29.01.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Мартабалуу перзенттер

Миллиондордун "кулдары"

Президенттердин перзенттери жөнүндө ар дайым аңыз кептер айтылып келет. Учурунда Сталин өз баласын өлүмгө ыраа көрүп фашисттик генералга алмашпаса, Л.Брежнев кызы Галинанын азабын тарткан. Орусиянын экс-президенти В.Путин менен азыркы президент Д.Медведевдин балдарынын жоруктары жөнүндө маалыматтар чыга элек. Армения президенти да балдарын катуу кармаары дайын болду. Бирок мамлекет башчысынын балдары элдин балдарынан өзгөчөлөнүп турары белгилүү. Азияда эле эмес, Европа менен Америкада да ушундай.


Батьканын мураскору
Белоруссияда коомчулук божомолдоосу боюнча 2011-жылы Александр Лукашенкону уулу Виктор алмаштырат. Бул имиш көптөн бери айтылат. Ал атасына өтө окшош. Учурда президенттин указы менен Улуттук коопсуздук комитетинде иштейт. Президент Лукашенконун эки уулу тең армияда кызмат өтөгөн. Лукашенколордун баары спорт менен машыгат. Алардын бизнеске аралашканы тууралуу дээрлик айтылбайт. Жадагалса Виктор Лукашенкого аскерден берилген "Чегаранын мыктысы" деген төш белгиге атасы каршы болгон. Азырынча Виктор келечекте мураскор болосуңбу деген суроого ачык жооп бере элек. Бирок президент Лукашенко балдарынын эл керегине жараган адам болушун каалайт.


Назарбаевдин үч кызы
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кыздары жөнүндө айтылган имиштер оголе көп. Улуу кызы Дарига Назарбаева саясатта да, сахнада да көп көрүнөт. Ошол эле учурда анын экс-күйөөсү Рахат Алиевге Венада ойношун өлтүргөнү боюнча кылмыш иши ачылды. Ортончу кызы Динара казак олигархы Тимур Кулибаевдин жубайы. Динара жакында эле Швейцариядан 70 млн. долларга вилла сатып алганын Батыштын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал күйөөсүнүн фамилиясын алып жүрөт. Динара маалымат каражаттарына эч качан маек берген эмес. Болгону кайсы бир элиталык мектепти жетектегени жөнүндө маалымат бар. Ал да апасы башкарган "Бөбөк" фондуна тиешелүү. Назарбаевдин кичүү кызы Алия Айдар Акаев менен ажырашкандан кийин казак олигархы Данияр Сокеновго турмушка чыккан. Ал Астана шаарын курууга катышкан "Элитстрой" компаниясын башкарат.
Негизинен, Назарбаевдин күйөө балдары Казакстандагы банк менен мунайга көзөмөл жүргүзөт. Бир эле Тимур Кулибаевдин байлыгы 2 млрд. доллардан ашуун экенин "Forbes" журналы жазып чыккан.


Мураскор дагы эле Гейдар Алиев
Азербайжан президенти Илхом Алиевдин кызы Лейла Алиева Швейцарияда, анан Англияда окуган. Андан кийин Москвада эл аралык мамилелер институтунда билимин уланткан. Ал күйөөгө чыкканга чейин Москвадагы көңүл ачуучу жайларда көп болчу. Чоң атасы Гейдар Алиев атындагы фонддун Россиядагы өкүлчүлүгүн жетектейт. Анын күйөөсү Эмин Агалар Москвадагы ири бизнесмендин уулу. Анын атасы Араса Агалар "Crocys Group" компаниясынын жетекчиси. Лейла күйөөсү менен Швейцарияда лыжа тепчү курортто таанышкан. Ал саясатка көп кызыкпайт, Москвада жашайт.
Илхом Алиевдин дагы бир кызы Арзу Лондондо окуйт. Ал эми чоң атасынын ысымына коюлган Гейдар мектеп жашында. Бакудагы мектепте окуп жүргөндө аны ондогон жансакчылар кайтарган. Чоң атасы Г.Алиевдин сүймөнчүк небереси болгон. "Биздин башкаруучулук династияны ушул неберем улантат" деп Гейдар Алиев көп айтчу экен.

Бизнестин битин сыккан Воронин
Молдованын экс-президенти Владимир Ворониндин уулу Олег Воронин ири бизнесмен катары таанылган. Ал расмий түрдө "Финкомбанктын" байкоочулар кеңешинин төрагасы. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча анын коммерциялык чабыты өтө кенен. Кумшекер өндүрүшүнөн баштап, ири курулуш компанияларын, транспорт, энергоресурстарга чейин көзөмөлгө алган. Оппозиция бул боюнча президентти көп жолу айыптаган. Бирок ал атасы бийликке келгенге чейин эле ишкерлик менен алектенгени молдовандарга маалым. Коммунист Воронин баласы жөнүндө айтылгандарды төгүнгө чыгарган эмес. Ошол эле учурда балдарына катуу мамиле жасап, алардын айткандарын орундатпай турганын маалымдаган.


Тогуз перзенттүү Рахмон
Тажик президентинин жети кыз, эки уулу бар. Феруза, Азада, Рухшан, Тахмина, Парвина деген кыздары үй-бүлөлүү. Ортончу кызы Рухшан күйөөсү менен ажырашып кеткени жөнүндө маалымат бар. Кичүү кыздары Зарина менен Фарзона азырынча жаш. Рахмондун күйөө балдарынын баары мамлекеттик кызмат менен бизнес чөйрөсүндө жүргөнү белгилүү. Ферузанын күйөөсү тажик биржасын жетектесе, Азаданын күйөөсү дипломат. Тахмина 28 жашка чыкканча эки жолу күйөөгө тийип чыкканга үлгүргөн. Ошондой болсо да Рахмондун эң сүйүктүү кызы Тахмина. Анын карамагына пахта заводу, шампан комбинаты, өнүктүрүү банкы, "Софина" телеканалы, Душанбедеги соода борборлору тиешелүү экени айтылат.
Парвина мүлк комитетинин башчысынын уулуна күйөөгө чыккан. Анын тою бир жумага созулуп, жаш жубайларга кошумча кошуу боюнча кадимкидей мелдеш өткөрүлгөн дешет. Мелдештин жеңүүчүсү деп 1 млн. доллар кошкон киши табылган. Рахмондун улуу баласы Рустам өлкөдөгү интернет тармагын башкарат.


Андрей жана Виталина Ющенко
Киевде "BMW M6" маркасындагы 130 миң долларлык керемет унаа украин президентинин уулуна таандык. Мындай унаа Киевде бирөө гана. Ошондой эле украиналык айрым басылмалар В.Ющенконун баласы Андрей 25 миң долларлык "Vertu" телефонун да көтөрүп жүргөнүн жазып чыгышкан. Андрей Киевдеги ресторандардын бирине кирип миң еврого кызгылтым түстөгү шампан сатып алганын али күнгө чейин аңыз менен айтып жүрүшөт. Ал президенттин биринчи аялынан төрөлгөн. Бирок өзүнө тиешелүү ушактардын баарын төгүнгө чыгарып, автоунааны ижарага алган, телефонду бирөө белекке берген болуп чыккан. Өзү кирешелүү фирмалардын биринде иштейт. Финансылык жактан эч кимге көз каранды эмес. Жансакчыларына, ж.б. кызматтарга жетиштүү акча төлөп турууга кудурети жетет. Мындай билдирүүнү президент Ющенко да ырастаган.
Президенттин кызы Виталина саясатка жакын. Ал президенттин алдындагы кайрымдуулук иштери менен алектенет. Бул үчүн президенттин атайын указы чыгып, төрайымдыгына Виталина дайындалган.


Бечара Марис Лейф жана неберелер
Эстониянын экс-президенти Арнольда Рюйтелдин неберелери Хелена менен Мария чоң ата, чоң энесинин жоктугунан пайдаланып, 50 адамды чакырып кече өткөргөн. Кечеде ичимдик менен кошо марихуана берилип, убагында катуу чуу болгон. Муну президенттин кызы Марис Лейф "атам президент болгондо ал татыктуу маяна ала баштады. Ошондуктан мен балдарымды курсагы тоюп келсин деп чоң атасыныкына жөнөткөм. Анткени бизде жегенге эч нерсе жок, материалдык жактан да кыйналып турганбыз. Квартира үчүн ири өлчөмдө карызыбыз бар болчу" деп бечаранын кейпин кийген.

Даярдаган Келдибек НАЗИРОВ