05.02.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жер арман

Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет

Эгер Борбор Азиянын географиялык картасына көз салсаң, Ысык-Көлдөй ажайып жер бир гана Кыргызстанда экенине ынанасың. Илимпоздор күндүн ааламдык деңгээлде ысып жатышынан улам, анын Борбор Азияга тийгизген таасири жөнүндө бир катар кооптуу божомолдорду келтиришет. Чындап эле ошондой болсо дагы он жылда Ысык-Көл мамлекеттик казынага өтө чоң суммадагы киреше берчү булак болоруна шек жок. Азыр биз курорттук зоналардын баркын билбей, аларды узун-туурасынан кесип коңшуларга карматып жатабыз. Жакында 6 пансионат толугу менен казактардын колуна өттү. Анысы аз келгенсип, 58,8 гектар жерди да кошуп бердик.

Калыңга кеткен резиденция
2008-жылда берилген Көл жээгиндеги төрт пансионаттан башка дагы эки пансионат эч кандай чуу болбой эле, алда качан казактарга түбөлүк менчик болуп берилип кеткенин көпчүлүк биле бербейт. Алар Кыргызстандын менчиги болгон менен ал укуктан өз кезинде пайдаланган эмеспиз. Ошол кезде жең ичинен сатылып кетти деген сөздөр да арбын. Мурдагы "Дорожник" кийинки аталышы "Фламинго" пансионаты, Назарбаевдин Ысык-Көлдөгү резиденциясы Темировка айылына жакын жайланышкан. Бул пансионаттар А.Акаев мезгилинде эле казак менчигине өткөрүлгөн. Кандай шарт менен берилген, бизге канча салык төлөйт, ж.б. маалыматтарды билген жан жок.
Көпчүлүк эки пансионатты Назарбаевдин кызы Алиянын калыңына берилген деп да айтып жүрүшөт. Азыр ал жердин тосмосунун бийиктиги 2 метрден ашат. Адам эмес чычкан өталбайт. Жергиликтүү элдин айтымында, президент Назарбаев резиденциясына вертолет менен учуп келип, эс алып кетет. Тосмо артында казак мыйзамы гана иштээри турган иш. Ошентип жогорудагы эки пансионат казактарга биротоло берилип кетти. Азыр аларды кайрымак турсун, алардын үстүнө дагы төрт пансионатты кошуп бердик.

Казак менчигин өзүнүкүндөй коргогон Турдумамбетов
Жыл соңунда премьер-министр Д.Үсөнов Казакстанга барып олжолуу кайтты. Ал казактардан электр энергиясы үчүн алдын ала төлөм менен ж.б. биртоп нерселерди өндүрүп келгени маалым. Бирок бекер тамак капканда эле болот дегендей, өткөн айда Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдүн жээгинен 58,8 гектар жерди казактарга ижарага берүүгө макул болгон чечим кабыл алышты.
Казактарга жер берүү келишимин коргогон мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жыл сайын берилген жердин гектарына казактар 24 миң сомдон салык төлөй турганын айтып, келишимдин кынтыксыз экенин белгиледи. Балким казак өкмөтүнүн өкүлү да ал документти Т.Турдумамбетовдой коргой албас эле. Биздин министр казак өкмөтүнө иштеп аткансып, камчы салдырбай эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөрүп кеткенине таңгалбай койбойсуң.
Эгер Т.Турдумамбетовдун негиздемесине токтолсок, "2006-жылдын 4-июнунда Астана шаарында кол коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациондук чарба объектилерине Казакстан Республикасынын менчикке укугун жөнгө салуу тууралуу кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндө" КР мыйзамы 2008-жылдын 11-апрелинде кабыл алган. Андан кийин 2009-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл районунан жер участогун ижарага берүү боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы 57 гектар жер да 2006-жылкы келишимге ылайык деп көрсөтүлгөн. Анда бул маселе эмне үчүн 2008-жылдын 11-апрелинде көтөрүлгөн эмес? Эмне үчүн Т.Турдумамбетов ошондо төрт пансионаттан сырткары дагы 57 гектар жерди ижарага беребиз деп айтпаган? Же биздин өкмөт башчылар Астанага барса эле бир келишим экинчи келишимди жараткан жагдайлар чыга береби? Пансионаттарды бердик, макул, болор иш болду. Бирок "Казакстан" санаториясына 17,5 гектар, Аль Фараби атындагы казак мамлекеттик университетине 17,4 гектар, "Самал" эс алуу үйүнө 9,2 гектар, "Автомобилист Казакстанга" 14,7 гектар кошумча жер берүүнүн кандай кажети бар эле? 49 жылды адам өмүрү менен өлчөгөндө тең жарымынан көп. Казакстан ал жерлерге беш жылдыздуу мейманкана, ж.б. аты улук курулуштарды салышына шек жок. Бирок ошол жерге жанаша жайгашкан менчик жерлерди кыргыздар арбын акча үчүн сатып жибербейт деп эч ким кепил боло албайт. Ушунун өзү эле жакынкы жылдарда Ысык-Көлдө казак айылдары пайда болуп кетеринин башкы себеби.
Азыр кыргыз өкмөтү жана көпчүлүк депутаттар казактар менен тууган экенибизди кайра-кайра эске салып, Ысык-Көлдө эс алуучулардын 80 пайызы казактар деп сооротуп жатышат. Бирок курорттук сезондо ошол пансионаттар ири кирешелерди Казакстандын казынасына төгүп берерин эч ким ойлонбой жатат. Алар бизге жыл сайын 57 гектар жер үчүн болгону 1 млн. сомдон ашуун ижара акысын төлөшөт. Демек 49-жылда 60 млн. сом гана акы алабыз. Келишимде кыргыз жарандары ижарага берилген жерге ээн-эркин өтөт деген сөз да суу кечпейт. Алар сөзсүз тосмо орнотушат. Эгер казак тарап ижара акысын убагында төлөп турса, биз аларга ооз ача албайбыз.

Өзбектер да жакында "ө" дейт
Сыягы, союз мезгилинде курулган пансионаттар бир эле Казакстан менен чектелбей калды көрүнөт. Ушундай эле жол менен Өзбекстан биздики деген пансионаттар аларга кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Ал турсун өзбек туугандар Шахимардан анклавынан 20 чакырым алыс дүйнөдө сейрек кездешүүчү альплагерди сурашы да мүмкүн. Себеби, лагерь союз учурунда Өзбекстанга карап турган. Азыр ага Кыргызстан ээлик кылат. Мындан сырткары, өзбектер Бүргөндү массивиндеги мунай, газ сактоочу кампаларды премьер-министр Д.Үсөновдон сураганы дайын болду. Кыргыз бийлиги аларды да Казакстанга бергендей кош колдоп бере салса, өзбек туугандар деле сураган жерлеринин баарына эгедер болот.
Дагы бир таңгалыштуу маселе, кыргыз өкмөтүнүн берешендигине чек жок экендиги. Мисалы, өзүбүздүн дыйкандар жерди ижарага бир жылга гана алат. Анан эле башкаларга жерди 49 жылга бере салганыбыз алар үчүн биротоло менчик эмей эмне. Алгач үч жылга же беш жылга келишим түзсө болмок.
Деги эле тарых бизди эч нерсеге үйрөтпөй койду. Бир кезде өзбектер Советабаддын бир четин курулуш шаймандарын жана техникаларды коюучу жай катары сурашкан. Ошондо кыргыздар, ал турсун Т.Усубалиев да аны колдон чыгып кетет деп ойлогон эмес. Кийин бул айыл бүт бойдон өзбектердин колунда калды. Азыр биздин жер болчу деп маселе көтөрсөң, кандай жооп угарың белгилүү. Ошондой эле жол менен Шахимардан өтүп кеткен.
Шаймердендин таржымалы
Бүгүн кыргыз өкмөтү Шахимардан анклавы жөнүндө эч кандай документ таппай отурат. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бул анклавдын кыргызча аталышы Шаймерден. Бул жер илгертеден эле ыйык жер катары жергиликтүү эл сыйынган жайга айланган. Анткени Азирет Аалынын сахабаларынын бири ушул жерде кайып болгондугу айтылат. "Жигиттин пири Шаймерден колдосун" деген сөз ошондон калган.
Түпкүлүгүндө бу жердин жергиликтүү тургундары кыргыздар болгону менен, сыйынууга келгендердин арасында дүйнө безген фарсы, өзбек дербиштери ак уруп байырлап калышкан. 1920-жылдарда совет өкмөтү жаңыдан курула баштаганда орусту каапыр деп түшүнгөн динчилдер Шаймерденге келип отурукташкан. Өзбек совет адабиятынын негиздөөчүсү, социализмдин жактоочусу Хамза Хакимзаде Ниязи да Шаймерденге келип молдолордун колунан ташбараңга алынып каза болгон. Ошондуктан көп жылдар бою Шаймерден Хамзабад аталып жүрдү. Бирок Хамзанын улутунун тажик экени билингенден кийин, анын чыгармалары мектептерден алынып, Хамзабад кайрадан Шаймерден аталып калды. Шаймерден кыргыздын жери экендигин ырастоочу башкы далил, кыргыздын тунгуч жазма акыны Молдо Нияздын сөөгүнүн ошол жерге коюлганы. Ал жерде атам замандан бери жашап келген түпкүлүктүү кыргыздардын бар экендиги. Бирок кыргыздын тунгуч мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбековдун тушунда ал жерди ошогездеги өзбек башчысы Ахунбаев убактылуу пайдаланууга алгандыгы жөнүндө союз учурунан бери айтылып келет. Шаймерден курорттук, анан дагы диний мазар болгондуктан жайкысын эл суудай агылат. Өзбекстандын аймагында мындай жаратылышы кооз жер жок болгондуктан аяктан эс алууга келгендердин саны арбын. Көрүнүп тургандай коңшуларга жерди убактылуу берген менен кайра өзүбүзгө кайтара албадык. Шаймерден да, Советабад да өзбектердин колунда түбөлүк калып кетти.
Жыйынтыктап айтканда, биз алты пансионатты Казакстанга берип, ордуна эч нерсе алган жокпуз. Боордош эл, эмгек мигранттары иштеп жатат деп өзүбүздү соороткон менен натыйжада уттуруп жибердик. Дагы 49 жылда эмне болоорун эч ким айта албайт. Кыргыз башына кыйынчылык түшсө Казакстан боордоштук кылса кылар. Бирок Өзбекстандын ачыктан ачык эле Түштүк Кыргызстандын айрым жерлерин өзүнө биротоло имерип алуу ниети бар экендигин байкоо кыйын эмес. Бул үчүн Сох менен Шаймерден алардын колундагы башкы көзүр. Экинчиси, түштүктөгү бардык райондордо өзбек улутунун көп жашагандыгы.
90-жылдардын башында Өзбекстандагы радикал кыймыл ФАНО (Фергана, Андижан, Наманган, Ош) да максатын жөн жерден коюшкан эмес. Эми түштүктөгү жара айыкпай туруп түндүктөн, болгондо да көгүлтүр көлдөн эки өлкөгө жери менен кошо пансионат берерибиз келечек үчүн кооптуу болуп турат.
Күнү ысык, чөл көп, суусу аз эки өлкө үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндей жерлүү болуу, өзбек менен казактардын кыялындагы жомогу орундалгандай эле кеп. Эгер биз өзбек менен казактардын ордунда болуп, алардан жер же башка нерсе сурасак берет беле деген суроо жөнүндө ойлонбой эле өткөн айдын акырында Алматыда өткөн окуяны мисалга тартсак жетиштүү. 30-январда 2000 миң киши чет элдик инвесторлорго жер берилип жатканына нааразы болуп, митингге чыгышты. Эми ошондогу айтылган сөздөргө кулак төшөңүз. "Жер үчүн бабаларыбыз миң жылдап кан төгүшкөн. Бийлик кытайлардан 13 млн. доллар кредит алып, ордуна казак жерин бергилери келет. Биздин жер бул балдарыбыздын жери. Эгер чет өлкөлүк инвесторлорго жерибизди берсек, биз эгемендигибизди жоготобуз" дешип Карим Масимовдун кызматтан кетишин талап кылышты.
Көрүнүп тургандай жердин, болгондо да көгүлтүр көлдүн кадырын бир эле биз билбейбиз.
Аскул КЕНЖЕБАЕВ