26.02.10 - 19-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эл ичинде билинбеген бирөө бар

Ажал менен арбашкан баатыр

Согуш темасына байланышкан тасмалардан душмандан ок жеп, бирок ошого карабай эрдик көрсөткөн учкучтарды көп эле көрүп жүрөбүз. Бир караганда мындай окуя кинодо гана болчудай сезилет. Бирок, андай эрдиктерди чыныгы турмушта, болгондо да кыргыз жигити жасаган десе көпчүлүк ишенбеси анык. Бүгүн бизге согуштан кийин да ошондой эрдиктерди жасап, учурда эл катары жашап жаткан СССРге таанымал учкуч, чегарачы, подполковник Василий ИМАНГАЗИЕВ кызыктуу маек куруп берди.


- 1965-жылы "Бардыгы авиацияга" сыяктуу ураандар мода болуп кетти. Ошондон улам мектепти бүткөн балдардын көбү учкуч болгулары келчү. Анүстүнө биздин мугалимибиз Валентина Федоровнанын уулу учкуч болчу. Кээде ал апасына келгенде анын артынан ээрчип алып, ушундай болсок деп суктанчу элек. Ушундай ой менен он биринчи классты бүткөн жылы Фрунзеден 14 бала Россиядагы Сызрань аскердик авиациялык окуу жайына тапшырдык. 14 баладан ал окуу жайга төртөөбүз эле өтүптүрбүз. Ал жакта үч жыл окуп, учкуч-техник болдум.
Окууну аяктаган жылы Даман окуясы башталып калды. Мени дароо эле Хабаровскидеги Ленин полкуна жөнөтүштү. Полктун жетекчилери жалаң космонавттар экен. Ошондо космонавт Титов менен маңдай-тескей отуруп "жүз граммдашып" да калдык. Бир жылдай ал полкто кызмат өтөп, кайра ошо жактагы чегара авиациясына которулдум. 1969-жылдан 1999-жылга чейин чегара авиациясында, ошондо туура 30 жыл иштептирмин. Ошол 30 жыл ичинде көп нерсени көрдүм, жанымды оозго тиштеп учкан учурлар болду.
Кыргызстанда кайра куруу башталган мезгилде мен Алматы полкунда кызмат өтөп, өлкөбүздүн Каракол, Нарын, Ош чегараларын учуп кайтарып калдым. Кийинчерээк Новопокровкадагы Россиянын чегара аскердик тобуна которулдум. Ал жерде өзүнчө авиациялык звенонун командири элем. Ошол кезде бизде төрт вертолет, төрт АН-2 самолету болду. 1993-жылдан 1996-жылга чейин Фрунзе-1 авиациялык окуу жайында командир болуп иштедим. Анан улук учкуч-инспектор болуп, подполковник наамын алдым.
1999-жылга чейин жаш учкучтарды чегарага алып чыгып үйрөтүп жүрүп ардактуу эс алууга чыктым. Афганистанда сегиз жыл кызмат өтөп, 2 миң жолу учуп рекорд коюпмун. Россиядагы тааныштар "ошончо жыл кантип жүрдүң" дешип эмдигиче таңгалышат. Афганистанда далай ажалдан калдым, мени менен учуп чыккан учактардын канчасы күйүп кетти. Бир жолу десанттарды түшүрүп жатсам, капысынан душмандын пулеметунан вертолетума маңдайынан куйругуна чейин ок жаады. Терезелер сынып, колумду, бетимди тилип кетти. Бирок, ошого карабай кайра артка кайрылып, мени менен кошо учуп чыккандарга пулеметтун турган жерин көрсөтүп берип, аларды жок кылдык. Ошондо "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйландым.
Кийин жаңы жыл алдында курчоого алынган БТР колоннасын бошотууга буйрук берилип калды. Азыр ошол окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен учуп келсем бир нече БТР күйүп, жарадар, курман болгондор бар экен. Душмандар калган БТРлерге ок жаадырып жатышат. Жер менен байланыш жок, кара түтүн, чаңдан кайсы жакка ок атышты билбейм. Акыры бел байлап колоннанын жанына коноюн деп ойлодум. Жерге бир-эки метрдей калганда эле душмандар аткылап киришти. Көз-ачып жумгуча жарадарларды жүктөп, душмандардын турган жерлерин тактап, өйдө көтөрүлдүм. Жанымдагы учактарга дароо байланышып, кай жерге сокку уруу керектигин айттым. Бир аздан соң жолдошторум душмандарды тынчытышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кайра жерге конуп, калган десанттарды, ок- дарыларды жүктөп кетүү үчүн жерге тиер-тийбес болуп ылдыйладым. Аңгыча арт жагымда мени мээлеп турган гранатаметту байкап калдым да, дароо өйдө көтөрүлдүм. Бирок душмандын огу вертолеттун куйругун талкалап кетти. Учак кулай баштады. Эптеп конууга аракет кылып, жерге жакындадым. Аңгыча Александр Шубич деген учкуч душман куралы кайра мени мээлеп жатканын кабарлады. Ойлонууга убакыт жок эле, дароо асманга көтөрүлдүм. Аэродром алыс болгондуктан жакын жердеги айдоо аянтка барып кондум. Вертолетту карасак тамтыгы калбай тешилиптир. Кудай ошондо чоң колдоптур. Көрсө, учактын куйрук винти үч-төрт тал зым менен эле кармалып туруптур. Бул ишим үчүн "Кызыл Туу" ордени менен сыйландым.
Дагы бир жолу учагымдын бир кыймылдаткычын талкалай атышты. Тоо аралап, 30 чакырым бир гана кыймылдаткыч менен учуп келип базага кондум. Ал үчүн "Каармандыгы үчүн" орденин беришти. Кийин ойлосом, ошондо вертолет жарылып кетет деген деле ой болбоптур. Жарылып, күйүп кеткен жолдошторубузду кийиминен, ич кийимдеринен гана тааныган учурлар да болду. Кудай бар экен. Азыр минтип силер менен маектешип отурам. Афганда досторум "эмне эле душмандын октору, снаряддары сага тиет. Сенин магнитиң барбы" деп күлүп калышчу. Чынында менин учагыма көп ок, снаряд тийди, бирок өзүм аман калдым.
Редакциябызга Василий ага бир сумке орден, медалы, күбөлүктөрү жана эки төшү толо ордендери бар кители менен келиптир. "Булардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар" дейт согуш ардагери. Өзү 63кө чыгып калса дагы кырктагы жигиттей тың, чапчаң учкуч-снайперди көрүп отуруп, чынында эле бул адамдын колдоочусу бар экен деген ойго келдим. Атасы Василий Чапаевдей болсун деп койгон атына заты жарашкан Василий Имангазиев азыр да учууга даяр экендигин айтып отурду. "Учкучтун бир максаты бар - ал бийиктик, учуу" дейт көп ажалдан калган баатыр.

Мелис СОВЕТ уулу





  Акындар акты айттыбы?

Чочко тумооң "ерунда",
Чоңдордон корком эл жеген...

Кыргыздын төкмө, манасчы, комузчу өңдүү көөнө өнөрүн өргө сүрөгөн "Бакдөөлөт" аттуу коомдук уюм бар экен. Аталган өнөрлөрдү атка мингизебиз деп жатканына караганда, анык дөөлөт кончу уюмбу деп койдум. Буга чейин төкмөлөрдү төргө өткөрүп, айтышты суулуктап алып чыккандардан "Айтыш" коомдук фондун билчү элем. Анын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз төкмөлүк өнөр төгүлөөрүндө кол сунуп каржылап жиберип, эл ичинен канчалаган жаш таланттарды таап чыгып, атургай төкмөлүктүн адамзаттын кайталангыс маданий мурасы катары дүйнөлүк 28 өнөрдүн катарына кирип калышына салымын кошкон эле. Өлкөнүн өпчап бюджети маданият тармагын толук кандуу каржылай албай каржалып турган чакта, мындай коомдук уюмдардын кылым арыткан кыргыз өнөрүн кыр ашырууга белсениши кимди болбосун кубантпай койбойт.


Жакында Кыргыз улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияда "Бакдөөлөт" коомдук уюму "Акындар акты сүйлөсө…" аттуу өнөр аземин өткөрүштү. Филармониянын куттуу босогосун аттаганда эле комуздары өздөрүнүн боюнан узун көчөт кыздардын улам бир күүнү шатырата кайрып тосуп алышы, улуттук кийим кийишип үр кызындай үлбүрөгөн кыз-келиндердин кадимкидей чачыла чачып утурлай чыгышы жакшы маанай жаратканын белгилей кетейин.
Концертте учурдун дөө-шаа комузчулары Самара Токтакунова, Нурак Абдракманов, Намазбек Уралиев күү артынан күү төгүшсө, Улан Исмаилов, Талантаалы Бакчиев "манастан" үзүндү айтышты. Экөөнүн тең такшалып калганы байкалат. Төкмөлөрдөн Табылды Актанов, Рахматулла Козукеев, Максат Кулуев, Элмирбек Иманалиев түпкү нарк-насилден бүгүнкү күнгө чейин чабытташып, ар кимиси дараметине жараша өнөр тартуулашты. Сөздү ысыгыраак баштап алгандан кийин, бул төкмөлөрдүн дурус-бурушуна анчалык токтолгум келбей турат. Көчтүн да бара-бара түзөлмөгү бар эмеспи. Бирок, Элмирбек чыгармачылык көрөңгөсү, ой чабытынын, акындык дараметинин бийиктиги менен топтон бөлүнүп турганын белгилей кетейин. Анын:
Акындар акты сүйлөсө,
Акимдер такты сүйлөсө,
Бирок, акимиң калат

телпилдеп,
Акындар элди үндөсө...
Ар качан кыргыз эл деген,
Ар убак жашап келебиз,
Айкөлүң берген дем менен.
Чочко тумооң "ерунда"
Чоңдордон корком эл жеген,
- деген саптары азыркы пейил куюбузду, бийликтеги алешемдиктерди, калкыбыздагы кайдыгерликти көзгө сайып көрсөтүп тургандай таасир калтырды. Кыскасы, акындарыбыз акты айтышты окшойт. Андан кандай жыйынтык чыгарабыз, башка маселе.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ