05.03.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ала-Тоого сагыныч

Биз жок жерде бардыгы жакшы

Расмий маалыматтарга таянсак, азыр чет өлкөлөрдө окуп, убактылуу иштеп жүргөн кыргыз жарандары 600 миңге чамалайт. Айрым маалыматтарда бул көрсөткүч мындан да көп экендиги айтылып келет. Кезинде борбордогу экономикалык институтту аяктап, учурда Дубайда иштеп жүргөн мекендешибиз Миргүл САКИБАЕВА менен байланыштык.

- Миргүл, Дубайда орточо айлык канча? Ошол каражатка жакшы жашоого болобу?
- Маяна ар кандай. Бул жерде улутка жараша айлык коюлат. Орус, англис тилин жакшы билгендер үчүн кызматка орношуу жеңилирээк. Негизинен орточо айлык 1000-2500 доллардын тегереги. Бул биякта жашагандардын бир айлык муктаждыктарына жетет.
- Демек, ал жакта тымызын улутчулдук бар турбайбы?
- Жок, андай деп айтууга деле болбойт. Дубайда 125 улуттун өкүлдөрү жашайт. Андыктан улутчулдук анчейин байкалбайт?
- Кыргыздар көппү? Алар көбүнесе кайсы тармактарда эмгектенишет?
- Көп. Алардын басымдуу бөлүгү соода түйүндөрүндө иштешет. Убактылуу иштөөгө, эс алууга келишип, экинчи жолу келгенде жарандык алууга аракет кылгандар арбын.
- Арабдар салт, тил жагын бекем кармашабы?
- Салтты катуу кармашат экен. Арабдар өз тилинде, көбү англис тилинде эркин сүйлөшөт. Бирок, көчөдөгү жазуулар, көрнөк-жарнактардын биринчиси сөзсүз түрдө арабча жазылат.
- Ичимдик, тамеки сатууга чектөө барбы?
- Тамеки бардык жерде эле сатылат. Ичимдик сатылат, бирок биздегидей баарын жайнатып, ачык сатуу жок.
- Кыргызстанга акчаны кантип жөнөтүп турасың?
- Ал жагынан кыйынчылыктар деле жок. Бардык өлкөлөргө акча жөнөтүү Араб Эмираттарында жакшы жолго коюлган. Каалаган банктан, кайсы убакта болбосун жөнөтө бересиң. Жөнөтүү акысы анчалык көп эмес.
- Кайсы валюта көп колдонулат экен?
- Дихрам (араб акчасы). Бирок, доллар көп колдонулат.
- Эмираттарда эт, сүт азыктары кымбат, күйүүчү май арзан деп жүрүшөт…
- Ооба, күйүүчү май, айрыкча бензин Кыргызстандагыга караганда кыйла эле арзан. Эт, сүт кымбат деле эмес. Эттин бир килограммы 200 сом, сүттүн литри 40 сом. Мага жакканы, дүкөндөрдө дайыма жаңы жер-жемиш, эт, сүт азыктары турат. Мөөнөтү өтүп, бузула баштаган азык-түлүктөргө көзөмөл катуу. Ошондуктан дүкөндөн тамак-ашты коркпой эле сатып ала берсең болот.
- Араб Эмираттарында мыйзамдардын аткарылышы кандай экен?
- Кыргызстандагыга караганда Эмираттарда мыйзамдардын аткарылышы жакшы жолго коюлган. Бул жакта милиция кызматкерлерин эл сыйлайт. Ошого жараша алар да калкка жакшы кызмат кылып, тартипти сакташат. Менимче, Бириккен Араб Эмираттары сырткы мигранттар үчүн да, жергиликтүү эл үчүн да коопсуз, тынч өлкө.
- Тартип демекчи, коррупция, жең ичинен пара берүү жагын байкай алдыңбы?
- Коррупция аз, жокко эсе десек да болот.
- Мекениңе биротоло кайтуу оюң барбы?
- Албетте бар. Бирок, жумушума байланыштуу азыр кайта албайм. Жашоо шарт жакшы, тиричилик кылуу жеңил болгону менен туулган жерге сагынуум күч. Башкаларга кандай билбейм, мен үчүн Кыргызстандан, мекенимден артык жер жок.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу