29.01.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Күлкүлүү
Учаны кимге тартабыз?!
Мен дүйнөдө эки киши менен сыймыктанам: бири Гагарин, экинчиси Ньютон. Гагаринди билесиңер, жер шарынан качып кеткенге аракет жасаган, ал эми Ньютон болсо андай аракеттен эч нерсе чыкпасын алманын жардамы менен далилдеп таштаган!..


Бактылуу бол…
- Кымбатым, мен сени менен бактылуу турмушта узакка жашагым келет, - дейт кыз.
- Сен бактылуу жашай турган болсоң, мен узакка туруштук бералбайм го, - дейт жигит.


Айран ич!
Күйөөсү көчөдөн келет:
- Алтыным, алтын саткан дүкөн жабык экен, мен сага йогурт алып келдим.


Мени билбейсиңби?!
- Сен көзачыктарга ишенесиңби?
- Кечээки күнгө чейин ишенчүмүн.
- Кечээ эмне болду эле?
- Бир көзачыкка барып, эшигин такылдатсам, "бул ким?" деп сурап атпайбы…


Жатып алдык эле…
Футбол боюнча өлкөнүн былтыркы чемпиону быйыл да чемпион болобуз деп өз күчүнө катуу ишенип турат. Ишеничи канчалык күчтүү экенин мындан бил - кээде футбол талаасына да чыкпай коюшат.


Кеттик Сеулга
Акылдуу Герасим Мумуну сууга чөктүргөн жок. Муму экөөбүзгө саясый башпаанек бергиле деп Корея мамлекетинен суранды дейт…


Лактыр!
Семирип кетем деп корксоңор, тамактын астында 100 грамм арактан согуп кой. Эчтекеден коркпой каласыңар.


Ой-тобо-о!..
Эркектин ою так жана кыска болушу керек:
- Жат!


Турфирмага чалдыңбы?
Суроо:
- Туроператор менен гинекологдун кандай окшоштугу бар?
Гинеколог жооп берет дейт:
- Эл эс алган жерде биз иштеп атабыз…


Эки айлык
- Зыкым киши эки жолу төлөйт, - дейт бирөөсү акылдуусунуп. Жыргал турбайбы, - дейт экинчиси, - анда зыкымга барып жумушка орношуш керек!


Күйдүм чок!
Бети-башы күйгөн аял ооруканага түшөт.
- Сизге эмне болду? - деп врач сурайт.
- Менин күйөөм циркте от ууртагыч болуп иштейт. Жакшы эле өбөйүн деп жакындасам, күйөөм кусуп жиберип атпайбы!


Чач акчаны!
Акчасы жетиштүү кишинин фантазиясы жетишсиз…


Шабашкасы жакшы дейби…
Саламаттык сактоо министрлигинен жиндиканага комиссия текшерип келет. Эшиктин астынан аларды пол жууган швабра минген эки жинди тосуп алат:
- Таксиге түшкүлө, жеткизип коелу!
- Ырахмат, биз жөө эле жетип алабыз.
Жиндилердин бирөөсү чөнтөгүнөн кастет сууруп чыгып:
- Жакшылап ойлонуп көрбөйсүңөрбү… дейт
Корккондорунан "таксиге" отурушат. Эки жинди комиссияны ооруканага жеткизип:
- Киши башына эки жүздөн төлөгүлө! - дейт.
Айла жок, төлөп беришет. Башкы врачтын кабинетине киришип:
- Силердин жиндилер короодо союл көтөрүп жүрүшөт, кантип жол бердиңер!
Анда башкы врач:
- Чочулабагыла, алар биздин студент-практиканттар - ушинтип амалданып акча табышат бул итибайлар!


Барбы бирдемең?
Жакшылык жалгыз келбей бөтөлкөсү менен келсе, жыргал да, эй!


Жаңы жылдык бадерке
Түн. Аскерге жаңы келген солдат чегарада постто турат. Аңгыча пост тараптан автоматтын тытыраганы угулат. Жетип барышса, жаш солдат энтигип:
- Жолдош сержант, ваххабит өтүп баратыптыр, көтөргөн мүшөгү бар, сакалы батектей экен, узатпай жайладым…
Сержант жерде жаткан сакалчанды үңүлө карап:
- Ным-да… Ушу сага окшогон кеңкелестердин айынан биз жаңы жылды үчүнчү жолу Аяз атасыз өткөрүүгө туура келет…


Уят иш болду
Татардан орус сурайт:
- Эмне үчүн силердин бутуңар мынчалык ийри, ыя?
- Биз силерди 300 жыл түшпөй миндик да.
- А көзүңөр эмне мынча жүлжүк?
- Биз, кичине, уялып атпайбызбы…