mainkaptal

Пользовательский поиск
  Субкат

Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Адабиятчы М.Апышев "Айтматовдун айкөлдүгү жана адашуусу, же залкар жазуучунун түбөлүктүүлүк фонундагы портретине айрым штрихтер" деген макаласында Т.Касымбековдун "Сынган кылыч" романына айтматовдук пикир айтылбай калды дегендей оюн айтты эле...
- Мында жүйө бар. Анткени окурман эл оозуна илинген таанымал чыгарма тууралуу дүйнөлүк мэтрдин да пикирин уккусу келет дечи. Бирок, тигил же бу мааниде пикир айтыш, же айтпаш ар адамдын өз ыктыяры. Айтматовдун жаш-кары калемдештеринин китептерине жазган баш сөздөрү жагдайында да пикирлер ар түрдүү. Кээде ал кишинин ортозаар чыгармаларга деле берилген баталарынын акталбай калгандыгына баарыбыз күбөбүз. Ошол сен эскерген М.Апышевдин макаласында "Чынын айтканда, мен ошолорду Айтматов өзү жазганына деле шегим бар. Авторлордун өздөрү жазган баш сөздөрүнө Чыңгыз агабыз айкөлдүк менен колун коё салса керек" дейт. Көңүлчөөктүк Айтматовго да мүнөздүү экенин айтып жүрүшөт.
- Бирок Токтосун ага, макул болуңуз, ошондогу канайым Майрам Акаеванын "Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" деген китебин бестселлер деп атап, Лев Толстойго салыштырганын эмне деп түшүнсөк болот? Көңүлчөөктүгүбү же мажбур болуп айткандай эмне, көз карандылыгы бар беле?
- Бул мен үчүн да таңгалыштуу. Кошумчалап айтсам, ошол бестселлер китеп үчүн ошол жылдардагы мамлекеттик катчы, Чыңгыз Төрөкулович, анан дагы бир нече күйөрмандар болуп Жазуучулар союзунун төрагасы Надырбек Алымбеков мырзанын кабинетине барышат.
- "Апчебизге" жазуучулук билет да тапшырылса керек эле.
- Ооба. Баарынан кызыгы, Чыңгыз аганын "Надырбек иним, бу жазуучулук чарбабызда абал бүгүн кандай, өсүп-өнүгүү барбы?" деген суроосуна "албетте бар, Чыңгыз Төрөкулович, азыр союздун мүчөлөрүн 400гө жеткирдик" деген Алымбековдун сүйүнчү жообу болгон. Бул бир кездеги Туланын облустук жазуучулар бөлүмүнүн секретарынын СССР Жазуучулар союзунун пленумуна берген отчётун эске салат. Анда ал адабият функционери "илгери Тулада бир гана жазуучу болсо, азыр жазуучуларыбыздын саны 90го жетти" деп айтыптыр. Жалгыз гана жазуучу деп ал эргул көрсө Лев Толстойду айтып жатыптыр. Кантсе да көшөкөрлүктүн, кошоматчылыктын чоң-кичинеси болбойт. Алар же бар, же жок. Эң коркунучтуусу - анын бардык сферада тамыр алып кетүүсү. Адабий көрөңгөсү деле жок Бермет Акаеваны да "балдар жазуучусуна" кимдер айландырышты? Ага да аттуу-баштуу эле жазуучу аралашкан дешет. Мына сага, көр оокаттын айы!
- Чыңгыз ага чыгармаларын негизинен орусча жазып, аны кыргызчага Ашым Жакыпбеков менен Аман Токтогулов экөө которушуптур. Бирок аны көпчүлүк окурман билбей келди. Китепке "которгон "паланча-түкүнчө" деп жазылбаса... Буга эмне себеп?
- Бул басмадагы "билермандардын" ойлоп тапкандары. Кыргыз жазуучусунукун кыргыз которобу деп. Экинчиден, калем акы, ставка деген балээ бар эмес беле. Баарынан да мени өкүнткөн нерсе, мыкты стилист жазуучу Ашыкемдин жеке чыгармачылыгына, убактысына дал котормочулугу кедерги болгонунда. Канча көз майы, канча жүрөк оту сарпталды. Ал которгон М.Лермонтовдун "Биздин замандын каарманын", М.Цвейгдин "Новеллаларын" котормочулук өнөрдүн туу чокусу десек болот. Чебер жазуучунун белгиленбей калган 70 жылдыгында бул арманымды "МСН" газетасына жарыяланган "Незабвенный Ашыке" деген макаламда айткам.
- Токтосун ага, сиз улуу жазуучуну ар кандай ракурстан кароо зарылчылыгын белгилеп өткөндөй болдуңуз. Айтматов тууралуу канчалаган макалалар жазылганы менен кеп-сөздөр менимче, чыгармаларынын гана айланасында жүрүп келаткандай. Ал чыгарма жазгыч робот эмес да, анда дүйнөдөн өтпөйт эле да. Демек, адам пендеси катарында ал ким, ал кандай? Бул суроону Чыкем өзү менен кошо алып кеттиби?
- Орундуу кеп козгодуң, иним. Бул маселе кыргыз адабияты үчүн бузулбаган дың. Орус жана дүйнөлүк адабияттын мисалына келсек, ал өзүнчө эле чоң адабият. Жазуучунун каттарысыз, мемуарларысыз, замандаштарынын, каламдаштарынын эскерүүлөрүсүз художниктин чыгармачылык бейнеси толук ачылбай калат. Улуттук адабиятты болуп көрбөгөндөй жаңы сапаттык деңгээлге көтөргөн улуу реформатор Чыңгыз агабыз биз үчүн Пушкин. "Язык Пушкина", "Пушкин и его современники", "Пушкин и фольклор", "Пушкин в жизни" деген темадагы китептер орус өлкөсүндө бир эмес, бир нече ирет, бир нече адамдардын авторлугунда чыгарылып келет.
Ч.Айтматовдун 50 жылдык чыгармачылык жолунда көп эле кыргыз жазуучулары шынаарлап жанына жакын жүрүштү, аякташ, сабакташ болушту. Бирок бири да биограф болуп Пушкиндин, Гоголдун турмуштагы, күндөлүк жашоодогу тиричилигин ийне-жибине чейин кызыктуу чагылдырган В.Вересаевдей өмүр баянчы болуп, атайын китеп жаза алышкан жок. Шүгүрчүлүк, өмүр баяндык негизинде жазылган С.Станалиевдин Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндөгү романдары ушундай кенемтени толтурууга жасалган ийгиликтүү кадамдар экенине кубансак болот. Мемуар жанры кыргыз жазуучулары үчүн Марстай эле кол жеткис. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору Александр Иванов баштаган "ЖЗЛ" ("Өрнөктүү адамдардын өмүрү") сериясын эмне үчүн биздин кыргыз басмалары колдобойт?
- Сиз күлкү чакырган эпиграмма, пародия сыяктуу тамашалуу ырларды жазган акынсыз. Айтматов юморго, куудул сөзгө жеке турмушунда, чыгармачылыгында кандай мамиле кыларын байкай алдыңызбы?
- Ал кишинин жазган чыгармаларында трагизм күчтүү. Чын-чынына келгенде өлүм менен аяктаган адам баласынын жашоосу трагедия, кубанычынан өкүт-арманы, ыза-күйүтү, көз жаш, көкүрөк дарты көп опаасыз дүйнө. Бул Айтматовдун бардык чыгармаларында тигил же бул даражада өзөктөнүп өтөт. Ал эми жеке турмушунда куудул-тамашаны сүйгөнү менен, өңгөлөрчө бирөөлөргө өзү тийишип, тамашалашкан адам эместей көрүнчү. Бул менин жеке баамым. Өзүнүн жашташ курбусу, жердеши, айтылуу Байдылда Сарногоевдин "Чыңгыз кайда? Париж, Лондондо. А Байдылда кайда? Таласта. Туз берип жүрөт койлорго" деген ырын өз оозунан укканда, чалкалай түшүп аябай ыкшып күлгөнүнө күбө болгонум бар. Анан Байдыкем айтчу, "Жазуучулар союзуна кеңешчи болуп иштеп жүргөн кезим. Түштөнгөнү кайда барсам экен деп кабинетимде отурсам, эшик секин ачылып, Чыңгыз башбагып калды. "Ии, чычкан аңдыган сары мышыктай болуп эмне отурасың?" дей салды. Оозума келе калган экен, "бир чо-оң келемиш келмек эле, ошону жейин деп отурам" дедим. Чыңгыз ыңгайсыздана түштү да, "бу тукумуң өскүр ушинтет" деп, каалганы шарт жаба салды" дейт.
- Бир күдүк суроо, Айтматов таануучулар болобу же илгертен жакын билген адамдар болобу, айтор, ал кишинин ыр жазган-жазбаганын ачык айта алышпайт.
- Ыр жазбаган кыргыз баласы болбойт деп айтчу Аалыкем. Атактуу прозачылардын кыйласы алгачкы кадамдарын ырдан баштаган мисалдар көп. Классик прозачынын ар бир чыгармасын берилип окуган окурман катары мен Айтматовду теңдешсиз лирик акын дээр элем. Сюжеттердеги окуялардын кереметтүү назиктик, изгилик менен баяндалышын айтпаганда да, ал кишинин ар бир чыгармасында ырга мүнөздүү жумшак ыргак, мукам обон, элестүү сүрөт айкын туюлуп турат. Адабият илиминде "поэтическая проза" деген термин бар. Мындай касиет бардык эле кара сөзчүлөрдөн кездеше бербейт. Мен "Ак кемедеги" эне-сайлык кырк уруулуу кыргыздардын кол башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге берердеги:

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн


барбы?
Эне-Сай, сендей жаркын мекен


барбы?
Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы?
Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы?

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн


болбос,
Эне-Сай, сендей жаркын мекен


болбос.
Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос,
Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос!

деген арман ырдын автору Чыкем эле экенине күмөнүм жок. Анан да "Фудзиямадагы кадыр түн" драмасындагы Айша апа суктанган Сабырдын "Эзелтен чечилбеген улуу талаш" деген философиялык ырына Чыкемдин калеминин тиешеси жок деп айталбайм.
- Сиз акын катарында ошол ырлардын идеялык-көркөмдүк деңгээлин кандай баалайсыз?
- Төрт тарабы төп. Эне-Сай тууралуу ыр архитектоникасы, ички кайрыктары, уйкаш жана мукамы жагынан ошол эзелки доордун чөлкөмүнөн жаңырыктап тургансыйт. Прозаиктин поэтикалык чеберчилигинин бийик үлгүсү!
- Чыкенин кыргыз окурмандар менен жолугушуусун кыргыз телевидениеси эч тарткан эмеспи деп ойлойсуң. Жандуу диалог, пикир бөлүшүү катарында бул зарыл нерсе эле да. Москва каналдары ал кишинин орус окурмандары менен жолугушууларын кез-кез көрсөтүшөт.
- Россия азыр биз үчүн жөн гана өнөктөш мамлекет. Ошого карабастан Айтматов дүйнөдөн өткөндө Москванын телеканалдары, радиостанциялары "Скончался Чингиз Айтматов" деп кыска гана айтышты. Ушул үч сөздө канча өкүнүч, канча сый-урмат катылганын сезишибиз керек. "Апокриф" деп аталган адабий көрсөтүүнүн алып баруучусу, белгилүү орус прозачысы Ерофеев "Умер великий кыргызский и великий русский писатель" деп жарыялабадыбы. Чыңгыз агабыз "Адам уулу канткенде адам болот?" деген суроону өзүнө да коюп, ошол үчүн көп түйшөлүп жашады. Өзүнүн да пенде катарында кынтыксыз эмес экендигин билчү. Ошондуктан көп учурда тигил же бул маселе боюнча пикирин айтып бүтүп, "мүмкүн мен жаңылышып жаткандырмын" деп коёр эле.
Эми сөздү жыйынтыктасак, далай тар кыя, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, ошол эле учурда биртоп эле чоң таланттардын бешенесине көзү тирүүсүндө буюрбаган ырыс-мартабага бөлөнүп, узак жашап, Жараткандын буйругу менен о дүйнө салган Чыкемдин жылтыр-жултур тагылбаган, боелбогон, икона таризденбеген кадыресе адамдык портретин тартуу учуру келип жетти го дейм.
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат" деген акылман сөз - чыккан күнгө, учкан кушка, аккан сууга кубанып, айкөл жердин төбөсүн тепсеп жашап жүргөн ар бир адамзатына бирдей тиешелүү. Көзү өткөндөрдүн жаңылыштыктарына, каталыктарына калыс баа берип, эң башкысы, алардан сабак ала жүргөнүбүз оң чыгар...
Аңгемелешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"
2-бет
Байымбеттин батылдыгына "баракелде"
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?
5-бет
Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот
6-бет
"Жолдошумдан ажырап ара жолдо калдым"
7-бет
"Шишик" жарылабы?
8-бет
Ойлонбосок, отуз жылдан кийин ойрон болобуз
9-бет
Элдик саясат
10-бет
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет
13-бет
Азык-түлүк коопсуздугу дагы эле коркунучта
14-бет
60 тыйындын артында эмне жатат?
15-бет
Аба аркылуу тараган маданият
16-бет
Депутаттын миң кыял
17-бет
Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА:
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"

18-бет
Сөзирмемдер
19-бет
Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
20-бет
Кожогелди Култегин:
"Алымбаев качып жүрөт"
23-бет
Жашаргым келет
24-бет
ДҮЙНӨКҮН
25-бет
Сүйүү кары-жашка карабайт дейт. Улгайып калган адамдарда сүйүү сезими жаш кезиндей болушу мүмкүнбү?
26-бет
Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
27-бет
Справочный бүйрө
28-бет
Жакшы акын жазган ырында жашайт
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика