12.02.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

Урматтуу окурман!
Туугандарыңызга, жакындарыңызга, теңтуш, досторго жакшы пикир, куттуктоо, сунуш айткыңыз келсе, мындан сырткары, жашоодогу өзүңүз байкаган түркүн көрүнүштөрдү элестүү, куйкумдуу чагылдырган кыскача ой-пикирлерди ортого салыңыз. Сиз үчүн 386706 телефону шейшемби күнү 10дон 12ге чейин кенен-кесир иштейт.

9-февралда "Пейджер"
менен сүйлөшкөндөр:
П-103. Шаар мэри Нариман Түлеев, мен шаарда 40 жыл жашаган киши катары жасаган иштериңе ыракмат айтам, ийгилик каалайм. 40 жыл ичинде нечендеген шаар башчыларын көрүп, кылган иштерине күбөмүн. Менин жүрөгүмдү өйүгөн эки маселе бар. Биринчиси, Нарын рестораны күндөн-күнгө шүмүрөйүп, тонолуп, чөгүп бараткандай туюлат. Улуттук колоритте курулган имарат эле. Болгондо да шаардын чок ортосунда турат. Чет жерде турса да унчукпайт элем. Жеңиштин 65 жылдыгы маңдайындагы түбөлүк оттун тегерегинде өтөт. Уят болуп калбайлы. Экинчиси, кеч киргенден таң атканча согуш убагындагыдай Бишкектин үстүндө күчтүү прожекторлор ойкуп-кайкып ойнойт. Алар энергияны кай жактан алат. Элдикин өчүрүп, экономдолгон энергияны ошолор асманга "чачып" атабы? Жооп күтүп Келдибек байкең.
П-104. Кошунам Юлдаш тийишет "Келдибек аке, өз тилиңерде 50 эле пайыз сүйлөйт экенсиңер" деп. А 50 пайызын кайсы тилде сүйлөйт экенбиз десем, аке, үке, алың, өтүң, битта, саксан, так что, между прочим, вообще деген сөздөр түзөт экен дейт. Ойлоп көрсөм туура айтат. Жок дегенде акыл-эстүүлөр тилибизге көңүл буралы! Беккелди.
П-105. "Катын калп айтпайт, каңырыш угат" деген чын экен. Аялыма улуттук госпиталдын жанында пробкада тыгылып турам десем, аялым айылга айгай салыптыр, Коңурбайдын кокосуна пробка тыгылып госпиталда жатат деп. Айлым жакын болуп да жакшы болду, Лейлектен болсо эмне кылат элем. Коңур.
П-106. Иманбекова Гүлай Муканбетовна, карызыңдан качан кутуласың? Телефонду өчүрүп койсом кутулдум деп жатасыңбы? Кулагыңдагы сөйкө, колуңдагы шакегиңди чечип жалбарганыңда аял киши экениңди эстеп албай кое бердим эле го. Уялбайсыңбы?! Темир.
П-107. Урматтуу президент Бакиев Курманбек Салиевич! Жогорку Кеңештин депутаттары эл үчүн иштеген жок. Менин сунушум: ар бир райондон бирден депутат Жогорку Кеңешке шайлансын да, ал райондун өзүндө отуруп иштесин. Азыркы парламент борбордо эле чогулуп алып, иштин жыйынтыгы көрүнбөй жатат. Р.К.Борду.
П-108. Урматтуу УТРК чоңу алтын айым!/ Коошпостон тилибизге болгон айым./ "Бравону" алмашсаңыз "Бали!" менен,/ Сүрөөнгө эл оозунда турган дайым. Эркин Жаныбеков.
П-109. "Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт" дегендей, бул кыргыз тилин өнүктүрүү жолун Акүйдөн, парламенттен, кабарчылардан баштасак жакшы болор эле. Бизде эч кандай мыйзам аткарылбайт. Анын аткарылышын көзөмөлдөгөн эч ким жок. Себеби, мыйзамды мыйзам чыгаргандардын өздөрү бузуп жатпайбы. Анан ким көзөмөлдөмөк эле? Максат.
П-110. Айдарбек Керимкулов байке! Интервью бергенде орус тилин аралаштырып кыргыз тилин шылдыңдабаңызчы. Билбесеңиз мен которуп берейин, удобный деген ыңгайлуу, качественный деген сапаттуу деп айтылат кыргызча. 08.02.2010-жылкы берген интервьюңузду угуп отуруп мен уялдым. Кыргыз тилин үйрөнгөн Игорь.
П-111. Караколго качып кеткен Өмүрзаков Эрлан Жээнбекович! Аялыңды залог кылбай кутулбайсыңбы карызыңдан. Темир.
П-112. Акыркы мезгилдерде кыргыздын кээ бир атка минер жигиттери ар кайсы сыйлыктарды сатып алышып, "кыйратып койгонсуп" өздөрүн эл арасында Апендинин кызындай мактатканга өтүштү. Орустар айткандай, вызывает отвращение. Улуу адамдар эч качан өздөрүн мактатпай эле улуу бойдон калышкан. Уялсаңар боло! Рая эже.
П-113. … Гитлердик тозок жангандан,/ Чабуулда окко жалмалган./ "Ат" болуп кайтып жалын жаш,/ Кечилдей өттү жалгандан. Эркин Жаныбеков.
П-114. Кабарчылар ар кимден интервью аларда кыргыз тилине орус тилин аралаштырбай сүйлөөнү эскертип же суранып, анан интервью берген киши сүйлөп жатканда орусча сөз аралашып кетсе кыргызчасын айтып оңдоп турса болот эле го. Ошондой ыкма колдонуп турса интервью берген киши да өзүн-өзү көзөмөлдөп, таза кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет кылып калаар дейм. Бишкектен Тилек.
П-115. Карылар үйүндө кыргыздын картаңдары да жашоого аргасыз болуп калды. Себеби, биз Батышты туурап ыйманыбыздан кеттик. Атам замандан бери кыргызда жетим-жесир болгон эмес. Жесирди өлгөндүн ага-инилери алган. Карыларды балдары болбосо алыс туугандары деле бапестеп багып алышкан. Караш Насер.
П-116. "Баардык дүйнөнүн пролетариаттары бириккиле!" дегендей, баардык уюлдук телефону барлар бириккиле! 60 тыйынга каршы күрөшкө чыгабыз. Партия түзөбүз "Соткалуу бей-бечаралар" партиясы - СББП деген. Ынтымак курултайынын алдындагы элге берген подаркасы ушул болсо, бийлик менен аябай дос болот экенбиз. Мамбетов.
П-117. Башка улуттарды кыргызча сүйлөбө деп кыйнабай, түштүктүк туугандарды таза кыргызча сүйлөгөнгө үйрөтүп алсаңар боло. "Өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген ушу турбайбы? Алмаз.
П-118. Калганда алты айдан араң ашып,/ Шайтанды ээрчип кетип тууган апам./ Капталдын айымдары каралашып,/ Чырпыктан чынар кылган алтын атам. Эркин Жаныбеков.
П-119. Бардыгын кымбаттатып элди жарга такап туруп ынтымак курултайын чакырганына эл таңгалып жатат. Биз карапайым эл ынтымактуу эле жашап жатабыз. Азыркы чоңдор менен мурунку чоңдор эле сабашып-камашып жатышпайбы. Анан элди ортого салып элдешкени жатышабы?.. Мамбетов.
П-120. Россиянын Ыраакы Чыгышында элди кармаш үчүн бекер жер берилип атыптыр. Бизде болсо Баткен облусунда өтө кооптуу болуп жаткан акыбалды токтотууга бир чара көрсөк болбойбу? Кичине былкылдап коелучу. Караш Насер.
П-121. Ынтымак курултайы эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло албайт. Айлыкты көбөйтүп, баардыгын кайра арзандатса, ошондон өткөн көпүрө барбы? Болбосо бир гана Алмаз Атамбаев менен Данияр Үсөнов көпүрө болушу мүмкүн, экөөнү эки жакка тумба кылып койсо. Мамбетов.
П-122. Деги элден акча алуу амалдарын ойлоп таап бүтпөй койдуңар. Уюлдук телефон, суу, жылуулук, электр энергиясы баарын убагында төлөсөң акчаң кургак нанга эле калат экен. Аны да паркта отуруп жейсиң. Себеби кожойке да квартиранын ижара акысын көтөрдү. Бишкектин жашоочусу.
П-123. Эрлердин көрүп жүргөн көптүн камын,/ Мерчемин күтүп, аңдып, саптан кагым./ Буйрутма көздү жоюш күчөп барат,/ Атууну колдонсок дейм ага, ханым. Эркин Жаныбеков.
П-124. Урматтуу уурулар, чөнтөктү шыпырып жатканда эртең кудай силерди жазаларын эстеп, жол киреге 10 сом калтырып койсоңор! Айтегин, Бишкек.
П-125. Бир тойдо музыка койгон Чубак деген жигиттин күлкүсү менен мурдуна ашык болуп калдым. Чубак агай, башыңыз бош болсо эки бакыр, бир тукур болуп баш кошпойлубу. Мага эң негизгиси, "көк мерген" болбосоңуз эле болду. Жооп күтүп Өмүркүл.
П-126. Азербайжан элинин атактуу ырчысы Полад Бюль-Бюль оглы маданият министри болуп төрт жыл иштеп маданиятын көтөрүп, фонограмманы такыр жоготуп, ошол эмгеги үчүн Россиядагы Азербайжандын элчиси болгон. Жакында Маскөөдө ырчынын 60 жылдык тою зор бийиктикте өттү. Биздикилер тамталаңдап иштей албай кайра жаралган Маданият министрлигин талкалап агенттик кылышып, аны эптей албай дүйнөлүк аферисттин сүрөт көргөзмөсүн уюштурам деп оңкосунан кетти. Маданият агенттигин жоюп ийсе да сооп болот. Саламат.
П-127. Кагылайын казармандыктар, ортомчулуктан эзели оңолбойсуңар. Бардык базарды басып алып, кызылкулактык менен элди кууратпагыла. Бекеринен силерди Нарын менен Жалал-Абат жерибептир да, көрсө. Тилек, Ак-Босого.