12.03.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Элдик саясат

Ошентип кыштын кычыраган суугу жадыраган жазга алмашты. Дегеле, март айы майрамга да, саясат окуяга да бай. Сегиз жыл мурда 17-мартта Аксы окуясы болсо, беш жыл мурун 24-мартта бийлик алмашкан. Ушундай себептерден улам эл аралап, алардын маанайын билүүгө аракет кылдык.


Нурлан ҮСӨНБАЕВ,
Ысык-Көл облусунун тургуну:
"Бөлүнмөй
жакшылыкка алып барбайт"
- 23-мартка белгиленген ынтымак курултайы элди биримдикке чакырып, бийлик менен коомчулуктун ортосундагы ажырымды бекемдээрине ишенесизби?
- Кыргыз бийлиги маяна, пенсия, жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатып, тамак-аш наркын арзандатканы оң. Тилекке каршы, бизде андай шарт жок. Бир айлык кирешең күнүмдүк жашоону канааттандырбайт. "Өлбө жаным өлбө" деп тиричилик өткөрүп жатабыз. Замандын ушундай оордугуна карабастан, эл эч качан бөлүнгөн эмес жана бөлүнбөйт дагы. Карапайым калкка эң башкысы, тынчтык керек.
Жогору жактагылар уруучулук, жердешчилик, түндүк-түштүккө бөлүнмөйдү өнөкөткө айландырып, аны жеке кызыкчылыгына пайдаланышууда. Менимче, ынтымак курултайында ушуга окшогон орчундуу маселелер талкууланып, конкреттүү жыйынтык чыгышы абзел. Ошондо гана курултай өз максатына жетиши ыктымал. Антпесе, уруу-урууга бөлүнмөйдүн аягы жакшылыкка алып барбайт. Өлкө келечегине доо кетиши мүмкүн…
Эргешбай ЖУРАЕВ, пенсионер:
"Өкмөт дыйкандарды алдабаса"
- Кыргыз өкмөтүнүн айыл чарбасына жасаган мамилесин кандай баалайсыз?
- Өткөн жылы экс-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов буудайдын килосун 10, ал эми кант кызылчасын 2,3 сомдон сатып алабыз деген. Бирок, убада суу кечкен жок. Анын кесепетинен дыйкандар банкротко учурады. Өкмөт айыл чарбасына мындай мамиле кылбашы керек эле.
Быйылтан тартып президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген агенттик айыл чарбасына анча-мынча көңүл бура баштагансыйт. Маселен, дыйкандарга жеңилдетилген кредит таркатуу, өндүрүлгөн продукцияны ойдогудай баада сатып алуу демилгесин көтөрдү. Менимче, бул жакшы саамалык. Мамлекет башчысынын уулу эми айтылган убадалардын жүзөгө ашуусун тыкыр көзөмөлдөгөнү оң. Ошондо гана оңгулуктуу жыйынтык чыгат.
Жумагүл ЖОРОЕВА, төлгөчү:
"Жыл тынч эле болот"
- Мурда жаз, күз мезгилинде массалык толкундоолор болуп, борбордук аянтка эл батпай кетер эле. Быйыл дагы ошондой көрүнүш кайталанбайбы? Дегеле бу жылы кандай "сүйрүприздер" күтүлөт?
- Менин колдоочуларымдын айтымында, барс жылы тынч өтөт. Республикалык деңгээлдеги нааразычылык акциялары болбойт. Жаз, жай айларында керектүү тамак-аштын баасы кичине өсүшү ыктымал. Бирок, ал көпкө созулбайт. Күзүндө баба дыйкандын эмгегинин акыбети кайтып, түшүм мол жыйналат.
Саясат жаатында деле олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.
- Бөлөк мамлекеттердегидей бизде да жаратылыш кырсыгы кайталанбайбы?
- Жараткан андай алааматтан сактасын дейли. Ошентсе да, быйыл жер силкиниши мүмкүн. Тилекке жараша, жаратылыш кырсыгынан эч ким жапа чекпейт.
Дастан КАМЧЫБЕКОВ,
Аксы районунун тургуну:
"Тунгуч президенттин ордун тарых тактайт"
- Былтыртан тартып 24-мартты майрам катары белгилей баштадык. Сен үчүн бул күн кандай мааниге ээ?
- Бизде ансыз деле шаан-шөкөттүү күндөр жетиштүү. Ал эми 24-марттын майрам катары кабылданышы жеке менин жашоомдо зор роль ойнобойт. Ооба, 2005-жылы Акаев Москвага качып, анын ордун бүгүнкү бийлик ээледи. Туңгуч президент элге, мамлекетке кандай зыян же пайда келтиргендигин тарых тастыктайт. Анүчүн, арадан бери дегенде 50-60 жыл өтүшү зарыл. Азырынча бийлик революциялык жол менен алмашып, карапайым калктын мүдөөсү аткарылды деш эртелик кылат. Мындан беш жыл мурдагы элдин тилеги, Ак үйдөгүлөрдүн толгон токой убадасы канчалык деңгээлде жүзөгө ашканына бүгүнкү турмуш өзү күбө.
Гүлзат ТУРДУКАНОВА,
Жаңы-Жер айылынын тургуну:
"Өкмөт
айтканынан
кайтпайт"
- Электр энергиясынын наркы жогорулаганына байланыштуу айрым аймактарда митинг өттү. Ушундай эле өңүттөгү нааразычылык акциясы Бишкекте уланса катышат белеңиз?
- Элеттиктер ансыз деле жокчулуктун сазына баткан. Ошого карабастан электр жарыгына болгон төлөм эки эсеге өстү. Мурда айына 500 сом төлөсөк, эми 1000-1500 сомго чейин төгө баштадык. Мындай ири каражатты табууга көпчүлүктүн чамасы чак келбеси турган иш. Менин жеке пикиримде, менчик ишкана, завод-фабрикаларга бөлөк, катардагы жарандарга жеңилдетилген тариф киргизсе туура болмок. Анда бүгүнкүдөй нааразычылыктар жаралбайт эле.
Кыргыз өкмөтү өз чечиминен артка кайтпаса керек. Тактап айтканда, электр энергиясынын баасы төмөндөбөйт деп ойлойм. Мурдагыдай пикет-митингдин заманы өткөн. Миң жолу нааразычылык акциясына катышсаң да оңгулуктуу натыйжа чыкпайт. Тескерисинче, андан зыян тартып калышың ыктымал. Жок жерден кырсыкка кабылганды ким эле каалайт экен?
Мирлан ЖАЙНАКОВ, Сокулук районунун тургуну:
"Жаштар
мекенине кайтпай калышы
ыктымал"
- Жаштардын учурдагы эң негизги көйгөйлөрү кайсылар?
- Бизде жогорку окуу жайлардын саны арбын болгону менен, жаштардын басымдуу бөлүгү жеткиликтүү билим алалбай атышат. Бүгүнкү күндө контракттын эң төмөнкү чеги - 15 миң сом. Айрымдар мындай каражатты таба албайт. Жогору жактагылар ушул маселеге зор көңүл буруп, контракттын өлчөмүн 10 миң сомго чейин төмөндөтүшсө деген тилегим бар. Ал эми бюджеттик орундар боюнча кеп башка. Жылына 4000ге жетпеген бюджеттик орун берилет экен. Анысы аз келгенсип, мунун жарымынан көбүн тааныш-билиш, "крышасы" күчтүүлөр ээлери калетсиз.
Айыл жергесинде ылайыктуу жумуш жок. Көпчүлүк жаштар колоктоп бош жүрөт. Андыктан, өкмөт элеттик жаштардын маданиятын, билим деңгээлин көтөрүү жаатында программа иштеп чыгышы керек.
Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн билимдүү жаштарыбыз арбын. Эгерде мамлекетибиз ушул бойдон кете берсе, алардын басымдуу бөлүгү мекенине кайтпай калышы ыктымал. Мына ошолор Кыргызстанды оңдоп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошоруна ишенем. Менин жеке пикиримде, жогоруда санап өткөн көйгөйлөрдү тез арада чечсек эле оңолуу жолуна түшөбүз.
Улан СУЛТАНАЛИЕВ, убактылуу бош:
"Экономикадан мурда жандүйнө кризиси коркунучтуу"
- Кыргызстандын өнүкпөй атканынын негизги себеби неде?
- Мунун себеби бирөө эле. Кыргыздар жандүйнө кризисине тушуктук. Азыр жаштардын басымдуу бөлүгү "Манас" эпосу тууралуу, Чыңгыз Айтматов ким экенин билбейт. Элдик нукура ырларды укпайт, адабий чыгармаларды окушпайт. Баарыбыз батыштын маданиятына, салт-санаасына ыктап кеттик. Менимче, аткаминерлер экономика кризисинен мурда жандүйнө кризисин жоюшу абзел. Анүчүн, искусство тармагынан каражат аябашы керек. Маданият агенттигинин структурасын кайрадан карап, аны Маданият министрлиги кылып түзүү - заман талабы. Маданиятын, салт-санаасын, тарыхын сыйлаган мамлекет гана өнүгүү жолуна түшөт.
Кенжебек БЕГМАТОВ, курулушчу:
"Эч кимге ишенбейм"
- Сенин баамыңда саясый партия лидерлери, оппозиция, бийлик өкүлдөрүнүн арасынан өлкөнү өргө сүрөй турганы ким?
- Саясатчылардын көпчүлүгүнө эл ишенбей калган. Себеби, оппозиция, позицияда жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү "мен гана болсом" принцибинде келатышат. Алар үчүн мамлекет тагдырынан да жеке кызыкчылыгы жогору турса керек. Кудай сактасын, эртеңки күнү түшкө киргис жаман окуя болуп калса, өзүн лидер сезген тыңчыкмалар артын карабай качышы мүмкүн. "Элим, жерим" деп жалындуу сүйлөп, чечүүчү мезгил келгенде чет өлкөнү көздөй сызган айрым оппозиция лидерлеринин жоругу буга далил. Албетте, алар кара жанын аман сактап калышты деңизчи. Бирок, өзүнүн дарамети канчалык экенин сезгенден кийин карапайым калкты убарага салып, курал катары пайдалануунун кажети бар беле? Мына ушундай жагдайлардан улам, жеке мен бир дагы саясый инсанга, саясый топко ишеним артпайм. Өзгөлөргө ишеним арткыча, өз арабамды кылдыратып, тиричилик өткөргөнүм артык.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
сүрөттөр автордуку