12.02.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көрзаман

Таштанды табылгалуу жайбы же тамыр кыркаар көрүнүшпү?

Бишкектин мэрлик тактысына ким отурбасын, шаардын тазалыгына маани берери турган иш. Атургай мэрлердин ишмердик деңгээлин дал ушул таштандылардын абалына карап өлчөп-бычып келебиз. Калыстыгыбызды айтсак, азыркы мэр Нариман Түлеев "таштанды маселесинде" так иштеп жаткандай. Бирок, шаардын төрт районунан чыккан таштандылар кайда төгүлүп, кандай жок кылынат? Санитардык талаптар аткарылганбы? Иликтеп көрсөк, андай эмес экен.


2 миң адам жан багат
Чыгыш тарабында Ак-Бата, батышында Калыс-Ордо, шаар тарабында Теңдик жаңы конуштары жайгашкан шаардык таштандыга бардым. Көрсө, Ала-Арча суусунан 200 метр, сугат суу сактагычынан 800 метр гана алыстыкта жайгашкан таштанды талаасынын өзүнчө мыйзамы, жашоосу, көмүскө бизнеси бар экен. Жалпы аянты 20 гектарга чамалап барган бул жерде мурунду жарган жытка, ар кандай оору жугузуп алуу коркунучуна карабай 2 миңдей адам "эмгектенерине" күбө болдум. Арасында үй-бүлөлүү, бала-чакалуу келиндер, алты саны аман-эсен жигиттер, окуучу балдар, кыздар бар экенин көрүп үрөйүң учат. Беткап тагынымыш эткен алар улам келген машинага тузга чуркаган койдой эле жабылышат экен. Ал жерде антпесең акча табуу кыйын окшойт.
"З0 килдей жыйган-тергенимди милийса тартып алды"
Байласа ит туралгыс таштандынын арасында иниси менен ар нерсени чогултуп жүргөн 12 жаштагы Нурайымды кепке тарттык:
- Нурайым, окуйсуңбу? Бул жакка дайыма келесиңерби?
- Мурун окучумун, азыр окубайм. Иним экөөбүз күнүгө ушул жакка келип иштейбиз.
- Эмне чогултасыңар? Күнүнө канча табасыңар?
- Желим, айнек бөтөлкөлөрдү, картон, кагаз, кытай мүшөктөрүн, жез, алюминий, темир чогултабыз. Күнүнө 100-150 сомдой табабыз. Кээде 50 сомго да чыкпай калат.
- Аларды каякка өткөрөсү-ңөр?
- Кечинде бул жерге келип алып кетишет. Болбосо, мобул үйлөрдө бир байке желим бөтөлкөлөрдү, дагы бирөө темир алат. Ошолорго өткөрөбүз.
- Канча сомдон өткөрөсү-ңөр?
- Ар кандай. Темирди 2 сомдон, алюминийди 5, картондорду 1 сомдон, тазараак кагаз, гезит-журналдарды 3 сомдон, айнек бөтөлкөлөрдү 50 тыйындан 4 сомго чейин, жездин килосун 180 сомдон, кытай мүшөктөрүнүн скотчтолбогонун 2 сомдон алат.
- Бул жерге келбегиле деп эч ким тыюу салбайбы?
- Тыюу салат. Кээде милийсалар келип кубалайт. Айла жок, ачка калбаш үчүн кайра эле келебиз. Кээде милийсалар эптеп чогулткан темир, жез, алюминий, латундарыбызды көтөрүп кетишет. Баягыда келишип менин 30 килодой жез, темирлеримди тартып алышты. Дагы бир жолу милийсалар автобус менен келип бул жактагыларды салып кетип 1000 сомдон алып, кайра кое беришти. Менин жанымдагы жаш кыздарды да салып кетишкен. Эки-үч күндөн кийин кое бериптир. Өткөндө милийсалар таштандыга киргениңер үчүн күнүнө 150 сомдон берип турасыңар деген. Таалай байке "аларга акча бербегиле, берсеңер көнүп алышат" деди. Азыр жакшы, милийсалар көптөн бери келе элек.

Таштандыга салынган тамдар, чай ичкен аялдар
Нурайым айтып жаткан үйлөр үйүлгөн таштандылардын так түбүнө салынган. Ал үйдөгүлөр жарыксыз, суусуз эле эки-үч жылдан бери жашап келатышыптыр. Азырынча "84" аталган бул жаңы конушту мыйзамдаштырууга мэрия быйыл уруксат берерин ал жерде жашаган Токтор байке айтып отурду. Токтор байке жайкысын курулушта иштеп, кышкысын жумуш жоктугунан улам таштандыга келип иштеп, акча табат экен. "Кышкысын да жакшы көп сасыбайт, жазында, жайында эр болсоң бул жерге келип көр. Бирок, азыркылардын жарымы ошол кезде деле ушул жерде болушат" дейт ал. Атын атагысы келбеген бир киши күнүгө бул жерге келип иштегендерге 20 сомдон сүт сатат экен. Эс алуу убагында таштандынын четирээк жагына чыгып аялдар чай ичип, ала келген тамактарын жеп жатышканына күбө болдум.

Ачык айтсаң айдаласың
Эс алып отурган аялдарга барып, бул жакка кандай тагдыр айдап келгенине кызыктым. Бирден сүйлөп берүүдөн тартынган алар, бирин-бири коштой "биз жыргаганыбыздан ушул жакта жүрүптүрбүзбү", "бала-чака багалы дейбиз", "жумуш жок болсо келебиз да", "эмнени сүйлөп бермек элек, биздин жашообуздун иттикинен да жаман экенин көрүп турбайсыңбы" деп ачуу чындыкты ортого салышты. Менин журналист экенимди билген бир эже "бул жерге канча журналист келди. Гезиттен, теледен, радиодон да келип сүйлөтүп, тартып кетишкен. Алар кеткенден кийин бизге тынчыраак иштөө болбой калат. Кайра милийсалар келип "эмне арызданасыңар" деп бизден акча талап кылышат. Айткылачы, мындан башка жумуш жок болсо кайда барабыз, эмне кылып балдарыбызды багабыз. Ушул жер болбосо эбак өлүп калмак экенбиз" деп ичиндеги бугун чыгарып алды. Эженин бул айтканына ак да, көк да дей алган жокмун. Бул жердин мыйзамы боюнча гезит, телеге ачык чыккан адам дароо таштандыдан куулуп, "кызматынан" айрылат экен.

Даниялыктарга "даром" кетип калат деп…
2008-жылы Эл аралык ишкердик кеңештин(ЭИК) эксперттери Бишкектен чыккан таштандыларды иштетүү менен көмүскө бизнестин өкүлдөрү шугулданарын билдиришкен. ЭИКтин эксперти Михаил Рогожин шаардан бир жылда чогулган таштандынын көлөмү 1,4 млн. куб метр экендигин, анын жарымы эле катуу заттар болорун ачыкка чыгарган. Мындан сырткары эксперт 30 жылдан бери ташталып келаткан таштандылар пландаштырылган мөөнөттөн эбак өткөндүгүн, ал жерден айлана-чөйрөгө өтө коркунучтуу уулуу заттар бөлүнүп чыгарын баса белгилеген. Муну эксперттер таштандынын түпкүрүндө метан газы топтолгондуктан эч себепсиз эле маал-маалы менен өрт чыгып тургандыгы менен түшүндүрүшкөн. Алардын айтымында, учурда айрым таштандыларды кайра иштетип жаткан фирмалар, жалпы таштандынын 10 пайызын гана иштете алышат экен. Кезегинде даниялыктар таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруп, калдыктардын тоннасын 6 доллардан сатып алуу сунушун кыргыз өкмөтүнө билдирген. Бирок, билермандар бул баа текейден арзан экенин айтышып, макулдугун беришкен эмес.

Диоксин - дем алууңду токтотот
2007-жылы Түштүк Корея бизнесмендери таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруу сунушу менен кайрылышкан. Бул үчүн кореялыктар 49 жылга 60 гектар жерди ижарага берүүнү мэриядан сураган эле. Бирок, бул долбоор да кыргыз чиновниктери тарабынан колдоого алынбады. Ушундай эле ниет менен америкалыктар да келишкен. Андан бери бул маселе боюнча эч кандай жылыш жок. Учурда таштанды тынбай күйүп, абаны булгап келет. Экологдордун айтымында, желим заттардын күйүүсүнөн абага диоксин аталган өтө коркунучтуу химиялык зат бөлүнүп чыгат. Мындай диоксиндик булганууну эч бир чыпка толук, таза чыпкалай албайт. Демек, беткаптан өтүп кетет. Желим заттардын күйгөндөн кийинки калдыгы да уулуу болгондуктан аны дароо көмүү зарыл экен. Мындай зат көмүлүүчү жай калктуу пункттан, агын суулардан төрт-беш чакырым алыс болуп, шамалдын кай тараптан көп болору да эске алынышы керектигин экологдор кан какшап келатышат. Бүгүнкү күндө шаар таштандысы ачык эле күйүп, айланасындагы жаңы конуштарды ууландырып жатат. Ал аз келгенсип таштандынын жанында арак, кыш заводдору курулган.

Көзүм көрбөсө… бөрү жесинби?
Баса, 2008-жылы агездеги вице-мэр Валерий Корниенко шаардык таштандыдан швейцариялык компания метан иштеп чыгарарын сүйүнчүлөгөн болчу. Буга эл аралык компания 2 млн. евро жумшап, таштанды ылгоочу, метан чыгаруучу техникаларды алып келмек. Ошол сөз ошол бойдон эле калды. Журналисттердин таштанды үчүн жаңы жай бөлүнөбү деген суроосуна вице-мэр "жаңы жер бөлгүчө, завод куруу ыңгайлуу, натыйжалуу болот. Анын үстүнө таштанды төгүүчү жайда азыр бут коерго жер калбай калды" деп так кесе жооп кылган. Андан бери туура эки жыл өтүптүр. Ал жерге дагы деле тынбай таштанды ташылып келет. 30га "чыккан" таштанды талаа дагы канчага чейин, канчалаган адамдын ден соолугун талкалап, өмүрүн кыскартар экен?! Буга азырынча жылуу-жумшак, бардык шарты бар үйлөрдө жашаган чиновниктер баш катыра элек. Ал ортодо тигинтип 2 миң адам акыр-чикирдин арасында акча издеп жүрөт. Алардын ден соолугу кантээр экен?

Мелис СОВЕТ уулу, тел:386713