ар кайсы мекемелердин, министрликтердин, райондук, облустук администрациялардын өтүнүчү боюнча да түрдүү турнирлерди өткөрүп келатабыз. Жалпысынан былтыр федерация 14 турнир өткөрдү.
- Кыргызстанда бильярд спортунун келечеги кандай?
- Орус пирамидасы боюнча Европа комитети Азия, Европа, дүйнө жүзүндөгү командалар арасында рейтинг жүргүзгөн. Рейтинг боюнча Кыргызстан бешинчи орунда турат. Россия, Украина, Казакстан, Белоруссия, бешинчи бизбиз. Бул жылы пирамида боюнча эларалык комитет менен азиялык комитет Азия чемпионатын Бишкекте өткөрүүнү сунушташты. Комитеттердин ишенимин актап, чемпионатты жакшы өткөрүш үчүн өкмөттөн каражат бөлүп берүүнү сурадык. Президент да быйыл президент кубогун өткөрүп бергиле деп суранды. Азыр ушундай турнирлерге даярдык көрүп, жол-жоболорун иштеп жатабыз. Андыктан кыргыз бильярдынын келечеги кең десек болот.
- Бизде эларалык класстагы бильярд чеберлери барбы?
- Бизде эларалык класстагы спорттун эки чебери бар. Алар Владимир Морозов, Каныбек Сагынбаев. А эл аралык деңгээлдеги эмгек сиңирген спорт чебери болуш үчүн эки жолу чемпион болуш керек. Азырынча андайлар жок. Бирок, уучубуз куру эмес. 12 спорт чебери, улуттук категориядагы үч судья бар. Бул судьяларды азия чемпионатына, башка эл аралык турнирлерге катыштырсак, аларга эл аралык категория берилип калышы мүмкүн. Азыр ошону ишке ашырсак деп турабыз.
- Айтсаңыз, бильярддын башка спорт түрлөрүнөн айырмачылыгы кайсы?
- Биринчиден, бильярд акыл-ойду бир жерге топтоого чоң жардам берет. Оюнда жүрөк, кол, мээ, көз бир бүтүн нерсеге айланат. Бильярд адамдын нерв системасын жакшыртат. Россияда инсульт болуп, бир ыптасы кыймылдабай калган адам бильярддан калыбына келип, кадимкидей басып кетиптир. Ушунун өзү эле бильярддын кандай оюн экенин айтып турат.
- Каражат маселесин кандай чечип жатасыздар? Өкмөттөн жардам болобу?
- Федерация бул коомдук бирикме. Ар бир федерациянын башкы, официалдуу демөөрчүлөрү же бир жолудан каржылай турган ар тармактагы демөөрчүлөрү болушу керек. Мындан сырткары башкы, официалдуу жана жөнөкөй өнөктөш дегендер бар. Ачыгын айтканда, азыр федерацияны каржылай турган демөөрчүлөр жок. Дүйнөлүк же Азия, Европа чемпионаттары болоордо тимеле буту-бутубузга тийбей каражат издейбиз. Балдарды жөнөтөрдө акча жагы кыйын эле болот. Бул боюнча Медетбек Керимкуловдун убагында мамлекеттик спорт агенттигине да жазгам. Жардам болгон жок. Кийинки спорт комитетине кайрылсам, алар үч адамга гана каражат бөлүп беришти. Калган үч-төртөө мамлекеттин намысын коргош үчүн аргасыз өз каражаттарына барып келип жатышат. Учурда федерациянын официалдуу 71 мүчөсү бар. Анын ичинен бухгалтер, офис менеджер, башкы катчы, техникалык кызматкерлер маяна алыш керек. Аларга биз азыр акча төлөй албайбыз. 2008-жылдан бери мен өзүм айлык ала элекмин. Чындыгында, бул жерде мага окшогон фанаттар иштешет. Бирок, ошого карабай өлкөдө бильярд динамикалуу өнүгүп келатат.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, тел:386713, e-mail:melis@vb.kg