mainkaptal

Пользовательский поиск
 

Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
Бишкек калаасында Дүйшөнкул Шопоковдун байгесине арналган салттуу турнир аяктады. Бул жолу Өзбекстандан, Казакстандан, Россиядан жана өзүбүздүн мушкерлер болуп 190 боксчу байге талашты. 48 кг салмак чен боюнча Оштон келген Ибрагим уулу Нурсултан алтынга татыктуу болду. Кийинки салмак чен боюнча (51 кг) да оштук мушкер Мирсаид Кулдашов өзбекстандык Шахриер Исаковдун эсебин таап, алтын тагынды. 54 кг салмакта Ысык-Көлдөн келген Медер Мамакеев, таластык Өмүрбек Малабеков утуп чыкты. Бишкектик Залкар Бакиров 57 кг салмак чен боюнча алтынга жетти. Ал эми 60 кг салмакта белгилүү машыктыруучу Геннадий Аноприевдин эки окуучусу - Асылбек Таласбаев менен Эрмек Сакенов финалда беттешти. Тажрыйбасы көбүрөөк Асылбек Таласбаев жеңишке жетти. Биздин команда үчүн 6-алтынды 81 кг салмакта Жавлонбек Усманов (Ош) жеңип алды.
Бир айдан кийин өлкө биринчилиги сапар алат. Биринчи орунга ээ болгондордон курама команда түзүлмөкчү.

Олимпиада
Ва, Ванкувер!
Кышкы Олимпиада 12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында жүрүш алат. Төрт жылда бир жолу өтүүчү бул спорттук майрамга биздин өлкөдөн бара турган спортчулар аныкталды. Алар: лыжачылар Дмитрий Трелевский жана Ольга Решеткова. Эки спортчунун шылтоосу менен жанында "кийик" аттыра турган албан-субандай чиновниктер барат элек деп чемодандарын даярдап атат дейт.

2009дун мыктылары
Сыйлык кут болсун!
Кыргызстандын мамлекеттик физкультура жана спорт агенттиги 2009-жылдын мыкты спортчуларын аныктады. Сыйлыктын жалпы суммасы 1 миллион 141 миң сомду түздү.
Сыйлык ээлери: Арам Акопян, Калыбек Жолчубеков, Мурат Рамонов (грек-рим), Базар Базаргуруев, Яна Панова (эркин күрөш), Евгений Ваккер (велоспорт), Юрий Краковецкий, Азат Кубакаев (дзюдо), Василий Данилов, Виталий Худяков (сууда сүзүү). Баш-аягы 69 спортсмен сыйлыкка татыды. Машыктыруучулар да четте калган жок. Алар да өз энчисин алды.

Бокс
Он жылдык майрам
Филиппиндик профессионал боксчу Мэнни Паккьяо Америка жазуучуларынын ассоциациясынын аныктоосу боюнча "Он жылдыктын мушкери", "Жылдын мушкери" жана "Жылдын мушташы" деген үч номинациянын экөөсүнө татыктуу болду. Ал 2009-жылдын мыкты мушкери деп табылды. Ошондой эле "Он жылдыктын мушкери" наамына да татыктуу болду. Жылдын мыкты мушташы деп Мануэль Маркес менен Хуан Диастын 28-февралдагы беттешүүсү белгиленди.

Грек-рим күрөшү
Далылары жер жыттап…
Өлкөнүн биринчилиги бул жолу спорт сарайда эмес, Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте өттү. Ошонусу менен балбандарга да, күйөрмандарга да биртоп ыңгайсыздыкты жаратты. Ага карабастан турнир ийгиликтүү өттү десек болот. Азиз Бейшалиев (60), Салават уулу Темирлан (74), Азамат Эркинбаев (96), Жанарбек Кенжеев (84), оор салмакта Мурат Рамонов чемпиондукту жеңип алышты. Олимпиаданын коло медалчысы Руслан Түмөнбаев бул мелдеште да үчүнчү орунда калды. Ал эми Канатбек Бегалиев турнирге катыша алган жок.

Ыкчам шахмат
Азиз азамат экен!
Бишкекте шахматтын бул түрү боюнча шаар биринчилиги аяктады. 23 шахматчынын ичинен Азиз Умарбеков 7,5 упай топтоп, астына киши салган жок. Экинчи орунду Михаил Марков (7 упай), үчүнчү орунду болсо Андрей Мазницын ээледи.
Даярдаган Төлөгөн УРУМКАЛИЕВ




  Убал-сооптон корксоңорчу?

"Үй-бүлөмө бүлүк салбагыла"
"Агымдын" 2010-жылдын 5-январындагы санына "Мырзабекти туугандары издейт" аттуу макала жарыяланган эле. Макалада Сүйүнбек Боканаев аттуу мырза агасы Сапарбайдын биринчи никеси Жамилядан төрөлгөн Мырзабек аттуу баланы издегени жазылган. Сапарбай өзү 2008-жылы Россиядан көз жумуп, ажырашкан аялынын боюнда кеткен уулун көрбөй калган. Анүстүнө Сапарбайдан калган беш кызы да бир тууган агасын издеп, аны менен катташууну көздөшөөрүн айткан эле. Агасынын аманатын аткаруу максатында иниси Сүйүнбек гезит аркылуу өмүрүндө көрбөгөн, түйүлдүк боюнча кеткен Мырзабекти издөөгө салган. Жакында редакцияга Сапарбай Боканаевдин биринчи аялы Жамиля ИСАКОВА телефон чалып төмөнкүлөрдү айтып берди.


- Алты баланын энесимин. Азыркы жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди түшүнүшүп баш кошкон элек. Ал менин мурда турмушка чыгып, анан ажырашып кеткенимди билчү, андан эч нерсе жашырган эмесмин. Бирок, силердин гезитиңерге жарыяланган "Мырзабекти туугандары издейт" аттуу макала биздин үй-бүлөгө бүлүк салды. Сапарбай Боканаев экөөбүз баш кошконубуз чын. Он күн жашагандан кийин эле кайненем менен тил табыша албай, ажырашып кеткем. Мени төркүндөрүм, жеңелерим алып кетип баратышканда алардын уруусу ким деп сураганы чындык. Ал кезде жеңем менин кош бойлуумунбу, жокпу билген эмес. Бирок, мен он күн эле жашагандыктан кош бойлуу болгон эмесмин. Менин Сапарбайдан балам жок. Азыркы жолдошум гезитке чыккан макаланы окугандан кийин "сенин биринчи күйөөңөн балаң бар турбайбы, менден жашырып жүрүптүрсүң" деп шектенип, үйдө түшүнбөстүктөр күч алды. Ушу тапта балдарым чоңоюп, алды үйлөнүп, небере күтүп калган кезибиз. Тигилер ушунча жыл унчукпай жүрүшүп, эми жок баланы издөөгө салганы үйдөгү келин-уул, кыз-күйөөлөрдүн алдында мени ыңгайсыз абалга калтырды.
- Сүйүнбек Боканаев алдын-ала кечирим сурап, сиз жөнүндө эч качан жаман ойдо болбогонун айткан эле…
- Ооба, бирок бул маалымат жарыкка чыгып кеткенден кийин кечирим сураганы кайсы? Базар-Коргон районундагы Правда айылындагы төркүнүмө барышып, жок баланы таап бергиле деп да сураштырып жүрүшүптүр. Эгер мен Сапарбайдан балалуу болсом, аны эмне үчүн атасынан жашырмак элек. Алар балага атасынын, уруусунун ким экенин айтабыз дейт. Мен деле "мына сенин атаңдын туугандары, уруусу ушул болот, таанышып, катташып ал" деп айтмакмын. Эркек балага ата керек. Бирок, төрөлбөгөн баланы кайдан табам? Эгерде жашырып койсом Кудай алдында деле чоң күнөө кетирген болмокмун.
- Азыркы жолдошум шектенип атат дедиңиз, ал өз алдынча Мырзабекти издөөгө албаптырбы?
- Жолдошум издөөгө албаптыр. Бирок, кайын-журтум, кайынсиңдилерим мага айтпай эле, Правда айылындагы төркүндөрүмөн менин мурдагы никемен балам болгонбу, болбогонбу деп сураштырышыптыр. Албетте, өзүнүн жакындары бул тууралуу жашырып коюшу мүмкүн деген кыязда, коңшу-колоңдордон, айылдагы башка эле адамдардан да билүүгө аракет кылышкан экен. Кичинекей айыл бирин-бири беш колдой таанып, кимдин үйүндө ким бар, кимдин баласы эмне менен алек, ал каякта экени алаканга салгандай көрүнүп турат эмеспи. Кайынсиңдилерим сураштырган кишилердин баары бир ооздон менин биринчи никемен балалуу болбогонумду айтып беришиптир. Мен күйөөмдүн, үй-бүлөмдүн, кайын журтумдун алдында актанып аткан жокмун. Болгону чындыкты айтып атам. Сүйүнбек Боканаевге жана анын туугандарына айтаарым, жок баланы издебегиле. Мырзабек аттуу бала бул жарыкка келген эмес, бекер эле убара болуп, соттошобуз деп төркүндөрүмдү коркутканыңарды токтоткула.
P.S. Албетте, биз бул үй-бүлөнүн мындай маселесине терең аралаша албайбыз. Бирок, издеген тарап да, изделген жак да Кудай дейт. Эгерде Жамиля айымдын айткандары чын болсо, жок баланы издөө бекер убаракерчилик экени анык. Бирок, Сүйүнбек Боканаев Мырзабек аттуу агасынын баласы жок дегенге анча ынабаганын билдирди.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"
2-бет
Байымбеттин батылдыгына "баракелде"
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?
5-бет
Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот
6-бет
"Жолдошумдан ажырап ара жолдо калдым"
7-бет
"Шишик" жарылабы?
8-бет
Ойлонбосок, отуз жылдан кийин ойрон болобуз
9-бет
Элдик саясат
10-бет
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет
13-бет
Азык-түлүк коопсуздугу дагы эле коркунучта
14-бет
60 тыйындын артында эмне жатат?
15-бет
Аба аркылуу тараган маданият
16-бет
Депутаттын миң кыял
17-бет
Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА:
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"

18-бет
Сөзирмемдер
19-бет
Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
20-бет
Кожогелди Култегин:
"Алымбаев качып жүрөт"
23-бет
Жашаргым келет
24-бет
ДҮЙНӨКҮН
25-бет
Сүйүү кары-жашка карабайт дейт. Улгайып калган адамдарда сүйүү сезими жаш кезиндей болушу мүмкүнбү?
26-бет
Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
27-бет
Справочный бүйрө
28-бет
Жакшы акын жазган ырында жашайт
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика