15.01.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Айлампа

Махабат рыцарынын туулган күнү
12-январда Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония жамаатынын демилгеси менен маркум обончу-композитор Р.АБДЫКАДЫРОВдун 69 жашы белгиленди. Бул иш-чара филармониянын жанындагы Р.Абдыкадыровдун эстелигине гүл коюу аземи менен ачылды. Анын кесиптештери, замандаштары, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош шаардык мэриясынын жетекчилери, жалпы коомчулук келип катышып, ага арналган ырлар окулду. Кечинде концертте белгилүү ырчылар сахнага үч саат бою жалаң Р.Абдыкадыровдун ырларынан обон созушту. "Кыз-Бурактын" кыздарынын "Сагындым тууган жеримди" деген ыры элге өзгөчө маанай тартуулап, абдан жылуу кабыл алышты. Концерт эки күн эле болмок, бирок алыскы айылдардан атайын Рыспайдын ырларын угат элек деп келгендердин суроосу боюнча дагы эки күнгө созулду. "Р.Абдыкадыровдун "Сагынуу" деген ырына Америкадан Антонио Пааш деген композитор симфония жазып берип жиберген экен. Бул чыгарманы Бишкекке келип оркестрдин коштоосунда алып чыгууну ойлоп жатабыз" дейт филармония жетекчиси Гүлшайыр айым.


Нуриса качан турмушка чыгат?
Мындан бир нече жыл мурун Сыймык Бейшекеев менен "Май айы махабатым" деп обон созгон ырчы кыз Нуриса АБАЗОВА жаңы жыл алдында аябай иштеп чарчап калган экен, азыр эс алып үйдө отурам дейт. Быйыл мүчөл жашы болгондуктан жеке концерт берсемби деген планы бар. "Ал эми жеке жашоом өз нугу менен эле өтүп атат, колумду сураган мырза бар, бирок, аны турмушка чыкканда угасыңар" дейт табышмактатып. Нуриса кыздын колун сураган табышмактуу мырза ким болду экен?


Эпостун баркын угуп билгиле
Жаш манасчы Дөөлөт СЫДЫКОВ жакында манас угуучулар клубун ачканын билдирди. Манасчынын айтымында, угуучулар манас угуп эле тим болбой "Манас" эпосу боюнча көтөрүлгөн маселелердин чоо-жайынан да кеңири маалымат алса болот. Чындап манас уккуңуз келсе (0778) 85-72-24 телефонуна чалып, Дөөлөт мырза менен байланышсаңыз болот. Эпосту уккусу келгендерге эшик бекер эле ачык. Баса, учурда Дөөлөт манасчынын вариантындагы "Сейтек" эпосу басмаканада каражаттын жоктугунан чыкпай турат. "Сейтек" жарыкка чыгып, кыргыз жаштарынын аң-сезимине сиңсе жакшы болот эле. Азырынча колдоочулар чыкпай жатат" дейт каңырыгы түтөгөн Дөөлөт мырза.


Беттегенинен кайткан Бекчоро
Чыгармачылыктан чындап эле тажаганбы же башка максаттары барбы, айтор, ырчы БЕКЧОРО шоудан биротоло кетүүнү чечиптир. Учурда ал Бишкектеги үйүн сатып, мусулманчылыкка өтүп, дин жолунда болууну максат кылып жүрөт. Биртоп мурда ырас эле ырдап келаткансыган Мухтар Атаналиев, Асел Кыдыкова аттуу ырчылардан да ушундай жол менен "айрылып" калганбыз, эми кезек Бекчорого жеткен экен.


Заринанын жылдызы эми башка жактан жанабы?
Телевидениеге алгач кадам таштаганда эле Улуттук биринчи каналдын "Ала-Тоо" маалымат программасына апаруучу болуп, орусча-кыргызчаны катыра сүйлөгөн Зарина УМЕТАЛИЕВА учурда НБТ каналынын жаңылыктарын алпарууда. Зарина айым юридикалык академияда да окутуучу болуп эмгектенчү. Телевидениени алмаштыргандан кийин юридикалык академиядан улуттук университетке өтүп, студенттерге лекциясын үзбөй окуп келет. Кичинекей эки баласын жалгыз тарбиялап, эки жерде иштеп, бир мүнөт убактысы жок экен. Жакында Зарина айымдын телеалпаруучулугуна баа берген башка өлкөлөрдүн телевидениелеринен да чакыруу келиптир. Бирок, бул сунушка ойлонуп жатат. "Башка өлкөгө кетсем да телевидение менен университеттеги кызматымды калтырбайм" дейт, диктор айым.


Жоробекти жаңы кинодон көрөбүзбү?
Кино, цирк жаатында өзүн көрсөтө алган киноактер Аскат ЭРБАЕВ жакында удаасы менен эки төш белгилүү болду. Анын биринчиси Маданият агенттиги берген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси болсо, экинчиси "Кыргыз кинематографиясынын отличниги" медалы. "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Жоробектин ролун аткарып элге таанылган актер учурда кыргыз драмтеатрынын алдындагы студияда окуп жатат. Актердук билим алуу менен бирге ал көптөн бери жазып келаткан сценарийин аяктоо алдында турат. Жоробек сценарийдин өзөгүн азырынча сыр бойдон сакталуусун каалайт экен.


Саламат Садыкова неберелүү болду
Аз, бирок саз иштеп, жагымдуу ырларды жаратып келаткан Кубанычбек САТАЕВ жакында уулдуу болду. "Эки жылдыздын башы бир үй-бүлөгө батпайт" дегенди төгүндөгөн эки чыгармачыл түгөй наристесине азырынча ат коюша элек. Ырчылыктын оор түйшүгүн тартып калган атактуу ырчы Саламат Садыкова күйөө баласын түшүнүп, колунан келген жардамын берип келет. Неберелүү болгон таене маңдайы жарыла кубанып, төрөтканага ат тезегин кургатпай каттап жүргөн чагы.