12.02.10 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сезимдер серпилгенде

Балтабай + Дүрдана
Кыргызстанда 14-февраль - сүйүү күнү катары белгиленип жатканына аз гана убакыт болду. Батыштан келген бул майрамды айрыкча жаштар майрамдашат. Бул күнү жаштар бири-бирине сүйүүлөрүн билдирип, белек беришет. А мурда, бул майрам бизге келелекте сүйүшкөндөр бири-бирине сезимин кантип билдиришчү эле? Кыргызга таанымал адамдардын алгачкы сүйүүсү, ошол эле учурда жек көрүүсү, таарынычы жана арманы тууралуу кеп курдук.


Жаныбек ЖАНЫЗАК, жазмакер:
Сезим. Императордун буйругуна баш ийбей, сүйүшкөндөрдү баш коштурган Валентинге чоң ыраазымын. Азыр ушул сүйүү күнүн улантып, Валентиндин урматына майрам өткөрүлүп атат. Албетте, ар бир адамдын башына сүйүү келет. 2-класста интернатта окуп атканда жанымда отурган кызды сүйүп калгам. Ал кызды ушунчалык жакшы көрүп, ар кандай кыялдарга батаар элем. Бирок, ал кыз мени эмес, алдыда отурган башка баланы жакшы көрчү. Азыр ошондон улам сүйүү тууралуу фантазиям өрчүп, өнүккөн болуш керек деп ойлоп калам. Жактырган адамды кыялым менен жаратып алчумун.
Таарыныч. Бул жагынан эч кимди алдыга салдырбайм го, мастермин. Көп эле таарынам, аздектеп айтайын деген нерсени түшүнбөй, жакшы аракеттерди четке кагып, көңүлүмдү ооруткан адамга таарынам. Бирок, канчалык таарынсам да үмүт менен ээрчип, унуталбаган жайым бар.
Арман. Арзып тапкан адамга жетпей, жетсең да ал кыялыңдагыдай бийиктикте болбой калса ошол арман.
Жек көрүү. Менин табиятымда адамды жек көрүү сезими жок. Канчалык анын жаман кыялын көрүп турсам да жек көрүүдөн алысмын. Атүгүл мени кеңкелес кылган доктурду да жек көрө албай келем. Сүйүүдө жеңилчүмүн, бирок, жек көрчү эмесмин.



Накен КАСИЕВ, профессор:
Сезим. Сүйүшкөндөрдүн күнү дегенди билбейт экенмин. Согуштан кийин төрөлүп, ошол мезгилдин талабына ылайык тарбияланганбыз. Кыз-жигиттерде азыркыдай ачык сүйлөшүү жок эле. Жубайыма алгачкы сезимимди студент кезде билдиргем. 1961-62-жылдары болсо керек, кат жүзүндө жазып, кайра ошондой эле маңызда кат аркылуу жооп алгам.
Таарыныч. Ар кандай нерседен чыгышы мүмкүн. Үй-бүлө болгондон кийин таарынычтар деле болуп калат. Бирок, мындай кырдаалда эркек киши биринчи кечирим сураш керек.
Арман. Сүйгөнүнө жетпей өкүттө калган адамда армандуу сүйүү болушу мүмкүн. Кудай сактасын, менде андай нерсе болгон эмес.
Жек көрүү. Сенин сүйүүңө тескери жооп берген, тескери мамиле кылган адамга жек көрүү сезими күч деп ойлойм. Андан башка учурда сүйгөн адамыңа жек көрүү болушу мүмкүн эмес.


Эрнис ТУРСУНОВ, КР жазуучусу:
Сезим. Биздин учурда азыркыдай сүйүү майрамы деген болгон эмес. Адам өтө барктай турган сезим - бул сүйүү. Айрыкча жигит жаш селкини жактырып калса, атын да атабай "А" дан "К"га сыяктуу ыр менен сүйүүсүн билдирип жазышкан. Ал кезде бардыгы сезимге өтө бек болгон. Өбүшүүгө туура келсе да кол кармашпай, көз караш менен гана канчалык деңгээлде сүйөөрүн билдирген. Ошондуктан адамдын ыйык жери да барктуу болгон.
Таарыныч. Ал кезде таарыныч деген сейрек боло турган. "Олжобай менен Кишимжан", "Козукөрпөч менен Баянсулуу" сыяктуу эпостордогу артынан кошо өлүү бул чыгыштын уламыштарында абдан тараган. Артынан сүйгөнү каза болбосо да өмүр бою күткөн. Согушта күйөөсү көз жумган жаш жесир келиндер өмүрүнүн акырына чейин турмушка чыккан эмес, чыгыштык да кылган эмес. Бул берилгендиктин белгиси болгон.
Арман. Мындай сүйүүлөр азыр көбүрөөк кездешет. Армандуу махабат аттан жыгылып же авария болуп өлүп калышы ыктымал, ошондо эле болот. Илгери машине аз болгондуктан, авария, өлүм-житим да аз болгон. Токко урунуп, ууланып, же кырсыкка кабылып көз жумгандар болгон эмес. Ж.Бөкөнбаевдин аялы 24 жашында үч баласы менен жесир калган. Он жыл бою турмушка чыккан эмес, кийинчерээк турмушка чыкканда ошол кездеги министр Кондучалова "капырай, үч баласы менен муну ким алды?" деп таңгалган эле.
Жек көрүү. Күйөөсү туруп, чыгыштык кылган аялдарда иренжиткен сүйүү болгон. Андай аялды сабап, атка тескери миңгизип кетирип жиберишкен.


Айжан ГАЗИЕВА, ырчы:
Сезим. Алгачкы сүйүү он беш жашымда келген. Ошол кезде мен чыныгы, түбөлүктүү сүйүүгө жолуктум деп ойлогом. Бирок, жашоодо андай болбойт экен. Андан кийинки сүйүүм жолдошума арналды. Анда да ушул менин акыркы сүйүүм деп ойлогом. Жолдошум экөөбүз ажырашканда сүйүүдөн ушунчалык көңүлүм калган. Сүйүү түбөлүктүү эмес турбайбы деп бушайман да болгом. Жашоо көп кырдуу болот экен. Сүйүүмдүн ар бир минутасы, ошол мезгил мен үчүн кымбат. Адам баласы өмүрү өткөнчө канча жолу сүйүүнү башынан өткөрөт болду экен деп ойлойм.
Таарыныч. Убагында сүйүүнү барктай албай, көңүлүм сууп, сүйүүм өчүп калганда кайра келип кечирим сураган адам болот. Мен мындай адамды эч качан кечирбейм, ага кек деле сактабайм. Болгону ага деген сүйүү таптакыр өчөт. Таарынычым жазылбайт.
Арман. Акыркы сүйүүм… мен ал адамга жеттим, бирок, ошол эле учурда жетпей калдым. Азыр менин жүрөгүмдө жашап атат. Ага жетпесимди, түбөлүк меники болбосун билем. Акыркы үч ырым ошол адамга арналган, клиптерим да ошол адамга арналат. Ал адамга арналган дагы канча ырларым бар…
Жек көрүү . Жигиттердин арамзаланып, сени сүйгөн адам болуп көрүнгүсү келип, бирок, ошол эле учурда анын ою башкада экенин жек көрөм. Менин ырчылыгыма, таанымалдыгыма кызыгып, атүгүл алдыма келип жалдырап, басынып ыйлаган жигитти да көргөм. Ага менин боорум оорубайт, тескерисинче, аны сооротуп турганым үчүн жек көргөм.


Алмаз КАСМАЛИЕВ, диктор:
Сезим. Студент куракта бул күндү майрамдап, жактырган адамыбызга белек берип, сезимибизди билдирчүбүз. Бирок, азыр үйлөнгөндөн кийин бул майрамга анча деле маани бербейм. Ошентсе да келинчегиме белек берем. Мен 9-класста окуп жүргөндө классташ кызыма сүйүү сезими болгон. Бирок, кат жазганды анча жактырбайм. Ага көзмө-көз жолугуп эле сезимимди билдиргем. Ал эми жубайыма деле сезимимди эч кандай СМС же телефон аркылуу эмес, жолугуп, көзмө көз сүйлөшүп билдирген болчумун.
Таарыныч. Ар бир үй-бүлөдө, сүйүшкөндөрдүн ортосунда таарыныч болот. Бирок, кимисинен көбүрөөк күнөө кетсе, ошонусу биринчи кечирим сураш керек деп ойлойм.
Арман. Албетте, бойдокчулук кезде бир көрүп жактырып, сүйүп калган учур болгон. Кээде ал сүйүүгө жетесиң, кээде жетпейсиң. Бирок, мен сүйүүдө арманда калган эмесмин.
Жек көрүү. Сүйгөн адамдын жамандык жасаганы, ыйык сезимди тебелеп- тепсеп, анын баркына жетпегени жек көрүүнү пайда кылат.


Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ, ырчы:
Сезим. Валентин күнү - жаштардын, бойдок кыз-жигиттердин майрамы. Мектепте окуп жүргөндө сулуу кыздардын баарын бир сыйра сүйүп чыккам. Чоң балдардын кыздарга жазган катын ташып, кээде өзүм жактырып калсам, байкелердикин бербей, өзүмдүн катымды берген учурлар да болгон. Азыр мага СМС жазып жакшы тилектерин билдиргендер бар, бирок, үй-бүлөм бар экенин билгендиктен сүйүүсүн билдиришпейт.
Таарыныч. Сүйүүдө таарыныч болгон эмес. Мурда жакшы көрүп, артынан чуркаган кыздар баш тартса таарынып калчумун. Кийинчерээк, элге таанылгандан кийин ошол кыздар өзүлөрү келген учурлар болгон.
Жек көрүү. Балким, чын дили, менен сүйгөн адамдын көңүлүн суутуп, көзүнө чөп салып же алдап, сатып кеткен учурда жек көрүү сезими күч алат болуш керек.
Арман. Жакын досум бир кызды төрт жыл бою аябай сүйүп жүрүп, акыры жетпей калган. Мен ага ушунчалык да сүйөсүңбү деп таңгалган элем. Сүйүүгө жетпей калган бул арман болушу керек.


Майрам ДҮЙШЕКЕЕВА, КР эмгек сиңирген артисти:
Сезим. Биздин убакта кыз-жигит бири-бирине сезимин билдирүүдө абдан уялышчу. Кыздар эч качан сүйүүсүн биринчи билдирчү эмес. Мектепте окуп жүргөндө 5-6-класстан бир бала сүйүүсүн билдирип кат жазганы эсимде. Андан кийин студенттик убакта, театрда иштеп жүргөндө деле сезимин билдирип кат жазгандар болгон.
Таарыныч. Ал кезде жигитке таарынып калсаң, бирөөлөрдөн кат жазып берип, жолугушууга чакырышчу. Таарынсак жолугушууга чыкпай, жазган катына жооп бербей, тытып салчубуз. Азыркылардай болуп кафе-ресторан, дискотека деген болгон эмес. Киного, концертке чакырып, индия фильмдерин көрүп бир сыйра ыйлап, романтикага батып келчүбүз.
Арман. Жетпей калган сүйүү ар бир адамдын башында болсо керек, 18 жашымда Нарында иштеп жүргөндө, бир жигитти сыртынан жактырып калгам. Бирок, ага менин жакын курбум турмушка чыкты. Убагында ага сезимимди билдире алган эмесмин.
Жек көрүү. Артыман чуркап, сезимин билдирип жүргөн жигит менен досторубуздун туулган күнүнө барып, ыр кесе ойноп калдык. Ыр кесе алиги жигитке жетип ырдаса, үнү таптакыр жок экен. Ырдаганынан ирээнжип, экинчи аны менен жолугушпай койгон элем. Кийин ал сулуу аялга зыңгыраган күйөө болуптур.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА