26.02.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Уруулап" ураан чакырып

Кыргыз эгерим кул болгон эмес…Кул күткөн эмес
Бүгүнкү күндө кыргыздын уруучулук түзүлүшүнө кайтып баруу ниети жазгы кирген суудай эле күргүштөп күчүнө кирип барат. Бул тема боюнча "Агымдын" үстүбүздөгү жылдын 5-февралдагы санында кеңири кеп болгон эле. Бул жолу белгилүү коомдук ишмер Дастан САРЫГУЛОВго кайрылып, ушул өңүттөн кеп салып берүүсүн өтүнгөн элек.


- Уруулук түзүлүш аныгында эле кыргызды кыр ашырабы же кыл чайнашып бөлүнүүгө алып келчү көрүнүшпү?
- Кыргыз доорлордун түпкүрүнөн бери эл байлыгы адилет, таянычы калыстык, келечеги акыйкат деген үч наркка таянбаса азыркы күнгө жетпей калмак. Дал ушул уруучулук түзүлүш адилеттүүлүктүн, калыстыктын, акыйкаттын кепили болгон. Себеби, тигил же бул адам адилетсиз кысымга алынса, кордук-зордук көрсө анын артында турган уруу намысына сөз тийген. Мисалы деп коелучу, солто уруусунун кайсы бир өкүлүнө жанагыдай акыйкатсыз мамиле жасалса бүтүндөй солтолорду кемсинткенге жаткан, нааразылыгын туудурган. Ушунун айынан уруулардын ортосунда чатак чыгып кетиши да мүмкүн болгон. Бул жакшылыкка алып бармак беле. Ошон үчүн уруулар аралык ынтымак, жалпы кыргыз элинин тынчтыгын камсыздаган. Ошондуктан эч ким тигил же бул урууга адилетсиз мамиле жасаган эмес. Мына бүгүнкү күндө жалпыбыздын бетибизге чиркөө болгон сойкулук, таштанды балдар, кароосуз калган кемпир-чалдар көйгөйүн алалык. Мурун мындай болду беле? Эгерде кыргыздын байыркы салтына салсак кырк уруу кыргыз баш кошкон жерде айтылат эле го "ой, баланча уруунун кызы сойку болуп кетиптир го, же баланча деген кемпир-абышка карыганда кор болуп калыптыр го, же түкүнчө деген келин баласын багалбай таштандыга ыргытыптыр… Бул кандай? Ата-бабанын салтын тепсегениңер эмнеңер?! Намысыңар барбы? Болбосо бизге бергиле кор кылбай багып алалы" деп. Ошондо тигил уруунун өкүлү, анын артында турган бүтүндөй уруулар кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбош үчүн тыйчусун тыйып, бакчусун багып алмак да.
- Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары таанылган мамлекет. Өзүбүздүн Конституциябыз бар. Коомдогу жогоруда сиз айтып жаткан көйгөйлөр ошол Конституцияга, укуктук мыйзамдарга ылайык чечилиши керек да. Сиз айтып жаткан уруулук түзүлүшкө барсак, таш кылым болбосо дагы, орто кылымдарга барып калып жатпайбызбы?
- Кайсы доор, кайсы шарт болбосун коом башкаруу, коом түзүү жолдору бирдей эле. Коом өнүгөм десе, адилеттикке таянбаса алыс бара албайт. Илгери дагы, бүгүн дагы. Айталы, атагы таш жарган улуу өлкөлөр эмне үчүн кыйрап калды? Ошол коомдогу адилетсиздиктин, зордук-зомбулуктун ашынып кетишинен улам сайда саны, кумда изи калбады. Бир мисал келтирейин. Мына биз "Жетиген" элинин кеңеш жыйынын өткөрдүк. Кечээ сарбагыштар өткөрүштү. Жакында башкалары өткөргөнү жатышат...
- Максатыңар эмне?
- Ошого келатам. Шаштырбай тур. Биринчиден, жети атабызды тактап, ата-тегибизди аныктап, каяктан, кимден, эмне болуп тарадык деген суроого так жооп берүүбүз керек. Экинчиден, биздин бабаларыбыздан кимдер элди баккан, кимдер элге кызмат кылган, аны аныктап үлгү катары алышыбыз керек. Үчүнчүдөн, бүгүн мамлекет элге калыс карабай калды. Ошон үчүн биз уруу ынтымагы аркылуу тың чыккан, бирок шарты жок балдарды окуу жайга өткөрөлү, спортко кызыккандары болсо колдойлу, жолун ачып берели ж.б. иштерди жасасак деп жатабыз. Бул жаманбы?! Ошондой эле жалпы "жетигендер" ортосунда чарба жүргүзүүнүн жолдорун караштырып жатабыз. Мисалы, Нарындагы жетиген мал жагын алса, Чүйдөгү жетиген дыйканчылыкка баш коюп дегендей…
- Ой, алар мурда деле ошентип оокат кылып келатышпады беле?
- Аның ырас. Бирок алардын карым-катнашын жакшыртып, чарбалык иштерин ыкчамдаштырып, мүмкүн ортого банк уюштуруп дегендей иштерди жасамакчыбыз. Эң негизгиси уруу намысына чакырып "жетиген" уруусунан жанагыдай алкаш болуп кеткен, селсаяк болуп кеткен көрүнүштөрдүн чыгышына жол бербешибиз керек. Анткени, бүтүн кыргызга таанымал эр Солтоной бабабыз чыккан. Кыргызда эр аталган төрт эле адам болгон: эр Манас, эр Төштүк, эр Табылды, анан эр Солтоной. Башка эр таппайсың. Эр Солтоной калмактардан кыргыз жерин бошоткондордун башында турган. Анан эмне үчүн эр Солтоной менен сыймыктанбайбыз? Анткени билбейбиз. Соңкулардан Атантай, Тайлак баатырлар…
- Дастан ага, мен билгенден Атантай, Тайлак саяк болуш керек эле?
- Ооба, алар чекир саяк. Каны боюнча жетигенден чыккан чекир саяк. Сен санжыраны чачыратып билбейт окшойсуң. Кызыгып көрсөң муну Абрамзондун өзү жазып кеткен. Айта кетүүчү нерсе "жетигендердин" жыйынында мени аксакалдардын төрагасы кылып шайлашты. Мен обком да, губернатор да, мамкатчы да болдум. Бирок, жетиген элинин ишеними мен үчүн баарынан кымбат жана бийик. Бул наамды мага президент берген жок. Эл берди. Эл шайлады. Алса эл алат. Мен эми курултай болобу, башка жерде болобу абайлап сүйлөшүм керек. Баарынан оору, эл алдындагы жоопкерчилик… Мен дүжүр боло албайм. Кошоматчы боло албайм. Эмне үчүн Кыргызстанда орусуң, өзбегиң, уйгуруң, күрттөрүң биримдиктүү, ынтымактуу? Ошого жараша эки жакка тентибей турмушуна тың. Анткени алардын биримдиги бар. Ачык-жабык бир-бирин колдоп турушат. Эмне үчүн кыргыз өз жеринде оокат кыла албай тентип жүрөт?.. Кырк уруунун башы бириге албай жаткандыгынан улам ушундай болуп жатат да.
- Сиз азыр эле жетиген элине гана кызмат кылам дегендей ойду айтып отурасыз. Жалпы кыргыздын кызыкчылыгын унутасызбы? Уй бөйрөк коом болуп калбайбызбы?
- Бул жөнөкөй эле. Бир адамдан барып үй-бүлө, урук, коом, эл, улут калыптанып жатпайбы. Ошол коомдун мүчөсү болгондон кийин эң биринчиден сен өзүңдү тааны. Ата-тегиңди тааны. Анан барып коомдон ордуңду тап. Эми жалпы кыргыздын кызыкчылыгы кайда калат деп чыйпылыктап жатасың . Сурооңдун төркүнү уруу-уруу болуп бөлүнүп, ич ара чабышып кетпейбизби, чачырап кетпейбизби дегенди айтып жатпайбы. Жок. Бөлүнбөйт. Мунун себеби эле кыргыз элинин табиятында, каада-салтында жатат. Мына кыргыз малды да тепкен эмес, кумурскадан да аттап өткөн. Анан ошенткен кыргыз бир урууну басынта алабы? Өзүн өйдө кое алабы? Кое албайт.
- Дастан Исламович! Азыр ХХI кылым. Сиз айтып жаткан элибиздин каада-наркы бүгүн деле жашап жатат. Улуттук маданиятыбыздын уңгусун түзүп турат. Эгемендүү мамлекет катары жашпыз. Бирок, тарых-тамырыбыз тереңден келет. Ушундан улам уруучулукту айтпай, улутубуздун көйгөйүн айтпайбызбы?
- Буга жоопту ошол тереңден издейличи. Адегенде кыргыз элин миңдеген жылдардан бери өз атын, тилин кантип сактап келаткан себебин билип алалычы. Айталы, доорлордун бүктөмүнөн өз атын өзгөртпөй тарыхын ташка жазып келаткан жалгыз гана ушул кыргыз эли экенин айрым "маңкурттарыбыз" алигүнчө биле бербейт. Болбосо, канчалаган эл кечөөкү атын өзгөрттү, башка элге жуурулушуп кетишпеди. Ушуга эмне үчүн кызыкпайбыз? Көрсө кыргыздын сакталып келишинин сыры бар экен. Биринчиден, кыргыз рухий, чарбалык, саясый эркиндикте жашаган. Эгерим кул болгон эмес, кул күткөн эмес. Экинчиден эл тагдырын курултай аркылуу эл өзү чечкен. "Баш кесмек бар, тил кесмей жок" деп айтчусун түз айткан. Бул саясый эркиндиги. Үчүнчүдөн кыргыз дүнүйө опаа болбойт деген. Рухий нарк өлүү дүйнөдөн өйдө бааланган. Намыс өлүмдөн катуу деген. Кыргыз дүнүйөнүн кулу болгон эмес. Демек, ушул касиети сактап келген кыргызды. Ал эми дүйнө таанымында рухий наркты баарынан өйдө койгон. Анын үстүнө адам мамилелери күчкө эмес, байлыкка эмес, бийликке эмес жалаң сый-урматка негизделген. Ошон үчүн келиндер кайненесин тергеп, жигиттер улууларды аке-жаке деп ысмын айтпай сыйлап турчу да. Себеби, ортодо аттап өтүүгө болбой турган, сый урматка негизделген чек турган. Ошондуктан кыргыз мыйзам көбөйсө жашоо бузулат деп бекер айтпаган. Кыргыз табиятты жандуу деп кабыл алган, жерге, сууга аяр мамиле кылган. Кесир болбосун деген. Малды теппеген, башка чаппаган. Азыр адам адамга, кыргыз малга кылган мамилени кылбайт. Адам адамга зөөкүр. Пулуң болсо, кулуңмун деп жашап калды. Ушундан улам түпкү нарк-салтыбызга кайрылуу зарылдыгы чыгып жатпайбы. Мунун баары жанатан бери экөөбүз талашып жаткан кыргыздын уруучулук түзүлүшүн бүгүнкү турмушубузга киргизүүнү талап кылып жаткан жокпу?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
т.:38-67-73