29.01.10 - 29-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


26-январда "Пейджер"
менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Туугандарыңызга, жакындарыңызга, теңтуш, досторго жакшы пикир, куттуктоо, сунуш айткыңыз келсе, мындан сырткары, жашоодогу өзүңүз байкаган түркүн көрүнүштөрдү элестүү, куйкумдуу чагылдырган кыскача ой-пикирлерди ортого салыңыз. Сиз үчүн 386706 телефону шейшемби күнү 10дон 12ге чейин кенен-кесир иштейт.

П-59. Борбордук аянттагы желектин кирин көрүп аябай зээнибиз кейип атат. Келинчегим шымаланып отурат жеңин түрүп, "чечип берсе мен деле жууп коет элем" деп. Бек.
П-60. Шашса да көрөр күнү улам кемий,/ Боз атчан сапарынын жолу кеңий./ Канаттуу ырларын жазган ооруп жатып,/ Кана ким Алыкулдай болгон гений? Эркин Жаныбеков.
П-61. Министр мырза Абдылда Мусаев, коррупциялык көрүнүштөр орто мектептерде өзгөчө көп болгондой. Мисалы, борбордогу №5 орто мектебинин директору Элнура Музаева башкы ашпозчудан 4 миң сомдон баштап 40 миң сомго чейин пара алганы жазылды. Ушинте берсе биздин балдар ачка калат го. Р.К. борду.
П-62. Исаковдун туугандарына, үй-бүлөсүнө чыдамдуулукту каалайм. 2005-жылы президентке жакшы эле жардам берди эле. Кудай калыстык кылса, соттогон сотту, күнөөлөгөн тергөөчүнү өзү соттосун. Алмаш апа.
П-63. Турдакун Усубалиевич аксакал, элибизге сиздикиндей узун өмүр берсин! Сиздин улуу жашыңызды сыйлайбыз. Ушундай 90 жашыңыздын кадырын барктабай, аш бергенди мактап, мурда айткан сөзүңүздү айткан эмесмин деп мойнуңузга албаганыңыз улуулукка жатпайт. Ылайым 110-120дан да ашык жашаңыз. Улуу жашыңызга сыймыктанабыз. Оорубаңыз, сыркабаңыз. Караш Насер.
П-64. Көкөлөткөн кыргызынын сыймыгын,/ Туудай туткан сенин, менин сыймыгым./ Чыңгызыбыз албай калды неликтен,/ Бүт дүйнөлүк тоодой Нобель сыйлыгын. Эркин Жаныбеков.
П-65. 2008-09-жылдары 90 миңге жакын кыргыз бир эле Орусиянын атуулдугун алышыптыр. Дүйнө жүзү боюнча миллионго жакын бир туугандарыбыз тентип жүрсө, өлкөбүз башка улуттар менен толукталууда. Мен сиздерге гарантия берем, ушул жол менен кетсек, 30 жылдан кийин Кыргызстан эмес, "Бириккен улуттар мамлекети" болобуз. Кыргыздар Мекендин эмес, акчанын гана кулу болуп калды. Караш Насер.
П-66. Экс-депутат Рахатбек Ирсалиев, айткан убадаңды, бирооз адамгерчилик сөзүңдү, жардамыңды аядың. Жолуң болсун! Жээн эжең Кайырса.
П-67. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн ырчы Аваз Акимов "Айганыш" деген ырдан кийин дайынсыз жоголуп кетти. Же Айганыштын ити Өзгөндүн Кызыл-Тоосуна чейин кубалап кеткенби? Авазды сагынган Эген.
П-68. Шашылбайлы өтө эле сүйүнгөнгө, / Ишенбейли ийилип жүгүнгөнгө. / Түлкү сымал досторго ишенич жок, / Түш көргөндөй болбойлу түңүлгөндө. Медербек Сулайманов.
П-69. Эрнис Кыязов уулум, сен келгени "Замана" көркүнө чыгып, теленин алдынан кетпей калдык эле. Эмнегедир бизди алыстата баштадың. Айылдыктар мал-сал, от жакмай менен эрте турарын билесиң. Ал кезде шаардыктар быкшып уктап жаткан болот. Ошондуктан бизге арнап залкар күүлөрдү, элдик ырларды, атактуулардын күлкүлүү, кызыктуу жоруктарын көргөзсөң абдан жакшы болот эле. Каңкылдаган ырларды "Хит парад" менен "Браво" дегендерге бер. Кашийпа апа.
П-70. Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетовдун "Жаңырган шарт, жаңыра элек маданият" деген макаласына маданият кызматкерлеринин көпчүлүгү кошулуп колдойбуз. Маданият жаңыра албаганы үчүн министрлик жоюлду да. Элге өнөр көрсөтүүнү унутуп, үңкүйүп театр, филармонияда отурабыз. 4-5 киши эле ойноп-күлүп, жыргап жатат. Министрликти жойдурганы үчүн Султан Раев эчак эле командасы менен кетиш керек эле. Же агенттикти талкалап, анан кетишеби? Президенттин пресс-кызматы гезиттерге чыккандарды президентке жеткирбейт го деп ойлоп эле калдык. Биз ишенебиз, эгер президент билсе бир тыянак чыгарарын. Чыдоонун да чеги болот. Маданият кызматкерлери.
П-71. "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба", "Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат", "Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма" деп илгертен акылман кыргыз элимдин айткандары ушул заманга куп эле жарашып калгандай. Айдай.
П-72. Кээде корком келдиби деп сот заман,/ Кыргызыма өтө эле жат заман./ Сарттай болуп санаа менен байыбай,/ Бар болсо экен кыргыз элим акыл менен байыган. Акылай.
П-73. Супер саяк Нурболот! Сен "Агымга" улам-улам Рыскулова Айгүлгө жаман ой-пикир айтып, жаманатты кылганың кур болот. Бирөөлөр жалдап айттырып жатса, оозуңду басканың туура болот. Супер сарбагыш Күнболот.
П-74. Ханым уксаң борбордогу кабарды,/ Балдар, карттар тозок күнгө камалды,/ Тийиштүүңдү чапсаң боло чокуга,/ Күнү-түнү отурабыз караңгы. Эркин Жаныбеков.
П-75. Свет өчсө не дейли, күлкү өчпөсүн, / Күлкүсү жок бир дагы күн өтпөсүн. / Энергия тармагын сел жууса да, / Элибиздин сүйкүмдүү жүзү өчпөсүн. Медербек Сулайманов.
П-76. Гезиттер менен ишкерлер, депутаттар, саясатчылар соттошчу эле, эми ырчылар соттошо баштады. Айланып келип башка тийет дегендей, ырчыларды эле көкөлөтүп мактап жатчу элеңер, башыңарга тийгени ушул. Чынында ырчылар, силерде да бар. Ялта, Юрмала, Евровидениеге катышып, жок дегенде III орунду алып келип анан мактансаңар боло. Райондук, облустук деңгээлдеги конкурстарга барып келип эле мактанып бакыра бербей. Айылдыктарды келесоо дейсиңер го, адашасыңар. Тото.

Жеңүүчү аныкталган жок.

Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА