12.03.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сапаркеп

Манасчы Рыспай ИСАКОВ:
"Чет элдиктердин маданияттуулугунан биздин өнөрпоздор адашуусу мүмкүн"
- Рыспай, жакында Америкага барып манас айтып келипсиң. Сапарыңдын жөн-жайынан кеп салып берсең.
- "Ордо-сахна" фольк-лордук-этнографиялык тобу менен 2005-2006-жылдардан бери кызматташып келатам. Ал топко кошулушума Эрлан Парманбаев деген жигит себепчи болгон. Ошол учурда аларга манасчы керек болуп турган экен. Америкага да ушу топ менен барып, бир нече шаарында концерт коюп келдик. Топто кыл кыякчы, чоорчу, доолбасчы, ырчы, айтор, аты айтып тургандай фольклордук-этнографиялык багыттагы чыгармачыл инсандар бар. Баш-аягы АКШнын Аризона, Нью-Мексика, Калифорния деген үч штатын араладык.
- Океандын ар жагына барып келген жол чыгымыңарды, ичкен-жегениңерди ким төлөдү?
- Ал "Ордо-сахнанын" уюштуруучулары менен чет өлкөлүк чакыруучунун ортосундагы маселе. Ошондой болсо да мындай чыгымдарды башынан эле чакырган тарап төлөрүн айта кетейин. Ал эми биз эл, жер көрүп, ырдап-чоордоп, анан өзүбүздүн тиешелүү акыбызды алганды гана билебиз.
- Америкада көрүүчүлөрүңөр кимдер болду?
- "Кыргыз көппү, жылдыз көппү" деген учкул сөздү азыркы заман тастыктап тургандай. Дегеним, азыр улутташтарыбыз жер шарынын бардык аймагында бар. Америкада деле кыкеңдер түзүк эле экен. Албетте, биз тууралуу кабар уккандары келип жатты. Бирок, негизги көрүүчүлөрүбүз жергиликтүү эл болду.
- Ал жактагы кыргыздардын жашоо шарты тууралуу сөзүбүздү анан улайлы. Өзүңөр эле концерт берели деп кеттиңер беле же...
- Бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн Америка жараны Александр Бапа "Ордо-сахна" театралдык-этнографиялык тобу боюнча интернет сайттардан окуп, чакыруу жиберген экен. Александрдын түбү тувалык дешти. Өзү көп жылдан бери океандын ары жагын мекендеп, америкалык болуп калыптыр. Бул иш-чаранын биринчи бөлүгүндө дүйнө элинин фольклордук-этнографиялык чыгармачылыгы боюнча илимий-конференция болмок. Тилекке каршы, биз жолдомо алалбай, виза ачууда кыйынчылыктар болуп, чакырылган убактан бир ай кечигип баргандыктан биртоп өксүктөр болду. Конференцияга катыша албадык. Анткен менен концертибизди койдук. Барган мээнетибиз кайтып, көрүүчүлөр чыгармачылыгыбызды жакшы кабыл алды. Ар бир өнөргө өзүнчө таазим этип, улуттук чыгармачылыгыбыздын уникалдуулугун моюндагандар болду. Катардагы көрүүчүлөр жөнөкөй көрүнгөн комуз, чопо чоор, сыбызгыбыздан керемет кайрыктар жаралып жатканына таңгалганын жашырышкан жок. Манас айтып жатканда үндүн, мимиканын ыргагына кадимкидей таасирленип, термелип уккандарын сезип турдум. Мындан улам улуу дастандын касиетине миң ирет ынанып, Кудай биздин элге ушундай керемет өнөр берип койгонуна ыраазы болдум. Кайсыл бир жерде концерт бүткөндөн кийин бир америкалык жаран "эмнегедир менде ушул "Манас" эпосун уккандан кийин кандайдыр бир коркуу сезими пайда болду. Өзүмчө эле аябай коркуп жатам" деди бизге келип. Мүмкүн ага манас дүйнөсү өзүнүн улуу касиетин сездиргендир. Бирок бир нерсени эске алыш керек, батышка барып келген биздин ырчы-чоорчулардын көбү "ой, мен деген тиги өлкөнү багындырып келдим. Алар мени укмуш кабыл алды" деп келишет. Көрсө, батыш өлкөлөрүнүн көрүүчүлөрү сахнада аткарылып жаткан чыгарма жакса-жакпаса да кунт коюп угуп, акырында бардыгы тегиз жылмаюу менен кол чабышат экен. Алардын мындай маданияттуулугу биздин айрым алаңгазар өнөрпоздорубузду адаштырып коюшу мүмкүн. Өзгөчө шоу-бизнес тармагындагы ырчылар "мени чет өлкөлүктөр сүйүп калышыптыр" дегенге чейин барып жатышпайбы. Башкача айтканда, батыш жек көрүп турган адамына деле жылмайып мамиле кылып, комплимент айта берет десек болот. Булардын чындап жакшы көргөнү, өнөрүңдү баалаганы, ошол өнөрпоз же ал чыгармачыл топ менен кызматташууга келишим түзүү боюнча сунуш киргизгенде гана ырасталат экен. Албетте, биздин этнографиялык салттык музыка, манасчылыгыбыз алар үчүн жаңылык болуп, кызыгууну жаратып турганы ар бир жерде байкалган. Жыйынтыгында биз 25 өлкөдөн чакыруу алып, бир нече америкалык продюсерлер кызматташууга кол сунду. Барган жерибиз кайрадан чакыруу берип, сентябрда дагы Америкага бармай болдук. Бул жолку барышыбызда өзүбүздү тааныштыруу иретинде 200-300 кишилик сахналарда гана өнөр көрсөтсөк, эми кийинки барышыбызда 1000-2000 көрөрмандардын астында өз өнөрлөрүбүздү тартуулоо боюнча макулдашылды. Ошондой эле дисктерибизди чыгаруу, таратуу тууралуу да келишим түзүлдү. Айтор, сапарыбыз текке кеткен жок. Уюштуруучулар айткан жерге концерт берип, бош учурубузда өздөрүн дүйнө жүзүндөгү биринчи өлкө деп атаган мамлекеттин табияты, элинин жашоо шарты менен да таанышып жүрдүк.
- Күндөлүк программаңар кандай болду?
- Негизинен эркин эле болдук. Ырдап-чоордоп жатып албай, өзүбүз барган аймакты кенен аралаганга аракет кылдык. Көз мелжиген талаасынан "каньон" деп коюшкан чуңкурларын көрдүк. Кайсыл бир жеринен адамдардан коркпой, керек болсо үйлөргө кирип жүргөн элик, карышкыр, аюу сыяктуу жапайы жаныбарларды кезиктирдик. Керемет токойлорун, эч ким тийбеген жаратылыш байлыгын көрүп, Америка өздөрүнүн жериндеги ар бир ташты көзүнүн карегиндей сактап, бөлөктөрдүкүн, башкача айтканда, жер шарынын башка аймагында жайгашкан өлкөлөрдүн табиятын талкалайт тура деген ойго келет экенсиң. Жылан үйгө эркин сойлоп кирип, аюулары бактан алма уурдап, манаста айтылгандай "Адырынан аркар куюлуп" турган жерлери бар экен Американын. Биздегидей жапайы жаныбарын атып, кууруп жеп алсаң соттолот экенсиң. Чаяндын да укугу корголот экен ал жакта. Отуну үйүлүп жатат, тийген эч ким жок. Ал жаткан жеринде чирип жаратылыш өз мыйзамын аткарсын дешет окшойт. Бизде болсо куураган жыгач эмес, кырчындай токойлорду да топон кылып жатышпайбы. Америка табиятты коргоо жагынан чындап үлгү алчу өлкө экен. Эгин эккен талаалары да бир укмуш. Жөөктөрү сызгыч менен сызгандай зымпыйат. Эгинин сугаруу үчүн труба коюлуп, ал белгилүү жеринен тешилип коюлган. Ар бир нерсе астейдил көңүл буруу менен жасалган.
- Америкадан башталды деген дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирлерин байкай алдыңбы?
- Аны сөздөрүнөн байкаганым менен өздөрүнөн байкаган жокмун. Мисалы, дээрлик төрт литр бензинди 3 долларга аласың. Бул ал жактын орточо айлыгы менен эсептегенде өтө эле арзан.
- Арзан ижара тапканга биздикиндей жаңы конуштары бар бекен?
- Биз барган жерлерде шаар менен айылдын айырмасы таптакыр билинбейт. Бардык жерде бирдей шарт, бирдей маданият. Кайсыл жерде адам жашаса ошол жерде ысык суу, муздак суу, газ, жарык, асфальт, интернет бар. Ээн талааларды аралаган жолдору деле кычырайт.
- Баса, силер шаарды кыдырып жүргөндө полиция канча жолу паспорт сурады?
- Бул менин Америкага экинчи жолу барышым. Албетте, аэропорттон түшкөндө өз эрежеси боюнча документиң текшерилет. Бирок, өлкөгө киргенден кийин менден бирөө дагы паспорт сурап койгон жок.
- Жеке сен үчүн Американын эмнеси жакпады?
- Биринчиден, тамак-ашынан көңүлүм калды. Жалаң эле химикат, жарым фабрикат. Этин оозуңа салсаң кагаз чайнагандай болуп көңүлүң айланат. Жасалган тамагынын даамы да, жөнү да башка. Ысык шорпо-шилең дегенди анча билишпейт экен. Көпчүлүгү кургак тамак жешет.
- Ал жакта иштеп жүргөн кыргыздар менен кездештиңер да...
- Албетте, кай жерде болсо да кагылайын кыргыз пейили жандүйнөңдү элжиретет го. Бизди белгилүү мушкер Алмаз Райымкулов баштаган ошол жерде жашап, иштеп, бутуна туруп калган биртоп жердештерибиз тосуп алып, көрбөгөнүбүздү көрсөтүп, билбегенибизди билдирип, атургай крокодил союп коноктошту. Мени Алмаз Райымкуловдун "кыргыздын намысын көтөрөм деп келген ар бир жердешимди колдойм" дегени толкундантты.
- Ал жактагы катардагы кыргыздар эмне иш кылышат экен?
- Ар кандай. Мисалы, Жаныш деген жигит курулуш иштери менен алектенген жеке фирма ачкан. Мындан сырткары, такси айдаганы, дүкөн кармаганы, колго тийген жумуштарды жасаганы бар. Ошол жактан үй алып, жумушунан кадыр-барк таап, ирденип калган жердештерибиз бар экенин көрүп кубандык.
- Сен деле калып калбайт белең...
- Мага көп тааныштар мурдагы жолу кетип жатканда да, бул жолкусунда да "сага зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми Америкада калып кал" дешкен. Бирок менин бул өлкөдө эки айга жакын турушум азап менен тозок болуп кетти. Бир жума өткөндөн кийин эле өз мекениме болгон кусалык башталган. Ооба, биздей чыгармачыл кишилер ал жерден жолун таап алып оңой-олтоң жашаса болот. Бирок мен Америкага байласа да турбайм. Мени ал жердин абасы тумчуктуруп жиберет. Негизгиси, Манастын мекени Ала-Тоо. Андыктан бул эпос өз жеринде, өз элинде гана бактылуу. Эзелтен кыргыз Манас керемети менен шыктанып, курчуп келген. Азыр биз да Манасты көтөрүү менен өз элибиздин демине дем, күчүнө күч кошушубуз керек.
- Рыспай, кыргызды кыргыз кылган улуу "Манас" эпосун эки жолу Америкага даңазалап келипсиң. Бийликтегилер бир нерсе дедиби? Дегеним, батыш өлкөлөрүнө барып майда-чүйдө конкурстарга катышып келген бүгүн бар, эртең жок шоу бизнестин бирин-экин өкүлүнө президент үй белек кылып, ары-бери барып келгенине жол кире берип, анан тиги өнөрпоз бул окуя тууралуу бүт гезитке маек бере койчу эле. Сен негедир бул жөнүндө айтпайсың го.
- Мен бийликтегилерден жол кире алганга муктаж эмесмин. Себеби, бизди чет өлкө өздөрү чакырып, ичкен-жегенибизди, жол чыгашабызды өздөрү төлөйт. Ал эми жанагы сен айткан эстрада ырчыларына жардам берген туура. Себеби, аларды эч ким чакырбайт. Андыктан жол киресин, ал жакта жашай турган акчасын өздөрү таап барыш керек. Өзү негизи "Кыргызстан мага эмне берди дебей, мен Кыргызстанга эмне берем" деген ой менен жашаш керек го дейм.
- Маегибиздин акырында турмуш-тиричилигиң, үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?
- Алты саның аман туруп арыздансаң дагы жарашпайт. Кудайга шүгүр, бир уул, бир кыз, жубайым бар. Шаардын сыртында болсо да үстүмдө үйүм бар. "Өнөрлүү өлбөйт" дейт эмеспи кыргыз.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
тел.: 38-67-13