12.02.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Субкат

Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институнун директору, КР УИАнын корр. мүчөсү, филология илиминин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев арымдуу окумуштуу, айтылуу айтматовчу катары коомчулукка жакшы белгилүү. А.Акматалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен 17 жыл аралыгында адабият, тил, искусство багытында 500дөн ашык аталыштагы китептердин чыгарылышы маданияттагы орчундуу окуялардан болуп калды. Мындай айтканда, ар бир он күндө бирден китеп чыгарган институттун, анын жетекчисинин ишмердиги кимди болбосун кызыктыраары шексиз. Төмөндө окумуштуу менен болгон субкатыбызды сунуш кылабыз.

"Эгерде керек болсо көтөрөйүн, Энеке, жонума артчы элдин жүгүн"

- Кыргыз илимдер академиясы бай тарыхы, бараандуу карааны бар куттуу мекеме. Бирок, бүгүнкү рынок шартына ыкчам аралашпай, окчундап тургандай таасир калтырат. Же андай эмеспи?
- Академия - билимдин храмы деп жүрөбүз. Бул тегин сөз эмес. Биздин академия улуу муундардын өмүр-жашы, көз майы, карандай мээнети менен түптөлгөн, улуттун илимий потенциалын даңазалаган ыйык жай. Ооба, заман талабына ылайык өзгөрүүгө, реформага барууга муктаж. Бирок реформа десе эле айрымдар айкырып жаткандай академияны бөлүп жарып, жогорку окуу жайларынын колтугуна дароо киргизе салууга болбойт. Бул жети өлчөп, бир кесүүчү маселе. Ага жогорку окуу жайларынын материалдык-техникалык базасы даярбы, илимдин өзү даярбы, карап көрүү керек. Адаттагыдай батышынбы, башкасынбы сокур туурабай, алардын жасаганын ойлонуп-толгонбой эле өзүбүзгө көчүрө салбай абайлап иш кылган оң. Айталы, батыштагыдай алгач ЖОЖдордун илимий техникалык базасын чыңдап алып, андан кийин техникалык, табигый, экономикалык илимдерди өндүрүш менен айкалыштыра турмушка киргизсе неге болбосун. Ал эми улуттук мааниси бар тил, адабият, тарых, философия өңдүү гуманитардык багыттагы илимдер мамлекеттин камкордугунда болуш керек.
Мен бул куттуу жайдын босогосун 1979-жылы аттаган экемин. Анын ичинен 17 жыл директор болдум. Ушул аралыктын ичинде биздин институт беш жолу реформалык өзгөрүүлөргө туш болду. Албетте, дурусу да болду, бурушу да болду. Айтайын дегеним, кайсы тармак болбосун реформа баарыдан мурда ишти илгерилетип, өндүрүштү өргө сүйрөсө, анда иштеген кызматкерлерди материалдык, моралдык жактан колдоого өбөлгө түзсө жыйынтыгын берет эмеспи. Болбосо, кызматкерлерди кыскарта салганды реформа десек терең жаңылышабыз. Ачык айтканда, биздин кызматкерлердин айлыгы өтө аз. Бирок, кабагым-кашым дебей, илимге өмүрүн арнап иштеп жатканына ыракматтан башка эмне айта аласың.
- Учурда "Манасыбызды" кытайга алдырып жибермей болдук деп кызыл чеке болуп жатабыз. Эгер сиздерде катылып жаткан канчалаган варианттарын эбак эле чыгарып койсок, мынчалык болбойт беле деп да ойлойсуң.
- Айтканыңардын жөнү бар. Бирок, биз деле колду куушуруп качан каражат бөлөт деп отуруп алган жерибиз жок. "Манас" али ачылып бүтпөгөн казына. Мен бул ишке тээ эгемендүүлүк эшигибизди аттаганы эле киришкем. Эң биринчи Сагымбай, Саякбайдын вариантында "Манас" эпосунун академиялык басылышын чыгарбайлыбы деген сунушумду Самар Мусаев, Айнек Жайнакова, Эсеналы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков өңдүү белгилүү манас таануучулар колдоп кетишти. Совет мезгилинде "Манас" басмадан чыгып жатканы менен баягы идеологиялык дүрбүгө илинген жактары окурмандарга жетпей келген. Бизде "Манастын" Сагымбайдан 1920-жылдары жазылып алынган 183 миң сап варианты сакталып турат. Арасында "Манасты" кийинки окуяларга да аралаштырып жиберген жагдайлары бар. Албетте, бул жерден Сагымбайды түшүнсө болот. Манас менен жашаган киши, Манасын реалдуу турмуштан бөлүп карай албаган. Ошондой жактарын алып салганда деле Сагымбайдын варианты 170-175 миң сапты түзөт. Советтик доордо анын 57 миң сабы гана басылыптыр. Демек, үчтөн бири гана басылган. Ошону менен Сагымбайдын алты томдук, Саякбайдын үч томдук академиялык басылмасын жарыкка чыгардык. Сагымбайдын дагы үч томдугу калды. Өкүнүчтүүсү, каражат жоктугунан калганы чыкпай турат. Көпчүлүгүбүз "Манастап" ураан чакырып, Кытайга тарттырып жибердик деп бакырганыбыз менен чындап келгенде манаска күйбөйт деле экенбиз. Азыр бизде Сагымбай, Саякбай баштап Шапак, Тоголок Молдо, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Шаабай ж.б. алптардан жазылып алынган 85 варианты сакталып турат. Башкача айтканда, "Манас" эпосунун 1 млн.дон ашык саптары бар. Аларды чыгаралы деген бирөө жок. Өкмөттөн каражат каралбайт. Кудайга шүгүр, эл ичинен чыкпай койбойт экен жаңы ачылган "Хан-Теңири" басмасы (жетекчиси Айнагүл Алымжанова) ишин Сагымбайдын "Манасын" толук басуу менен баштайлы деп жатат. Салмагы 7 килдик (1800бет) чоң китеп болот. Майдалаганда көзгө анчалык толумдуу болбой калат экен. Муну Жусуп Мамайдын вариантынан улам айтып жатам. "Манастын" Манастай эле болгону жакшы да. Ошондой эле Саякбайдын 84 миң саптык "Манасы" да ушундай эле көлөмдө басылып чыкмакчы. Аны "Турар" басмасы чыгаралы деп жатат. Өздөрүнүн каражатына. Мунун баарын коомдук башталышта, кыйкырып-өкүрбөй эле ар намыстуулук менен жасап жатабыз. Мен бул институттун жетекчиси катары өкмөтүбүз каражат бөлө албай өп-чап болуп жаткандан кийин, Манастын атын алып жүргөн паркка, аэропортко көп эле кайрылдым. Үч жолу көлөмдүү макала жаздым. Алар Манасты жамынганы менен жарытып маанисин түшүнбөйт окшойт, ак-көк дегенге жарашкан жок. Ошондой эле "бир сомдон чогултуп бергилечи" деп жалпы кыргызга кайрылсам деле майнап чыккан эмес. Анан жогорку басмалар "Манасты" басып чыгаралы деп турушса, сүйүнгөндөн апкаарып да калат экенсиң.
- "Манас" деп жүрүп кенже эпосторубузду "кейитип" албайбызбы?
- Биздин кенже эпосторубуз "Манаска" салыштырмалуу эле "кенже" аталып жүрөт. Болбосо, алардын ар бири көлөмү, маани-мазмуну боюнча бир улуттун мактанычына татыган чыгармалар. Ааламдагы ай чапчыган эпостордон ашса ашаар, асты кем эмес. Бирок, биздин уятыбызга жараша кенже эпосторубуздун академиялык басылмасы чыкпай келген. Биздин фольклордук топтун демилгеси менен "Эл адабияты" сериясынан деген аталышта кенже эпостордун 30 томдугун чыгардык. Мисалга, Саякбайдын айтуусунда союз кезинде чыккан "Эр Төштүк" эпосун алалык. Анын толукталган академиялык басылышын карап көрсөңүздөр, мурункусуна караганда эки эсеге көлөмдүүлүк кылат. Ошондой эле "Курманбектин" бир нече варианттары бар экенин билесиздер. Калыктыкы чыкса калгандарыныкы чыкпай калган дегендей. Биз колдогу кенже эпостордун бардык вариантын бастырып чыгардык. Бул жарык көргөн китептер биздин мактанычыбыз, маданиятка кошкон салымыбыз болуп калды деп айтсам аша чаппасмын. Мындан тышкары, биздин институт тарабынан "Залкар акындар" деген аталышта байыркы Кет Бука, айтылуу Асанкайгы, легендарлуу Токтогул ырчылар баш, кийинки Калмырза, Чоңду, Айтикелер төш болгон 7 томдук сериясын чыгардык. Муну көргөн казак туугандар суктанып, өздөрүнүн "Эл адабиятын" жүз томдук кылып чыгарабыз деп жатышат. Букар жырау, Шортоңбай өңдүү көөнө адабиятын баштоочуларын дагы чыгарууга киришти. Бирок, аларга өкмөтү олчойгон каражат бөлүп берип, колдон буттан алып колдоп жатпайбы. А биз каражатты эки жактан издеп таптык да. Спонсорлор жардам берди, жазылуу жүргүздүк дегендей. Ушунун баарын эле илимий иштерге катар алып жүрүп отурдук.
- Жакында эле жаңы сөздүк чыгарып жакшы иш кылдыңыздар окшойт?
Тарыхка кайрылсак, 1969-жылы "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" (24 миң сөз) 1984-жылы "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн" 1-томдугу жарык көргөн экен. Ар бир мезгилдин өзүнүн талабы бар. Бүгүнкү күндө көп нерселер өзгөрдү. Улуттук лексикада жаңы сөздөр пайда болду. Семантикалык жаңы мазмун, түшүнүктөр кошулду. Ушуларды эске алуу менен бир жыл көшөрө иштеп отуруп, жаңыртылган "Кыргыз тилинин сөздүгүн" чыгардык. Буга 50 миңден ашык сөз киргизилди. Калыгул, Арстанбектен тартып, кечээ-бүгүнкү кыргыз акын жазуучуларынын чыгармаларынан, ошондой эле дүйнөлүк классикалык адабияттын үлгүлөрүнөн алынган мисалдар менен толукталды. Мындан тышкары, улуттук психологияны, менталитетти чагылдырган, элдик ырым-жырымга, улуттук оюндарга байланыштуу мурда кирбей калган сөздөрдү коштук. Кыскартып айтканда, "Кыргыз тилинин сөздүгү" - кыргыз лексикография тарыхындагы өзүнчө бир этаптык баскыч, жаңы муундагы сөздүк болуп калды десем жаңылышпайм.
- Окурмандарга акын катары да жакшы таанымалсыз. Айрыкча Айтматов жөнүндө соңку жазган ырларыңыз жөнүндө эмне айтаар элеңиз?
- Бу турмушуң түшкүрдө кубанган, көңүл чөккөн же бирдемеден улам толкунданган учурлар да болот эмеспи. Ыр ошондой учурларда жазылат экен. Бир мисал келтирейин.Чыңгыз Айтматов өткөндөн кийин Түркия ал кишини эскерүү боюнча эл аралык конференция өткөздү. Ошого чакырылып барып калдым. Конференциянын жүрүшүндө 50дөн ашык түрк акыны Айтматовго арналган ырларын окушту. Ушу мага аябай таасир берип, катуу толкундандым. Кайра кайтканда самолеттон эле жаза баштадым. Кашайганда кагазым жок экен, гезит-журналдардын бетине, салфеткага чиймелейм. "Айтматов бар, аалам толук көрүнчү" деген ырым ошентип жаралган. Андан соң Бакуга, Алматыга бардым. Ал жактардан Чыңгыз агабызды канчалык урматташаарын көрүп көңүлүм серпилди эле. Натыйжада, "Аалам атын Айтматовго беришти", "Сиз өмүрдөн деги кетпей койсоңуз" деген кийинки ырларым жазылды. Баш аягы Айтматовго арналган16 ырым жазылды. Ар биринин себеби бар. Башка темадагы ырларым деле ошондой жагдайда жаралды окшойт. Ыр ушундай күтүүсүз келет эмеспи. Алгачкы ырымды мектептен баштасам керек эле. 7-класста окуп жүргөндө "эгерде керек болсо көтөрөйүн, энеке, жонума артчы элдин жүгүн" деп жазыптырмын. Бала кезде көп эле ыр жазылды. Бирок, ушул саптарым эмнегедир эсимден чыкпай келет. Ыр сабымда айтылгандай, элдин жүгүн аркалаганга өзүм да аракет кылып келем. Академияга келген акыркы 17 жылдын аралыгында бир да жолу эс алууга чыкпапмын. Бир сөз менен айтканда эмгек менин эс алуум болуп калгандай.
P.S. Маектешим менен жаңы эле коштошуп чыга береримде дагы бир "олчойгон" китепти көтөрүп, институттун кызматкерлери келип калды. Китеп орус тилинде "Творческие портреты мастеров профессионального искусства Кыргызстана" деп аталат экен. Калкка керектүү китептерди "жөжөдөй" эле басып чыгарып жаткан буларга таңгалып да, суктанып да турдум.
Маектешкен
Темирбек АЛЫМБЕКОВ