05.03.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Миң кырлуу өнөр

Адамдын денесин ажыратып, кайра бириктирип…

Көз боочулук, иллюзия менен көпчүлүктү таңгалдырган, дүйнөгө таанымал Дэвид Копперфилд, Игорь Кио, Амаяк Акопян сыяктуу магиянын сырын түшүнгөн адамдар чанда болсо керек. Кыргызстандык Ильдар жана Алексей аттуу жигиттер редакцияга келип, көз боочулуктун түрүн көрсөтүштү. 200 сомдук купюраны тешип, кайра бүтөп, көздөн кайым кылып, картанын түстөрүн алмаштырып, айтор, биртоп өнөрлөрүн көрсөтүштү. "Престиж" магиялык тобунун жетекчиси Ильдар ЯГОФАРОВ менен баарлашып, көз боочулуктун сырларынан кеп курдук.


- Биринчи жолу көз боочулукту кантип баштадыңар эле?
- Кичинекей кезимде таякем ширеңкенин башын кулагына салып, мурдунан чыгарганын көрүп таңгалып, "мага да үйрөтчү" дегеним эсимде. Ошондон кийин мен көз боочулукту үйрөндүм. Көз боочу Игорь Кио сыяктуу чоң кутуларга адамды салып, аны жоготуп, кайра пайда кылган трюктарды жасайбыз. Мындан сегиз ай мурун сахнада адамдарды абага калкытып учурабыз деген максатты алдыга койгон элек. Азыр дүйнөгө таанымал көз боочу Дэвид Копперфилддин адамдарды абага калкытып учурган трюгун жасай алабыз. Жакында Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барып, ар кандай оюндарды көрсөтүп, бөбөктөрдүн көңүлүн көтөрүп кайттык. Негизи магия, сыйкыр, иллюзия, көз боочулук жөнүндө көптү айтса болот.
- "Престиж" тобун ачканыңарга канча убакыт болду?
- Мен бул чөйрөдө иштегениме 12 жыл болду. Буга чейин "Рампа" деген театрда иштедик. Ал эми "Престиждин" ачылганына алты жыл болду. Биз Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда оюн көрсөтөбүз. 2009-жылы иллюзионисттердин Америкада болгон сынагында байгелүү орунга татыдык. Франциядагы чоң фестивалга катышып, жакшы ийгиликтер менен кайттык.
- Силерге демөөрчүлөр жардам бериштиби же өз күчүңөр менен бардыңарбы?
- Бизди дайыма колдогон демөөрчүлөр жок. Бирок, биз Кыргызстандын атынан барсак да, Казакстан демөөрчүлүк кылып, Америкага жиберишти. Чет мамлекетке чыгып фестивалга катышкан учурда бизге Казакстан колдоо көрсөттү, бирок, биз Кыргызстанданбыз деп айтабыз. Казакстандан белгилүү бир бизнесменди иллюзия менен денесин кескилеп, кайра бириктиргенбиз. Ал таңгалып, силерге дайыма колдоо көрсөтөм деп сөз берген. Биз ошол жерден чет өлкөгө чакыруу болгонун айтсак, дароо эле каражатын берди.
- Магияны ар бир адам эле үйрөнө албаса керек. А силер кантип үйрөнүп калдыңар?
- Мындан бир нече жыл мурун француз көз боочусу Андрей Колян Кыргызстанга келип, кайрымдуулук иретинде шоу көрсөтүп, түшкөн каражатты балдар үйүнө берген. Биз андан көз боочулуктун сырларын үйрөтүүнү суранган элек. Ал абдан жөнөкөй, жакшы киши экен, бизге иллюзиянын сырларын үйрөттү. Ошондон кийин көз боочулукту үйрөнүп, Кыргызстандагы иллюзияны мыкты өздөштүргөндөрдүн катарына кошулдук. Азыр топко жаш кыздарды да алдык. Алар сахнада бийлеп, асманга калкып уча алышат, кайра көздөн кайым болуп, башка жактан пайда болушат. Бул да магиянын бир түрү. Көз боочулукту үйрөнгөндөн кийин башкаларга да үйрөтө баштадык. Азыр биз үйрөткөн кыздар магиянын башкача бир ыкмасын көрсөтүп, кайра бизди таңгалдырышчу болду. Мисалы, колдун манжаларын жоготуп салышат. Алар башкалардай болуп караңгыда эмес, жарыкта, баарына көрүнө тургандай жасашат. Антпесе, караңгыда көпчүлүк ишенбей калышы мүмкүн. Мындай көз боочулукту кандай гана адам болбосун үйрөнүүгө кудурети жетет.
- Мындан бир нече жыл мурун телевизордон "магиянын бети ачылды" деп анын ыкмаларын, көз боочулукту кантип жасоону көрсөтүп чыгышты эле…
- Ооба, "магиянын бети ачылды" деп ачыкка чыгарышты. Бирок, ал ыкмалардын баары эскирген. Ал эми азыр эл билбеген жаңы ыкмалар бар, аны көпчүлүк ачалбайт деп ойлойм. Мисалы, биз жасаган көз боочулуктун кичинеси да, чоңу да бар. Көпчүлүккө кичинесин көргөзсөк эле таңгалышат. Булар микромагия деп аталат. Адамдын денесине колун салып, тигил жагынан тешип өткөрө алган трюкту иштеп чыкканбыз. Аны көрүүчүлөр абдан таңгалуу менен кабылдашат.
- А эмне үчүн башка шоумендер сыяктуу чоң концерттик залдарга, филармонияга же спорт сарайына оюн көрсөтпөйсүңөр?
- Биз түнкү клубдарда иштейбиз. Жакында ырчы Мирбек Атабековдун продюсери менен сүйлөштүк, алардын шоусуна да катышып берүүбүздү суранышты. Мирбек сахнага иллюзиянын негизинде жок жерден пайда болсо, абдан кызыктуу болот да. Билгендер бизди корпоративдик кечелерге, той-тамашаларга чакырышат. Филармонияга, же спорт ордосуна өзүбүздүн шоуну көрсөтөлү деген ойдобуз. Азыр бизде эң чоң төрт трюк бар, дагы төрттү кошуп, Кыргызстанга белгилүү, таланттуу ырчылар менен биргеликте шоу өткөрсөкпү дейбиз.





Жалгыздыктан жадап бүттүм

Жалгыз бой адамдарды жалгыздык дүйнөсүнөн чыгарып, үй-бүлө курууга өбөлгө болгон тааныштыруу кызматтары ар бир ММКларда, интернет сайттарда бар. Бир жылдан ашуун убакытта бир топ адамдарды табыштырып, үйлөнтүүгө шарт түзгөн ушундай кызматтын жетекчиси Чолпон ШАРШЕНОВА менен маек курдук.


Таанышкым
келет сиз менен…
- Бир жылдан бери тааныштыруу кызматын ачып, иштеп келатабыз. Турмушта тагдырдын ар кандай кырдаалы, жашоонун ар кандай сыноосу болот. Эмне үчүн адам бир келген жашоодо жалгыз жашап, өмүр өткөнчө бактысыз өтүшү керек? Ар ким өзүнүн жашоосу жакшы болсо айланасындагы бактысыз, же жалгыздыкты башынан кечирип аткан башкаларга көңүл бөлбөйт экен. Биз ар кандай тагдырга кабылган адамдар менен баарлаштык, аларга жардам берүүгө аракеттендик.
- Таанышууга келген адамдар көбүнесе кайсы курактагылар?
- Бизге кайрылган адамдар адегенде анкетага аты-жөнүн, жашын, иштеген ишин, социалдык, үй-бүлөлүк абалын толук жазып, сүрөтүн чапташат. Андан тышкары өзүнө кандай адам ылайыктуу аны да жазышат. Бизге түшкөн анкетадагы адамдарды ылайыктап көргөзүп, өзүнүн тандоосуна коебуз. Ал киши тандагандан кийин, жактырган адамын чакырып, офистен жолуктуруп, кофе берип, бир сыйра баарлашкандан кийин, алардын оюн сурайбыз. Таанышуу процесси ушундай өтөт. Бир жолу алтымышка чыккан киши келиптир. Ал киши өзүнөн жашыраак келинди жактырып, экөө үйлөнүштү. Адегенде келин анча каалаган эмес. Бирок, тиги киши кыйын экен, келиндин жүрөгүнүн ачкычын тапты окшойт, акыры макулдатты. Кийин үйлөнгөндөн кийин бизге ыраазычылык билдирип кетишти. Бизге кайрылгандардын көбүнчөсү орто жаштагылар.
- Сиздердин кызматка айымдар көп кайрылышабы же мырзаларбы?
- Негизи аялзаты көбүрөөк кайрылат. Жашоо-шартына караганда аялзаты мырзаларга караганда тың жана социалдык абалы жогору турарын баамдадык. Кайрылган айымдардын көпчүлүгү иштеген иши, үстүндө үйү бар, материалдык жактан эч кимге көз каранды эмес болушат. Ал эми жалгыз бой эркектер кээде турмуштан адашкан же ар кандай себептер менен иш жок, социалдык абалы төмөнүрөөк болот. Өткөн жылы сегиз адамдын багын ачып, үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүк бердик. Алардын кээсинин үйлөнүү үлпөтүнө да катыштык. Албетте, жеке жашоосун кура турган адамдарга кээде балдары жолтоо болуп калат. Көпчүлүк мырзалар аялзатынын мурдагы никесинен баласы жок болсо деген шартты коюшат. Кээси баласы болсо да кыз болсун деп айтышат.
Андан да чалып, мага жаш кыз таап бергиле дегендер бар. Кээ бир эркектердин маданиятсыздыгы, оройлугу зээнди кейитет. Тилекке каршы, таанышуу кызматын кээ бирөө сойкулук деп түшүнүшөт экен. Телефон чалып, бир саатка кыз таап бере аласызбы дегендер да болду. Биз бул кызматты үй-бүлө куруу максатында ачтык.
- Кайрылгандардын кандай окуясы эсте калды?
- Бир жолу таанышуу кызматына жакшынакай жаш кыз келиптир. Ал өзүнүн башынан өткөргөн турмушун айтып берсе көзүбүзгө жаш алдык. Эжеси менен жүргөн жигит, сиңдиси менен жүрүп алган экен. Сиңдиси алиги жигиттен төрөп алыптыр. Бул тууралуу айылдагы ата-энелери билбейт, ымыркайды эже-сиңди экөөлөп багып атышыптыр. Ал эми тигил жигит дагы эле келет экен. Ошол сиңдисинин абийирин жаап, тезирээк турмушка чыгып кетүү үчүн таанышуу кызматына кайрылышыптыр. Бизге келип бүт арманын айтып, ыйлады. Албетте, ага түгөй таап берүүгө аракеттендик. Таанышууга келгендердин кээси калп айтышат. Анкета толтурганда да жалганды жазып коюшат. Бирок, алар психолог менен сүйлөшкөндөн кийин эле калп айтканы билинип калат.
- Үй-бүлө куруу эмес, досчулук иретинде таанышат элем дегендер да болобу?
- Ооба, дос тапкысы келгендер да бар. Анткени балдары бар, бирок, турмуш кургулары келбеген адамдар болот. Ошондуктан аларга дос күтүүгө туура келет. Бакыттын булагы ар бир адамдын өзүнүн колунда деп айтаар элем. Барга көөп, жокко чөкпөш керек. Эгерде адам бактылуу болом десе ал сөзсүз бактылуу болот. Ал эми бактысызмын деп мөгдүрөй берсе анын тагдыры ого бетер оорлойт. Ошондуктан ар дайым башты көтөрүп, өз бактысын издөөдөн тартынбашы керек.
Бетти даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg