12.02.10 - 25-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Күлкүлүү үй
Күттүргөн жаз да келер…
Салык инспектору "Мерседес" менен келатып ГАИ инспекторунун машинесин кагып алат. Авария болгон жерде эки инспектор тең кимиси биринчи пара берет деп үч саат дулдуюп турушкан экен.
Жатканы эле бир баа
Кыргызстандын жолдору бүт эле "жаталак полицейский". Бирок алар адашып, жолго туурасынан эмес узунунан жатып алышкан…
Тумшугуң бекемби?
- Бир мүнөт күлсөң өмүрүң 5 мүнөткө узарат деген чын бекен, ыя?
- Эми бул кимге күлсөң ошого жараша болот да. Балким, узарбай эле кыскарып кетиши да мүмкүн…
Сылык кемпир
Эки жолдун кесилишинен мектеп окуучусу Шалман карыган кемпирди машинелердин бипилдегенине, шопурлардын сөгүнгөнүнө карабай колтуктап өткөрдү дейт. Көрсө, Шалман кемпирди аялдамада автобус күтүп отурган жеринен сүйрөп жөнөптүр да.
Өлбө, өкмөт!
Өкмөтүбүз: "Биздин казынада дүйнөлүк каатчылыктан аман-соо чыгып кеткенге акчабыз жетишерлик!" деп баса белгиледи. Ал эми калган кыргызстандыктар каатчылыктан кантип чыгабыз, азырынча түшүнүксүз.
Шкафта орун жок
Сексопатологго көрүнгөнү бирөө келет:
- Доктор, мен оорулуумун.
- Эмнеңиз ооруйт?
- Мен бир да юбкадан жөн өталбайм.
- Анын эмнеси бар, жигитсиз да!
- Ооба, бирок үйдөгү шкаф юбкага толуп кетпедиби.
Баягы жерге келе кал
Кыргыз элинин "жаңы жылды кантебиз, сүйлөшпөйлүбү" деген улуттук майрамы декабрь айынын ар бир алтынчы күнүндө белгиленет.
Москвабы? Моссоветби?..
Кызы энесине:
- Апа, апа дейм! Ажатканага баргым келип атат.
Ойлуу энеси:
- А мен… Москвага баргым келет - дейт кыялдана.
Дакмөнтүм машинеде
Милисанын сержанты:
- Эй, жигит, мас турбайсыңбы?
- Мас эмей эле, мына аптечка, техпаспорт, коопсуздук курум… баарыле бар.
- Эй, акыйлашпа, мас турбайсыңбы! Баарыле бар дейсиң, кана машинең?
Мээңе суук тиет!
- Тигил эки кыз матасекил талашып атабы?
- Жо-ок, терезенин жанына мен отурам деп талашып атышат.
Жыттайсыңбы? Чайнайсыңбы?
- Мексикалыктар тамактан кийин эмне ичишет?
- Текила ичишет.
- Немистер тамактан кийин эмне ичишет?
- Немистер пиво ичишет.
- Италиялыктар тамактан кийин эмне ичишет?
- Вино ичишет.
- Кыргыздар эмне ичишет?
- Кыргыздар тескерисинче арактан кийин пияз жешет...
Жирафтын күлкүсү
Ресторанда официант үстөлдөрдү бири-бирине жылдырып, бириктирип атат дейт.
- Эмне, бүгүн банкет болобу?
- Банкет деле жок, бишкектик бир күркүл жирафтын мойнун бышырып даярдап койгула деп тапшырма берди эле.
Алтыдан токтойбу, жетиден токтойбу?..
- Мен үйлөнөм десем, атам бир тоогун жыга чапты.
- Закүскөсүнө деппи?
- Жок… Катынга тойбойт экенсиң деп.




Аяз атаңдын сакалы
? Шампан атылды, бир тост "өлдү"
? Тортко тойдук, тостко тойбодук
? Аязата мас болду, аяз кыз карадалы болду
? Жолдун баары жолборс жылына алып келди
? Бойдоктор, жаңы жылда жалгыз жатпагыла
? Аяз кызга ар бир үйдөн тыюу жок
? Аяз кыз жапжаш бойдон, мен картайып баратам
? Аяз кыздын белгиси - кышында эрите албайсың
? Аяз ата чечинсе - ичинен аяш атасы чыгат
? Тоңуп кирип, күлүп чыккыла
? Бир баштык оюнчук үчүн балатынын "башы" кетти
? Бир саат тост сүйлөсөң, бир жылды карытасың
? Ыйлап узаттык, күлүп тостук
? Түнкү он экиде баарыбыз бирдейбиз
? Жарымы мас, жарымы соо - Жаңы жыл келди короого!
? Тургула! Тизилгиле! Аткыла! Куйгула! Ур-р-а-а!!!




Паспорт
- Сен паспорт алдыңбы?
- Жок. Анын бизге эмне кереги бар?
- Сен өзүң "Көк мээ койлор" партиясынан эмессиңби?
- Эмне болду?
- Эй, келесоо! Паспорт деген керек да. Паспортуң жок болсо көчөдөн сени илибой касапчы жетелеп кете берет, билдиңби!
- Мени жетелеп кете албайт.
- Эмнеге?
- Кожоюнум жакында жаңы постко отурат, мени ошого бордоп байлап атат. Көчөгө чыгарбайт. Жетелеп откозуп жүрөт. Же соет, же кудасынын машинесине салып берет.
- Сен мындай кыл, качан мууздайт деп жата бербей, аракеттен. Паспорт ал, анан виза аласың. Анан белет аласың да чет өлкөгө зуу коесуң, түшүндүңбү?!
- Чет өлкөдө таанышым жок болсо кайда барам?
- Австралияда тааныш кочкорлор бар, ошолордун адресин берем, бир коркпо.
- Паспортту кантип алабыз?
- Министрликте тааныш кочкорлор бар, ошолор жардам берет, жок дешпейт.
- Аның ким, мен тааныймбы?
- Тааныйсың. "Хипикляма, жаным-ов, Хипикляма!" деген ырдын автору. Убагында биртоп мезгил хит болду го ал ыры. Ошонусу менен атактуу болуп кетпеди беле. Бир эле ыры менен атагы чыгып кеткен. Эми, ал жакта жөнөкөй немелер иштебейт да, эй!
- Паспорт алганга дагы эмнелер керек?
- Тирначитирге сүрөткө түшүш керек. Алты уштук.
- Алтоону эмне кылабыз?
- Бирөөсүн паспортко чаптайбыз, экинчисин оенный белетке чаптайбыз, үчүнчүсүн эт комбинатына кириш үчүн күбөлүк аласың, ошого чаптайбыз. Төртүнчүсүн, сүйгөн кочкоруң барбы, ошого кат жазып салып жибересиң. Арт жагына жүрөктүн сүрөтүн тартып туруп, касапчынын эки бычагын сайып туруп, асты жагына "айлавүү" деп жазып туруп салып жибересиң. Калган экөөнү үйүңдөгү алыбомго чаптап сал: бирөөнү биринчи бетине, экинчисин арткы бетине.
- Бирөө эле жетет да.
- Келесоо! Алыбомуң жоголуп кетсе жок дегенде бирөө аман калат да.
- Анда эки алыбомго чапташ…
- Кое тур сөздү бөлбөй! Андан көрө тезирээк сүрөткө түш, калганын анан сүйлөшөбүз.
- Сүрөткө каякка барып түшөм?
- Тааныш бир кочкор бар… Мельникофф деген. Укмуш тартат! Америкалык Бир-Сий-Бе радиосунда иштейт.
- Кумга башым тыгып турсам да тарта береби?
- Аны сага ким үйрөттү?
- Австралиялык бир кочкор.
- Ой, экөөбүз анда тууган турбайбызбы. Мен да күн ысып кеткенде пляждын кумуна башымды тыгып, тоңкоюп тура берем. Ар ким келип куйругумду кармаласа да унчукпайм. Эх, бир тууганым, кеттик, сүрөткө түшөбүз. Паспорт алалы тезирээк…