mainkaptal

Пользовательский поиск
 23-март

"Шишик" жарылабы?

Курултай деген сөз кыргызга эзелтен сиңген. Кийинки эле убактарда оппозиция өкүлдөрү бир нече жыйындарды курултай атап өткөргөн. Бирок бийлик 23-мартта боло турган курултайды анын чыныгы маанисинде өткөрөбүз деп белсенип турат. Эгер тарыхка көз чаптырсак, элдин тагдырына байланышкан маселелерди чечкен жыйындар курултай аталып келгени белгилүү.

Президент да өз кайрылуусунда курултайда тагдыр чечер маселелер талкуулана турганын билдирген. Алардын катарында өлкө аймагынын бүтүндүгү, маданий мурастардын өнүгүшү жана жаратылышты сактоо маселелери, элдин билим деңгээлин көтөрүү, саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик тилдин келечеги сыяктуу көйгөйлөр бар. Булар канчалык ачык деңгээлде талкууланып, делегаттар кандай бүтүмгө келет, курултайдын жүрүшүндө дайын болот. Анда коррупция, туура эмес менчиктештирүү, элдин ынтымагына доо кетирген түндүк-түштүк бөлүнүүчүлүгү, уруу-уруу болуп жиктелүү, мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчилиги жана экономикалык маселелер талкууланабы же жокпу, бул жагы белгисиз. Бирок көйгөйлөр талкууланган менен курултай кандайдыр бир саясый чечим кабыл албай турганы белгилүү болду.
Курултайдын кандайча өтө турганы да элди кызыктырбай койбойт. Алгач ажо узун сабак сөз сүйлөп, делегаттар ошонун негизинде үн кошобу же делегаттар көйгөйлүү маселелерди айтып, аларды ажо угабы, бул жагы да белгисиз. Бирок президенттин катчылыгы курч талкуулар сөзсүз болот деп айтып жатат.
Башкысы, курултай болгон соң эч кимден коркпой көйгөйлүү маселелер ачуу болсо да айтылышы керек. Ошону менен бирге эл бийликтин катачылыгы деп эсептеген маселелерди да бийик трибунадан ачык айтып, ага жооп алууга тийиш. Албетте, бийликке эл айткан көп нерсе жакпашы мүмкүн, бирок чындыктын даамы ачуу болот, муну менен президент баш болгон чиновниктер элдин пикирин билип алышат. Ошентип эл менен бийликтин ортосун алыстаткан нерселер ачыкка чыгат. Бирок мунун баарын жер-жерлерден шайланып жаткан делегаттар, жыйындарды уюштурган айыл өкмөттөрү түшүнөр бекен? Же делегаттарга "сөзүңдүн башында сөзсүз президентти мактап кет" деп кулагына куюп жатышабы?
Дагы бир маселе, шайланып келчү делегаттардын коомдо аброю болсун деген талап бар. Бирок айыл өкмөттөрү абройлуу киши деп кимди тандайт болду экен? Азыр биз абройлуу киши деп колунда малы бар, чет өлкөлүк машине тепкен, заңгыраган тамы бар кишилерди түшүнүп калганыбызга көп болду. Анткени жалаң ошолор депутат, ошолор чоң кызматка келгени жалганбы. Эгер аброю болгону менен көз карашы оппозициялык маанайда болсо андайларды жергиликтүү бийлик эгерим жолотпойт.
Адегенде айтылгандай курултайга чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары да катышуусу керек. Эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулованын билдиришинче, Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспоралары катышууга макулдугун берген. Алар абройлуу кишилерди өз катарынан кантип тандайт, жол каражаты кандай чечилет, убактылуу мандатты ким берет сыяктуу маселелер бар. Себеби, чет өлкөдө иштеген боордоштордон 35 делегат келиши керек.
Курултайга делегаттарды биздеги диний уюмдар өтө бат аныктаганы дайын болду. Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин билдиришинче, мусулмандар 10, протестанттардан 5, орус православ чиркөөсүнөн 3 жана буддалар менен иудаларга бирден орун берилген.
Бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүдөгү каржы маселеси да ойлондурбай койбойт. Делегаттардын келип кеткен чыгымын ким каржылайт, ж.б. уюштуруу маселелерине байланышкан каражаттар да ачык көрсөтүлгөн эмес. Айыл өкмөттөрү, шаарлар өз делегаттарынын чыгымын көтөргөн менен эмгек мигранттарынын каражат маселеси өтө көйгөйлүү. Мисалы, эгер делегат Москвадан же Иркутскиден келсе бир кишинин чыгашасы 1500-2000 доллардын тегерегинде болору талашсыз.
Негизинен, бизде буга чейин деле ар түрдүү кеңешүүчү органдар түзүлүп келгени белгилүү. Бирок ошол кеңешмелерде баш-аягы жок сөздөр айтылып, ар ким өз кызыкчылыгына туура келген маселелерди көтөрө бергени маалым. Бирок жыйын аяктагандан кийин сөздөн башка эч кандай жыйынтык чыкчу эмес.
Президент өз кайрылуусунда курултайга делегат болуп патриот жаштар келсе жакшы болорун баса белгилеген. Бирок патриот эмес деги эле жаштарды аким, губернатор, айыл өкмөтүнүн башчылары жолотобу деген ой да келет. Элибиз абройлуу десе эле аларды жашы өтүп калган кишилердин арасынан издээри белгилүү. Ошондой эле аял затынан да өкүлдөр болушу зарыл.
Кийинки кезде курултай жөнүндө сөз болгондо бир катар саясат таануучулар оппозиция өкүлдөрү да бул жыйынга катышса, алар да өз ойлорун башка делегаттардай эле айтса, курултайдын өтүшү жандуу болор эле деген ойлорун айтышты.
Жыйынтыктап айтканда, курултайдын катышуучулары биз кайсы жолдо баратабыз, алган багытыбыз туурабы, келечекте бизди эмне күтөт сыяктуу маселелер талкууланып, баары ачык айтылса, көптөн берки коомдун "шишиги" да жарылмак, курултай өз максатына жетмек.




  Шизофрения дейби...

Раевдин убалына калган ким?

Ушул жумада кыргыздарга буга чейин тааныш эмес Сергей Мельников деген фото сүрөтчүнүн көргөзмөсү өкмөт менен парламентке чуу түшүрүп, анын айынан маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев кызматы менен кош айтышты. Бирок көпчүлүк Мельниковдун ким экени жөнүндө толук билбей калды.
Сергей Мельников (Ал өзүн Мельникофф деп атаганды жакшы көрөт) 1955-жылы Ленинградда төрөлгөн. Алгач журналист болуп иштеп ЦК ВЛКСМдын ишеничине кирип, 1989-жылы "Челюскин" экспедициясына катышкан. Ал сатып алуучуларды алдап түрмөгө түшүп, 6 жылга камалганына саясый боек сүртүп, муну компартия кылган деп айтып жүрөт.
1989-жылы кызы жана аялы менен СССРден качып кеткен. Алгач Монголия аркылуу Кытайга өтүп, БУУнун өкүлчүлүгүнө барып качкын статусун алган.
Качкын документин алгандан кийин АКШ атуулдугун алып сүрөтчүлүк менен, алектенген. Бирок ал өзүн Пентагондун кеңешчисимин деп да мактанып жүргөнү маалым. Мындан сырткары сүрөтчүлүк өнөрү үчүн Канада менен Испаниядан сыйлык алганын жарыя кылган менен, бул боюнча расмий сайттарда бир да маалымат жок. Өзүн мультимиллионер деп атаганды да жакшы көрөт. Ал 1990-жылдан 2000-жылга чейин өзүн АКШ миллионеримин деп КМШ өлкөлөрүн кыдырып, өтө чоң кызматтагы кишилердин башын айландырган.
1998-жылы Кыргызстандын президенти Аскар Акаевден колдоо таап, Ысык-Көлдөн Матвей пайгамбардын сөөгүн изилдөөгө алат. 2002-жылдын сентябрында С.Мельников "11-сентябрдын чокусу" деген тасманы Тянь Шань тоолорунун чокуларынан тартып, аны Аскар Акаев АКШ президенти Бушка белекке берген деген да маалымат айтылат. Анын ушундай иштерин санай берсең, бүтпөйт. Бардык өлкөлөрдө дүкөндөрүм бар деп мактанат. Жада калса андан орус ФСБсы да коркуп турат. Ошентип өзүн мультимиллионер, академик, улуу фотосүрөтчү деп атаган аферисттин шизофрения дарты менен ооруганы да айтылып жүрөт.
2005-жылы "Белый пароход" маалымат агенттигинде "Сергей Мельниковду Феликс Кулов туризм министри кылып дайындаса, өлкөнү жакырчылыктан алып чыгат" деген маалыматтар жарыяланган. Эмесе, ошондогу "Белый пароход" гезитине берген Мельниковдун маегине назар салыңыз.
"Федералдык мыйзам мени мындай кишилерге "мырза президент" деп кайрылышымды талап кылат. Мен ал киши менен (А.Акаев) тааныш болгонума бактылуумун. Ал улуу гуманист, ары айкөл адам. Баса, силер кыргыздар, анын үйүлгөн байлыгы менен салган сарайлары жөнүндө эмне унчукпай калдыңар? Силер акылдуу президенттен айрылдыңар. Акаев аскер кылмышкери И.Каримовдун алдында мыкты эле. Президент А.Акаев КМШда эле эмес, бүткүл дүйнө боюнча акылдуу болчу. Кийинки парламенттик шайлоодо А.Акаевди депутат кылып шайлагыла".
Мындан тышкары С.Мельников Россияга акаарат айтканын токтотпой келет. "Менин бир сүрөтүм президент К.Бакиевдин иш бөлмөсүндө илинип турат" деп айтканы да жалган болуп чыкты. Анын бул жолу Кыргызстанга келип сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүгө демөөрчү болгонун экс-баш банкир Улан Сарбанов мойнуна алды.




  Ким теске салат?

Улутка көө сүйкөгөн айбан

Кыргызстандагы күрд улутунун бетине кайрадан көө жабылды. 20-январь күнү Көк-Жаңгак шаарында 21 жаштагы күрд жигити мас абалында 8 жаштагы кызды зордуктаганы аныкталган. Кыз зордукталганы аз келгенсип, денесинин көп жерине жараат алганы дайын болду. Азыр ал ооруканада. Кылмышкер изи сууй электе кармалып, кылмышын мойнуна алган. Жергиликтүү жашоочулар окуя болгондон кийин күрд үй-бүлөлөрүн көчүрүүнү жана кылмышкерди эл көзүнчө атып салууну талап кылышты. Жалал-Абад облусунун прокурору эки буттуу нааданга эң оор жаза сурай турганын билдирип, элди тынчтандырган.
Көк-Жаңгакта күрддөрдүн 30 үй-бүлөсү бар. Аларды азыр милициянын атайын отряды кайтарууга алууда. Ал эми кылмышкердин жакын туугандары делген үч үй-бүлө окуя болгондон кийин Көк-Жаңгак шаарынан чыгып кетишкен. Азыр Жалал-Абад облусунун бийлиги кырдаалды көзөмөлгө алып, Петровкадагыдай абал кайталанышына жол бербейбиз деп жатышат. Зордукталган кыз кыргыз болгондуктан элдин каары жаман экендиги белгилүү. Ошондуктан шаар азыр милициянын күчөтүлгөн кайтаруусунда турат. Наристени зордуктаган бул аңги 2007-жылы да ушундай кылмыш жасап соттолгону дайын болду. Бул боюнча элге облустук прокурор билдирген. Анда Сузак райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок облустук сот жазаны 2 жылга түшүргөн.
Жергиликтүү эл бийлик күрддөрдү өмүр бою кайтара албастыгын, бул жара кайра ырбай берерин айтып, күрддөр сөзсүз көчүп кетүүлөрү керек дешет.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясы ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Кезинде Ферганадагы өзбектер түрктөрдү кууп чыкканда базарда бир кило этти бөлүшө албаган окуя себеп болгон. Ал эми биздегидей денени дүркүрөткөн кылмыштын арты чоң чатактарды жаратышы талашсыз. Баарынан да сегиз жаштагы кыздын тагдыры жүрөк оорутпай койбойт. Азырынча жергиликтүү эл күрддөрдү апрель айына чейин чыгып кеткиле деп мөөнөт берди. Ошондой эле зордукчу жигитти эл алдында соттоону талап кылышты.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"
2-бет
Байымбеттин батылдыгына "баракелде"
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?
5-бет
Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот
6-бет
"Жолдошумдан ажырап ара жолдо калдым"
7-бет
"Шишик" жарылабы?
8-бет
Ойлонбосок, отуз жылдан кийин ойрон болобуз
9-бет
Элдик саясат
10-бет
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет
13-бет
Азык-түлүк коопсуздугу дагы эле коркунучта
14-бет
60 тыйындын артында эмне жатат?
15-бет
Аба аркылуу тараган маданият
16-бет
Депутаттын миң кыял
17-бет
Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА:
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"

18-бет
Сөзирмемдер
19-бет
Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
20-бет
Кожогелди Култегин:
"Алымбаев качып жүрөт"
23-бет
Жашаргым келет
24-бет
ДҮЙНӨКҮН
25-бет
Сүйүү кары-жашка карабайт дейт. Улгайып калган адамдарда сүйүү сезими жаш кезиндей болушу мүмкүнбү?
26-бет
Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
27-бет
Справочный бүйрө
28-бет
Жакшы акын жазган ырында жашайт
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика