mainkaptal

Пользовательский поиск
  Көңүл чордонунда

Аба аркылуу тараган маданият
Ысык-Көл облусунун Тамга айылындагы маданият үйүндө АКШдан келген "Кельт ыргактары" тобу концерт берди. Элет калкы үчүн эл аралык деңгээлдеги музыка майрамы акысыз болуп, жандүйнө гүл азыгын толуктады. Англис тилинде аткарылганы менен ырлар балдарга да, улууларга да жагып, эки тарап белек алмашканга да жетишти. Бул иш-чара "Кумтөр Оперейтинг Компани", АКШ өкмөтү жана "Манас" транзиттик борборунун колдоосу менен жүзөгө ашты.


Бирок маданият үйүндө ушундай ири концерт коюуга мүмкүндүк жакында эле пайда болгон. Көпчүлүк айылдагы маданий имараттар көп жылдан бери каралбай калып, пайдаланууга жараксыз абалда экени маалым. Тамга айылынын маданиятка чын дилден кызмат кылган адамдары руханий байлыктын булагы болгон жайды оңдоп, ага кайрадан дем берүүгө өз демилгеси менен жетишкен. Ага кире бериштеги "оңдоого чейин", "ремонт учуру" деген сүрөттөр далил. Мирбек Маматов жубайы менен ишти өз колдоруна алышып, демөөрчү издеп, имаратты өздөрү актап, оңдоо иштерин уюштурган. Учурда Мирбек Маматов маданият үйүн жетектеп, 20 окуучу катышкан бий ийримин уюштуруп, "Кызгалдак" бий тобун жетектейт. Бийчилер "Кельт ыргактары" тобунун концертинде да сахнага чыгып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Концерт башталаарда М. Маматов "Кызгалдактын" ийгиликтери тууралуу ой бөлүштү:
- "Кызгалдак" тобу көптөгөн республикалык конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгон. Репертуарыбызда улуттук бийлер да, заманбап бийлер да бар. Окуучулар үчүн бул убакытты текке кетирбей пайдалуу өткөрүү болсо, мен үчүн сүйүктүү иш менен алектенүү. Балдар бийге акысыз үйрөнүшөт. Албетте, бизге да кооз костюмдар, ылайыктуу бут кийим менен камсыз кылууга, өлкөнүн башка аймактарында өтүүчү конкурс-фестивалдарга барууга каражат болсо, дагы да жакшы болмок. Жакшылыктан үмүт үзбөй маданиятка кызмат кылууну улантабыз.
Маданият үйүндө отурганга жер жок, майда балдар четте топтолуп турушту. Окуучулар үчүн мектептеги сабактан гана уккан англис тилинде сүйлөгөн меймандар өзгөчө кызыктуу болуп көрүндү. Алардын колдорундагы кубулжуган музыкалык аспаптары андан да кызыктуу. Сахнага чыккан музыканттар өздөрүн тааныштыра баштады:
- Менин атым Эмили, мен скрипкада 22 жылдан бери ойнойм.
- Атым Жулия, мен ирландиялык барабан бауранда беш жыл жана флейтада үч жылдан бери ойнойм.
- Мени Жо деп атасаңар болот, сиздер көрүп тургандай мен гитарада ойноп, аны комуздун күүсүнө келтиргенге аракеттендим. Бир аздан кийин биз кыргыз күүсүн ойноп беребиз.
- Атым Эрик, үч жылдан бери бас-гитара чертем. Дагы мен кахон деген кол менен урган барабанда ойнойм. Барабанда ойногонума 17 жыл болду.
- Деб - менин кыскартылган атым, мен скрипкада 5 жашымдан бери ойнойм.
Сахнада белгилүү америкалык обондор, тамашалуу ырлар, ирландиялык ыргактар жаңырды. "Кельт ыргактары" - топ кельт маданиятындагы ирландиялык музыка багытында экенин билдирет. Музыканттар Кыргызстанга "Манас" транзиттик борборунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин чакыруусу менен борбордун аскерлерине жана Бишкек, Кант, Тамганын тургундарына концерт коюуга келишкен. Топтун катышуучулары учурда АКШнын аба-аскер күчтөрүндө аскердик кызматта.
Шаңдуу ритмдеги ырлар көрүүчүлөрдүн атайын кол чабууларынын коштоп туруусун талап кылды. Оюн сыяктуу төрт жолу, анан эки, анан бир кол чабуу көрүүчүлөр менен музыканттардын бир демде болушуна жардам берди. Топтун солисттери Эмили менен Жулия коңур үндөрү менен мукам обондорду созуп жатышты. Ал эми Жо менен Эрик тамашалуу ырларда соло ырдашып, нурданган жылмаюулары менен көрүүчүлөрдү өздөрүнө тартышты. Тамганын тургундары да музыкага берилип, керектүү жерде кол чабышып, ар бир ыр аткарылып бүткөндөн кийин ырчыларды дүркүрөгөн кол чабууларга бөлөп турушту. Маданият үйүндө жылуу маанай жаралды.
Топтун көркөм жетекчиси Кид Блэнд концерттин ортосунда күтүлбөгөн жерден көрүүчүлөрдү көздөй кичине таңгактарды ыргыта баштады. Бири-биринен талашып тосуп алган балдар америкалыктардан чакан белек - футболкаларды алышты. Залдын ар тарабын көздөй учкан белектер концертти андан да жандандырды. Шаңдуу ирландиялык ырлар жаңырганда отурган балдар "Манас" транзиттик борборунан ырчыларды коштоп келген адамдар менен сахна алдында кол кармашып тегерене бийге түшүштү.
Жо убада кылгандай эле кельттердин музыкасын ойногон топ кыргызча күү чертип баштады. Биринчи гитара, анан флейта, анан скрипка кошулуп, элге белгилүү "Жолугабыз аз күндө" деген ырдын обонун созушту. Бул көрүүчүлөрдү ого бетер сүйүнттү. Жонун айтуусунда, Кыргызстанга келерин билгенде интернеттен бир нече күүлөрдү, ырларды угуп көрүп, ушул обонду жактырып тандап алыптыр. Музыкалык чеберчилиги ушундай экен, ал уккан обонду өзү нотага түшүрүп, кесиптештерине берип, үйрөнүшүптүр.
Концерттин соңунда ырчыларга жергиликтүү жамаат ак калпак кийгизип, ыраазычылык билдирди. Мектеп окуучулары кол эмгек сабагында жасашкан күн жумшак оюнчугун белек кылышып, кыргызстандыктардын меймандостугун көргөзүштү. Кол эмгек мугалими Турдугүл эже оюнчукту эркек балдар тиккенин айтып мактанды. Сахнадан түшүп келаткан музыканттарды балдар курчап, автограф сурап, алар менен сүйлөшүүгө да аракеттенип жатышты. Жарым саатка жакын окуучулардын курчоосунда калган америка аскерлеринин музыканттары мындай сүйкүмдүү көрүүчүлөргө биринчи жолугуп жатканын билдирип, балдарга өз ысымдарын жазып, мээрим менен коштошуп жатышты.
Албетте, аскердик кызматтагы музыканттар үчүн жергиликтүү калк кучагын ачып тосуп алганы өзгөчө эсте каларлык. Кид Блэнддин айтымында, алар АКШ аскер базалары жайгашкан өлкөлөргө барып аскерлерге, алар менен кошо ал жерлердин жашоочуларына ушул сыяктуу концерттерди коюп турушат. Чет элдик меймандар Кыргызстан тууралуу таасирин өзүлөрү баштап айтып беришти. Албетте, Ысык-Көлдүн, Ала-Тоонун кооздугун даңазалашып, элибиздин меймандостугуна жогорку баа беришип, боорсокту малинанын вареньесине малып жеген өзгөчө жакканын белгилешти. Тамгалыктардын жайында келип эс алуу чакырыгына "Кыргызстандай кереметтүү жерге шарт болоор замат балдарыбызды алып келгенге аракеттенебиз" деп убада берип кетишти.
Америкалыктар менен бир сахнага чыккан кыздардын бири "Кызгалдак" бий тобунун катышуучусу Элнура Забирова 9-класстын окуучусу. "Мага ирландия ырлары абдан жакты. Музыка - эл аралык тил, биз бири-бирибизди түшүнө алдык деп ойлойм. Сахнага чыкканда биздин улуттук бий да меймандарга жакса экен деп ичимден ойлоп жаттым. Чет элдик музыканттардын Тамгага келиши биз үчүн көпкө чейин унутулгус" деди.
Бул концерт бир жолку иш-чарабы, же дагы уландысы болобу деген суроого "Кумтөр" компаниясынын регион менен иш алпарган менеджери Керим Шатманов мындай деп жооп кайтарды:
- Бүгүн биз күбө болгон жакшынакай концерт музыка аркылуу элдер арасындагы байланыштарды бекемдөө максатына толук жетти деп айтсак болот. Бул биздин эл аралык уюмдар, элчиликтер менен биргеликте иш алпаруу багытында аткарылган алгачкы иш-чаралардын бири. Эл аралык маданият өлкөнүн алыскы жактарына да жетүүсүн каалайбыз. Ушундан улам, кийинки концерттер Барскоондо, Жаргылчакта, же дагы башка айылда уюштурулат. Биздин компания ушул сыяктуу долбоорлор үчүн ачык. Биз өткөн жылдын соңунда билдирип кеткендей, биздин тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр кошулса, Кыргызстан элин өнүктүрүү боюнча аракетибиз алда канча жемиштүү болору талашсыз. Башка уюм менен биргеликте дагы бир долбоор даярдалып жатат. Ал боюнча жазгы айдоо иштери башталганда муктаж үй-бүлөлөргө урук берилет. Күзүндө ал үй-бүлө алган уругун кайтарып берет да, калган түшүмүн өзүнө алып калат. Ал эми тигил урукту башка үй-бүлө алып колдоно алат. Буюрса, алдыда дагы көп жаңы долбоорлор ишке ашырылмакчы.
Нуржан АЛЫМКАНОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"
2-бет
Байымбеттин батылдыгына "баракелде"
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?
5-бет
Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот
6-бет
"Жолдошумдан ажырап ара жолдо калдым"
7-бет
"Шишик" жарылабы?
8-бет
Ойлонбосок, отуз жылдан кийин ойрон болобуз
9-бет
Элдик саясат
10-бет
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет
13-бет
Азык-түлүк коопсуздугу дагы эле коркунучта
14-бет
60 тыйындын артында эмне жатат?
15-бет
Аба аркылуу тараган маданият
16-бет
Депутаттын миң кыял
17-бет
Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА:
"Наамды ыраа көрбөгөндөр ким экенин билдим"

18-бет
Сөзирмемдер
19-бет
Токтосун Самудинов:
"Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат"
20-бет
Кожогелди Култегин:
"Алымбаев качып жүрөт"
23-бет
Жашаргым келет
24-бет
ДҮЙНӨКҮН
25-бет
Сүйүү кары-жашка карабайт дейт. Улгайып калган адамдарда сүйүү сезими жаш кезиндей болушу мүмкүнбү?
26-бет
Бокс
Баатырдын байгеси үчүн
27-бет
Справочный бүйрө
28-бет
Жакшы акын жазган ырында жашайт
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика