05.03.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Президентте деле жүрөк бар

Президент Курманбек Бакиев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады. "Атам замандан бери кыргыздын аялдары эркектер менен бир катарда коомдун турмушуна батыл катышып, керек болсо жоого каршы аттанып, жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп келишкен. Көөнөргүс "Манас" эпосунда аялдар үйдүн куту, очок ээси гана эмес, эли-жерин душмандан калкалаган сырттандар катары да сүрөттөлөт. Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл мырза, Курманжан датка сыяктуу асылзат аялдарыбыз элибиздин эсинде кыргыздын тукумун улаган мээрман эне гана эмес, кеменгер саясатчы, даанышман мамлекеттик ишмерлер катары да сакталып калды" дейт мамлекет башчысы. Не демекпиз. Ажо айтмакчы, мекендин, үйдүн куту энелер аман болушсун!

… Бектер кетет эл калат

Ынтымак курултайынан кийин айрым өкмөт мүчөлөрүнүн "киритке" чабылышы күтүлөрүн эшиттик. Бизге жеткен маалыматка караганда, билим берүү министри Абдылда Мусаев , саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов , энергетика министри Ильяс Давыдов жана финансы министри Марат Султановдун төбөсүнө кара булут айлана баштаптыр. Дагы кимдер отставкага айдаларына кези келгенде күбө болобуз.

Уккан адам чыгаар бекен?

Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев бүгүн-эртеңден жамы журтка кайрылуу жасамакчы. Анда бийлик-оппозиция тиреши жакшылыкка алып барбастыгы, андыктан эки жээк компромисске келип, элдин бейпилдигин, өлкөнүн эртеңин ойлонуу жөнүндө айтылышы ыктымал. Эркебаевдин мындай билдирүүсүн оппозиция-позиция короосундагылар кандай кабылдашар экен?

Атамбаев "калп" деди

"Азаттык" үналгысы Кара-Кулжа районунда революциялык комитет түзүлгөндүгүн жарыялаган. Муну кулагы чалгандар "экинчи 24-март дагы кайталанабы?" маанисинде шыпшынышкан. Мындай маалымат асыресе бийлик оппоненттеринин чырагына май тамызганы айтпасак да түшүнүктүү. Бирок, парламенттеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Нурпазыл Атамбаев редакцияга звандап, "Кара-Кулжада революциялык комитет түзүлгөнү жалган. Оппозиция ушинтип эле "беш өрдөгүн" учура берсе аброй тапмак беле" деди.

Мэрский чечим

Ордолуу Оштун кире беришине миллиондогон сомду мойсогон катта дарбаза тургузулат. Мындай чечимди калаа башчысы Мелис Мырзакматов кабыл алды. Ага чейин карапайым калк "таштанды төгүүчү жай Жапалак каналынын жанында жайгашкан. Анын айынан 20-30 миң адам ичер суудан айрылуу коркунучунда турат. Бул маселени тез арада чечип бериңиз" деп кайрылышса, Мелис мырза "акча жок" таризинде алакан жайыптыр. Дарбазанын курулушуна каражат тапкан мэрия шаар тазалыгы, элдин ден соолугуна келгенде "кембагал" болуп калабы? Буга не дейсиз, мырза Мырзакматов?

"Сарбагыштап" ураан чакырып…

Кыргызстанда уруучулдук күндөн күнгө күч алууда. Өткөндө жетиген уруусунун курултайы өтсө, азыр сарбагыш уруусунун курултайы өттү. Атургай сарбагыш уруусунун гимни да кабыл алынган. Курултайда сарбагыштын кулуну, кадимки Майрам Акаеванын карачечекей кайниси Каныбек Иманалиев жалындуу сөз сүйлөп, кыргыздын наркы менен ыйманын уруучулдук сактап келгенин "балп" эттирди. "Бийликте Акаев баштаган жалаң сарбагыштар, анын ичинде Каныбек мырза турганда кыргызда кайсы нарк, кайсы ыйман калды эле?" деп сураган киши жок.

Бурчка тургула!

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Ванкувердеги кышкы олимпиадага катышкан кыргыз спортчулары менен сөз катуу болот, ишеничти актаган жок деп таарынганы түшүнүксүз. Канат мырза аларды эмнеге жеңип келбейт деп зордукка салгандан көрө, өз спортчуларынын дараметин мурда байкаса болмок. Же кыргыз спортчулары акыркы орунду атайын тандаштыбы? Тиги эки спортчу Ванкуверде акыркы орунду алганы аз келгенсип, эми мекенинде машыктыруучулары менен кошо тил уга турган болушту.

"Агым-пресс"




Неудобный суроолор
Мурдагы тышкы иштер министри
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВго:
Абакта жаткан кезиңизде Ак үйгө "экинчи бийликке акараат келтирсем не болоюн…" маанисинде кат жазып, натыйжада үй камагына бошотулган экенсиз. Муну уккан оппозиция лидерлери сизден кол үзгөн дешет. Ушул чынбы?

Экс-депутат Бакыт БЕШИМОВго:
Былтыр президенттик шайлоо күнү агездеги кесиптешиңиз Кубанычбек Кадыровго телефон чалып,"Кыргызстандагы бардык аймакты багындырдык. Андыктан, сен дагы Ысык-Көлдү колго ал!" таризинде үндөгөнүңүз тар чөйрөдө көп айтылат. Анын айынан Кадыров өлкөдөн качууга аргасыз болду. Экс-парталашыңыздын келечегине балта чабылганына кайгырбайсызбы?

Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай МАСИРОВго:
Кирешелер боюнча декларация толтурбаган мамчиновниктердин арасында сиздин да ысымыңыз жүрөт. Коомчулуктан мынчалык жашыргыдай кандай байлыгыңыз бар?

Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Чолпон АБДУЛЛАЕВАга:
1. Кезинде экс-премьер Феликс Куловдун аркасы менен бизнесиңизди өлө гүлдөтүпсүз. Сыр болбосо, ал кандай бизнес эле?
2. Кайсы бир тармак боюнча илимий тема алып кандидаттык диссертация жактоону максат кылганыңызды эшиттик. Бирок, илимий ишти өзүңүз эмес, жакын таанышыңыз жазып жатканы жөнүндө кеп тарады. Ушу чынбы?

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Манас АКИМАЛИЕВге
Сиздин ишмердүүлүгүңүз боюнча редакцияга тоголок кат келип түштү. Анда келтирилген фактыларды жалган десеңиз, төмөндөгү суроолорго ачык жооп берсеңиз.
1. Биринчи кеңешчиңиз А.Мавлянова-ны конкурссуз бөлүм башчылыкка дайындаганыңыз мыйзамды одоно бузганга жатпайбы?
2. Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы И.Садыковду мажбурлап башка жумушка которуп, бул орунга "өз киши" А.Сагымбаевди и.о. кылып дайындап коюптурсуз. Мыйзамга ылайык, мындай жооптуу кызматка жетекчини дайындоодо конкурс өтүшү керек эмеспи?
3. Мартабалуу чиновниктерди туулган күнү же кандайдыр бир майрамы менен куттуктап белек-бечкек жибергениңизге каршы эмеспиз. Бирок, ага кеткен чыгымды мекеменин эсебинен жапканыңыз мамбюджетти максатсыз пайдаланганга жатпайбы?

"Агым-пресс"