19.02.10 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Барга да, жокко да кайыл Баткенде
Баткен жергесине эл аралык террорчулар басып киргенден кийин гана аны КМШ мамлекеттери эле эмес, дүйнөлүк улуу державалар да таанып калды. Ага чейин Баткенди өзгө эмес көпчүлүк кыргызстандыктар да билчү эмес. Эки өлкө менен чектешкен үч бурчтуктагы облустун көйгөйү, эртеңкиси абдан эле опурталдуу. Эгер бул аймактын келечегине көз салсаң ар убак "дүрт" эткен жалындын кучагында калып кетиши толук ыктымал.


Өрүкзардын такыр талаага айланышы бат эле

Кар калың жаап, суук катуулагандан бери баткендиктерди отун көйгөйү кыйнап келет. Учурда көмүрдүн наркы тоннасына 4-5 миң сомдун тегерегинде. Бирок элеттиктердин көпчүлүгү көптөн бери көмүр жакпайт. Короодогу көп жылдык мөмөлүү дарактарды кыйып жан сактоо адат болуп калды. Эгер Чүйдөгү айылдарда көмүр тарткан машиналар каз катар тизилип сатып алчу кишини издеп жүрсө, Баткенде мындайлар дээрлик жокко эсе. Калкты көмүр менен камсыз кылууну жергиликтүү бийлик небак ойлобой калган. Кез-кезде алыпсатарлар гана көмүр жүктөп келип калбаса, башка убакта кара отундун карааны көрүнбөйт.
- Былтыр эки түп өрүк менен үч түп алма кесип кыштан араң чыктым,- дейт Момун аке. - Алманын бир түбүнүн мөмөсү майдаланып жакшы болбой калган. Ага анча кейигеним жок. Бирок эки түп беш жылдыз алманы айла жоктон кыйдым. Өрүктөрдүн да сорту жакшы болчу. Көмүр болбосо отун түтпөйт экен. Союз маалында жаман болсо да совхоздон эки тонна көмүр берчү.
Өз алдынча өлкө болгондон бери жалаң дарак кесип жагып калдык. Менчикке тийген 60 түп өрүк менен 40 түп алманы эчак эле жагып бүткөнбүз. Ушул бойдон бара берсе бир аз жылда Баткенде дарак деле калбай калат. Көмүр алганга пул кайдан. Жылдык тапканыбыз тамак-аш менен көр оокатка араң жетет.
Кызыл-Кыя менен Лейлекте көмүрдүн запасы мол болгону менен, ал үч райондун элин камсыз кылууга да жарабай турат. Ал эми бир кезде Кызыл-Кыя менен Сүлүктүнүн көмүрү бүтүндөй СССРге жөнөтүлүп турган.

Чоңдор кырылышпай жашаса жакшы болор эле
Баткендиктердин жакшы адаты - турмуш канчалык оор болбосун, буга өкмөттү же жергиликтүү бийликти күнөөлөшпөйт. Облустагы жаңылыктар менен "Салам" радиосу кабардар кылып турат. Бул радионун бир артыкчылыгы "Азаттык" радиосунун кечки жана таңкы берүүлөрүн толугу менен элге уктурат. Азыр баткендиктер баягыдай өзбек уктурууларын укпай калышкан. "Саламдын" жарыялары да жергиликтүү элдин турмушуна байланыштуу. Мисалы, "Кызыл-Бел айылынан көк уй жоголду. Тапканга сүйүнчүсү бар…", же "Бужум айылынан каратору жылкы жоголду" сыяктуу ж.б. жарыялар. Эл биринчи улуттук каналды такай көрүп, "Азаттыкты" уккан менен саясатка көп деле кызыкпайт. Чоңдор бири менен бири кырылышпай жашаса жакшы болот эле дегенден башка жарытылуу сөз укпайсың. Борбордо жарык көргөн жайнаган гезиттерден аз санда болсо да барып турат. Аларды райборбордогу азыноолак эл алып окубаса, айылдыктар гезит окууну эчак эле унутушкан.

Чегара тосулса жашоо токтойт
Эл аптанын бир күнүн чыдамсыздык менен күтөт. Ал атайын белгиленген базар күнү. Кызыл-Кыя шаарында жекшемби күнү базар болсо, Кадамжайда жума, Айдаркенде ишемби күнү базар. Ошол күнү эл кем-карчын алганы базарга келет. Баткендеги базарларга коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан да соодагерлер чыгышат. Алар бажыканадан жашырып чыккан буюмдарын сатып, ордуна алма, өрүк, күрүч, сабиз, картошка алып кетишет. Өзбек, тажик соодагерлери сатып алган үчүн Баткенде тиричилик жүрүп атат.
Өткөн жылда биздин өкмөт бул облустан буудай же картошка сатып алгандыгы жөнүндө жарым ооз сөз жок. Баткендеги дыйкандардын бардык түшүмү толугу менен коңшу эки өлкөгө сатылары талашсыз чындык. Расмий Ташкент чегарага канчалык аң казып, канчалык тикенек зым тартпасын, кылымдардан бери келе жаткан соода карым-катнашы токтой элек. Ал турсун, кыргыздар Кытайдан товар алып келип өзбектерге дүңү менен өткөрүп жатат. Ал кайсы жол аркылуу кирет, кимдер алып өтөт сыяктуу суроолорго акылың айран. Ага карабастан өзбек тарап өткөн жумада кыргыздарды өздөрүнүн аймагына кийирүүнү чектөө боюнча чечим кабыл алды. Эми бул чечим боюнча кыргыз жараны Өзбекстанга бир жылда төрт ирет гана өтсө болот. Бул кабар облус тургундарын катуу бушайман кылды. Эгер чын эле ошондой болсо, Сох менен Шаймердендин жолун тособуз деп чыгышты. Анткени өзбек чегарачылары биздин жарандарга так ушундай жооп беришкен. Бирок өзбек бийлиги бул маалыматты тез эле төгүнгө чыгарды. Ушунун өзү эле эгер чегара биротоло бекемделип, өзбек бийлигинин каалоосуна жараша чычкан өтпөй турган болсо, Баткен облусунун калкы өндүргөн түшүмүн кайда алып барып сатары белгисиз. Алар эч убакта картошка менен буудайын жүктөп борборго келишпейт. 800 чакырым жол басып алып келген күндө да сызга отуруп калары белгилүү.
Ал эми Ош менен Жалал-Абадды айыл чарба түшүмү менен камсыз кылган өздөрүнүн райондору бар. Өзбекстан чегарасын бекемдеген сайын баткендиктердин чыркыраганы ушундан улам. Мындан өзбек жарандары да жыргап кетпейт. Канчалык кыр көрсөтсө да Өзбекстан өз букараларын азык-түлүк менен жүз пайыз камсыз кыла албайт. Бир кезде президент И.Каримов "Оштон Анжиян аркылуу күнүнө беш миң кыргыз кирип экиден нан көтөрүп кетсе, он миң нан кетип жатат" деп кейигени бар. Аны сыңарындай, азыр Фергана өрөөнүнө буудай жана ун азыктары Кыргызстандан кирип жатканы жашыруун эмес. Ал тургай, жалпы түштүк аймактын асыраган малынын 80 пайызы да ала топучан туугандарга аш болот. Анан эле тешиктерине көз жумуп, эшигин согуш техникалары менен кайтарганына таңгаласың.
Өткөн жумада Фергана облусунун Кувасай районунда майор чининдеги кыргыз бажы кызматкери өзбек чегарачыларына колго түшкөн. Буга өзбек расмий бийлиги унчукпаганы менен россиялык маалымат каражаттары аны контрабандалык кылмышка байланыштуу деп чыкты. Демек эки өлкөнүн тең чегара бекеттериндеги бажычылардын иши чылк коррупцияга баткан деп айтпаска арга жок. Көрүнүп тургандай, чегараны чычкан жоргологус кылып бекитүү Фергана өрөөнүнө эгерим бейпилдикти алып келбейт. Анткени бул өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе.

Өзбек баканооздору Баткенде да бар
Баткенде айыл аралап жүрүп элден сатып алганга алма, жаңгак, картошка издеп жүргөн өзбектерге туш болдум. Ден соолуктан кийин эле алардын кызыккандары Бишкекте эмне кымбат деген суроо болду. Мен сөздү канчалык саясатка бурсам да, алар соодадан башка сөз айтууга жарабады. Жада калса чегарадан кантип өткөндөрүн айтып беришпеди. Баткендиктер бир нерсе сатып алууга келген өзбектерге жөнөкөй киши эмес, милициянын да колун тийгизбейт. Анткени аларды ырыскыбыз деп түшүнөт. Акырында мен "Бизде гезиттер президентти каалагандай жазып, каалаган дооматын айтат. Эмне үчүн силер кыргыз-өзбек чегарасын жөнөкөйлөт деп Каримовдон, өзбек парламентинен талап кылбайсыңар?" десем, алты өзбектин тең оозунан үн чыккан жок. Тескерисинче, эч нерсе укпагандай өз ара шыбырашып, айдоочусунан башкасы ар кай тарапка жөнөдү.
Мени менен ээн калганын билген айдоочусу ошондо да жан жагына каранып, "Сиз жанагыдай сөздөрүңүздү этиеттеңиз. Биздин арабызда агасы милицияда иштеген шеригибиз бар. Кокус ал шыбырап койчу болсо бизге жаман болот. Оң көзүң сол көзүңө душман болгон заманда жашайбыз" деп коштошо берди. Бир чети шыбырашып, коркуп жашаган өзбектерди аяп кеттим.

Жүз миң баткендик көчүп кетти
Элеттиктер таптакыр саясаттан алыс деп айтканга болбойт. Учурда ынтымак курултайы жөнүндө сөз кылгандар арбын. Президент курултайда биздин арыз-арманды угат. Эгер сөз берилип калса буларды төкпөй-чачпай айтып бар деп, шайланган делегаттарга табыштап жүргөн чагы. Таңгалдырганы, курултайга делегат болууну көксөгөндөрдүн көп экендиги. Бирок кыргыздын баягы эле кокту-колотко бөлүнгөн адаты өкүм сүрүүдө. Баарында эмнеси болсо да курултайга өзүбүздүн бала барып келсин деген тилек.
Бирок жергиликтүү бийликтин таасири ачык байкалып турат. Ошондуктан ар бир жерде калыстыкты туу туткан бейтарап кишилер эмес, ар дайым айыл өкмөттөрүндө шайлоо комиссиясын жетектеген же коомдук башка милдетттерди аркалаган дүжур кишилердин шайланып жаткандыгы ошондон. Ал турсун элди чакырып убара болбой өзүңөр эле жөнөтө бербейсиңерби деген кептерди уккан айыл өкмөттөрү да бар. "Президент катуу болуш керек. Өзбекстанга агып жаткан суулардын эсебин тактай турган мезгил келди. Качанга чейин чегара бекеттеринде өзбек аскерлеринин көзүн карап кор болобуз. Өрүктү, алманы кайра иштетүүчү ишкана ачып бер деп тилибиз тешилди. Деги турмуштун оңолушун жакында көрөбүзбү? Коррупция качан жоюлат? Чак түштө пара алган райондук күч органдарынын, соттордун ишин ким тескейт? Ушуларды президентке айта бар" деп наалыгандар көп.
Баткенде ишке жарамдуу жаштардын азайып кеткени ачык байкалат. Канткен менен элдин негизги кирешесин дагы эле сыртта иштеп жүргөн балдардын жөнөткөн каражаты түзөт. Ошого үмүт артып тамын оңдогондор, машина сатып алгандар бар. "Жаштарыбыздын Россияда иштеп акча тапкандары жакшы. Бирок бул канчага чейин уланат? Же өмүр бою кырчындай жигиттерибиз өмүрүн тобокелге салып бөтөн жерде жүрө береби?" деген аксакалдардын бул көрүнүшкө көңүлү толбойт.
Россияга кеткен балдардан 15 жылга чейин дарегин үй-бүлөсүнө билдирбеген балдар бар. Баткенден көптөгөн жигиттер Россиянын жарандыгын алып кетишти. Эгер өткөн жылда Кыргызстан боюнча биротоло көчүп кеткендердин саны 45 миңден ашуун болсо, алардын 30 пайызга жакыны баткендиктер болуп эсептелет. Ким менен жолугуп сүйлөшпөгүн, бул жерден жададым, кетиш керек деген сөздөрдү угасың. Эгер расмий эмес маалыматтарга таянсак, ушу тапта Баткен облусунан жүз миңге жакын киши сыртка көчүп кеткен.
Келдибек НАЗИРОВ, Бишкек-Баткен-Бишкек