19.02.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Дарт канча болсо, дабаасы да ошончо
Ит итти, ит куйругун жумшагыча иш бүтөт
Учурда өлкөдөгү курулуштарга көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы начальнигинин биринчи орун басары Ниетбек ЭМИЛБЕКОВго кайрылдык.

Акыркы кезде жаандан кийинки козу карындай болуп, чыгыш медицинасы боюнча жайлар көбөйүп кетти. Кээси массаж менен дарыласа, кээси чөп менен, кээси алтын ийне менен дарылайм деп жарнама беришет. Чыгыш медицинасы боюнча менчик ооруканалардын өзгөчөлүгү, иштөө шарты жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматты лицензиялоо секторунун башчысы Аида ТОКТОМАТОВА менен баарлаштык.

- Учурда республика боюнча канча менчик медициналык клиника бар?
- Кыргызстан боюнча миңдин тегерегинде менчик медициналык борбор бар. Президенттин указы менен элдик медицинага Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү лицензия алынып салынган. Бирок бизде чыгыш медицинасы боюнча атайын адистерди даярдоочу кафедра бар. Ошол жерден ийне рефлекс-терапия, дарылоочу массаж, фитотерапияны окутат. Массаж, фитотерапияны Саламаттык сактоо министрлигинен лицензия албай эле дарылоого укуктуу деп алып салышты. Фитотерапия бул ар кандай чөп-чарлар менен дарылоо болуп саналат. Лицензия албай чөп-чар, массаж менен дарылагандан бейтаптар зыян тартышса, биз аларга жооп бербейбиз. Анткени дарыгерлер бизден лицензия алышкан жок. Массаждын да түрлөрү болот. Мисалы, онкологиялык ооруларга массаж жасоого болбойт. Эгер массажчылар лицензия алган болсо, чочулап турушмак. Азыр медициналык билими жоктор массаж жасап атышат. Алардын билими болбосо адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн.
Кытай медицинасы боюнча клиника ачууга 2009-жылы төрт клиникага гана уруксат бергенбиз. Азыр чыгыш медицинасы боюнча телевидение, радио, гезит-журналдарда ар кандай жарнактар болуп атат. Чыгыш медицинасы боюнча клиникалар онкологиялык, гинекологиялык жана башка дарттарды айыктырам деп жарыя бергени туура эмес. Аларга ийне рефлекс-терапияга гана уруксат берилген. Башка жол менен дарылоого уруксат жок. Мисалы, капельница коюуга, дары-дармек ичирип дарылоого болбойт. Кандай гана оору болбосун, ийне жана чөптөр менен гана дарылоого укуктуу.
- Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты жок иштегендер барбы?
- Азыр уруксатсыз эле иштеп аткан медициналык борборлор көбөйүп кетти. Чындыгында чыгыш медицинасы боюнча медборбор ачуу чет өлкөдөн келгендерге кыйын. Себеби, алардын ар бир документи абдан текшерилет. Андан тышкары, чет мамлекетте мыкты дарыгерлер өзүлөрүнө керек. Бизге келген медиктерди эң мыкты деп айтуудан алысмын. Ошондуктан аларды биз кылдат текшеребиз. Көбү лицензия алалышпайт, келгенден кийин уруксатсыз эле иштей беришет. Мындай кырдаалда алардын лицензиясыз иштеп аткандыгы үчүн башкы прокуратурага арыз беребиз. Медициналык негизде ачылып аткан борборлордун бардыгы лицензия менен иштөөгө милдеттүү.
- Медициналык борбор ачууда кандай талаптар коюлат?
- Кыйнала турган деле талаптар болбойт. Эң негизгиси, документтери туура болуп, иштей турган адистер бизге атайын экзамен тапшырышат. Экзаменди көз карандысыз комиссия алат. Эгер экзамен берип аткан адам ишин так билбей, агрессивдүү же одоно мамиле кылса, анда комиссия өзүлөрү чечишет. Комиссияга экзамен бергени келген адам оозун ачканда эле канчалык деңгээлде өз ишин мыкты билээри билинет. Коррупцияга жол бербеш үчүн ар бир экзамен сайын комиссия мүчөлөрү алмашылып турат. Медициналык клиникада иштей турган адамдардын баарынан экзамен алабыз. Эгер алардын бирөөсү эле экзамен тапшыра албай калса, лицензия берилбейт. Иштеп аткан медициналык клиникалар үч жылда бир жолу аттестациядан өтүп турушат.
- Менчик клиникалардын жетекчилеринин сөзсүз түрдө медициналык билими болушу шартпы?
- Эгер менчик клиниканын жетекчиси атайын ЖЧК катары ачса, мыйзам боюнча ал медик болбой да калышы ыктымал. Бирок, алар медиктерди жалдап иштетишет. Анткени менен ошол менчик клиникада кандайдыр бир туура эмес иштер болуп кетсе, медициналык билими болбосо да жетекчиси жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алат. Ийне менен дарылоого, чыгыш медицинасынын ыкмасын тереңдетүүгө кызыгып, биздин дарыгерлер да кайрадан окуй башташты. Акыркы мезгилде чыгыш медицинасы менен алектенгендер көбөйүүдө.
- Менчик клиникалардын ишине канааттанбаган бейтаптардан арыздар түшөбү?
- Көпчүлүк учурда арыздар тиш доктурларга түшөт. Акчаны көп төлөтүп, тишти туура эмес жасады дегендер көп. Учурда стоматологиялык клиникалардын көпчүлүгү менчикке өтүп кетти. Мындай клиникада акча расмий төлөнөт. Акча төлөгөн оорулуулар ошого жараша кызматты талап кылышат. Бизге кайрылган бейтаптардын арызын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Себеби, ошол менчик медициналык борборду ачууда алардын бардык адистери бизден экзамен тапшырышкан. Силер бул борбордун адистерине уруксат бердиңерби, эми алар үчүн жооп бергиле дешет. Эгерде стоматолог тишти туура эмес жасаган болсо, акчасын кайрып берет же оңдоп берүүгө милдеттүү. Мындай кырдаалда врачтын күнөөсү жок болсо, анда оорулуу сотко кайрылууга акысы бар.
- Эгер менчик клиникадан адам өмүрү кыйылса, ал борборду жабууга акыңар барбы?
- Бейтап менчик борбордон көз жумса жакындары сөзсүз түрдө сотко беришери турган иш. Сот алардын ишин иликтеп, комиссия түзөт. Эгер комиссия дарыгердин күнөөлүү экенин аныктаса, анда биз жыйынтык чыгарабыз. Сот клиниканын ишинен туура эмес иш таап чыкса, анда биз бул борборду үч айга токтотуп коюуга укугубуз бар. Сот ошол адамды бир нече убакытка медицина тармагында иштөөгө укугу жок деп, же күнөөсүнө жараша жаза мөөнөтүн чектейт.
- Айрым мечиттерде балдарды сүннөткө отургузуу үчүн арабдар кайрымдуулук жасаарын угуп жүрөбүз…
- Кайрымдуулук иретинде медициналык кызмат көрсөтүшсө да сөзсүз түрдө Саламаттык сактоо министрлигинен текшерүүгө алынуусу зарыл. Алардын документтерин текшерип, тиешелүү элчилигине жөнөтөбүз. Документтери бардык жагынан туура келсе гана уруксат берилет. Кытайдан келген медицина адистерин текшерүү жеңил. Себеби, кытай адистеринин билимин интернет аркылуу билсе болот экен. Аларда миллиарддаган калк болсо да ар бир адистин кайсы окуу жайда окуганы тууралуу интернетте толук маалымат бар. Эгер алар мамлекеттик окуу жайда окуган болсо регистрациялык номерин интернетке жазышат. Ошол регистрациялык номер аркылуу интернетке киргенде алардын ким экени, окууну качан, кантип аяктаганы сүрөтү менен кошо толук маалымат чыгат. Ал эми Кореядан келгендердикин болсо элчилигине кайрылып, документтердин туура экенин далилдеп берүү үчүн жиберебиз. Медицинага байланышкан нерселердин баары абдан текшерүүгө алынат. Кээде котормочу аркылуу болсо да биздин адистерге экзамен берип анан лицензия алалышат. Чет мамлекеттен келгендер да биздин жарандар сыяктуу экзамен аркылуу өтүшөт. Документтери текшерүүдөн өткөндөн кийин, анын жайгашкан жерин, медициналык жабдыктары каралат.
- Мамлекеттик ооруканалар бейтапты көпчүлүк учурда жабдуулары мыкты деп менчик лабораторияга же УЗИге жөнөтүшөт. А мындай медициналык жабдыктар мамлекеттик ооруканаларда жокпу?
- Мамлекеттик ооруканадагы дарыгерлердин бейтапты менчик УЗИге же лабораторияга жөнөтүшү туура эмес. Мамлекеттик лаборатория, УЗИлер деле жакшы. Менчик медициналык борборлордо атаандаштык бар. Мүмкүн алар мамлекеттик медицина тармагында иштеген адистер менен өз ара келишим түзүп, сен мага бейтапты жөнөтсөң мынча пайызы силердики болот деп сүйлөшүп алышы ыктымал. Биз ошондой учурларды кармай албай атабыз. Мамлекеттик медициналык тармактарда менчик клиникаларга караганда чындыгында анчалык мыкты шарт жок, ал жерде кезек күткөндөр да көп болот. Мүмкүн ошолорду эске алып, андан көрө менчикке барганым жакшы деп шартына ылайык кайрылышат. Менчик медициналык клиникадагы жабдуулардын баары мамлекеттик клиникаларда да бар.
- Учурда дарыканалардын көпчүлүгү менчикке айланып кетти. Бирок, ошол эле учурда базарда, көчөдө арзан баада дары-дармек саткан адамдар да арбын?..
- Азыр дарыканалардын баары менчикке өтүп кеткен. Бир да мамлекеттик дарыкана калбай калды. Албетте, аптекадан сатып алган дарыларда кепилдик бар. Ал эми базардан же көчөдөн сатып алган дарыларга кепилдик эч ким бералбайт. Эгер сатып алынган дары эски же жасалма болсо, кайсы жерден алсаң, ошол жерге барып талап кыласың. А көчөдөн же базардан сатып алсаң алар эч кандай жоопкерчиликти моюндарына алышпайт. Атүгүл аларды табалбай да каласың. Эң негизгиси, дары-дармектерди арзанына карап базардан эмес, аптекалардан гана сатып алган оң.
- Менчик клиникага кайрыла турган адам ал жерден адегенде эмнени талап кылуусу керек?
- Менчик клиникага барганда сөзсүз түрдө лицензиясы менен таанышыш керек. Лицензия директордун же башкы врачтын столунда эмес, ал эл көрө турган жерде илинип турушу шарт. Эгер лицензиясын көргөзбөсө, Саламаттык сактоо министрлигине кабарлагыла.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg