12.02.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Акчаңды жыйнай бер

Мамлекеттик ипотека качан башталат?

Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктүн баасы канча, жакында алардын баасы өсөбү же түшөбү, суроо-талап кандай үйлөргө көбүрөөк? Мына ушундай суроолор менен Кыргызстандагы риэлторлор коомдук бирикмесинин төрагасынын орунбасары Елена АНАНЬЕВА менен баарлаштык.
- Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатуу боюнча канча риэлтор фирмасы бар?
- Кыймылсыз мүлктү сатуу, ижарага берүү боюнча Бишкекте эле жетимишке чукул риэлтор фирмасы бар. Үй, квартира, жер сатуу, сатып алуу же ижарага алуу боюнча көпчүлүк риэлтор кеңселерине кайрылышат. Андан тышкары, Ошто, Ысык-Көлдө эки-үчтөн риэлтор кеңселери бар. Учурда кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу Бишкекте эле көп. Ал эми Ысык-Көлдөгү үй, квартира жер участокторуна суроо-талап мурдагыдай болбой калды. Кыргызстандын башка аймактарынан кыймылсыз мүлк сатып алууга суроо-талап жокко эсе. Алар ич ара сүйлөшүп эле сатат же сатып алышат.
- Бишкектин кайсы райондорунда үйлөр кымбат турат?
- Негизинен Бишкектин борборундагы үйлөр башка кичирайондорго салыштырмалуу кымбатыраак. Мисалы, Жаш Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки үйлөр башкаларга салыштырмалуу алда канча кымбат. Ал эми Жал кичирайонунда "Жал-Артист" аталган элиталык үйлөрдүн салынганына карабай, акыркы мезгилде алар арзандап, суроо-талап азайды. Бул райондун шаардын борборунан алыс экендигине жана жашылдандырылбаганына да көңүл бургандар бар. Ал эми Туңгуч, Учкун кичирайондорунан финансылык мүмкүнчүлүгү чектелүү гана адамдар алышат. Бул кичирайондорго салыштырмалуу 3-4-5-6-7-8-9-10-11-12 кичирайондорго, Асанбайга суроо-талаптар көбүрөөк. Эч кандай шарты жок жер тамдарга албетте, суроо-талаптар өтө аз.
- Борбордогу квартиралардын коммуналдык төлөмдөр жогорулаганына байланыштуу сатып алуучулардын саны азайган жокпу?
- Азырынча байкала элек. Албетте, азыр баары кымбаттап кетти. Бирок, квартиралардын төлөм акысы кымбат экен деп баш тарткандар жок. Себеби, ай сайын коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө кудурети жеткендер гана квартира сатып алышат. Ал эми квартира сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктор жер там алууга аракеттенет. Бишкектеги жаңы конуштардын арасынан "Царьское селого" суроо-талап чоң. Албетте, бул райондон жалаң капчыгы калыңдар алышат. Шаардын четинде эле жайгашкан Сокулук районунан үй, же башка турак-жай сурагандар жокко эсе.
- Кыймылсыз мүлк жылдын кайсы мезгилинде көп сатылат, кайсы учурда сатуу жай жүрөт?
- Көбүнчө жаңы жыл алдында, кышында жана жай мезгилинде үйлөр арзандап, суроо-талап төмөндөп кетет. Кышында суукта эч ким үй сатып алгысы келбейт. Ал эми жайында көпчүлүгү эс алууда болушабы, айтор, сатып алуучулардын саны азайганы байкалат. Жазында көпчүлүгү башка жакка көчүшөт, көчүп келгендер да көп болот. Ошонун эсебинен сатып алуучулар көбөйөт. Күзгү бышыкчылык убакта элде акча болот. Бирок, ушул мезгилде деле жер үйлөрдү сатуу кыйынга турат. Быйыл мамлекеттик ипотекалык кредиттер берилет деп атышат. Эгер ушул иш башталса кыймылсыз мүлк рыногунда эле эмес, адамдардын жашоо шарты жакшырыш үчүн чоң роль ойнойт эле. Себеби, жалаң маянага жашаган адамдар үчүн акча чогултуу мүмкүн эмес. Анүчүн чакан бизнес же кошумча каржы булактары болушу шарт.
Анча-мынча чогулткан акчанын үстүнө ипотека алса, жарандарга жеңилдик болмок. Азыр деле коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит алса болот. Бирок, мындай банктар үстөгүн 25 %дан төмөн бербейт. Ал эми мамлекеттик ипотека жанданса, алардыкы 15 % дан жогору болбойт деп айтылууда.
- Быйыл үйлөрдүн, дегеле кыймылсыз мүлктүн баалары өсүшү мүмкүнбү?
- Мисалы, 2008-жылдын жай мезгилинен тарта 2009-жылдын башына чейин кыймылсыз мүлктүн баасы 30 % га төмөндөгөн. Былтыркы жылдын жаз мезгилинен тарта кайрадан 25 %га өстү. Андан кийин кайрадан түшө баштады. Мурда бир бөлмөлүү батир 30 миң доллардын тегерегинде болсо, азыр 20 миңден жогору баага сатып алууга болот. 2009-жылдын күз айларынан баштап кыймылсыз мүлктүн баасы бир калыпта келатат. Ал эми мурда Ысык-Көл өрөөнүндө жер участогу, үй, жана башка кыймылсыз мүлк кымбат турса, азыр ал жакка да суроо-талап азайды. Мурда жүз миң доллардан миллион долларга чейин турган Ысык-Көлдөгү жер участоктору азыр сатылбай турат. Себеби, ала тургандар жокко эсе. Быйыл кыймылсыз мүлктүн бааларынын жогорулашы же төмөндөшү ипотекага байланыштуу болот.
- Бишкектин борборунда салынып аткан элиталык көп кабаттуу үйлөрдүн наркы канча, аларга суроо-талап кандай?
- Жаңы салынган элиталык үйлөрдүн бөлмөлөрүн чарчы метр боюнча эсептегенде Бишкектеги башка эски көп кабаттуу үйлөрдүн баасы менен эле барабар. Бирок, эски үйлөрдүн жалпы аянты кичирээк болгондуктан, алар арзанга түшөт. Ошондон улам алардын бааларынан айырма чыгат. Жаңы салынган үйлөрдүн жалпы аянты 150-200 чарчы метр болсо, ал 160-180 миң долларга жетет. Негизи, бардык шарты бар менчик особняктардын баасы элиталык квартиралардан да ашып түшөт. Мисалы, былтыр эң кымбат үй 800 миң долларга сатылды. Албетте, бул үйдүн салынышы абдан сапаттуу болчу. Анын полдору алчанын жыгачынан, эшиктери кара жыгачтан, тепкичтери мрамордон, жуунуучу бөлмөсүндө бассейн бар эле. Ал эми элиталык квартиралардын эң кымбаты 200-250 миң доллар турат.
- Дүйнөлүк каржы каатчылыгы Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк сатуу маселесине кедергисин тийгизгени байкалдыбы?
- Албетте, байкалды. Кыргызстандын өзүндө эле эмгектенип, маяна топтоп үй сатып алган адамдардын саны аз. Сыртта соода-сатык же башка бизнес иштери менен алектенгендер бул жактан квартира, үй же жер участокторун сатып алышчу. Каржы каатчылыгына байланыштуу сырттан бизге мурдагыдай көп каражат келбей калды. Жогоруда айтып өткөндөй, 2008-жылдан 2009-жылдын күз айларына чейинки баалардын арзандашынын себеби ушунда.
- Борбордо квартираларды батирге алуу-берүүнүн орточо баасы канча? Мисалы, бир бөлмөлүү квартира айына канча сомго батирге берилет?
- Бир бөлмөлүү квартиралар айына 150-200 доллардын тегерегинде батирге берилет. Бул сумма квартираларын батирге бергендерге да алгандарга да ылайыктуу десе болот. Мындай сумманы төлөгө мүмкүнчүлүгү жоктор эч кандай шарты жок ижарага жер үйлөргө батирге чыгышат. Алардын баасы алда канча арзан. Учурда арендага берилүүчү, сатылуучу имараттардын саны да арбын.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Отко күйбөс, сууга чөкпөс
Омкорулбас - накыл сөз
(Башы өткөн санда)
Жаңы ой табуу,
жаңыланып жануу.
??
Байкабай кашынба,
балээге катылба.
??
Тике айтуудан тайманбас.
Тил курч албарс.
??
Ирегеңден кетпеген.
Ирденсе тепсеген.
??
Кагылат кармап чок.
Камбылдыкта курсак ток.
??
Калкына калыс. Кармашуудан алыс.
??
Муңайбас өнүгөт. Мушташта өнүгөт.
??
Акыйкат күзгү. Албырткан жүздү.
??
Мезгилди угуу. Мээнин тунуктугу.
??
Канса моокуму. Сезбейт коркууну.
??
Сүйбөгөн зордук. Соолутат соруп.
??
Мафияга кабылба. Маянаң жаныңда.
??
Түш алдын ала билдирет.
Тутуларын ким билет?
??
Ойду жазып калтыр.
Өркүндөсүн калкың.
??
Табият муютат. Такшалтып уютат.
??
Селсаяк кызматсыз.
Сенделет ыймансыз.
??
Жаңы коомду куруу үчүн.
Жумшалсын жаштык күчүң.
??
Баладан оокат аяган.
Битиреген кары адам.
??
Бактысыз ачкөздүктөн.
Баласыз өткөндүктөн.
??
Баарына эптүү. Бак конор - эстүү.
??
Куралса эл. Күкүктөйт сел.
??
Какшыктап сүйлөбө,
Кагышат үй-бүлө.
??
Турмуштан издеп бактыны.
Туйтунган эрте бактылуу.
??
Тымызын иш жүргүзөт.
Тыңчы ич күйгүзөт.
??
Сынга терикпе. Сынсаң жээликпе.
??
Курсакты көптүрөт ооз.
Кумарды кандырат дос.
??
Кошоматсыз көкүрөк таза.
Корунбай эркин жаша.
??
Тер куюлган - мээнет.
Тезек терүү - эрмек.
??
Илим, техникага кызык.
Ириде учасың сызып.
??
Каражатты пайдалан.
Капчык толсун андан.
??
Мезгил карыйт. Мээ тарыйт.
??
Айласын тапсаң. Аласың арзан.
??
Жактырганы бар. Жагымдуу - жан.
??
Сооп изде. Соолубас - иште.
??
Асанкул АРЫКОВ, Кочкор району