mainkaptal

Пользовательский поиск
Справочный бүйрө
Кантип сактанам?
С.: - Көп балалуумун. Айылда жашагандыктан бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жакшы билбейм. Спираль салдырууну каалабайм. Ал эми жолдошум презерватив колдонгонду анча жактырбайт. Таблетка ичсем толуп кетемби деп чочулайм. Дагы кандай каражаттарды колдонсо болот?
Салиман, Аксы району

"П": - Азыр ден соолукка зыяны жок бойго бүтүрбөөчү каражаттар көп. Эгер жолдошуңуз презервативди жактырбаса, анда таблетка колдонуңуз. Таблетка ичүүдөн толуп кетем деген коркунуч болсо "Фарматекс" деген бойго бүтүрбөөчү каражатты пайдалансаңыз болот. Аны жолдошуңуз менен кошулууга он мүнөт калганда жатынга салып койсоңуз, таблетка эрийт, бойго бүтүрүүдөн гана сактабастан ар кандай жугуштуу ооруларды да жуктурбайт.
Бузулган цикл
С.: - Он беш жаштагы кызымдын этек кири келгенине бир жыл болуп калган. Акыркы эки ай катары менен келбей, үчүнчү ай катуу ооруп, кан көп келди. Бул эмнеси?
Тургунай, Токмок шаары
"П": - Өспүрүм кыздардын организминде өзгөрүү болуп, гормондор өсүп жетилбей, айыз цикли бузулуп, этек кир да өз убагында келбей создугуп кетсе, сөзсүз түрдө медициналык кароодон өтүү керек. Мындай учурда кыздарга витаминдерди берип, андан кийин сезгенүүгө, суук тийүүгө каршы дарылар менен дарылашат. Себеби, суук тийсе да айыз цикли бузулары белгилүү.
Секс чачты өстүрөбү?
С.: - Аялдар менен көп кошулбаган эркектердин чачы жыдый баштайт деп досторум айтышты. Ушул чынбы?
Акылбек, Ак-Өргө конушу

"П": - Андай эмес, чач түшүп, кашка баш болуп калуу адамдын тукум кууганынан болушу, же гормондогу тестостерондун азайышынан болот.




Эроспектакль
Чилинин борбордук "Матукана 100" театрында оригиналдуу спектакль коюлган. Режиссер Хуан Карлостун бул спектакли "Секс" деп аталып, ага аял-эркектер аралаш эле билет алып киришкен. 27 саатка созулган бул спектаклдин сюжети эң жөнөкөй. Жарым жылаңач кийинген түгөйлөр сахнада махабат майданына батышат. Мындай узакка созулган спектаклде актерлорго, көрүүчүлөргө да оңой болгон эмес. Эреже боюнча билет сатып алгандар спектаклдин жүрүшүндө сыртка чыгып, кайра кире алышкандыктан келгендердин көбү кирип-чыгып жүрө беришкен. Айрымдар спектакль башталганда эле залды таштап кетишсе, кээ бирөөлөр анын жарымына чейин гана чыдашкан. Ошентип спектаклдын аягына чейин эч ким калган эмес. Коомчулук муну адаттагы эле порнография деген тыянак чыгарган. Бирок, режиссер анын бул чыгармасы коомго чоң пайда алып келгенин айтып, көрүүчүлөр абдан канааттангандыгын айтат. Анын пикиринче, мындай спектакль сексуалдык маселелерди чечүүгө чоң өбөлгө.
Аялдан алкыш угам десең…
Аялзатын кумарлануунун туу чокусуна жеткирүү оңой-олтоң иш эмес. Аял аттуунун баары эле кошулуудан лаззатка батып, балкып эрибейт. Айрым аялдар ыкмалардан ырахат алса, кээ бир кыз-келиндер ылдамдыктан ырахаттанышат. Ал эми айрым айымдар оргазмга жетпей эле, жыныстык катнаштан соң өзүн өтө жеңил сезип калат. Мындан сырткары, кээ бир кыз-келиндер сылап-сыйпоосуз, эркелетүүсүз эгерим жибибейт. Кыскача айтканда, кыз-келиндин алкышы үчүн ар кандай аракет талап кылынат. Ал кандай аракеттер?
Жан жерди жагымдуу сыйпалоо; артка кайтканда "куралды" көз ирмемге сыртка чыгаруу; жазылып же тырышып алса, ыңгайлуу ыкма колдонуу; аялзатын жагамбы, жакпай каламбы деген ойго түртпөө; олдоксондук кылып оорутуп албоо; аялдын жактырган ыкмасын колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү; жагымдуу сөз айтып эркелетүү; түгөйдү жеткире дүүлүктүрүп туруп, анан махабат "майданын" баштоо; кошулуу ортосунда "пауза" жасап туруу.




Эркектики эрте, аялдыкы акырын
Эркектердин сексуалдуулугунун туу чокусу 17 жашында келет. Бул учурда алар жөндөмдүүлүгүн ар кайсы айымдарга көрсөтө беришет. Ошону менен бирге ушул курагында бул иштин баасын, баркын деле биле беришпейт. Аялдардын сексуалдуу кызыкчылыгы, кумарлануунун туу чокусу 36 жашка чейин болот. Бул куракта алар өзүнүн жандүйнөсүнө жакын адамды таап, кумарлуу күндөрдү өткөрүп, көңүл сергите алышат.
Бара калып, балалыктан айрылып…
Шаарда студент болуп эжемдикине жашап калдым. Бир күнү кечинде кошуна эже келип аркы-беркини сүйлөп күүгүм киргенче отурду. Демейде жалгыз эле кетчү ал эжеме "иниң үйгө чейин узатып койсунчу, коркуп атам" деп калды. Эч нерседен бейкапар аны ээрчий чыктым. Кабат үйлөрдүн караңгы далисине кирип, анын экинчи кабаттагы үйүнө келдик. Болуп-толуп турган келин эшигин ачып, жарыкты жандырбай туруп, мени акырын колдон алып ичкери тартты. Эшикти акырын илди да "кайыкка түштүң беле?" деди. Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Анан ал "мужик болдуң беле?" деп кулагыма шыбырай, мойнумдан искеди. Анда деле эч нерсе түшүнбөй, денем чымырап "мужик элемин" дегенге араң жарадым. Ошентип ал мени чечинтип, куралыман кармалай баштаганда эле бир ишти бүтүрүп койдум. Экинчи "эрөөлдө" эптеп эжени ыраазы кылымыш эттим да, шаша-буша кийинип сыртка чыктым. Эстесем агезде эч нерсеге жарабай, эжени бушайман гана кылган экемин.




Муздаксың дебатып...
Донбасста татар келиндин күйөөсү кышында ойношуна барып, кайткан жолдо тоңуп өлүп калат. Салт боюнча эркек өлсө аялы табытты жандай, кошок кошуп бейитке барышы керек экен. Көңүл айтуулар көп болуп, кызып калган аял кошок кошуп баратып, "мени муздаксың деп муунуң бошоду, / сен ысык аялдан ой, көрмөксүң ошону" деген экен көчө жаңырта.
Алы жетпеген он кол
Борбордогу аскердик окуу жайга сегиз айлык боюнда бар кызын жулкулдата жетелеп бир аял кирип келет. Таңгала карагандарга аял "жанагы Жаныбек деген айгырыңарды чакыргылачы, сүйлөшөлү!" дейт албууттана. Курсанттар "ал жок, окубай калган" деп жашырышат. Аял "анда курстун начальнигин чакыргыла!" деп бакырат. Бир аздан соң токтоо, тажрыйбалуу майор чыгып, аялдын арыз-муңун угуп, "үй-бүлөңөрдө канча адам бар?" деп сурайт. Аял "беш" дейт. Анда майор "силер он кол бир тешикти жаба албасаңар, эки кол менен 100 курсанттыкын мен кантип жабам?" деп аялды суу сепкендей өчүрүптүр.




Андигидоттор

Күйөөсү кечинде достору менен отурса, аялы ага мындай sms жөнөтүптүр: "Радиодон мээси аз, жыныс мүчөсү кичинекей эркектин өлүгү табылганы тууралуу кабар берип жатат. Мага чалып кой, сарсанаа болуп жатам".
* * *
Ар бир эркектин эртең менен аялзатынан уккусу келген сөзү:
"Кандай сонун лаззатка баттык, суусундук ичесиңби?"
* * *
Эки эркек сүйлөшүп жатат. Бири экинчисине:
- Ишенесиңби, мен кайненем менен Американы жек көрөм!
- А эмнеге?
- Кечинде аялым менен жатайын десем кайненем уктабай наалып, үйдү жыйнап тоскоол кыла берет. Айла жок телевизорду койсоң, ал жакта Америка наалып, дүйнөнү тартипке салалбай жүрөт.
* * *
- Ох, жаным бул жерден эмес!
- Ох, жаным бул жерден...
- Ох, жаным бул...
- Ох, жаным...
- О-ох!..




Канбаган кумар,
эркектер каалаган Лопес
o Көрсө, мамактардын деле мааниси чоң тура. Америкалык окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү төшү чоң аял төшү кичинекейлерге караганда алда канча акылдуу экенин көрсөткөн.
o Төшөктө алсыз эркек ар кайсы дарыга чуркабай эле, айран, каймак же йогуртту "майдан" алдында ичип койсо, иттей сонун жардам берет.
o Дүйнө жүзүндөгү аялзатынын 12-15 пайызы жан кумарын толук кандыра алышпайт. Андыктан алар оргазм эмне экенин билишпейт экен.
o "Нью-Йорк таймс" гезити интернет түйүндөрү аркылуу сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында батыш өлкөлөрүндөгү 18ден 30 жашка чейинки эркектердин 20 пайызы Женнифер Лопес менен, 15 пайызы Бритни Спирс менен кумарга батуу үчүн баарына даяр экендиктерин билгизишкен.

Даярдаган Серик АЛИК






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"
2-бет
Байымбеттин батылдыгына "баракелде"
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?
5-бет
Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот
6-бет
"Жолдошумдан ажырап ара жолдо калдым"
7-бет
"Шишик" жарылабы?
8-бет
Ойлонбосок, отуз жылдан кийин ойрон болобуз
9-бет
Элдик саясат
10-бет
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет
13-бет
Азык-түлүк коопсуздугу дагы эле коркунучта
14-бет
60 тыйындын артында эмне жатат?
15-бет
Аба аркылуу тараган маданият
16-бет
Депутаттын миң кыял
17-бет
Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА:
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"

18-бет
Сөзирмемдер
19-бет
Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
20-бет
Кожогелди Култегин:
"Алымбаев качып жүрөт"
23-бет
Жашаргым келет
24-бет
ДҮЙНӨКҮН
25-бет
Сүйүү кары-жашка карабайт дейт. Улгайып калган адамдарда сүйүү сезими жаш кезиндей болушу мүмкүнбү?
26-бет
Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
27-бет
Справочный бүйрө
28-бет
Жакшы акын жазган ырында жашайт
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика